
Жок сырдаш маган,
кайраным Дүйшөн Керимдей...
Эскайран агам,
кайгыдан кантип жеңилдейм?!
Сизди үйдөн күтпөдүм беле: бир күнү адатынча жайдаңдан кирип келер дебедимби.
– Э-э баатыр! Келишиң менен! – дей турган ынак агам, ынак досум, сырдашым же чалбайт, же келбейт.
... Андан бери туптуура бир ай өттү. Түрмөдөн келгенимден бери келим-кетимден кутула элекмин. Чалгандардан кутула элекмин. Арасында түрмөдөн чыгып келишимди жалган куттуктагандардан кутула элекмин. Кайрале баягы таш көчүк адатымча компьютерден турмай жок. “Убакыт ууруларынан” кутулсам эле шып отура калмай.
Жаншеригим Назгүл чебелектейт:
– Дүйшөн байкеге бир чалып койсоң боло ыраазычылык айтып!
– Анан бир эстетип койчу, – дейм баш көтөрбөй, көчүк көтөрбөй, телефон көтөрбөй...
– Анда-санда лайк баскандарга деле ыраазычылык айтып атасың, ушу Дүйшөн байкеге чалганга жарабадың... – деген маам-Назгүл күңк-мыңк болгон үчүн эле кээсине чалсам, көбүнө чалганым жок.
– Э-э баатыр! Келишиң менен! – деп жайдаңдап кирип келчү Дүйшөн байкени түрмөдө жатып канча сагынбадым...
Үйгө келип-кеткен калемдештерден Дүйшөн байкечелик эч кимиси менен маашырлана азилдешип, маашырлана каткырбасак керек... Босогону аттаганда эле арсаңдашып каткырып, бак-бак сүйлөгөнүбүз жаңырчу. Анын даа үнү кудай ургандай оболоп жаңырып, оболоп көкөлөп, алыс чакырымга кыйкырган кишиче баягысынча кирип келсе эмне үйгө... Мен даа баягысынча бакырып тосум алсам эмне босогодон...
– Йе, бар экенсиң да, каркыбар агам! – демекмин боорума кысып.
Анан адатыбызча боорубуз эзиле азил кепке өтмөкпүз.
– Ии... кеп салчы, Олжош! – демек келин баласынын ысык чайы колуна тиери менен шорулдатып. – Жулкунуп барып эмнени көрүп чыктың түрмөдөн? – демек сөзсүз. – Оолугуп жүрүп ушуну көрмөксүң, – демек сөзсүз.
– Түрмө мага акжолтой үй болду, Дүйшөке, – демекмин сөзсүз.
– Ии... бул ушинтип айтмак жинди... – мени көрбөй-билбей жүргөнсүгөн келинчегиме айтмак муну, арсалаңдап каткырып. – Мунун так ушинтип айтаарын билгемин, – демек сөзсүз.
– Билсеңиз ошол, – демекмин, – ал жакта чыгармачыл куржунум толо казал жаздым, аңгеме, пьеса, повесттерди жаздым, – деп адатымча мактанам го дедим эле...
Жок андай болбоду. Суук кабарды Назгүлдөн уктум. Түрмөдө уйкучуга айланган жаным күндүзү жыга чапкандай уктачу болдум. Турсам эле:
– Олжоке, – деген Назгүлдүн үнүн уктум, – Дүйшөн Керимов байке өтүп кетиптир... Элдин баары жоктоп, интернетте жазып атышат...
Уйкулуу көзүмдү ушалап, бетимди муздак сууга жуудум. Кеч күүгүм экен. Өңүмдү, түшүмдү ажырата албаган немедей, жакшылап жуундум муздак сууга. Жүрөк зырп этип алды. Суук кабарды өңүмдө укканыма ич сыйрылды. “Кечээ көргөн – бүгүн жок” арманы ушул тура.
Ордумдан тегеренип, өкүтүмдөн өзөк өрттөндү. “И-ий, – ичимден кейидим. – Өлөрүн билсем, барып койбойт белем! Чалып койбойт белем!”
... А мен ойлоп койдум эле: “Дүйшөн байке тирүү болсо келер бир күн”...
Келгени ушул тура – өзү келбей, суук кабар келмек турбайбы!
Куйтуң-муйтуңу жок Дүйшөн Керимов менен тээ илгертен ынак, илгертен жанкурбу элем. Кичүүлөрдөн Зайырбек жетим Ажыматов, улуулардан Дүйшөн жетим (энеден эрте ажыраган бакма бала) байкече маашырлана азилдешип, маашырлана каткырык салар кимиси бар эми менде?! Эх, кайрандар! Эс кайрандар!!!
Шалдайып отуруп калдым тунжурап. Кыргыз мындайда “жер муштап жоктоп” дейт. Жерди эмес, мени муштаган киши болбоду жанымда. Адамгерчилик үчүн Дүйшөкемден кабар албаганымды кара! Куру дегенде телефон чалбаганымды кара! Кантейин!
– Элмирбек менен Зайырбек өлгөндө өзүңдү кармана албай ыйладың эле... – деген Назгүлдүн каргылданган үнүнө не жооп бермекмин...
– Алар барда ырайымсыз түрмөнү көрөлек, башка жан болчумун... – дедим көз жашым каканактап муунуп. – Азыр мен башкамын... Жүрөгү таш... Өзүмдү карманган жан болуп калган окшойм... – дедим өзүмдү түшүнө албай!!!
Тирүүсүндө Дүйшөкеме чын ыраазылыгымды айтканга жарабадым. Иткерчилик менден кетти. Терең ыраазычылык билдирер жерде элем ага. Бүгүн анан таң эрте ташкөчүгүмдү козгоп, баарын жыйыштырып, Асанбайдагы үйүнө барып, үйүн тапсамчы. Кабат үйлөрдү аралап, он жыл мурда көргөн үйүн издедик Назгүл экөөбүз.
– Воронцовкада деп атышкан үйүн, сөөгү ошол жактан чыкса керек... – дейт Назгүл улам.
– Жок, ал үйүнөн эмес, ушул жакта болсочу... – дейм мен улам. – Сөөгү чыгар үйүл ушул.
Акыры үйүн таппадык. “Азаттыкка” – Айбек Абдылдаевге чалдым дарек сурап. Аны да убарага салдым көпкө. Ал даа ар кимден сураштырып, сөөк кайдан чыгарын билип берди... Ансыз даа сыздап турган жүрөктү Айбек күчөттү:
– Сиз камалгандан бери ал киши “Азаттыкка” эки жолу келди... “Олжобай жөнүндө мен айтпасам ким айтат?!” деп катуу күйдү кайран киши, – дегени жүрөк тепчип, жүлүн сыздатканычы...
Дүйшөкеге ошон үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирер жөнүм бар эле, аттиң!
А мен баягысынча Дүйшөкемдин үйгө кирип келерин күтүп жүрбөдүмбү!!!
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.