АҢГЕМЕ
Кыш кечигип келген жыл эле. Шаар четиндеги эски аялдамада адамдар адатынча шашылган эле көрүнүш. Кимдир бирөө телефон тиктеп, кимдир бирөө автобусту акмалап, дагы бири өзү менен өзү.
Көпчүлүк арасында бозомук түстөгү арык күчүк элеңдеп эки жагын каранып, тынчсыз. Ал күн сайын ушул жерге келет. Эмне үчүн келерин эч ким билчү эмес. Бирок күчүк билчү. Ал кожоюнун күтчү.
Күздүн бир күнү аялдамага ак түстөгү жеңил машине токтогон. Ичинен орто жаштагы киши түшүп, күчүктү сылап:
— Азыр келем, — деген.
Ошондон бери ал көрүнбөй кетти. Күчүк болсо бул убаданы өмүрүндөгү эң чоң ишенимдей туйган...
"Азыр келем" – ошондон бери үч ай өттү.
Кээде кар, кээде жамгыр төктү. Кээде суук шамал сөөктөн өттү. Күчүк кетпеди. “Адамдар кетиши мүмкүн, бирок алардын сөзү кетпейт” – деген ишенимде эле күчүк.
Ал күнү аялдамага он эки жаштардагы кыз келди. Кыз мектеп сумкасын көтөрүп алып, күчүктү карап калды көпкө.
— Апа, карачы, — деди телефон аркылуу сүйлөшүп жатып. — Дагы эле ушул жерде жүрөт.
— Тийбе ага, оорулуу болуп жүрбөсүн, — деди апасы телефондон.
Кыз унчукпады. Күчүк да ага этият карады. Адамдардын көбү карайт да, үмүтүн таш каптырып өтүп кетишет. Бул дагы ошондойлордун бири го деп ойлоду. Бирок кыз сумкасынан нан алып чыкты.
— Ме... жейсиңби?
Күчүк жакындагандан коркту.
— Коркпо... Мен деле кээде корком, — деп шыбырады кыз.
Күчүк сөздү түшүнбөсө да үндөгү жалгыздыкты түшүндү. Акырын келип нанды жеди. Ошол күндөн баштап кыз күн сайын келет. Таанып калды аны.
Бир күнү кыз кечигип келди. Күчүк адатынча күтүп отурду. Күн батып бараткан. Акыры кыз көрүнгөндө күчүк биринчи жолу куйругун кубанычтуу булгалады.
Кыз күлүп жиберди.
— Мени күттүңбү?
Жанында турган карыя:
— Күтөт, кызым, — деди. — Иттер адамдарды күтүүнү жакшы билишет.
— А адамдарчы?
Карыя бир аз унчукпай калды.
— Адамдар күттүрүүнү эле билет...
Ошол кечте кыз атасына күчүк жөнүндө айтып берди.
Атасы чарчап келген экен.
— Көчө толо ит. Баарын үйгө алып келе албайсың да, – деди кайдыгер.
— Баарын эмес.
— Анда эмне ушуну?..
Кыз жооп таба албады. Бир аздан кийин акырын айтты:
— Анткени ал эч кимге керек болбой калгандай.
Атасы кызына тигиле карады. Бул сөз эмнегедир жүрөгүнө сайылды.
Кичинесинде өздөрүнүн ити болгонун эстеди. Атасы каза болгондо ошол ит мүрзөнүн жанынан көпкө кетпей жүргөн. "Жаныбарлар эч нерсе түшүнбөйт" дегендер ошондо жаңылышарын ал биринчи жолу сезген.
Эртеси кызы экөө аялдамага келишти. Күчүк баягы ордунда отурат. Кыз аны көрүп кубанып кетти.
— Мына, таптык!
Атасы күчүктүн көздөрүнө карады. Ал көздөрдө ачкачылык да, коркуу да бар эле. Бирок андан күчтүүсү – үмүт. Кимдир бирөөнү дагы эле күтүп жаткан үмүт.
— Кеттик, досум, — деди атасы акырын.
Күчүк ордунан козголгон жок. Кыз тизе бүгө отурду.
— Биз сени таштабайбыз.
Күчүк көпкө чейин карап турду. Балким ал дагы эле адамдарга ишенүүдөн корккондур.
Акыры ээрчип жөнөдү.
Күндүн алсыз нуру кар үстүнө чагылышып турду. Каршы-терши өткөндөр эч нерсе байкаган жок. Күчүктүн бары-жогуна баары капарсыз эле.
Ошол күнү бир үйгө дагы бир жүрөк кирди. Ал эми мусапыр күчүк адамдарга кайрадан ишене баштады.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR