Амирбек Азам уулу: Ютюбдагы видеоблогерден айрылдык

  • 08.11.2024
  • 876

Кечээ эле интернет айдыңында оюн ортого салып, торгойдай сайрап турган Дүйшөн Керимовду ажал арабыздан сууруп кетти. Өлүм кишини ылгабай алат экен...

Публицист, журналист, жазуучу Дүйшөн Керимов менен алгач О`Шакир “РухЭш” адабий-публицистикалык сайтынын платформасында уюштурган мазмундуу видеомаектерден таанышыкам. Анын кыргыз адабиятын, санжырасын, фольклорун, өзгөчө, “Манас” эпосун мыкты билгени; өткөн тарых жөнүндө кеп салганда куру чечендикке салбай же пафоско алдырбай, санжыра, “Манас” эпосу, илим менен айкалыштыра сүйлөгөнү; адабият, саясат, маданият тармагындагы залкарлар же юбилярлар тууралуу сүйлөгөндө көбүртө-жабырта мактоого кирип кетпей, алардын пендечилик жактарын да сылык-сыпаа айта билгенине тән бергем.

Ал соңку эки жылда видеоблогер же ютюбер катары өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер жана көңүл сүйүнткөн окуяларга өз мамилесин билдирип, ютюбдан тез-тез чыга баштаган. Ошентип ютюб айдыңында Дүйшөн Керимовдун өз аудиториясы түзүлүп, өз көрөрмандары пайда болгон. Бул анын чоң эрдиги эле!

Себеби Кыргызстанга эгемен заман келгенде гезит-журналдар мурдакыдай он миңдеген нускада чыкпай калды. Анан барып санараптик журналистика каптап кирди. Виртуалдык мейкиндик кесипкөй журналистке да, эки сүйлөмдү туура кураштыра албаган, бирок микрофонго умтулган улан-кыздарга да бирдей мүмкүнчүлүк ачты. Жарандык журналистика канат жайды. Мындай мүмкүнчүлүктү совет доорунда бышып жеткилген канчалаган мыкты журналисттер пайдалана алышпады. Ал эми Дүйшөн дайрадан кечүү издеп, башын кашып ойлонбоду.

Агымга шар кирип, башка видеоблогерлер менен ютубчулар айталбаган жана айтканга даабаган маселелерди калтаарыбай айтып жатты ютюбда. Ал козгогон көйгөйлөрдү тематикалык жактан бөлбөстөн, үргүлжүң атасам... Өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөр; “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүүдө мансаптык кызмат жолун эмес, ал кызматта турганда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кошкон реалдуу эмгектерин эске алуу зарылдыгы; саясый көз караштарын бийлик алмашканда ыңгайына карап өзгөрткөн кээ бир көрүнүктүү инсандардын позициялары; мамлекеттик макамы бар кыргыз тилинин чалкеш абалы, аны жакшыртууну жолдору; “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”, “Кыргыз Республикасынын эл акыны”, “Кыргыз Республикасынын эл артиси” сыяктуу наамдарды көй кашка таланттарга гана ыйгарып, жыл сайын берүүнү токтотуу же ардактуу наамды жоюп салуу; мусулман динин сакал коюу, хижап кийүү катары көрүп, улуттук салт-санааны тепсеген манкуртчулук...

Аталган темалардын баары актуалдуу, маанилүү. Алар жөнүндө колуна калем же микрофон кармай билген акын-жазуучулар, журналисттерден башка илимпоздор, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, чиновниктер, деги жалпы журт билет. Бирок Дүйшөн Керимовдой алар жөнүндө жалындап күйүп айткандарыбыз саналуу гана. Дүйшөндүн мындай сапаты – өлкөмдүн көйгөйү, менин көйгөйүм деп жашаганын айкын көрсөттү.

Маркум замандашым береги жана башка маселелер жөнүндө сүйлөгөндө күйүп-жанып, чагылгандай чаркылдап кетчү. Бирок ал “Дерзость помыслов не должна выходить за рамки приличия” (Л.Гендлер) деген накылды бекем тутту. Ырас, маркумдун таамай жана батыл айткан сөздөрү ак сакал карыяларга, өлкө жетекчилерине, өзү сыяктуу журналисттер менен жазуучуларга, аткаминерлер менен катарадагы жарандарга багытталды.

Ал Кыргызстаныбызда соңку жылдары болгон жакшы саамылыктар жөнүндө жүзү жайнап жар салчу. Улуу курактагыларды сындаганда кээ бир “жарандык журналисттер” тейде алардын сакалына, адамдык насил-наркына асылчу эмес жана аларга окшоп оозуна кирген сөздүн баарын эфирден айта бермей ит ооруусу жок эле. Андай бок ооз ютюбчулар менен видеоблогерлер аялдар менен эркектер арасында түгүл сакалдуу молдокелер арасында да бар экени өкүндүрөт. Адеп дегенди көзүнө илбеген алдагыдай молдолорду башкалар тыйбаса да, улам ирденип бараткан молдокелер өздөрү тыйып, жалпы журтка өрнөк болсо кана!?

Хандан, бектен тайманбай өз пикирин ачык айткан публицист Дүйшөн Керимовдун үнүн жана коомдогу түрдүү көйгөйлөргө байланыштуу видеоблогдорун эми ютюбдан (YouTube) көрүп турабыз. Маркумдун ютюбдагы видеомурастары болочок журналисттер жана эч кандай даярдыгы жок ютьюбга сыраңдап чыгып, чөп башылап сүйлөгөндү өнөр тапкан жаштар үчүн да баа жеткис колдонмо болуп берери, жарандык журналистиканын мыкты үлгүсү бойдон калары анык.

Соңку сөз ордуна

Дүйшөн экөөбүздүн таанышуубузга ал талкууга салган маселелер себеп болгон. Атап айтканда, эки ай мурда сыйлыктарга арналган берүүсүнөн кийин телефон чалып, кээ бир фактологиялык жаңылыштыктары жөнүндө айтсам, жашымды сурады да, экөөбүз тең экенибизди угуп: “Ай, Амирбек! Мындан ары сени дос деп жүрөйүн. Мурда сыртыңдан билчүмүн. Эми тааныш болдук. Ыракмат, айткандарыңа. Экөөбүз талкуулачу тема көп. Аманчылык болсо, дагы көп жолугабыз да” - деп карс-карс сүйлөп, бир топ баарлашканбыз. Жазмыш экен, экөөбүз бет маңдай отуруп, чер жаза дидарлашканга үлгүрбөдүк...

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, досум!

Артыңда сөзүң калды, калың журтуңа...

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз