Кыргызды кызыктырбай келген тарых барактары

  • 28.02.2025
  • 3798

“Нарын шаары согушка, революцияга чейин жапайы жаныбарлардын соодасы аркылуу атагы алыска тараган. Аны бул жерде Хагенбек деп таанылган орус, фамилиясы Неживов баштаган. Ал жыл сайын бул жерден Германияга колго түшүрүлгөн жаныбарларды экспорттогон кербен ээси болгон. Ар кимдин колунан келбес иш бул, ал ошон үчүн абдан байыган...” – деп жазат качандыр бир Теңир-Тоо аркылуу Кашкарга жан корчолоп качкан орус окумуштуусу Павел Степнович Назаров “Борбор Азиядан качуу” аттуу китебинде.

Ал өзү геолог, натуралист болуптур. 1919-жылы Ташкенттеги актардын козголоңун уюштургандардын бири экен. Кийин кыргыз, өзбек үй-бүлөлөрү менен тоолорго, андан кийин Пишпекке жашынууга аргасыз болгон учурларын чагылдырган эмгегинде өтө кызык маалыматтар кездешет. Маселен, бир жеринде Хагенбек менен Неживов жөнүндө береги маалыматы кызык баарынан: Карл Хагенбек (1844–1913) жаныбарларды соодалаган немис, Гамбургда эң биринчи дүйнөлүк зоопаркты негиздөөчү.

[1] Неживов Осип (Иосиф) Емельянович (1859–1920) – орусиялык ири ишкер, нарындык аңчы, ал 1912-жылы Түркстандан Европага териси баалуу жаныбарларды өстүрүүчүлөрдү (кызыл карышкыр, киш-суусар, сүлөөсүн, түлкү, илбирс) камсыздаган. Ал Түркстандан Европанын бардык зоологиялык бакчаларына териси баалуу жаныбарларды, атүгүл ача туяк, ай туяк жаныбарлардан тартып курт-кумурскадан өйдө ташып, дүйнөнүн музей коллекцияларын толуктаган”, – деп белгилейт автор

Аныгында, кыргыз өз тарыхыбызды өзүбүз баалабаган, өзүбүз жазбаган элбиз. Чычалабайлы. Өз тарыхыбызды жазсак да, алгачкы жазма тарыхчылардын бири делген Белек Солтоноевдин “Кара кыргыз” аттуу китебин “Кызыл кыргыз” деп комунисттер бурмалагандай, орус шовинисттери бурмалап, таңууланган тарых, таңууланган идеологияга аний дебей көнүп бүткөнбүз. Кенебес мүнөзүбүздөн улам П.С.Назаровдун жогоруда аталган китебин кыргыз коомунда белгилүү саясый агартуучу, коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахман байкабаганда, бул китепти кыргыз окурмандарына жайылтууга менин да мойнум жар бермек эместир...

Арийне, “Борбор Азиядан качуу” аттуу китеп жөнүндө кийин кенен кеп кыларбыз, азырынча, аталган китептеги береги үзүндүнү окурмандардын назарына таштоону эп көрдүм. Кызыгы, өзү немис, нарындык аңчы Неживов Осип (Иосиф) Емельянович бир кезде Гамбургда эң биринчи дүйнөлүк зоопаркты негиздөөчү болгону жөнүндө маалыматты тактоого бүгүнкү күндө Европа, Батыш өлкөлөрүндө жашап жүргөн кыргыз урпактары кызыгдар болор деген ой туулат... Тарыхка тактоо киргизип алуу мүмкүнчүлүгүбүз кантип колубуздан келбесин...

Эмесе, илимге чыйыр издегиси келген мекендештерибизге илинчек болсун үчүн төмөнкү фрагментке көңүлүңүздөрдү буралы, П.С.Назаров андан ары мынтип улайт баянды...

♦     ♦     ♦

... Өзүнө айланасы түрдүү капастар менен курчалган кооз үй куруптур. Ал жакка мен да барганымда капастар ээн калыптыр, бирөөсүндө гана татынакай ирбирс (Felis irbis) бар экен. Неживов большевиктерге каршылык көрсөтүп, ишин улантууну көздөптүр, бирок ишке ашпаптыр анысы. 1920-жыл соңунда барганымда, беш айдан кийин аны үй-бүлөсү менен атып салышты. Мага ак илбирсин көрсөткөн он эки жашар уулун да атып өлтүрүп, атүгүл «буржуйдун уясын» жок кылуу үчүн большевиктер илбирсти атып, «жазалоочу экспедицияга» жөнөтүшүптүр. Ошентип Нарындагы европалык тургундардын баарынын көзүн тазалашып, арасынан эки чал гана өлүм жыттанган жерден качып кутулган.

Мен барган учурда бактысыз шаар өзүн тайкы тагдыр күтүп турганын кайдан туйсун. Турмуш мурдагыдай өз жайында өтүп, тек гана советтик деген аталышты большевиктер чаптаган ага. Жогортон жиберилген коммунисттердин мүдөөсүн кынтыксыз аткарган комиссар-чекисттер деле ал жердеги кыргыздар менен сарттардын заманын кууруган эмес анчалык.  

Кызыгы, Түркстандын кай жеринде болбосун жергиликтүү мусулмандар – кыргыздар, сарттар коммунизмдин ташбоордугуна алда канча адамгерчиликтүү, кайрымдуу, адилеттүү болушкан, орус, өзгөчө латыш, еврей жана Орусиядан келген европалык тили бурууларга караганда. Өз коомуна батпай келип алып, жадесе мусулман калкына жаман көрүнүп бүткөн бул пенделер Советтерге шымалана кызмат кылышкан. Алар монголоиддик расанын ырайымсыздыгын сөз кылышканы – жеткен курулай жалаа, айрыкча түрк тектүү элдерге карата айткандары эч коошпойт. Бул – факт. Элдин карама-каршы пикирине карабастан, Түркстанд эң алгач отурукташкан орустар муну эчак баамдаган. Ушундай адашкан түшүнүк менен катар Улуу орус революциясы кансыз болгон, аны жоош, айкөл, гумандуу орус дыйкандар баштаган деген пикирди токтотушубуз керек.

Нарында тамыр жайган коммунизм колунда бар кыргыздардын уйларынын көбүн «улутташтырып», колунда жокторго мал бөлүштүрүүдөн башталган. Адегенде уйдун баасы үч рубль, ал кездеги Англиянын үч пенсине барабар болгон. Бала-чакалуу үй-бүлөлөргө эки, атүгүл үч уйдан берилсе да, ак көңүл кыргыздар мындай “улутташтырууга” кыңк эткен эмес. Мен Нарынга жеткен күнү жалаң ак сакал, көк сакалдары комиссарлар баш болуп бир бай кыргыздын чакыруусу менен Нарындан отуз чакырымдай алыскы айылга жөнөп калышты. Ал бай мындан төрт жыл мурун көтөрүлүшкө катышканы үчүн дарга асылган тууганынын ашын берип, маркумдун акыркы зыйнатындагы ат чабышка эң чоң байге коюлат. Биринчи байге — жүз төө, экинчиси — жүз кунан, үчүнчүгө — 1/4 миллион советтик рубль. Анан албетте, православ коноктордун кекиртегин майламакка жыйырма чака самогон коюуну да унутушпаптыр!

Нарындан чыга бергенде эле кичинекей сууну бойлоган таштак жолдуу капчыгай кезигет. Анда-мында ар кай жээкте суу тегирмендери бар. Бүтүндөй Борбордук Азия жана Тибеттеги эң комсоо курулуштардын бири ушул: узун жыгач ноонун ылдыйкы башына кыйшайтылган эбелекти аштап, ага суу агымы жыгач ноо аркылуу багытталган. Мунун баары атайы бүгүлүп жасалыптыр. Эбелектин экинчи учуна анча чоң эмес, көп тегизделбеген тегирмен ташы орнотулат экен. Эң жөнөкөй ойлоп табуучулук бул!

Жол батышты карай чукул бурулуп, чөбү жыш, чополуу адырларды бойлой ийри-буйру кичи өрөөн башталат, андан арыга сабак-бутактуу, жоон сөңгөктүү, жалбырактуу кооз чоң сары гүл апийим каптаган жайыктуу бийик өрөөн. Тоо койну жалаң жапыз, кочкул жашыл, баркыт сымал көзгө жагымдуу бетеге толо, балким бул да Carex өсүмдүк түрү. Жалпы төрттүлүк мал эч качан кыя өтпөс аш болумдуу өсүмдүк. Бул чөпкө мал-кел тез эттенип, мурдагы ач карды эрте тоюнуп, салмагын, күчүн жоготкон мал тез ирденет. Айрыкча жылкы жаныбар сулу жегендей табына келип, күчтөнөт. Бетеге талаалар Теңир-Тоо, Памирдин ыңкы жайыты. Кышкысын кургак түрүндө да койлор үчүн баалуу тоют, чабыр, көтөрүм малды тез ирдентер.

Жолдон укмуштай сонун козу карындарды таптык жегиликтүү. Кыртыштын жука катмарында өскөн үчүн бир аз жарылып, баш көтөрүп калыптыр. Калпактары кууш бүктөлүп, а ылдыйы шампиньондукундай[1] кызыл экен. Аларды чогултуп, корзинам толду. Каймакка бышырган соң, каадалуу королдун кул жебес ашынан ашып түштү!

Бир далай чакырымга созулган Ат-Башы өрөөнүнө карай чий каптаган жолубуз жеңил эңкейиш экен. Түштүк тарапта кар баскан чокулар тепкичтен тепкичке бийиктеп, кырлары көк кочкул. Жакасында күн жылуу, желаргысы жеңил. А көктү кара булут каптап, сүрдүү.

Ат-Башы – жер соорусу. Айылынан дарыянын чыгыш тарабын карасаң, түзөңдөрү жалаң эле токой, бадал. Айылдыктар алпейим таасир калтырды, алар – сарттар, кыргыздар. Бир канча европалык жолойдогу үйлөр – бажы, расмий мекеме, чакан дүкөндөр экен.

Бүткүл Түркстан АССРиндеги Ат-Башы базары жападан жалгыз соода жүргүзөр жай болгондуктан, ал жерден бир жуп өтүк оңой табылды сатып алууга. Албетте, сапаты начар болсо да шүгүр кылдык табылганына. Анан да жүндүү тумак (жергиликтүү сапатсыз текстиль), сулу, кой эти, нан сыяктуу толтура товарларды табасың. Ошон үчүн «дүйнөдөгү эң эркин өлкөнүн» жарандары Жети-Суунун бардык аймактарынан келип, керектүүлөрүн сатып же сатып алуу мүмкүнчүлүгү мында экен.

Калаадан чыгып, шар аккан, терең Ат-Башы дарыясынан өттүк. Жаныңды оозуңа тиштеткен өтмөк экен, бизден саал мурда арабасы оодарылып, эки балалуу аял сууга чөгүп өлүптүр. Суунун аркы өйүзүндөгү жолдун сол жагындагы калдайган бийик дөбөнүн жапсарында мазар, мечит бар. Чокусуна жалгыз аяк тепкич жол менен көтөрүлүп баруу өтө оор, чарчайсың. Бирок ага карабай момун мусулмандар көп каттаган эң ыйык жай. Бул кароол дөбө ар тараптан, алыстан да көркүнө көрк кошулган ажайып керемет тоо.

Кезинде кендиринен май кетпес Ат-Башыдан он чакырым алыстагы байдын большевиктер биротоло талкалаган конушуна токтодук, мурда ал казы же сот милдетин аткарган жергиликтүү кыргыз экен. Ал баарынан кол жууса да, калайык калкында дагы эле урмат-сый, зор таасирин жоготпоптур.

Мындан анча алыс эмес жерде Ат-Башы суусуна батыштан Кара-Коюн куймасы кошулат да, түндүккө имериле бергендеги капчыгайды кесип, түз эле Нарын дарыясына куят.

Чатыр-Көл менен Торугарт ашуусунда кар калың, кылайган чөп жок экенин укканымда, казы мага төөсү бар кыргызды эш болууга жалдап берип, жылкыларыбызга жем ташууга көмөктөштү ырас.

Казынын журтун көрүп, кабыргам кайышты. Кезинде бул жерде ал толук там-таш, коругун орус үлгүсүндө жабдып, куруптур. Орус цивилизациясы туруктуу болоруна бекем ишенип, көчмөн турмушун жыйыштырып, отурукташкан жашоого өтөт. Азырчы, казынын болгон мүлкү күл болуптур. Кара жаны кайгыга баткан казы босогодо отурду – жалгыз коколой баштын эндекей ээси болуп. Азия журтунун адамы канчалык токтоо, сабырдуу болорун көрсөткөн дагы бир мисалы бул. Агер бул Борбордук Орусияда болгондобу, мужуктар бардыгын жер менен жексен кылып, ээсинин канын ичмек сөзсүз. Мурдагы орус империясынын бул алыскы бурчунда Карл Маркстын доктринасын аздектеген чыныгы большевик, чыныгы коммунисттер болгондо, башка элдердин мүлкү ушинтип «улутташтырылат» беле?! Караламан калкка Лениндин «Тоногонду тоно!» деп ооздон бүркүп койгон шойкомдуу ураанын илгиртпей иле койгон орустар бай кыргыздарды тоногонго өтүшкөн. Андайлар удулдан пайдаланып, аз убакытка чейин коммунисттик идеалдарды кынтыксыз жокко чыгарып, ураандарды ачык жар салууга өтүшкөн: «Биздин заман келди!», «Неге болбосун алсак?», «Темирди ысыгында сок!», «Бул канчага созулары белгисиз, балким керегибиз тийип калышы мүмкүн!».

Чынында Ленин жана анын илээшкерлери орус мужуктарына социализм доктринасын түшүндүрө алышкан эмес, алар цивилизацияга болгон жек көрүүчүлүктү, каракчылык инстинктти ойготуп, көпчүлүккө жагымдуу шылтоолорду, көптөн күтүлгөн мүмкүнчүлүккө гана шыктандырышкан. Өз жыргалчылыгы үчүн кыйратууга келгенде шымаланган орус элинде кумар ойгонуп, билимдүү катмарга кыжыры кайнап, алардын жаагын жап кылат кай убакта, кай жерде туш келсе.

Шалбаалуу конуштун айланасындагы жайыттар жылкылар үчүн кашааланыптыр, ылдыйдагы кең саздуу жерлерде көп жылдык ак, кызгылт гүл сабак чөптөр жайнайт. Күүгүм ченде сейилдеп жүрсөм, ачык асман алдында өзүнүн күйүттүү кайрыгын чалды күкүк. Сазда чулдуктардын ачуу үнү безеп, төбөмдө канат каккылаган ызгыт куш муңдуу кайрыгын созду.

Мени кусалуу бук басып, бул эң алыскы түпкүрдө, алп тоолордун койнунда да орус империясы бүлүнүп, кыйроо айлампасы кайталанары сезилип турду.

Кара-Коюн өрөөнүн кесип өтсөк да, Ат-Башы өрөөнүнүн жолу дале улангансып, тетири, батыш тараптагы Ак-Бейит жакка жогорулап, андан ары Яссы ашуусуна беттедик. Бул ашуу Фергана тоо кыркаларындагы Нарындан Ферганага чейинки табигый даңгыр жол. Ойдуң жерлери жайыттын эң мыктысы, айланасындагы далай сугат каналдар азыр кароосуз калып, кургап бүтүптүр. Соңку мезгилде эле бул жерлерге дыйканчылык менен алектенгендер жыш отурукташканы көрүнүп турат.

Кыргызчалаган О`Шакир

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Шампиньон (Agaricus) — козу карындын түрү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз