
Бул эмгек Павел Назаровдун "Борбор Азиядан качуу" аттуу китебиндеги өзүнчө тиркеме бөлүмүнүн толук варианты.
I.
Кыйла жыл мурда студент кезимде, адамзат буту али жете элек табигый кооз керемет кыргыз жергесине геологиялык экспедиция жүргүзүү үчүн баргамын. Кеч күздө кар бороонго кабылган күнүмдү айт. Шамал удургуп басылбай, кар астында калган жол көрүнсөчү. Зоруккан аттар араң аяк шилейт. Алдыда ай-талаада түнөмөк болдук, суукта тоңуп өлөмбү деген кыжаалат ой жейт. Жол көрсөтөр кыргыз шеригимден сурадым:
– Жол кайда калды? Кайда башпаанек кылабыз?
– Агер Кудай кааласа, кечке жуук Хазретке жетип барабыз, аныкынан жайлуу баш калка да, меймандостук да табылат. Анын үйү кенен, талаада андай үй жок. Өзү илим-билимдүү, такыба адам. Аны менен таанышсаң, чериң жазылат, – деди кебелбеген шеригим.
Түн оокумда азап менен Хазреттикине жеттик. Анын таш үйү бак-дараксыз талаада, суу жээгинде жайгашканы – сейрек көрүнүш эмей не.
Кыргыздар арасында зоболосу бийик, даанышман, билимдүү, такыбалыгы менен ооздон түшпөс илимдүү молдо Хазрет жөнүндө мурда уккам, эми аны менен жолугуп турганыма кубандым.
Мага үйдүн эң жакшы бөлмөсүн бергенине эки эсе кубандым, ушунчалык жарык, таза, жылуу, кооз экен. Эч кандай эмерек коюлбаса да, бөлмөдө толо сайма-туштук, кооз бухара килемдери илиниптир. Төрдө жер төшөк, жаздыктар, жыйылган атлас жууркандар. Он саат ээрден түшпөй, ызгаар суукта тоңуп келген жаным жай ала эс алып, ысык чай ууртап, булоолонгон палоо жеп отурганымдагы ыракатты Бухара-Шарифтин асыл шаарына зыяратка келгендер гана түшүнөр.
Хазрет мени жылуу кабыл алды.
– Мында каалашыңча жаша, күн ачылса жүрүшү дурус ат берем, коштоочуң болот жаныңда. Түз эле Жаман Калаага каттасаң болот.
Чынында тектүү инсан экен. Ата-энеси бай болуп, жашынан илимге суусаган бул кыргыз Мухаммеддин билим борбору Бухарадан билим алат. Он сегиз жыл медреседе окуп, кийин Ооганстан, Персия аркылуу Меккеге ат менен ажылыкка каттаптыр. Эми ал акылмандыктын үзүрүн көрүп, жакындарынын курчоосунда тынч, бейпил жашоо сүргөндөгүсү экен. Хазреттин орто кылымдагы схоластик[1] көз караштары өтө так таамай чыкты. Баарынан даа Бухара дүйнөдөгү эң мыкты илим-билим чордонуна айланган шаар болгонун айтканы кызык болду маган.
– Бардык жерде жарык төбөдөн түшөт, ал эми Бухарада жерден жогоруга чыгат, – деди молдолордун мактанчаак насаатын кайталап. – Ыйык Бухарада бардык билимге ээ болосуң, адамзаттын бардык илимдерин жеңе аласың, – деп бекемдеди Хазрет өз сөзүн.
– Бухара медресесинде эмне үйрөндүңүз? – собол таштадым.
– Ислам мыйзамдарын, тарыхый китептер, Афлатундун философиясы, Абу ибн Синанын эмгектери, география жана баарын үйрөткөн араб тилин.
Мына мусулман билиминин чеги! XI кылымда Хивада жашап, орто кылымдардагы Европада атак-даңк тапкан географ Платон менен Авиценндин ысымдары аталды.
– Сага айрым китептеримден көрсөтөйүн, – деп кошумчалаган Хазрет булгаары капталган бир катар байыркы томдорду килемге жайды. – Бул тээ илгерки баалуу китептер. Жалгыз могусуна жүз алтын төлөм, өмүрү миң жылга чамалайт, географияны ушундан үйрөнгөмүн.
География боюнча трактат үчүн отуз фунт стерлинг төлөгөн бул кирпичтей калың китепти ушунча урматтаганына ичимден жылмайдым, албетте, бизге эбактан белгилүү дүйнөнүн жүздөн бир да бөлүгүн камтыбайт мазмуну. Китепти колго алдым да, Ааламды океан шакеги менен бирдей деген таризде сүрөттөгөн чоң картага көзүм кадалды. Түндүк Европа, Чыгыш Азия жана Африканын көпчүлүк бөлүгү картада жок экен. Өлкөлөрдүн жана континенттердин контурлары бурмаланып, Улуу Британиянын ордуна кайдагы бир “Жиндердин Аралы” тартылыптыр.
Дүйнөнүн мындай диаграммасына бышкырып жибере жаздадым.
– Москва, Санкт-Петербург барбы мында? – дедедим.
Хазрет картаны карады да, берген жообу:
– Жок, бул шаарлар көрсөтүлгөн эмес.
– Маанилүү борборлорду чагылдырбас географиянын эмне кереги бар?
– Мында негизинен мусулман өлкөлөрүнө артыкчылык берилген, – деди Хазрет. – Көрдүңбү, мында Бухара, а бул Самарканд.
– А Ташкент кайда?
– Бул жерде Ташкент жок.
Муну укканда күлбөскө аргам калбады.
– География боюнча бул трактаттын пайдасы не? Жер шары жөнүндө эч нерсе үйрөтпөсө. Бул китеп ошол сиз төлөгөн акчанын кунуна татыбайт!
Хазретти ой басты саам. Жүзүндө шектенүү жаралып, айткандарым эбактан калыптанган мусулмандык түшүнүгүн олку-солку абалга салгансыды.
– Көрдүңбү, – деди Хазрет ойдон бошонуп. – Бүгүнкү жаңы заман мага Пайгамбар доорундай кымбат эмес, анын ысымы даңкталсын!
"Анык түшүнүгү чектелүү фанаттын берер жообу", – дедим өзүмчө. Жаштык кылыпмын анда, университетте окуганыма текеберсинип. Далай жылдан кийин осолдугумду, өзүн илимдүү санаган молдонун салттуу ишенимин, өткөнгө болгон сүйүүсүн кабыл ала албаганымды аңдадым.
Самаркандга жакын чоң шаарды көрүп, ал кандай конуш экенин сурадым.
– О, бул өтө гүлдөп-өнүккөн чоң шаар, Илак княздыгынын борбору Түнкент. Бул китепте ал жөнүндө кеп көп, – деди кубанычтуу сыймыктанып.
– Анан, Түнкент тууралуу эмне дейт? – дедим мурда-кийин Түркстанда мындай шаар болгонун билбегеним үчүн.
– Мына, береги тоолордун арасында, – Хазрет картадагы жерди көрсөттү, – дүйнөдөгү эң атактуу, эң бай күмүш уюгу катылган. Бул жердин таза күмүшүн кадимки таштан бетер эле казышкан. Кенге Илак княздыгы ээлик кылып, Түнкентте тыйындар, түрдүү кооз зер буюмдары жасалып, ордуна ар кандай буюмдар айырбашталып, дүйнөгө тараган. Шаарды шаан-шөкөт бөлөп, барында сепилдер, мечиттер курулуп, туш-тарабы бакчага курчалган.
– Балким, илгери Самарканд ушундай аталгандыр? – дедим.
– Жо-ок, Түнкент Самарканддан бай, такыр башка шаар. Самаркандда бүт Хорасанды башкарган бир гана эмир болгон, – ынабады Хазрет. — Карачы, — Кайра улады кебин. – Мында өтө чоң үңкүр бар, этегине эч ким жетелек. Астында дарыя агат, ага көпүрө ыргытылып, үңкүрдүн тереңиндеги ажыдаар алтындын, асыл таштардын сансыз казынасын кайтарат. Ал жактан ким өтөм десе, өлдү дей бер.
– Бул эми эски кылымдагы түргөйлөрдүн жомогу да. Сиз, билимдүү адамсыз, коюңузчу, кантип ишенесиз ошого? – дедим орундуу кепке тартмак болуп.
– Жо-о, бул чын, – жообун улады. – Меккенин башкы мечитинин дубалында бул үңкүр жөнүндө жазылганын өз көзүм менен окугам, кокондук зыяратчылар жакында Меккеден кайткан үч кыргыз да үңкүргө казына издеп барып, кайра кайтпай калышканын айткан. Анан аларды издеп кырктан кем эмес тууган-туушканы жабыла куралданып барышып, алар да кайтпаптыр. Ошондон кийин жергиликтүү калк анын оозун таш, топурак менен бүтөп салышкан. Бул үңкүр тогуз кылым мурда жашаган мусулман аалымы Абу ибн Синанын китебинде кеңири баяндалган. Анын аталышы – Кан-и-Гут, демек, «Кыямат кени» дегенди билдирет. Абу ибн Сина ал жерге кирерде кандай намаз окушту жана казынаны алууга ниеттенгендер ажыдаарга каршы кандай дуба окушу керек – бардык көрсөтмөлөрдү берген.
Андан аркысын укпадым. Жолдон чарчап келип, көз илинип кетип, Түркстан үңкүрүндөгү казына тууралуу Хазрет дагы эмнелерди айтты, билбейм...
II.
Көп жылдан соң карылыгы жетип калган акылман Хазреттин мага көрсөткөн сейрек кездешүүчү байыркы китептерине, араб тили, байыркы араб адабияты боюнча айткандарына анча көңүл бурбаганыма бармак тиштеп калдым. Буйрук бейм, эң сонун жылдарымды Түркстанда кен байлык издеп өткөрдүм. Ал жакта али оюла элек тоокен тармагынын пионери болдум.
Алтынга жана башка орчундуу, пайдалуу кендерге бай Түркстан атагы орус баскынчылыгынан кийин кыйла басаңдады. Урал менен Сибирдин геолог-чалгынчылары эң алгачкы экспедицияда эле түштүктөгү бул өлкөнү эң жарды деп сыпатташкан. Мындай бааны геология изилдөөчүлөрү Мушкетов менен Романовский деген профессорлор тастыкташкан. Ошондон улам Түркстанга көпкө дейре көңүл бурулбады.
Түркстан геологиясы боюнча алгачкы изилдөөлөрүм мындай аныктаманын калпыстыгын көрсөттү. Бул аймакты тааныган сайын кен уюгу боюнча Уралдан кем калышпасына ынадым. Тек, кен байлыгы ири шаарлар менен негизги байланыш жолдорунан гана алыс экен. Алтын, күмүш, сымап, жез, цинк, коргошун, ванадий кени, вольфрам, мунай, көмүр, өтө мол темир кени, асбест, жакында гана ачылган радиоактивдүү кендер, калай (акыркысын мен тапкам) сыяктуу кендерди иштетүүгө жакшы шарт болгондо, өлкөнү эбак байытышмак. Жаратылыш да бул жерге асыл таштарды, мрамор жана литографиялык таштарды ченемсиз тартуулаганычы.
Пайдалуу кендердин молдугунан, ар түрдүүлүгүнөн да, коло жана таш калдыктары менен катар тээ байыртан берки жаратмандыктардын далилдерин көп кезиктирдим. Атүгүл соңку эле Кокон ханынын доорундагы жаратмандыктарычы, бирок эң сапаттуу өнүгүүлөрү аймактардагы эски кендердин басымдуу бөлүгү тээ илгерки тарыхый мезгилге, Түркстандын экономикалык, маданий гүлдөшүнүн алтын дооруна таандык.
Тоо арасындагы алыскы аймактан чөп, бадал басып жаткан үйүлгөн шлак, көптөгөн курулуш калдыктарын, эски шахта, жертөлө, аска-зоолордогу оюктарды көргөнүмдө; бардыгы жер титирөөгө кабылып, убакыт өтүшү менен табигый үңкүрлөргө айланыптыр. Чеке-белдерин кальцит катмары каптап, тигинде-мында шыптарында упчудай шиштийген минералдар салаңдайт. Адамдын кол эмгегин таанып, кайсы жерден кандай кен казылганын кылдат баамдоо үчүн өтө тажрыйбалуу иликтөө, изилдөө керек. Дагы жакшы, казылган жердин көбүндө негизги катмарлар, өткөөлдөр, шахтанын кире бериши колдон келишинче курчалып, цементтелип, кылдаттык менен сук көздөрдөн жаап-жашырылыптыр. Меникиндей кесип менен иши жокторго бул тек гана аң-чөнөк же табигый үңкүр сыяктуу көрүнөт. Буга кошул-ташыл табият кыртышы, аскадан кулаган таш, шагыл, бак-дарак, бадалдар кендин изин жашырып жаткансыйт.
Так ушул жерде кезинде өтө жогорку деңгээлде өнүккөн бай тоокен өнөр жайы дүркүрөп гүлдөп, иш кызуу жүрүп, азыркы Англия же Бельгиянын кайсы бир жериндей чыныгы өнөр жайы кумурскадай мээнеттенгени көрүнүп турат. Анан эле күтүүсүздөн баары кыйрап, кандайдыр тоскоолдук жаралып, дүркүрөгөн өнөр жай чөлкөмү соолуп тынгандай.
Мунун баары капысынан эместей, кен казуучу өз байлыгын сук көздөрдөн жашырууга даярданып, үлгүрүптүр; бактысыз өлкөгө качандыр бир убакта жакшы мезгил келет деген үмүттө, бирок жакшы заман келгени кана!
Хазрет көп кайталаган Кан-и-Гут үңкүрү көрсө өтө белгилүү экен, көп изилдениптир. Хандар башкарган заманда ал жерге соттолгон кылмышкерлер жөнөтүлүп, аларга өмүр же ырайымдуулук убада кылынат. Үңкүрдүн аягына чейин баргандар кайтып келип, тереңинен эмне табылганын айтып берүү милдети тагылып, бирок бири да кайтып келбептир.
Орустар да үңкүрдү изилдөөгө далай мерте шымаланып киришип, бирок улам иш токтоп, кыйынчылыктарга кабылышыптыр.
Үңкүрдүн азыркы кире бериши арыны карай дагы тереңдеп, үңкүр ичиндеги оролордун бири кадимки зал сыяктуу кенен, бири үй бөлмөдөй, бири терең кудук, дагы ары жагы жер астында сууга жетет. Үңкүрдүн абасы таза, жакшы желдеп турат экен, өлүм-житимдин изи да жок. Ичинде булак суусу туптунук таза, эски жыгач пол калдыктары, тирөөчтөрү жергиликтүү арчадан (Juniperus pseudosabina) жасалып, алигиче чирибептир. Бирок магний же ацетилен лампалардын жарк-журк жанган жарыгы астында караңгы, кууш оролордун кырынан бойлоп басуу үчүн саякатчынын жүрөгү тоодой болушу керек.
Үңкүрдүн толтура бөлмөлөрүн, өтмөктөрүн кыдырып, эски кен уюгун таануу мага анча кыйын болбоду, тек баарын аягына чейин кыдырууга далай күнүм корочудай.
Айрым чоң көңдөйчөлөрдү табият өзү жаратса, айрымдары кылымдар бою адам колунан оюлуп жасалыптыр. Бул жерде ырааттуу, методикалык ыкмада иш жүргүзүлгөндүктөн шахтанын тереңине түшүп чыгар жолунда жыгач устундар, шаймандары колдонулганы көрүнүп турат. Кимдир-бирөө муну маймылдар гана колдонот деп ойлошу мүмкүн. Кээ бир жеринде тик ылдыйга асма салмоор аркандарды бекитүү үчүн аска бетинде атайын шакекче тешиктер оюлуптур.
Жүздөгөн жылдар бою чаң басып жаткан жолун тазалап койсо эле, далай мезгил мурда жылаңайлак жүздөгөн тамандын изинен сыйгалак болуп калган мрамор полу көрүнөт. Полу кудум байыркы статуялардын мрамор ташындай жылмакай. Колдо кесилген кандайдыр узун түтүк сыяктуу өткөөл жолу аскага кагылганына таңгалдым.
Үңкүрдөн тапканым: толтура күмүш коргошун, күмүш жалтырагы, алтын курамындагы кен болду. Цинк рудасын да таптым, бирок аны кайра иштетип, медициналык максатта колдонушкандай.
Үңкүрдөгү көңдөйчөлөрдү эки күн изилдеген соң, ар кандай белгилерден улам, мындагы аба радиоактивдүү эманацияга жыш деген тыянакка келдим. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин үңкүрдү изилдеген илимий экспедиция да менин пикиримди ырастап, абанын радиоактивдүүлүгү жогору экенин далилдеди. Кан-и-Гут турган тоолордун түндүк этегиндеги ыйык Хожа-и-Тарауттун күмбөзү көз жоосун алган кооз жерде. А чөлдүү тоо арасындагы көк-жашыл жайыкка жан берип турар жылганын шылдыр булагы агат.
Жери да, булагы да касиеттүү делип, миңдеген адам ыйык олуянын мүрзөсүндөгү шыпаалуу булакты ичкени келишет экен. Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй; суу курамында радий эманациясы өтө көп.
Кара-Тоо тоосундагы мүрзө үстүнөн уран чайыры – уранинит табылган кийин.
III.
Дагы бир укмуш кен уюгу мени өтө кызыктырды. Ага Түркстан тоосунун ээн-жайкын алыскы аймагында жабык, обочолонгон, кумдуу өрөөнүнөн кокусунан кабылдым. Кол жеткис алыстыгына карабай качандыр бир кездеги адамдардын ишмердигин күбөлөгөн издер өчпөптүр. Ар жеринде мезгил менен табият да ал издерди өчүрө албаган көрүнүштөр таңгалтырды.
Өрөөн кезип, ат үстүндө араң жеттим. Ийри-буйру соймоңдогон кенен жолу чокусуна чейин мыкты салынып, кыштак жолуна айланып, дагы деле сакталыптыр. Тек, баарын чөп, бак-шак баскан. Жол жүлгө байыркы түрлүү, көп сандуу кен иштетилген жайга алып барат. Жер титирөөдөн кээси урап, кээси тоо-таштын сыныктарынын алдында көмүлүп калган. Заңгырап курулган имарат-жайдын ичинде көзгө урунганы – полдо куштардын калың катмар кыгы үйүлүп, чоң таш кесектер жатат. Сыягы, шыптан кулап түшкөн. Бирок төбөсү жабык имарат бүтүн, ченемсиз кең, катуу акиташ чеберчилик менен чапташтырылган, а кантип чапташтырылган – акылың жетпейт. Айтор, бир нече кылым мурда тоокен казып алуу ишинде «капиталисттик өнөр жайынын» масштабдуулугу ургалдуу жүргүзүлгөнүн ырастап турат.
Таштанды, шлак жана кол тийгендин барын кылдат текшерген соң, мында күмүш, дагы башка темирлер казылганына толук көзүм жетти. Ошондон улам кен урчуктары, кен уюгу, бүтүндөй имараттын өзү өтө кылдаттык менен жаап-жашырылып, чебер далдаланыптыр.
Тажрыйбасыз адам негизги кен кай жерде, аны казуу иштери кайдан башталарын оңой менен түшүнбөйт. Адистер үчүн бул кен Дунай түздүгүндөгү Банатта кездешкен метаморфикалык байланыштагы окшоштук деп кошумчалар элем.
Бул кенди иштеткен ким, кайсы тарыхый мезгилде? Кандай адамдар иштеген? Унутта калган, жетүүгө мүмкүн эмес өрөөндөгү бул эбегейсиз кен өнөр жайы качан пайда болгон? Акыркы өңдүрүлгөн товары кайда? Бул байыркы кенди изилдөөдө башымды катырган суроолор ушул.
Ооба, бул өндүрүш техникалык билими өтө төмөн деңгээлдеги өлкөнүн азыркы сарт тургундарынын колунан келиши мүмкүн эмес. Анын үстүнө алардын кулк-мүнөзү, дыйканчылык менен соода-сатыкка болгон шыгы – тоокен ишканасынын идеясына эч коошпойт.
Алар дале соода-сатыктын кишилери, а хандар доорунда темир, жезди иштетүүдө бул адистикте копол болушкан, жергиликтүү калк болсо мен баяндап өткөндөй: байыркы ири кен казуу өңдүрүшү менен эч иши да болгон эмес. Муну кытайлар ишке ашырганын сарттар өздөрү ишенимдүү айтышты.
Болжолу, менин баяныма тиешелүү Самаркандда орто кылымдагы атактуу окумуштуу Темирландын небереси Улугбекке таандык астрономиялык обсерватория ачылган. Анын жылдыз санак таблицасы азыркы астрономдор үчүн да өз маанисин жогото элек! Ал өз чыгармаларында көп кайталаган абдан мыкты экмет айтылган: «Табият таануу – адамзат тукумун бириктирет, а философия менен дин аны ажыратат». Бул акылмандыкты 20-кылымдын тарыхы кандай гана далилдебеди!
Бул обсерваторияга барганымда Түркстан тарыхына өтө кызыккан орус археологуна жолугуп калдым. Ал менден тоодогу геологиялык экспедицияларымда байыркы күмүн кендерин кезиктирдиңби деп калды.
– Бул тууралуу неге сурап калдыңыз? – суроосуна суроо узаттым.
– Көрдүңүзбү, — деди ал, — бизди чынында кени кызыктырбайт, бизди кызыктырганы – анын картада жайгашкан жери, байыркы араб башчыларына таандык, Түркстандын али табыла элек байыркы борборунун жетөөсү жайгашкан жерди аныктап, андан тышкары Илак княздыгынын борбору Түнкент шаарын табуу. Биз ал жерден Түркстандын Магомед дооруна чейинки жана араб бийлигинин биринчи кылымына таандык көптөгөн кызыктуу антиквар буюмдарын табабыз деген үмүттөнөбүз.
– Бул кен, – деп улады кебин, – Кух-и-Сим аталчу, персчеден которгондо Күмүш-Тоо дегенди билдирет. Убагында ал бүткүл мусулман дүйнөсүн, ал эмес Орусияны күмүш менен камсыздаган. Санкт-Петербургдагы Эрмитажда тыйындардын толтура сериясы сакталган. Атүгүл Орусиянын борбордук түндүгүндөгү эски кампалардан табылган бир катар тыйындарда Түнкент шаарындагы Кух-и-Сим күмүшүнөн жасалган деген жазуулар бар.
Хазретти эми эстеп, бул кыргыз аалымынын байыркы китептери жөнүндө айтып бердим архитекторго.
– Кап, аттиң! – деди маектешим, – чынында сейрек кездешүүчү китептер болгон. Жакшылап көңүл бурбай, аталышы, авторлору кимдер экенин тактабаганың өкүнүчтүү. – Бухарада, – кебин уланды, – сейрек кездешер байыркы томдуктар дале көп, бирок молдолор аларды абдан жогору баалап, европалыктардан жашырат.
Мунун баары мени ушунчалык арбап, Түркстан тарыхын олуттуу изилдөөнү чечтим. Санкт-Петербургдун Императордук коомдук китепканасында De Gué «Bibliotheca Geographica Arabicorum» деген мыкты басылма бар эле, бирок арабча тексти мен үчүн "жабык китеп" болчу. Бактыга жараша, Идрисси, Истахри, Ибн Хаукал, Ибн Хороат Бек жана Абулфед сыяктуу араб авторлору айрым европалык тилдерге жарым-жартылай, кээси толук которулган. Бул жазуучулар мага Түркстанды кайрадан ачкан. Башкалардай эле бул аймакты жакында гана ачылган жаңы өлкө деп ойлочумун. Түркстан эми гана маданият, цивилизацияга аралашкандай, ага чейин жапайы, караңгы, түшүнүксүз, тарыхы жок Азия өлкөсүндөй туюлчу. Европа элдери али жапайы талаа кезип, Орусиянын чытырман токоюндагы байыркы тарыхнаамачынын сөзү менен айтканда, адамдар «малдан» айырмасы жок кезде эле байыркы Түркстанда өтө өнүккөн цивилизациянын издери бар экенин тааныдым.
Арабдар XVII кылымда Түркстанга басып киргенге чейин ал өзүнүн маданий өнүгүүсү боюнча Европа мамлекеттеринен алда канча алдыда турган. Самаркандды арабдар бай, дүркүрөп өнүккөн шаар катары санаган. Маселен, ошондо эле анын суу түтүктөрү коргошундан жасалып, ал аркылуу шаар тургундары эң сонун тоо булагын гана ичишчү. Самарканддын кооз, дүпүйгөн бакчалары каналдар аркылуу туш-тушунан сугарылган. Бүгүнчү? Түркстан борбору Самаркандда да, Ташкентте да таза суу жок, тургундары суу түтүктөр жогунан таза сууга жетпей, арыктардан кир суу ичүүгө аргасыз.
Байыркы Самарканддын жакыр тургундары жайдын ысыгында муз менен бекер камсыздалышкан, ал эми бүгүнкү бай Европада муз – көздөн учкан таңсык!
Борбор калаанын аянты жылкы, бука, төө, ит ж.б. жандыктардын чоң коло айкелдери менен кооздолгонучу. Ал заманда негизги дин Зороастр, Маздеизм окуулары жаныбарларды, айрыкча үй жаныбарларын өзгөчө сүйүүгө үйрөткөн. Баарынан да биринчи кезекте ит адамдын мыкты шериги саналып, ит жана анын үйүрүн коргоо Ахура Мазда жана анын үй-бүлөсүндө мурас болуп калган. Иттин урматына жазылган Зенд-Авестанын гимнинде айтылган бул. Маалыматтын чын-төгүнүн Самаркандга жакын Дирханда суу каналынан табылган төөнүн колодон куюлган буту далилдейт. Азыр ал Ташкенттин музейинде сакталуу, кокус эле большевиктик комиссарлар уурдап кетишпесе, алардын адаты эмеспи бул.
Самаркандда храмдар көп болгон, бир гана зороастризм эмес, буддист, манихей, несториан христиан храмдары да болгон, анткени ал мезгилде Түркстанда дин тутуу эркиндиги толук эле. Түркстанды араб басып алуучулар бүлүнткөн эмес, бирок ислам акырындык менен киргизилген. Динди кабыл алдыруу үчүн мечитке каттагандарды акчалай сыйлыктарга, ар кандай артыкчылыктарга кызыктырышкан.
Тогузунчу, онунчу жана он биринчи кылымдарда өлкөнүн өнүгүүсү, жыргалчылыгы бийик деңгээлге жеткен. Түркстан башчысы Саид Назар негиздеген Саманиддер династиясынын учуру бул. Саманиддер маданият, билимди өзгөчө аздектешкен. Алардын эмирлери Багдад халифтеринен эч көз каранды болбостон, өз бийлигинин таасири азыркы Түркстан, Персиянын түндүк бөлүгү жана Ооганстанга чейин тараган. Бул аймак кийин Хорасан деп аталып, соода жана өнөр жайы кеңири бутак жайган.
Самаркандда тыт кабыгынан эң сонун кагаз жасалып, бул жердин айнеги да дүйнөгө катуу таанылган. Кытай императору Самарканд эмирине атайын элчи жөнөтүп, Кытайга айнек жасоо үчүн чебер усталарын чакырткан.
Жибек өндүрүүдө да атагы таш жарган. Уламыш боюнча Самарканд эмирине баш кошкон кытай ханзаадасы өзү менен бирге жибек куртунун чел кабыгын чачына кытып ала келет да, бул кездемени өндүрүү сырын самарканддыктар мыкты өздөштүргөн. Кытайлар жибек сырын бекем сактап, башкалардан кызганып, аны сыртка алып чыккандар өлүм жазасына тартылган.
Ал кезде темир өндүрүшү тоолордо катуу өнүгүп, эритүүдө мештердин илеби асманга жетип: темир, жез, коргошун, алтын, сымаптар эритилип куюлуп (күмүш менен алтынды сымапка кошуп эритүүчү таш аппараттар табылган), атүгүл асыл таштар казылган.
Бул өлкөдө көмүр казуу Европага караганда төрт кылым мурда башталган.
Байыркы араб географтарынын кылдат, так бул маалыматтары окурмандарды таңгалтырып, түшүнгүсү келгендерге азыр да пайдалуу. Маселен, кадимки көмүр күлү кездемелерди агартуу үчүн керектиги айтылган. Ооба, кээси буга ишенбестир, бирок өзүм жүргүзгөн анализде күл курамында цинк бар экенин көрсөттү. Арабдар Түркстан калайынын тазалыгын өтө макташкан, өзүм да эриген калай рудасына туш келгенге чейин бул металл өлкөдө таптакыр белгисиз болчу. Кийин «жумушчу-дыйкандар бийлигинин» куугунтугуна кабылып, тоолорго жашынууга аргасыз болгонумда ал жерден топаз, сапфир, рубин кендерин кезиктирдим.
Мурда Түркстандын соода алакасы кеңири жайылган. Таза болот темиринин атагы чыгып, Дамаскка жетип, анын белгилүү бычактары ошондо таанылган.
Түркстан дарбыздары да алыска белгилүү. Алар коргошун кутуларына муз менен толтурулуп, экспресс-курьер аркылуу түз эле Багдад халифтеринин дасторконуна жеткирилген. Аныгында бул – муздаткычта тез бузулуучу жемиштерди экспорттоонун биринчи мисалы.
Араб жазуучулары жогоруда аталган Кух-и-Сим жана Түнкент шаарынын күмүш кенине өзгөчө көңүл бурушкан.
Колум жеткен бардык араб булактарынан өзүм ачкан кереметтүү күмүш кени атактуу Кух-и-Сим экенине ишенем. Анткени жазуулардын баары дал келип туру. Ал эмес рудниктин жанында дарыяга жакын жерде обсерватория бар деген маалымат тастыкталды. Кен уюгуна байма-бай каттап, анын молдугуна көзүм жеткен соң, бул Кух-и-Сим кени экенине толук ынандым. Деталдуу изилдөөнү, сүрөткө тартып алууну улам кийинкиге жылдырып жүрүп, өкүнүчтүүсү, тилегимди таш капты!
Кайран өнүккөн цивилизация, дүркүрөгөн өнөр жайы, соодасы кайнаган шаарлар, ажайып кооз бакчалары кыйрап, чыгыштан агылган жапайы көчмөн – Чыңгызхандын аскерлери талкалаган эчак. Монгол канкорлорунун кесепетинен өлкө материалдык дөөлөттөрү талкаланып, калк интеллектуалдык жактан ыдырап, мамлекеттин экономикалык кайроосуна алып келди. Тамерлан жана анын мураскерлери тушунда кыска мөөнөткө Түркстан кайсы бир деңгээлде маданий жактан өнүгүп, ирденүүсү көпкө созулбады.
Ислам акыры үстөмдүк кылган динге айланып, руханий маданиятты жапайы фанатизмге, «каапырларды» жек көрүүгө багыттады. Бул жосун Орусиянын колониязация саясатына чейин улантылып, басып алуу алдында эки англис саякатчысы Стоддард менен Коннолли эмир Музафараддиндин буйругу боюнча Бухарада кыйналып өлтүрүлгөн.
Калк руханий жактан тез эле артка кеткенин береги окуя туюнтат. Илгери жер планын түзүп, ченөөдө колдонулган өтө оригиналдуу шайман Самарканддан табылган. Аны колдонуу абдан ыңгайлуу, оңой болгондуктан, аппарат заманбап үлгү катары сатыкка коюлган. Аппаратты Самаркандда кайсы уста жасаса, анын аты-жөнү сакталган жазуу да эч өчпөптүр. Тек, жергиликтүүлөрдүн арасынан Самаркандда да, Бухарада да бул аспапты колдонуунун максатын да, ыкмасын да түшүндүрүп берер жан киши табылбайт, атүгүл илимдүү деген молдолоруң ийин куушурат.
IV.
Мага Кух-и-Сим кенинен тышкары Илак княздыгынын байыркы борбору Түнкент шаарынын аймагын табуу кубанычы буюруптур.
Кыргыз жергесиндеги кышкы бороон кокусунан Хазретке айдап барып, Түнкент жөнүндө эң биринчи ошондо билдим. Экинчи кокустукта Түркстан талааларында дагы бир кар бороондо калып, өз доорунда сыймыктуу, байсалдуу шаарга туш келгенимчи. Капыл-тапыл кокустук деген ушул.
Каман уулап, жолум болуп, кечке жуук олжомо буюрган торопой менен шеригимди үйгө жөнөтүп, өзүм кыргыз айылга барып түнөмөк болдум. Үрүл таңда жолго чыгып, эки саатта салып-уруп чакан кербен сарайга жетсем, ал жерде эс алып, курсак кампайтмак болгомун. Таң суук эле, туман каптап, жаан дыбырап, карайлаткан кургак карга айланды. Түндүк-чыгыштын муздак шамалы кычады.
Шамал менен бетме-бет жол жүргөн киши курусун, муздак кар көз ачырбай пешенеге ургулап, кол тоңуп селейди. Шамалда көк муштум мен тургай, жер да тоңголок. Атымдын жүрүшү тың экен; бурганакты тоотпой, камчы салдырбай жүткүндү алга.
Азап эки, үч, төрт саат созулду. Кербен сарай көрүнсөчү. Удургуган бороон жолумду көрсөтпөй адаштырып, теңирден тетири кеткенимди түшүндүм.
Айланама көз чаптырып токтоого туура келди, көсөө шамал, удургуган карда баш калкалай турган далдаа жай издеп, күндүн ырайын күтөйүн дедим. 10-15 кадамдан аркысы көрүнсөчү. Калың кардын кабатына көмүлүптүр жол.
Капысынан оң жактан бир аз араакта, кандайдыр чүпүрөк көзгө чалынды. Жакын жылсам, эски, талкаланган дубал бурчу көрүндү. Шамалдан далдоо сонун жай эле, ага менден бетер сокур бороондон куурап келаткан атым кошо кубангандай окуранды. Тизгинди колума ороп, бурчка бүкчүйдүм да, шинелиме бекем кымтыланган боюнча уктап калыпмын.
Ойгонсом, бороон эчак басылыптыр, көп өтпөй асман чайыттай ачылганда дубалдын далдоосунан чыгып айланага, барар багытыма көз чаптырдым.
Көргөн көзүмө ишенбедим: айлана алаканга салгандай даана. Чоң бир шаардын ак-кара сызык планы чийилген көрүнүш. Көчөлөрү дадил белгиленип, имараттар, ирригациялык каналдар, кудук, заңкайган мунара, дубалдар көзгө чалынды. Шамал айдаган кургак кар өңгүл-дөңгүл жерлерин толтуруп, айланам урчук-урчуктуу толкун, эбак жер менен жексен болуп тегизделген шаар жаткансыды.
Жайында талааны чөп каптап, кышында калың кар терең чүмкөгөн бул жер тоң тиштеп турган маалда бөксө ойдуңдары, аң-чөнөктөрү көрүнбөйт. Түркстандын бул аймагында сейрек кездешер калың карды шамал тегиз түзөп, сырдуу жерди сук көздөрдөн жашырып койгондуктан, байыркы шаардын планы билинип-билинбес. Далай мезгил мурун талкаланып, жоголуп, унутулуп бараткан шаар элеси көзүмө урунду кайрадан. Бул бир укмуш, өтө сейрек кездешер көрүнүш эмей эмине.
Эртеси чакчайган күн тийсе, кар эрип, бул керемет кайрадан жок болгону туру. Кашайгырдыкы, жанымда фотоаппаратым болсочу! Деги бир көргөнүмдү көргөндөй сактар кудурет табылсачы жанымдан. Коколой башым менен айланамды жалдырай тиктөөдөн башка аргам болбоду.
О далайга эс-мас делдейип, кайып караандай көрүнгөн Помпей көчөлөрүн, сейил бактарын аралап жүргөнсүдүм. Мунун баары эмнени билдирет, тигинде-мында көрүнгөн тик бурч, ийри сызыктар неси – түшүнсөм буюрбасын. Шаар капкасы турган жери кызык: кезинде жаңы шаардын пайдубалы болуп тургузулган шекилдүү.
Чоң дарыяга каш карайганда жетип, чатырымды орноттум далдоого. Үйгө жеткенимде картадагы аралыкты, жол багытын кылдат ченедим да, байыркы араб жазуучуларынын чыгармаларына үңүлүп, бир кездеги сырдуу Түнкентти таптым деген бекем тыянакка келдим. Кар астында сызылган байыркы шаар долбоору көз ирмемде элестеп турду.
Суроо туулат: Кух-и-Сим кени менен Түнкент тагдыры азыр кандай абалда?
Сызган-чийген кол жазмам, пландарым, керектүү буюмдарым большевиктердин колунан жайрады. 1918–19-жылдардын азгаар кышында, жергиликтүү айылдарда аргасыз башпааналап жүргөнүмдө большевиктер Түркстандагы геологиялык изилдөөлөрүмдү, тарткан сүрөттөрүмдү, чалгындоо иштери боюнча кагаздарымды, документтеримди өрттөп тынышты.
Монголдордун чабуулунан жашырылган Кух-и-Сим, Түркстанда эми өнүгүп келаткан тоокен өнөр жайын талкалаган түндүк варварлары үчүн кол жеткис бойдон калды. Согуштан бир аз мурунку катуу жер титирөө – сук көздөрдөн кенди жашырып-жаап тынганын көргөмүн. Бүгүнчү? Үйүлгөн таштар, күбүлгөн аска бурчуктары үн катпайт.
Англис тилинен которгон В.Цибанова, 2013-ж.
Орусчадан оодарган О`Шакир, 2025-ж.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.
[1] Схоластика – орто кылымда Аристотелдин философиясынын негизинде христиан дин эрежелерин системалаштырып иштеп чыккан Европанын философия жерпайы.