Ажар Кайрат: Канбулоондуу көкбөрү

  • 17.02.2026
  • 215

АҢГЕМЕ

Аэропорттон түшкөн үч чет өлкөлүк мейман — немис антрополог айым Анна, француз журналисти Пьер жана жапон документалисти Кенжи — боз үй тигилген чоң талаага жетип токтогондо, алардын жүзүндө балалык кызыгуу турган эле.

— Бул оюнду кандай дейт элеңиз? — деди Анна.

— Көкбөрү, — деди котормочу жигит Азамат толкунданган дем менен. — Бул биздин бабалардан калган мурас. Ат үстүндөгү оюн... Эрдиктин, шамдагайлыктын, намыстын оюну.

Талаанын ортосунда боз чаң сапырылып, аттар чимириле алкынып, сүрмө топ дуулдап турду. Дөңгөлөккө окшоп курчаган элдин арасынан кыйкырык, ышкырык, сүрөөндөр жаңырды.

— Алар эмне урушкандай? — деди Пьер камерасын көтөрүп.

— Уруш эмес, атаандаштык бул, — деп түшүндүрдү Азамат. — өлгөн серкенин тартышат. Ким күчтүү, ким эпчил экени эми сыналат.

Ошол учурда аттардын бири капталынан катуу соккуга кабылып, ордунан солк эте түштү кулап жыгылчудай. Чабандеси тизгинди кагып, күчөнүп теминди кайра. Аттын көзү алайып, оозунан көбүк акты. Кан сызды ууртунан.

Анна чочуп кетти:

— Алар атты ушинтип кыйнашы керекпи?

Азаматтын үнү мурункудай шаңдуу чыккан жок.

— Кээде... оюн кызыйт. Ат — жоокердин канаты деп коёт бизде.

— Канатын сындырып жатышпайбы анда? — деди Кенжи акырын.

Чаң арасынан серкенин тулку бою асманга серпилип, кайра жерге кулады. Ат үстүндөгүлөр бири-бирин омуроолой жөөлөшүп, чыканак менен түртүшүп, аттарын өпкө-боорго тепкилеп, темингендери күчөдү. Көрүүчүлөр жинденгендей кыйкырык-чуу салып, ар кимиси өз командасын сүрөп, алакан чаап, жер тепкилеп ызы-чуу.

— Бул салтпы же шоу-бизнеспи? — деди Пьер.

— Салт... — деди Азамат. Бирок сөзү өзүнө ишенимсиз угулду.

Талаа четинде VIP деп жазылган чатыр турду. Ал жерде кычыраган костюмчан чиновниктер, депутаттар, ишкерлер жайбаракат виски ичип, кымбат көз айнектерин жылтыратып, оюнду бийик трибунадан карап отурушту маашырлана.

— Алар кимдер? — деди Анна.

— Демөөрчүлөр, — деди Азамат. — Коомдогу таасирдүү адамдар.

— Демек, бул агрессияны ошолор каржылайбы? — деди Кенжи уккан кулагына ишенбей аңырайып.

Азамат не жооп айтууну билбей калды.

Ошол маалда серкени илип кеткен жигит атын өпкө-боорго тепкилеп, сүрмө топту жарып чыкты. Аты аксаңдап, илкип араң баратты. Эл ансайын ышкырып, кыйкырып, “мына баатыр!” деп ураалап сүрөштү туш-туштан.

— Алар баатырбы? — деп шыбырады Анна.

Азамат унчукпай калды негедир.

Талаа четинде өспүрүм балдар топтолуп турушкан. Алардын да оюнга көздөрү күйүп, оюнчуларды туурап, бири-бирин түртүп, мушташкансып күлүп жатышты.

— Көрдүңүзбү? — деди Пьер. — Алар эрдикти ушундан үйрөнүп жатышат.

Кенжи камерасын жай түшүрдү:

— Биздин өлкөдө салт менен зомбулуктун ортосуна чек коюуга аракет кылабыз. Салт адамды бийиктетиши керек ко. А бул жерде… – эмне дешти билбей таңгалды.

Ал сөзүн бүтүргөн жок.

Чаң тарай баштаганда талаада чарчаган аттардын деми угулуп, кээ бири канжалап, кээси аксаңдап, кээси жону ылдый шалактап кара тер кеткен. Эл тарап кетпестен, алар дагы деле көксөөлөрү суубай, дагы бир күч сынашууну күткөндөй.

— Сиз айткан “мурас” ушулбу? — деди Анна акырын.

Азамат узакка карап турду боз чаң сапырылган талааны. Бала кезинде ал да көкбөрүгө суктанчу. Баатырдыкты, намысты көрчүмүн деп ойлочу бул оюндан. Азыр болсо чаң арасынан жырткычтыкка окшош бир нерсени көрүп тургансыды.

— Мурас — бул форма эмес, рух болуш керек эле... — деди ал ындыны өчө түшкөндөй. — Эгер рух жоголсо, салттын сырткы көрүнүшү гана калат.

— Анда салттын сырткы кабыгын сактап, ичин бош калтырганыңарбы? — деди Пьер ачык эле.

Талаадагы кылкылдаган эл үнү кайрадан күчөндү. Кимдир бирөө жыгылып, ат үстүндөгүлөр жыгылган чабандестин үстүнөн аттатып өтүштү оюндун кызуусу менен. Эл кыйкырып, кубанып, кубаттап ызы-чуу кыйкырыктар жаңырды кайра.

Азаматтын кулагына негедир башка үндөр угулгансыды — чарчаган аттын күрсүнгөнүбү же тээ алыстан бир муундун жан дүйнөсүбү — айтор, ал үн салттын эмес, эскерүүнүн үнү сыяктуу туюлду.

Күн ылдый салаңдап, боз чаң кызыл нурга боёлду. Чет өлкөлүк меймандар тил-ооздон калгансып, бүгүнкү канбулоондуу окуяга селейишти.

— Сиздер бул оюнду кандай көрсөтөсүздөр? — деп сурады Азамат.

Кенжи ындыны өчкөндөй жооп берди:

— Биз чындыкты көрсөтөбүз. Суроону да кошо беребиз: эрдик деген эмне?

Талаа дагы деле ызы-чууга толуп турду.

Берлин-Бишкек

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз