АҢГЕМЕ
Түн жарымы эле. Жер жүзүндөгү бардык мамлекеттердин карталары асмандан өчүп кеткендей болду. Чегаралар көрүнбөй калды. Борборлор да, борбордук аянттар да, сарайлар да жоктой сезилди.
Ошол түндө Убакыт деген карыя адамзат тарыхын бир чоң китептей жаап коюп, деңиз түбүнө сүңгүп кетти.
Деңизде үч Левиафан жашачу. Биринчи Левиафандын денеси темирден, экинчисиники алтындан, үчүнчүсүнүкү күзгүдөн жасалган.
Үчөө тең байыркы. Бирок ар кимиси өзүн адамзаттын чыныгы кожоюну эсептечү.
— Мени биринчи чакырышкан, — деди Темир Левиафан.
Анын үнү согуштун добушундай жаңырды.
— Адам баласы бири-бирин өлтүрүп жатканда мен төрөлгөм. Уруулар уруу менен, бир тууганы бир тууганы менен кармашып турган кезде алар мага келишкен. «Бизди корго!» дешкен. Ошондо мен кылыч болуп, дубал болуп, мыйзам болуп бергенмин.
Ал деңиз түбүндө кыймылдаганда бүт океан титиреди.
— Мен болбогондо мамлекеттер жаралмак эмес. Менин атым — Коркунуч.
Убакыт унчуккан жок. Анткени бул сөздө чындыктын үлүшү бар эле.
Адамзат тарыхындагы алгачкы падышалар, императорлор, хандар жана диктаторлор дал ушул Темир Левиафандын көлөкөсүнөн жаралган. Элдер башаламандыктан качып, эркиндигинин бир бөлүгүн ага өткөрүп беришкен. Коопсуздук үчүн. Тынчтык үчүн. Өмүрүн сактап калуу үчүн.
Ошондо Алтын Левиафан күлдү. Анын күлкүсү тыйындардын шыңгыраган үнүнө окшош болчу.
— Сен өзүңдү ашыкча мактап жатасың, бир тууганым.
Алтын кабырчыктарынын арасынан миңдеген шаарлардын элеси көрүнүп турду.
— Эл сени сүйгөн эмес. Алар сенден коркушкан. Ал эми мени сүйүшкөн.
— Сен кимсиң? — деп сурады Убакыт.
— Мен байлыкмын, – алтын Левиафан жооп берди. — Адамдар нан үчүн иштей баштаганда мен төрөлгөм. Соода жолдору ачылганда мен чоңойдум. Бир күнү алар падышаларды эмес, акчаны угуп калышты. Анан мен мамлекеттердин жүрөгүнө кирип алдым, – деп үндөбөй калды да, сөзүн улады: — Мен кылыч көтөрбөйм. Бирок бүтүндөй армияларды сатып алам. Мыйзам жазбайм. Бирок мыйзамдарды жазгандарды багам. Мен такта отурбайм. Бирок такка ким отурарын билем.
Темир Левиафан ачууланды.
— Калп!
— Жок, — деди Алтын Левиафан жай гана. — Сенин дооруңда эл бийликтен коркчу. Менин доорумда бийлик акчадан коркот.
Ошондо деңиз түбүндө миңдеген империялардын сөлөкөтү жарк этип өттү. Кечээ күч менен башкаргандар бүгүн рыноктун эркине баш ийип калганын Убакыт көрүп турду.
Бир маалда үчүнчү Левиафан сүйлөдү. Анын үнү жок эле. Анткени ал күзгүдөн жасалган эмеспи. Ага ким каранса, өз жүзүн гана көрчү.
— Экөөң тең жаңылып жатасыңар, — деди ал.
— Сен дагы өзүңдү кожоюн дейсиңби? — деп сурады Темир.
— Жок. Менин кожоюнум жок.
— Анда кимсиң?
Күзгү Левиафан деңиздин бетине карады. Ошол замат миллиарддаган жүздөр анын денесинде пайда болду.
— Мен Элмин.
Темир менен Алтын унчукпай калышты.
— Сен экөөң тең адамдардын ичинен жаралгансыңар. Бирок өзүңөрдү алардан жогору коёсуңар. Мен болсо адамдардын өздөрүнөн жаралгамын.
Күзгүнүн денесинде улам жаңы жүздөр пайда болуп жатты.
— Илгери адамдар падышаны кудай деп ойлошчу. Кийин байлыкты кудай деп ойлошту. Эми болсо ар ким өз үнүн дүйнөдөгү эң маанилүү үн деп эсептейт.
— Бул жаманбы? — деди Убакыт.
— Жакшы да эмес, жаман да эмес, – ал тып токтоду. — Мен элдин эркин чагылдырам. Бирок эл акылман болсо гана акылманмын. Эл ач көз болсо ач көзмүн. Эл каардуу болсо каардуумун. Менин жүзүм жок. Мага ким караса, өзүн көрөт.
Ошондо Темир Левиафан күбүрөндү:
— Демек сен мамлекет эмессиң.
— Тескерисинче, — деди Күзгү Левиафан. — Мен мамлекеттин акыркы сырымын.
Үчөө көпкө чейин талашышты.
Темир Левиафан:
— Тартипсиз коом жашай албайт, — деди.
Алтын Левиафан:
— Байлыксыз коом өнүкпөйт, — деди.
Күзгү Левиафан:
— Адамсыз коом болбойт, — деди.
Убакыт болсо угуп гана отурду. Анткени үчөө тең чындыкты айтып жаткан. Жана үчөө тең калп айтып жаткан.
* * *
Таң атканда Убакыт ордунан турду.
— Мен миңдеген мамлекеттердин төрөлгөнүн көрдүм, — деди ал. — Алардын баары силердин бириңерге кызмат кылабыз деп ойлошкон.
Үч Левиафан ага тигилди.
— Бирок акыры бир эле нерсе өзгөрбөй калган.
— Ал эмне? — деп сурашты үчөө тең.
Убакыт жылмайды.
— Силер адамдарды башкарабыз деп ойлойсуңар. Чындыгында адамдар силерди жаратып келет.
Деңиз үстүнөн күн чыкты. Ошондо Темир Левиафандын темири дат баскандай көрүндү. Алтын Левиафандын алтындары күңүрттөндү. Күзгү Левиафандын жүзү майдаланып, миллиарддаган адамдардын элесине айланды.
Убакыт акыркы сөзүн айтты:
— Бийлик эч качан деңиздеги желмогуз эмес. Ал ар бир адамдын ичиндеги коркунучтан, ач көздүктөн жана үмүттөн жаралган көлөкө гана.
Ал көлөкөгө адамзат ар кыл доордо ар башка ат койгон: Падыша. Империя. Республика. Рынок. Эл. Бирок анын эң эски аты ошол бойдон калган.
ЛЕВИАФАН.
Аягы.
Вена шаары, 2026-ж.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR