Окурман эсинен кетпей турган образдар жөнүндө сөз

  • 06.06.2026
  • 0

Белгилүү жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын бул маеги “РухЭштин” архивдик материалдарынан (2-январь, 2017-ж). Маек бүгүн да окурман журтуна кызыктуу болорун эске алып, кайталап жарыялоону эп көрдүк...

– Топчугүл эже, Сиз менен бүгүн көркөм чыгармачылыктагы өз өнөрканаңыз туурасында кеп куруунун ылайыгы келип туру. Буга чейин сайтыбызда жарыяланып келген бирин-экин аңгемелериңиздеги көркөм штрихтер жана андагы кейипкерлер кантип жаралганын айтып бергениңиз окурман үчүн да кызык болор беле дейм... Себеби сиздин чыгармачылык изденүүңүздү айкын көрсөтүп берер «Долу», «Ыйлаак кыз», «Доктур», «Күндөштөр», «Алтын», «Чыныгүл», «Орунча», «Атлас көйнөк», «Пальто», «Абысындар», «Бешимдин көлөкөсү», «Кара туман», «Кантор катын» аттуу аңгемелериңиз окурмандардын кыйла кызыгууларын жаратты. Мен муну сайтта жарыяланган чыгармалардын рейтингинен жана комментарийлерден улам байкадым. Анан адамдык факторго келсек, даа бир кызыгы (бул эми табигый көрүнүш десек болор) – калемгерлердин кээси мага түз кайрылып: «Эмне эле Шайдуллаеванын чыгармаларын көп жарыялай бересиң? Менин аңгемелерим деле аныкынан укмуш ко...» деген таризде кадимкидей кызгануулар жүрдү. Демек, учур адабиятында жылдызыңыз жана турган мезгил келди деп кабыл алсак болобу муну, бирок антели десек, сиз буга чейин деле мезгилдүү басма сөздөрдө бирин-экин аңгемелериңизди жарыялап, өзүңүздү жазуучу катары эбак тааныткансыз. Андыктан чыгармачыл чөйрөдөгүлөргө ичи тардык жана кең пейилдик жагдайында кеп баштап берсеңиз жакшы болор эле...

– Менин дээрлик бардык аңгемелеримдин өзөгүндө турмушта болгон окуя жатат. Каармандардын баарынын прототиптери бар дегендей. Муну айтканым, көзүм менен көрүп, жан дилим менен туйбаган нерсе жөнүндө жазыш мага кыйын. Таптакыр жок окуяны ойдон чыгарыш абдан оор. Албетте, көркөм чыгармага ылайык боёктор, штрихтерди таба алам, жазуучулук узануу бар деңизчи. Негизи мага таасир берген, жүрөгүмдү козгогон турмуштук деталдар аңгеме жазууга түрткү болот. Ошол эле долу кемпир, Чыныгул, Орунча, абысындар, молдо, кантор катын, Момун азилкеш, доктур ж.б. баары жашоодо мен тааныган, билген, көргөн адамдар. Кээ бирлеринин ысымдарын да өзгөртпөй бергем. Ошол эле учурда көркөм чыгармадагы бир да персонаж чыныгы жашоодогу адамга окшош болуп калбасын айткым келет. Чыгарманын каарманы бардык жагынан чыныгы жашоодогу адамдан ашып түшүп турат. Ал сенин окурманга берейин деген идеяңдын объектиси жана предмети болгон соң, сен аны колдон келишинче, талантыңдын жетишинче көркөм боёктор, каражаттар менен шөкөттөйсүң, анан чыгарма жаралат.

Суроонун экинчи бөлүгү боюнча: 2000-жылы “Жан шерик” аттуу аңгемелер жыйнагым чыккан, көлөмү чакан. Көп өтпөй ал китепке карата үлкөн жазуучулардын бир нечеси жакшы пикирин билдиришкен. Мен күтпөгөн жерден “Жан шерик” “2000-жылдын мыкты китеби” деген сыйлыкты алды. Андан кийин 2008-жылы “Акылкасас” деген аңгемелер топтомун чыгардым. Бул китеп да окурмандарга тез эле тарап, оозго алынды деп айта алам. Китептеги айрым аңгемелердин негизинде кино жаратат элек деген жаш режиссёрлордон бир канча сунуштар түштү. Баарынан мени кубантканы – китептеги бир аңгеменин негизинде белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров кеңейтип, сценарий жазып бериңиз, кино тартайын деп кайрылды. Ал сценарий азыр негизинен жазылып бүттү. Мунун баарын эмнеге айтып жатам. Көрсө, булардын баарын айтыш керек экен, көбүрөк өзүңдү окурманга, адабий чөйрөгө таанытпасаң, бул ким эле, эмне үчүн мунун аңгемелери чыга берет деген жогорудагыдай бүшүркөгөн суроолордун жаралышы мыйзам ченемдүү нерсе да. Ичи тардык кээде кишини билбегенден жана түшүнбөгөндөн да келип чыгат. Мүмкүн мени билбеген, тааныбаган киши силер айткандай кызганып жаткандыр. Бул биринчи кезекте силердин сайттын ийгилиги, кадыр-баркы, автор ушул сайтка чыгармасын көбүрөк бергиси, чыгаргысы келип жатпайбы. Ага да ийгиликтер көп болсун. Чыгармачылыкка баш от менен берилбей, жазгандарымды да өз учурунда басма бетине чыгарып, активдүү, популярдуу боло албаганым ал менин кемчилигим.

Кең пейилдик болсо чыгармачылык чөйрөдө өтө керек жана зарыл баалуулук. Жакшы чыгарманы жакшы деп айтканга да кенен пейил жол ачат. Сен анын мыкты экенин билип, көрүп туруп пейилиң тар болсо, унчукпай койгондон жаманы жок, а бут тоскон андан кейиштүү. Дегеле коомдо кайсы чөйрө болбосун кең пейилдик, азыркы тил менен айтканда толеранттуулук адамзат өнүгүүсү үчүн аба менен суудай эле муктаждык. Көркөм адабият сыяктуу адам аң-сезимин гумандуулукка, улуулукка жана сулуулукка тарбиялаймын, пейил-мүнөзүн өзгөртөм, оңдоймун деген миссияны аркалаган чөйрөдө мыкты чыгармаларды туура баалап, элге жайылтууда кең пейилдүүлүк принцип катары иштөөгө тийиш.  

– Жогоруда аталган аңгемелериңиз өтө чакан болгонуна карабай, автордун айтайын деген ою абыдан так, таамай-таасын көрүнүп турат. Маселен «Долу» аңгемеңизде адегенде көбүрүп-ташкан дайраны сүрөттөп келесиз да, ошол дайра жээгиндеги кыштактын элинин мүнөзүн толкуп-ташкан дайрага салыштырып, кийин бул метафоро башкы каармандын кулк-мүнөзүнө өтүп кетет. Андан ары долу кемпирдин образы ачыла баштайт. Мындай табылгалар негизинен биздин профессионал адабияттын кыртышынан чанда бир кезигерин да белгилей кетким келет. Адатта, мындай көркөм арсеналдар менен чебер узанган жазуучуларыбыз өтө саналуу. Жазуучу буга атайы камылга, даярдык менен жетет деп ойлойсузбу же бул кайсы бир таасирлерденби?

– Адам баласы кайсы жерде жашаса, ошол жерге ылайык мүнөз күтөт. Географиялык өзгөчөлүктөр, ага жараша жашоо шарт, жаныңда сени менен кошо жанаша жашаган тоо же дарыя, көл же чөл, же бак, же чоң жол, кымгуут ритмдеги чоң шаар ж.б. мунун баары адам баласынын күнүмдүк тиричилик укладындагы өзгөчөлүктү гана жаратпастан, анын жашоо баалуулуктарына, ынсап-ыйманына, жасаган иштерине, койгон кадамдарына, кулк-мүнөзүнө сезилерлик таасир этет. Ошол эле дарыянын албууттанып акканын өмүр бою көрүп келаткан, ошол сууну ичкен, ошол сууга жуунган, ошол шамалдан дем алган дайра боюнда жашаган адам кантип дарыянын касиеттерин өзүнө сиңирбей коё алат, бул мүмкүн эмес. Дарыя жээгиндеги болуп өткөн адам турмушундагы кандай окуя болбосун аны дарыясыз баяндай албайсың, баяндаган күндө да ал ынанымдуу болбойт.

Мен бул багытта тигил же бул авторго, же чыгармага таасирлендим дей албаймын, болгон аракетим окурмандын эсинен кетпей турган образ жаратуу. Метафора десеңер мындан бир топ жыл мурда окуган жапон жазуучусу Кобо Абэнин “Кумдагы аял” романы эсиме түштү. Мындагы салыштыруунун күчтүүлүгүн көрүңүз: күн сайын кеч киргенде чуңкурда жайгашкан үйүн аял чогулуп калган кумдардан тазалагандан тажабайт, антпесе кум басып калат да, үйсүз калат. Тынбай куюлган кум аялдын кирбеген жерине кирет. Бирок аял кум менен күрөшүп жашай берет. Салаадан ылдый төгүлө агылган кум, аялга бир мүнөт да тынч жашоо бербеген кум – бул күнүмдүк адамды баш көтөртпөгөн көртиричилик менен салыштырылат, чуңкурга батып кеткен үй – көртиричиликке чырмалган, андан чыга албаган адам трагедиясын айтып жатпайбы.

– Даа өзгөчө басым коёр «Орунча» жана «Чыныгүл» аңгемелериңиздеги кейипкерлер мен үчүн адамдагы эң жөнөкөй, эң бийик адамгерчилик жана улуулук сапатты окурман жүрөгүнө уюта ала турган көркөм чыгармалар дээр элем. Бул эки аңгемеңиздеги чыгармалар турмушта болгон, болбогону туурасында билгим келет. Бүгүнкү күндө ушундай каармандар барбы арабызда?

– Орунча да, Чыныгул да турмушта болгон каармандар. Чыныгүл кемпирдин ысмын өзгөртпөй бердим, ал биздин айылдык, эбак көз жумган. Мен ал кемпирди көрүп калдым. Бүгүн кемпири каза болгон карапайым чалдарга ким жубай болуп, жууп-тазалап, багып карайт? Бул чоң суроо. Орунчалар болсо мен төрөлүп, чоңоюп өскөн чөлкөм турмушунда азыр да бар. Тирүүлүктүн жолу баарынан улуу да. Анан калса биздин эл бала-чаканын тагдырын биринчи ойлойт. Жакында эле, мындан эки жыл мурда туугандар арасынан жашы 51ге келген аял каза тапты. Ал ата-энесинин жалгыз кызы болгон. Энесинин көзү тирүү. Уул, кыздары чоңойгон, үй-бүлөлүү. Жаркылдаган жарынан, балдарынын энесинен айрылган күйөөсү бир жылга чейин өзүнө келе албай кайгыга батты. Күйөө баласына боору ооруган кайын энесине бир жылдан кийин кайрат бүттү. Анан калса неберелерине да эне боло турган түзүгүрөк аялды таппаса болбойт. Ал өзү көрүп, билип жүргөн жалгыз бой сиңдилеринин бири менен сүйлөшүп, аны көндүрүп, анан күйөө баласы менен тааныштырып, анын макулдугун алып, өз колу менен үйлөнттү. Бүгүн ал келин келген жери менен тил табышып, кемпир менен жакын мамиле күтүп жашап жаткан учуру.Өлүмгө айла жок, кайсы бир амалын таап тирүүнүн жолу уланат да.

– Сиз адабияттан мурда илимпоздук түйшүк менен жүргөн кишисиз. Сизге бул экөөнүн кайсынысы ыракаттуу?

– Илим да, адабият да мен үчүн жагымдуу, алар менин ишмердигимдеги кош канатым десем болот. Мен илимдин социология тармагы боюнча адисмин. Бул илим адамдардын жашоо-турмушуна өтө жакын, адамдардын пикирин изилдеп, анын негизинде илимий жана практикалык жыйынтык чыгарат. Тигил же бул маселе боюнча адамдар менен жеке да, чогултуп да сүйлөшүп, пикир топтойбуз. Коомдогу олуттуу окуяларга, проблемаларга анализ жасап баа беребиз, чечүү жолдорун иштеп чыгабыз. Бул ишмердигим жазуучулугума жардам гана берет, тоскоолдугу жок, тескерисинче, толуктайт. Жазуучулукта болсо башымда ойлоп бышырып жүргөн көп чыгармаларды жазып, окурмандарга берсем деген изги тилегим бар.

– Чыгармачылык чыйрыңызда сиздеги жазуучулук ишенимди жаратып, кандайдыр нуска берген адамдар болду беле?

– Албетте. Бир кезде Мурза аке (Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапаров) аспирантура, диссертация деп убактыңды кетирип жүрбөй жакшы чыгармаларыңды көбүрөк жазбайсыңбы, карындашым, сенин колуңдан келет деп айткан эле. Ал маалда анча-мынча аңгемелерим “Кыргызстан маданияты” гезитине чыгып калган. Мен болсо баштаган ишти таштагым келбей, кандидаттык диссертацияны коргоого күлгүн курагымдын 5-10 жылын арнап, аны бүтүрөм деп жазуучулукту ары түртүп койгон учур болгон. Мурза аке иштейт элем деп бир бутун бир жерге коюп алып чайналбай, кийинки маалда өмүрүн бүтүндөй чыгармачылыкка байлап, мыкты чыгармаларды жаратып кетпедиби. Бүгүн көп жазуучулар жан багыш үчүн бир жерде кечке иштеп, анын жоопкерчилигин, түйшүгүн тартат. Убактысынын калган бөлүгүн чыгармачылыкка жумшайт. Менин деле тагдырым ушундай, көпчүлүктүкүндөй.

Дагы бир жагдай... менин чыгармачылыгымдагы ички цензуранын күчтүүлүгү да мага чоң тоскоол болду го деп ойлойм. Мындай нерсе мен эле эмес, көптөгөн аял калемгерлерге тиешелүү болсо керек. Ички цензура деген эмне - чыгармачылыгыңда окурмандардан тартынуу, өзүңө улам талап коё берүү, уяңдык, ачыла албагандык. Бул ичиңдеги кайнап турган булактын көзүн жаба берет. Сен коомчулуктан, менталитеттин нормаларынан чочулайсың, оюңдагыны жылаңачтап ачык жаза албайсың. Бир нерсе жаза баштаганыңда окурман көз алдыңда туруп алат. Бул бир чети адам мүнөзүнө да байланышат шекилди. Көкжал мүнөз күтмөйүн мыкты жазуучу болуш кыйын го. Бирок ички цензура – бул жоопкерчилик экенин да айта кетүү керек. Окурман алдында жазуучунун жоопкерчилиги сөзсүз турушу керек. Биринчи китебим “Жан шерикти” чыгарарда кырк жашта элем. Жаштыгым калган эмес, бирок китеп чыгарарда бир топ опкоолжудум. Кол жазманы басмаканага көтөрүп барбай, адегенде Жазуучулар союзуна баргам, мага сын пикир айткылачы, китепти чыгарсам болобу деп. Союздун сын бөлүмүн ошол кезде жетектеген жазуучу Дайырбек Казакбаев агай кол жазманы таштап кой, бир ай ичинде жообун айтабыз деди. Мен телефонумду калтырдым да кеттим. Бирок агай ошол күнү кечинде эле чалды, сүйүнүп алыптыр, китебиң мыкты, чыгара бер деди.

– Дүйнөнүн улуу ойчулдарынын бири Артур Шопенгауэр өз трактаттарынын биринде «ааламда адабият, искусство дөөлөтүн жаратууга далбаса кылгандардын көбү гуманитардык илим-билимден оолак, себеби алар адам дүйнөсүн терең аңдабай туруп искусство жаратуучулары болуп алышкан» деген апазда өтө маанилүү жагдайды жиликтеген жайы бар. Муну айткан себебим, биздин акын-жазуучулардын дээрлик көпчүлүгү филология же журналисттик билими менен гана чектелген графомандар, ошондон улам китебинин артынан китеби чыккандары толтура. Көбү текст чүргөгөндү же сюжет курганды эле көркөм адабият деп түшүнөрүн чыгармаларынан байкоого болот. Бу жагынан алганда сиздин чакан аңгемелерде адамдын жандүйнөсүн аңтарууга, кейипкерлердин ички дүйнөсүндөгү проблемага басым коюуга бел байлаганыңызды туйдум. Ошол эле убакта сюжет кууп жазбаганыңыз да жакты. Менимче, мунун жемиши – негизги кесибиңиз социолог болгондон улам го дейм. Себеби менталитет деген чидерден эрте бошонупсуз, сиздин жазуучулук озуйпаңыздын коэффициентин социологиялык билимиңиз да кыйла арттырды деп ойлойсузбу?

– 2005-жылы болуп өткөн Эл аралык ПЕН борбордун аялдар чыгармачылыгына арналган атайын конгрессинде кыз-келиндер чыгармачылыгына тоскоол болгон бир канча идеологиялык, экономикалык, маданий ж.б. цензуралар тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бирок ички цензура тууралуу сүйлөгөнүбүздө Европа мамлекеттеринен келген калемгер коллегалар бизди түшүнгөн эмес. Биз эмнени ойлосок ошону каалагандай жаза беребиз. Биз үчүн чыгармачылыкта уялуу, тартынуу деген түшүнүк жок дешти. Жазуучулукта мүмкүн ошондой болгон жакшыдыр, бирок менде али күнчө ички цензура дагы эле бар.

Мындан он-он беш жыл илгери туулуп өскөн айылыма барып, абдан капа болуп, кейип келдим, айылым аракечтикке белчесинен батыптыр, арактын айынан ажал тапкандары канча. Келдим да көпкө чейин бу кыжаалатчылыктан арыла албай, эли-журтум эмне дейт деген ички цензурага баш ийбей, “Биздин айыл мас көчөдөн” башталат деген айылдаштарымдын кылык-жоругун чагылдырган көркөм публицистика жаздым, аны гезиттерге бердим, кийин “Ташка чыккан гүл” китебиме киргиздим. Адегенде айылдаштарымды китепканачы келин чогулуп алып бул чыгарманы талкуулоо уюштурушуптур. Көбү капа болушуптур, бул эмнеси өз элин, жерин ушунтип уят кылабы дешип, анан кайра бу кыз бала да, бизге күйүп-бышып жазып жатат, аны биз уят кылдык дешиптир кээ бири. Кыскасы, бул макала аракеч айылдаштарымды бир топ ойлонткон. Көп өтпөй ушул темада жаштар айылда көчө театрын коюшуптур. Бүгүн айылым аракечтерден бир топ арылып калды.

Публицистика жанры эгемендиктин келиши менен абдан дүркүрөп өскөнү баарыбызга маалым. Эркиндиктин илебин алгачкылардан болуп калемгерлер туйган. Ошол жылдары публицистикалык макалалар гезит беттерин ээлеп, жазуучуларыбыздын көбү публицист болуп кетишкен. Бул оперативдүү жанр ошол мезгилдин талабы болчу. Айтайын деген оюң окурманга тез жетиш керек. Анын үстүнө публицистикаларды баскан жайнаган гезиттердин чыгуусу да буга түрткү болгон. Эгемендиктен кийин көркөм адабиятта тематикалар, багыттар кеңейди, айрым тенденциялар, агымдар пайда болду, адабият расмийликтен оолактап, көбүрөк элдик, элге жакын болуп калды. Ал эми анын өнүгүү сапаты тууралуу айтуу башка кеп.

– Кыргыз бийлиги чейрек кылымдан бери эл агартуу жагдайында жарытылуу иш улантканын көрбөдүк. Эл арасында китепкөйлөрдүн катмары да кыйла суюлуп кеткендей туюлат. Буга кандай карайсыз?

– Биздин муун китеп окуп чоңойгонбуз, азыр да окуйбуз. Биздин ата-энелерибиз болсо китепке ыйык буюм катары мамиле жасашкан. Менин атам жаңы китепти алгач колуна алганда пешенесине тийгизип, өөп коёт эле. Жерге-сууга таштабай, таза текчеге тизип, чүпүрөккө ороп, аздек мамиле жасашкан. Китепке жалаң чындык, акыйкат нерсе жазылат деген түшүнүк аң-сезимге бекем орногон эле. Эки адам бир нерсе жөнүндө талашып кетсе, “мен китептен окугам, китепте ушундай жазылган” деп бири экинчисин жеңип кетчү.

Китептин дүйнөлүк прогрессти камсыздоодогу миссиясы абдан жогору болду да. Адам баласы китеп менен агарып-көгөрдү, ал адамдарды караңгылактан алып чыгып көзүн ачты, дүйнө таанытты. Бүгүн болсо кагазсыз китептер болот, кадим китептер 10-20 жылда жоголот деп божомолдоп жатышат. Бирок китепти колго алып окугандагы кабылдоо такыр башкача да.

Биздин убакта китептерди көп окуган, мектепте жакшы окуган кыз же уул бардык жагынан мактоого, кадыр-баркка татыктуу болгон. Жада калса мектепте балдар жакшы окуган кыздарды сүйчү. Кыздар жакшы окуган балдарды сүйчү. Жакшы окуйт, китеп колунан түшпөйт, демек жакшы кыз деп эсептешчү. Мектепте ошол “жакшы кыздардын” катарында элем. Азыр сүйүүнүн критерийлери да өзгөрдү...

Теңтуштар арасында китеп окууда атаандаштык күч болчу. Айылдык китепканага келген китептердин бирин калтырбай окуп, кээсин кайталап окуп, дагы качан жаңы китеп келет деп китепканачы Калча эженин улам тынчын ала берчүмүн. Кийин арадан кырк жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин ошол эже айтып жатпайбы, сенден уялгандан районго тез-тез барып жаңы китептерди алып келет элем деп. Эсимде, казак жазуучусу А.Нурпеисовдун “Кан жана тер” деген китеби жалгыз экземплярда китепканага келгенде аны кандай талашканыбыз, Айбек деген менден бир класс жогору окуган бала менен урушуп кеткем. Ушундай, китеп окууга карата бизде ички муктаждык, умтулуу бар эле. Бардык баалуулукту китептен издечүбүз. Анан окуган китептер боюнча кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалимдер мектепте ар дайым талкууларды уюштуруп турушчу.

Окуган китептерибиз тууралуу бири бирибизден озунуп, сөз талашып сүйлөйт элек. Кыргыз жазуучуларынын бир да чыгармаларын калтырбай, кыргыз тилине которулган дүйнөлүк адабият боюнча канча китеп китепканага келсе ошонун баарын окуучулук кезде эле окуп койгон экенбиз. Азыр жакшы китептерди алып келип үйдө балдарымды окугула деймин, алар астейдил эмес, эптеп менин көңүлүм үчүн окумуш болушат. Кызыгып карагандары интернет, андагы жаңылыктар, кинолор.

Китеп окуу адатын бала бакчалардан, мектептерден калыптандыруу зарыл. Китептерден таасир алып, кызыгып окугандыкка үйрөтүү керек. Бул багытта азыр КТРК каналында “Бирге окуйбуз” деген жакшы долбоор иштеп жатат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонддун Кыргызстандын бардык аймагын камтыган “Жылдыздар балдарга китеп окушат” деген долбоору да эки жылдан бери мектептерде китеп окууну уюштурууда. Эл ичинде белгилүү болгон инсандар окуучуларга барып мыкты китептерден окуп беришет, талкуулашат, баарлашат. Мындай иш-чаралар өлкөбүздүн ар бир мектебинде үзбөй өтүп турса, жаш муун арасында китепкөйлүктү жайылтат элек.

Цивилизация китеп окуганды азайтты деген бул такыр туура эместигине Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири Финляндияга барып келгенде ынандым. Хельсинки шаарын жергиликтүү эле “Китептердин жана гүлдөрдүн шаары” дешет экен. Шаарда китепканалар жана китеп дүкөндөрү кадам сайын кездешет, гүлзарлардын көптүгүнөн жана кооздугунан көз тайгылат. Китеп дүкөндөрүндө эл көп. Китеп сатып алууга муктаждык да көп экени көрүнүп турат. Гүлбактарда скамейкаларга отуруп, трамвайларда баратып китеп окугандар арбын. Бул 2007-жыл эле. Интернет жана башка маалымат булактары бул өлкөдө абдан өнүккөн учур болчу. Бирок ага карабастан китеп окуу кеңири жайылган. Биз бул өлкөнүн жазуучулары менен сүйлөшкөнүбүздө бизде мыкты китептер гана басылып чыгат, анткени окурмандар табити абдан бийик дешти. Бул сынчылардын эмгеги. Канча жазуучу болсо, ошончо адабиятчы-сынчыларыбыз бар дешти. Ошол сынчылар окурман журтка китептерди ылгап, иргеп берип коёт тура. Кыргыз адабиятынын бүгүнкү өксүгү – профессионал адабий сын активдешпей жатат. Чыккан китептерге сын-пикирге караганда мактоолор көп.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз