Эгемендиктен кийин кыргыз адабиятынын башка салаалары сымал сынчылык өнөрдүн да аксаганы сыр эмес. Бирок салыштырмалуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларына көбүрөк сын-пикир жазылып жана айтылып келет. Алардын катарында Розетта Айтматова, Осмонакун Ибраимов баштаган белдүү калемгерлер да бар. Бирок чыгармалардын баары объективдүү бааланган дешке ооз барбайт.
Ооба, адабий ракурстан карап, кылдат талдоого аракет кылгандар жок эмес. Бирок адабият менен алпурушкан айрым илимпоздордун ишин чабал же бир жактуу деп баалоого болот. Арасында аша чапкандар жок эмес. Сөзүбүз куру болбошу үчүн мисал келтирсек, Рахат Аманова “Кадакчы” жана “Намазшам гүл” – Топчугүл Шайдуллаеванын табылгасы” аттуу чакан макаласында “Алтургай айрым чыгармалары менен дүйнөлүк адабияттын деңгээлине көтөрүлө алды. Эгер мыкты которулса “Намазшам гүл”, “Кадакчы”, “Орунча”, “Чыныгүл”, “Келин таш” сыяктуу беш-алты аңгемесин эл аралык сынактарга жиберүүгө, анын ичинде Нобель сыйлыгына көрсөтүүгө болот” [2], – деген оюн жазган.
Бул макалада жогорудагы чыгармалар тууралуу да сөз болот. Ал эми азыр кийинкисине өтсөк, Нурзат Казакова “Шайдуллаеванын аңгемелериндеги түштүк колорити жана көркөм метаморфоза” деген макаласында “Долу” аңгемесине карата мындай дейт: “Табият көрүнүшү адамга трансформацияланып, кыштак элинин жашоосундагы дайранын метаморфозасы Азимкан абышканын кемпири болуп чыга келип, “Долу” окурмандардын көңүл чордонунда орун алган” [8]. Бул жерде эч кандай метаморфоза жок. Болгону адамдын мүнөзү менен табияттын ортосундагы паралеллизм. Метаморфозага ачык мисал катары немис жазуучусу Франц Кафканын “Кубулуу” аттуу чыгармасындагы баш каарман Грегорио Самсанын куртка айланып кеткенин айтууга болот.
Ал эми Топчугүл Шайдуллаеванын “Келин таш” аттуу аңгемесиндеги уламышта метаморфозалык кубулуш бар. Кайын атасынын каргышына калган келин ташка айланып кетет. Бирок Нурзат Казакова бул аңгемеге кайрылган эмес. Мындан сырткары, жазуучунун чыгармаларына бир тараптуу баа берген. Кошумчалай кетсек, кайсы бир себептерден улам пикирин ачык жазбаган адабиятчыларыбыз да арбын. Болот Таштаналиевдин “Жазганда да элестүү жана ширин, кандай болсо, дал ошондой, буруу-терүүсүз, ашырбай да кемитпей, бир окуган соӊ өмүр бою унутулбай тургандай жазат” [10], – деген тезисин кандай ойдо жазганын түшүнүү кыйын. Анткени “кандай болсо дал ошондой” деген сөзүнүн төркүнү айрым чыгармалары натурализмдин деңгээлинде экендигинен кабар береби же мактообу – белгисиз.
Топчугүл Шайдуллаева көбүнчө аялдар темасына кайрылып, түрдүү жаш курактагы кыз-келиндердин ар кыл тагдырын калемге алаары окурман жана адабий чөйрөгө маалым. Ал көпчүлүк маани бербеген же байкабаган көйгөйлөрдү чыгармалары аркылуу чагылдырат. Бул жерде жазуучунун калеминин курчтугу же анын көркөм чеберчилиги тууралуу кеп болуп турган жок. Ал кайрылган тема жана проблемалар тууралуу айткым келет. Анын чыгармаларынан таасирленген Розетта Айтматова “Топчугүл Шайдуллаева чыгармаларында аялдардын карапайымдыгын, момундугун гана чагылдырбастан, алардын күчүн, эркин, кайратын да ачып бере алган” [9], – деген пикирин айткан.
Ооба, жазуучунун каармандары карапайым адамдар. Арасында кадакчысы, килемчиси, дыйканы, багбаны, аракечи, бекерчиси бар. Топчугүл Шайдуллаеванын ача пикир жараткан жана аңгемелеринин жалпылыктарын ташыган “Чыныгүл” аттуу аңгемеси тууралуу сөз кылбай коюуга болбойт. Чыгарма “Алгач жааган кардын суугу сөөккө өткөн кеч күздө Чыныгүл кемпир уулунун үйүнө кайтып келди” (Шайдуллаева, 2022, 157) деп окуянын аягынан башталат. Кошумчалай кетсек, жазуучу ретроспективдүү ыкманы “Кара жаздык”, “Кара туман” аңгемелеринде да колдонгон. Чыгарманын баш каарманы – Чыныгүл аттуу улгайган аял. Ал уул-келининин үйүнө келген маалда келини жактырбай “Алы-күчүнүн барында же бу неберелерин багышып койбоду. Көрүнгөн чалдын ыштан, көйнөгүн жууп, казанына күйпүлала болуп күчүн, кубатын баарын ошолорго берди” (Шайдуллаева, 2022, 158) – деп күбүрөнөт.
Уулу энесине жан тартып, келинчеги менен уу-дуу болуп турган маалда кемпир өзүнө өлүм тилейт. “Менин каармандарымдын прототиптери бар”, – деп жазуучу өзү айткандай, балким, автор чыныгы турмушту сүрөттөгөн болсо да, ал окурманга каарманын кыпындай да аяган эмес. Автор каарманын куурчактай ойноткон. Чыныгүл абышкасы көз жумгандан кийин бир айылдан эле беш ирет беш башка чалга турмушка чыгат. Анын эбеп-себептерин жазуучу жай-жайы менен түшүндүрүп өтөт.
Чыныгүл – күйөөсүнөн жаш калат. Ал уулун эч нерседен кем кылбай чоңойтуп, үйлөп-жайлап, жашы элүүгө таяп калган маалда айылдагы аксакалдардын чечими менен Ороз аттуу кемпири каза болгон чалга турмушка чыгат. Ооба, башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн өз бактысынан баш тарткан аялдын позициясы кайчы пикир жаратпай койбойт. Кошумчаласак, жазуучунун “Орунча” аңгемесиндеги Бүсаранын да мүнөзү кайсы бир деңгээлде Чыныгүлдүкү менен үндөшөт. Экөө тең өз оюн айта албайт жана автономдуу жашай албайт.
Топчугүл Шайдуллаева каармандарын үлгүлүү кылып көрсөткөн. Алар башкалардын кызыкчылыгы үчүн өлүмгө деле даяр. Бирок бул реалдуу турмушка канчалык дал келери башка маселе. Ооба, Чыныгүл Ороз каалагандай байбиче болот. Башкача айтканда, оту менен кирип, күлү менен чыгып кызматын кылат. Ороз өлөрүндө ага батасын берет. Андан соң айыл аксакалдарынын суранычы менен Чыныгүл дагы төрт абышкага турмушка чыгат. Аларга да жакшы аял болуп, төртөөнү тең капа кылбастан тиги дүйнөгө узатат. Ал качан ал-күчтөн тайган маалда колун сурап жуучулар келбей калат. Ал өз үйүнө кеткиси келип, бутун сүйрөп келген маалда келининен жеме угат. Өзү үчүн эмес, башкалар үчүн жаралгандай туюлган Чыныгүл жаны кыйналган ошол түнү чын дүйнөгө сапар алат.
Ал баласына акыркы керээзин айтууга да үлгүрбөйт. Чыгармадан каармандардын психологиялык абалын көрүүгө болбойт. Чыныгүл автор тарабынан кудум робот сыяктуу башкарылган. Ал каарманына өз алдынча жан бере алган эмес деген тыянак чыгарууга болот. Муну байкаган Жолдош Турдубаев да Чыныгүлдүн образы боюнча: “Бирок эгер удаалаш каза болгон беш чалды кезеги менен асырап-баккандыгын статистикадай эле белгилеп койбостон, бешөөнүн тең болбосо да эки-үч кейипкердин мүнөзүн же кемпир ар кайсы чоң үй-бүлөгө баргандагы айырмалуу психологиялык жагдайларды ишарат түрүндө белгилеп койгондо, чыгарманын мазмуну, идеясы кыйла бай, ынанымдуу болмок” [11], – дейт.
Чыныгүл каза болгондо мурунку абышкаларынын бала-бакыралары мал-мүлкүн жетелеп келип, баарын жаап кетет. Муну менен автор “жакшылык – эч качан жерде калбайт” деген ойду бергени анык. Бирок адам жакшылыкты өлгөндөн кийин эмес, көзүнүн тирүүсүндө көрүүсү керек эмеспи деген суроо туулат. Чыгарманы “Айыл аксакалдары, баягы эле сөзү сөз болгон айыл аксакалдары Чыныгүлдүн бул жалганда соопту мол топтогонун тынбай сүйлөп отурушту. Ушунча сый-урматка бөлөнүп көмүлөрүн тирүүсүндө билбеген, эки ооз керээз сөзүн уулуна айта албай калган кемпир гана армандуу суналып жатты” (Шайдуллаева, 2022, 164), – деп аяктайт.
Жалпы жонунан Топчугүл Шайдуллаева чыгармаларында кайсы бир тараптын оюн таңуулабайт. Андан кандай жыйынтык чыгарууну окурманга таштайт.
“Кадакчы” окурмандардын купулуна толгон чыгарма экени белгилүү. Аңгемеде окуя кадакчы менен Калбү аттуу келиндин ортосунда өнүгөт (Кадакчы – фарфордон жасалган идиш-аяктардын сыныгын бүтөгөн уста). Жазуучу унутта калган кесипти символикалуу түрдө пайдаланган. Анда кадакчы жандуудан Калбүнүн жараланган жүрөгүн, жансыздан сынган идиштерди бүтөп, тактап айтканда, бир учурда эки функцияны аткарат. Чыгармада адам менен заттын ортосундагы паралелизмди автор ачык эле “Кадакчынын колдорунун кыймылын көз албай тиктеп отурган аял ушул отурушунда өзү да жерде чачылып жаткан сынык идиштерге окшош эле, жашырганда не, идиштери сынган сайын кошо сына берип, ал да эбак бүлүнүп бүткөн” [6, 120,], – деп баяндаган.
Мындан сырткары, жазуучу кыштактагы жай турмушту жана кадакчынын иш-аракеттерин ишенимдүү сүрөттөгөн. Маалым болгондой, Топчугүл Шайдуллаева чыгармалары аркылуу аялдарга карата зомбулукту түз да, кыйыр да сүрөттөп келет. Бирок “Кадакчыны” алардын арасынан эң ийгиликтүүсү деп айтууга болот. Анткени Калбү бир эле учурда күйөөсүнүн, кайын энесинин жана айылдаштарынын кордугун көрөт. Аял өзүнө жылуу мамиле жасаган кадакчыга тымызын ашык болот. Бирок эл ичинде жүргөн уу-дуудан улам келиндин өз туугандары кадакчыны кууп жиберишет. Узак жылдар бою мындай кордукка чыдаган Калбү аягында баарын таштап белгисиз тарапка кетип тынат.
Бир эсептен чыгарманын финалын качып кетүү менен бүтүрүү туура болгон. Эгерде Калбүнүн өлүмү менен аяктаганда автор максатына жетмек эмес. Бирок автор Калбүгө да кудум Чыныгүл менен Орунчаныкындай мүнөз берген. Бир айырмасы – Чыныгүл өлүп тынса, Калбү качып тынат. Кыскасы, анын чыгармаларында бир линиядагы каармандар басымдуулук кылат.
Жазуучу өз мейкиндигин өзү чектегендей туюлат. Буга бир мисал катары “Топчугүл аялдарды эле жаза берет” деген айыптоолорду айтсак болот. Бирок автордун “Кадакчы” (Бишкек, 2024) аттуу соңку аңгемелер жыйнагына камтылган чыгармаларында тематикалык өзгөчөлүктөр бар. Жыйнактын баш каармандарынын тең жарымы – эркектер. Мисалы, “Бак” аңгемесинде Темир аттуу карапайым багбан ата-жотосу тааныбаган каирлик жигитке жардам бериши тууралуу баяндалат. Темир каирлик жигит өлүм алдында жаткан апасына көр сатып алууга чамасы келбей жатканын интернет булактарынан окуп, жардам бергиси келет.
Ооба, жазуучу чыгармасында жаратылышты, карапайым адамдардын жашоо-шартын ынанымдуу сүрөттөөгө жана гумандуулуктун туу чокусун көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок окуяны баяндоодо реалдуулуктан алыстап кеткен. Ал эми “Арман” деген аңгемесинде жашы сексенге таяган Дүйшө аттуу колу туткак карыя тууралуу баяндайт. Ал шартка байланыштуу балдарын карыганча уурулуктун туу чокусуна жетип чоңойтот. Анын уурулугун элдин баары билет. Карыганда балдарынын аркасы менен жакшы жашоого жетет. Өлүм алдында уурдаган буюмдарды ээлерине кайтарып берүү чечимин кабыл алат. Бирок балдары чогултуп берген акчасын жазданып жатып уурдатып жиберет. Муну жүрөгү көтөрө албаган абышка көп өтпөй каза болот. Анын өлүмүнөн кийин балдары бересесин кайтарышат. Жазуучу “кайтар дүйнө” деген ойду бергени айтпасам да белгилүү. Бирок эч кандай жаңычылдык байкалбайт.
Жыйнактагы дагы бир өзгөчөлүк катары “Учакта” аттуу аңгемесиндеги композициялык түзүлүштү айтсак болот. Көбүнчө баяндоо стилин колго алган автор бул ирет диалогду жыш пайдаланган. Чыгарманын негизинин учактагы эки жүргүнчүнүн диалогу түзөт. Жашы алтымыштардагы эркек үйлөнөм деп Москвадан Бишкекке сапар тарткан жаш жигиттин шаабайын суутат. Ал үйлөнгөндөн кийин кандай маселелер болорун айтып, тойдон кийин жашоого акчасы бар-жогуна чейин териштерет.
Автор үй-бүлөсүн эптей албаган же жоопкерчиликтен качкан адамдын образын түзгөн. Анын “Эй, жигит, бүгүн мага окшоп өз үйүн, бүлөсүн таштай качкан эркектер көп. Москвадан андайдын миңин көрдүм. Мунун баарына аялдар күнөөлүү, эринин мойнуна минип алышат, багасың дейт, түшкө кирбеген талаптарды коёт, тилдери беш кулач, эркектин, эмне, сыйкырдуу таягы барбы, иним! Эркек болсо эле, балээби, ал деле адам” [6, 92], – деген сөздөрү жаш жигитти катуу ойлондурат. Аз жерден үйлөнүүнү токтото тургусу келет.
Жазуучунун чыгармаларында окуя көбүнчө Баткендин Мөлтүр-Булак айылында өнүгөт. Мындан улам айрым окурмандар Мөлтүр-Булакты жазуучунун кичи мекени деп ойлошу мүмкүн. Бирок жазуучу Кара-Булак айылында туулуп-өскөн. Калемгердин айылына болгон сүйүүсү пейзаждык сүрөттөөлөрдөн даана байкалат. Жазуучу айылын бөлөк жерлерге окшоштургусу келбейт, өзгөлөрдөн өзгөчө көрсөтүүнү дегдейт. Мисалы, “Бак” аттуу аңгемесинде “Мөлтүр-Булак алыстан караганда айыл эмес, дүпүйгөн чоң бак болуп көрүнөт. Ар бир үйдүн алды, арты бак, ар бир үй түрлүү даам мөмөлүү даракка оронгон. Жаз, жай, күз айлары бул айылдын чырайы бөтөнчө ачылат” [6,3], – деп сүрөттөйт.
Топчугүл Шайдуллаева чыгармаларына бир чымчым болсо да кичи мекенинин артыкчылыгын, кооздугун камтууга умтулат. Ошол эле Мөлтүр-Булакта өскөн гүлдү да “Күнөстүү айылда Күндөн уялган, өзгөчө назик, үлбүрөгөн бир ажайып гүл бар. Ал кеч киргенде бажырая ачылат да, таң атып, күн чыгаары менен үлбүрчөк желектери жабылып, жерди карап калат. Анын желектери сыя, пушту түспөл, аты – “намазшам” [6,142], – деп элестүү сүрөттөгөн.
Мөлтүр-Булак тууралуу Осмонакун Ибраимов: “Топчугүлдүн көркөм дүйнөсүнүн чордону, тартылуу орду – “Мөлтүр-Булак” аттуу чакан айыл. Бул айыл Василий Макарович Шукшиндин эч качан кол үзбөгөн, ааламдын кайсы жеринде болбосун кайрылып келген алтын тууру – Сростки деген айылы же Кубатбек Жусубалиевдин Кердегейи, Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылы сыяктуу эле” [5,6], – деген мыкты аныктамасын берет. Буга улай, жазуучунун чыгармалары жаратылыш жана андагы кубулуштар адамзат менен тыгыз байланышта экендигин кошумчалай кетишибиз кажет.
“Топчугүл Шайдуллаевнын чыгармалары Баткендин галереясын түзүп турат”, – деген пикирге толук кошулам. Анткени аңгемелердеги карапайым каармандардын жашоо образы, речи, түшүнүктөрү аркылуу өрүкзарлуу өрөөндү байырлаган элдин жашоосу менен жакындан таанышабыз. Айрыкча, бул жерде тилдик каражаттардын орду чоң. Топчугүл Шайдуллаева тилибизди байытуу максатында адабий тилге кирбей калган, чакан аймакта активдүү колдонулган сөздөрдү чыгармаларында жыш пайдаланат.
Албетте, бизге белгисиз сөздөр жана түшүнүктөр жергиликтүү калктын жашоо образы менен тыгыз байланыштуу. Мисалы, өрүк өстүрүү жана дыйканчылык менен алпурушкан калктын лексиконунда биз мурун-кийин укпаган (шайгыр – өрүк күүй турган узун ичке жыгач, газанек – сабагынан түшпөй дарак башында калган мөмө, серасыл – түшүмдүү, дүт – сууктан коргонуу үчүн от түтөтүү, баргек – ичинен сөөгү алынып кургатылган өрүк, курмайы – өрүк сорту, үсөнү – жүзүм сорту) сөздөр кездешет. Булар аңгемеге өзгөчө көрк берип, көркөм салмак кошору талашсыз.
Мындан сырткары, азыркы тапта активдүү колдонулбаса да, жазуучу чыгармалары аркылуу кыргыз лексикасына “Орунча”, “Балакана” сыяктуу жаңы сөздөрдү кошкону айтылып жүрөт. Чыгармадан орунча – бул бирөөнүн ордун баскан адам экендигин түшүнөбүз. Бул сөздү жазуучу, журналист Шайырбек Эркин уулу “Бирөөнүн ордуна келгенде ошентип атап койгон салт бар, айрыкча ушул Баткен жакта. Бүсараны Карачач кемпир өзүнүн кызы кылып, күйөөгө узатып атпайбы. Автор ошол кыска аңгемеге терең ойду, турмушту батырып койгон” [7, 2018], – деп чечмелеген.
Ошондой эле “балакана”дегенде бала бакчаны же балдар менен байланышкан жайды элестетишибиз мүмкүн. Бирок автор чыгармасында “балакана” деп аялдын жатынын атаган. Кыргыздар башынан орой угулган сөздөрдү кагазга ороп, жумшартып, кыйыр мааниде айтып келишкен. Илимдин тили менен айтканда, табу жана эвфемизм десек болот.
Өрүкзарлуу өрөөндү байырлаган элдин жашоосун көркөм чагылдырууда Топчугүл Шайдуллаева Мырза Гапаровдон кийинки жазуучулардын бири. Абдыкерим Муратов да “Түштүктүк аялзатынын психологиясы, табышмактуу татаал да, сырдуу да жашоосу дал ошол баткендик колорит, баткендик фон менен ишенимдүү берилет [1], – деп белгилейт. Дал ушул ракурстан алып караганда, Топчугүл Шайдуллаева мындан ары да жигердүү эмгектенүү менен “Кыргыз адабиятынын Айгүл гүлү” деген бийик баага арзыйт деп ишенем. Анткени анын ар бир чыгармасында баткендик карапайым кыргыздын жашоосу, тагдыры, бактысы менен кайгысы баяндалат. Бекташ Шамшиевдин “Улут адабиятында буга чейин терең чагылдырыла элек өрүкзарлуу өрөөндүн көркөм дүйнөсү Топчугүл Шайдулаеванын аңгемелери аркылуу окурмандын көз алдынан өтөт” [7], – деген аныктамасын улай, анын чыгармаларында Баткенде өскөн кызыл өрүктүн ширин жыты буркурап турат дээр элем.
Корутунду
Жазуучунун аңгемелери кыска-нускалуулугу менен айырмаланат. “Краткость – сестра таланта”, – демекчи, ал окуяны чубалжытып баяндабайт. Эгер кыска жазам деп окуяны аягына чыгара албай же ачып бере албай калганы болбосо, локанизм – бул аңгеме жанрынын башкы талабы экени талашсыз. Кемчиликтердин бири – чыгармалары көбүнчө бир тараптуу жана 3-жак менен баяндалат. Балким, жазуучу диалог жана монологдорду колдонсо, каармандардын образын ачууда бир аз болсо да ишке жарамак. Экинчиси, каармандардын алсыз жана жансыздыгы. Кейипкерлердин психологиялык абалы ачылбайт. Айрым каармандары мойнунан сүйрөгөн иттей сүйрөлүшөт.
Чыгармадан алардын көз карашын, позициясын, көрүүгө болбойт. Мисалы, Орунча, Калбү жана Чыныгүл болгону камкор аял катары сүрөттөлгөн. Ал эми биз кыргыз аялдарынын ичинен “Саманчынын жолундагы” Толгонай сыяктуу күчтүү образдарды көргүбүз келет. Мындан сырткары, аңгемелерде артык баш окуялар кездешпегени менен, көркөмдүк жактан туз жетишпегендей туюлат. Чыгармага боёктор жетиштүү кошулбастан, турмушта кандай болсо, дал ошондой баяндалган аңгемелери арбын. Чыгармага түс берип, салмак кошуучу сөз айкаштары, троптун түрлөрү жана макал-ылакаптар жокко эсе.
Жазуучу айтылган кемчиликтерди эске аларына ишенем. Топчугүл Шайдуллаевага бекем ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалайм. Буюрса, келечекте кыргыз адабиятынын Айгүл гүлүнө айланар жазуучуну жакшылыктар коштосун!
Колдонулган адабияттар:
1) “Ала-Тоо”, №4, апрель. – 114-158-б. 2018;
2) Аманова Р., “Кадакчы жана “Намазшамгүл” – Топчугүл Шайдуллаеванын табылгасы, https://kmborboru.su/2022/07/11/rahat-amanova-kadakchy-zhana-namazshamg-l-topchug-l-shajdullaevanyn-tabylgasy/, 2022;
3) Шайдуллаева Т., Акылкасас” аңгемелер топтому, Бишкек, 2009;
4) Шайдуллаева Т., “Кызыл өрүк” жыйнагы, Бишкек, 2017;
5) Шайдуллаева Т., “Балакана” жыйнагы, Бишкек, 2022;
6) Шайдуллаева Т., “Кадакчы” жыйнагы, Бишкек, 2024;
7) Шамшиев Б., “Орунча” – эненин ордун баскан өгөй аял, https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_novell_oruncha_topchugul_shaidulaeva/29108368.html, 2018;
8) Казакова Н., Шайдуллаеванын аңгемелериндеги түштүк колорити жана көркөм метофорфоза, http://ruhesh.kg/ky/category/show/news/2234/shaydullaevanin-angemelerindegi-tushtuk-koloriti-zhana-korkom-metamorfoza, 2021;
9) Роза Айтматова, “Кызыл өрүк” – бир муун аялдардын тагдыры,
https://www.azattyk.org/a/kyzyl-oruk-bir-muun-ayaldardyn-tagdyry/31459316.html, 2021.
https://www.azattyk.org/a/kyrgyz-ayaldarynyn-mungun-boelueshkoen-balakana-/31844764.html, 2022;
10) Таштаналиев Б., “Топчугүл Шайдуллаева – аңгеме чебери”, https://kmborboru.su/2021/10/20/bolot-tashtanaliev-topchug-l-shajdullaeva-a-geme-cheberi/, 2021;
11) Турдубаев Ж., “Чыныгүлдүн чындыгы же “Кызыл өрүктүн” данеги тууралуу сөз”, https://ruhesh.kg/ky/dasmiya/1895-turdubaev-zholdosh/zholdosh-turdubaev-chiniguldun-chindigi-zhe-kizil-oruktun-danegi-tuuraluu-soz...
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.