О`Шакир: Чакан аңгемелер оркестри

  • 17.06.2026
  • 0

Партитура

– «Заман кайрыктары» десең болчудай экен, – деди бири.

– Жок! – деп кесе айттым.

«Чакан аңгемелер оркестри» атаганым – өзүм дирижёр. Андагы аңгемелердин ар биринде ар башка ритм, темп, тембр бар. Бири – пиано, бири – форте. Диапазону – доордон доорго жаңырар түрмөктөр...

Ноябрь, 2024.

Табият мыйзамы

“Тарс” – мылтык үнүнөн бейпил жаткан кийиктер үрктү.

Ок ташка тийди. Быркырап чачырап, күкүмдөрү кайыды.

Каректей таш мергенчинин көзүнө кадалды.

Далай жапайы жан-жаныбарларды кароолго алып, бир да мерте жаздым кетирбес көзгө атар мергенчинин кареги мөлтүрөп агып түштү.

Жаратылыш сулуулугунда эркелеген чаарчыктарды мээлеген бүгүн ал.

Улуу тоонун далай уларын, бөдөнөсүн, кыргоолун; далай кийигин, улак-козуларын аябас бул карек курч болчу. Бутага илингендин баарын ирмелбестен таамай мээлечү.

Канча сулуу жандыктын көзүн соолуткан карек өзү соолуп жатты.
Май, 2026-ж.

Аруулук

– Молдо качан келет? – деди агасы.

– Молдонун не кереги бар? – деди үй ээси.

– Йе, ботом, жаштардын никесин…

– Байке, – деди салмактуу, – молдого нике кыйдыргандын канчасы ажырашып тынганын көрүп жүрөбүз го… Молдонун нике кыйганы – кепилдик эмес.

– И-и?! – агасынын көзү тостойду.

– Эки жаштын никесин наристеге кыйдырам.

– Ошо кантип болсун?! – тойго келген тууган-туушкандар чочуду.

– Болбосо болтурабыз… Наристе – таза… күнөөсүз. Оозунан жамандык чыга элек…

Көшөгөдө отурган жуптарга кеседеги тунук сууну ууртаткан наристенин тилеги үч мерте айтылды:

– Бактылуу болгула! Бактылуу болгула! Бактылуу болгула!

Май, 2026-ж.

Уят

– Кел, жаным… Байпагыңды алмаштырчы, – деди зайыбы конокко барар алдында. – Баягынын баягыча эле жыртык байпакчан жүргөнү калбаптыр дешпесин. Кызматтан кызматка көтөрүлсө деле, байпагы өзгөрбөптүр дешет.

– Жайыма койчу, – деди камаарабас күйөөсү жыртыктан бармагы соймоңдоп турса да.

– Эмне дешет башкалар? – күзгүдө сулууланган жубайы баш чайкады.

– Эмне дешсе дешсин. Эмне, элдин буту байпак жыртпайт бекен… – деди адатынча жупунуга көнгөн неме.

– Уят эмеспи жыртык байпакчан барганың. Сен уялбасаң, мен уялам…

– Уялсаң… мансабымдан уял! Казынанын жыртыгынан уял! – деп бурк этти.

Апрел, 2026-ж.

Салт

– … кандай киши эле? – элдик салт боюнча үч жолу сурады маркумдун башында турган киши.

Үчөөндө тең:

– Жакшы киши эле! – дешти баары жабыла.

“Жерге кирсин… адам эмес болчу” дегенге ооздору барбады.

Коомго анын узак жылдар жогорку кызматтардан түшпөгөнү айкын. Бийлик кланындагылардын анабашы болчу. Борбордук бийлик канча алмашкан менен анын кландык саясаты салттуу жолун улантчу. Казына тоногон табакташтардын урагыс системасын курган. Бирок аза күтүү зыйнатында эч кимиси салттан аттап кетпеди.

Мамлекеттик маалымат булактарындагы некрологдордо:

“... мамлекеттик ишмерибиз акыркы сапарга узатылды. Элибиз оор жоготууга учурады. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу билдиребиз” – деген тариздеги расмий ысымдардын атынан көңүл айтуулар жарыяланды.

Апрель, 2025-ж.

Шектенүү

Акыр заман адамы
Алым болот деп айткан.
Аят сөзүн бек тутпай,
Залым болот деп айткан.

Калыгул (1785–1855)

Эски кол жазмаларга эс калчап отурду XXI кылымдын алымы. Өзүнө түз айтылгандай чычалагандан эмес, ойдун тайкылыгынан…

“Келечекти көрдүбү же келечек Калыгулдун сөзүнө ылайык калыптандыбы?” – дейт бир ою. “Калыгул олуя болгон эмес… – дейт башка оюнда. – Ушу кантип болсун?” – дейт да береги эки саптын түбүнө түшө ой жоруйт:

Акыр заман адамы \ Алым болот деп айткан – демек, адамзат илим-билимге жеткени – акыр заман болуп калабы?

“Жок, мындай болуш керек эмес! – дейт ишенимдүү, – алымдар көбөйсө кана… адамзатты алымдар гана залымдардан, түркөйлөрдөн коргобойт беле. Алымдар акыр заманды токтотмок”.

Илим-билимди жаратуучулар алымдар деп түшүнөт ал.

Ноябрь, 2024-ж.

Бир туугандык

– Студент кезиң эсиңдеби? – эжесинин бул суроосу дайыма күбөлөрдүн көзүнчө тил кычыштырар суроо.

Бир туугандар жакшылык-жамандыкка чогулган жерде сөзсүз эске салынат бул кеп.

Демейде унутчак эжеси унутпайт эч:

– Ченебеген чоң кара токтуну бербедим беле ошондо, – дейт.

Иниси унчукпайт. Ичинен кейийт: “Андан бери канча жылкы, топоз, уй, канча коюңарды карышкыр жебеди… Аларды унутуп, кантип ушу мага берген жалгыз токтуңуз унутулбады?!” – дейт.

А эже-жездесинин жайлоо толо төрттүлүк малы толтура.  

Август, 2024-ж.

Көркоо

– Келечек муунду Мекенди сүйүүгө, коргоого тарбиялашыбыз керек! – парламент депутаты трибунадан күпүлдөдү. – Бала бакча, мектеп жашынан курал кармоону үйрөнүш керек азыркы балдар. Казынада акча болбосо, жыгачтан болсо да балдарды оюнчук куралдар менен тарбиялашыбыз керек! Өкмөттө акча табылар ага… Күч-кубаттуу болууга азыртадан үйрөнүшсүн балдарыбыз!

Бул демилге залдагы көпчүлүктүн колдоосун тапты.

– Йе, ушуларга наалат! – деп сай-сөөгү сыздап отурду Эне.

Эне кургурдун кулагында трибунадагы кол чабуулар эмес, алыстан ышкырган ок үнү жаңырып, канбулоон согуш көрүндү.

2023-ж.

Адабият астанасы

О анда шарт эле адабият төрүнө жүткүнүп, алдыдан чыкканды жөөлөп өткөн дымак күч бизде. Айтматовуңду да, Алыкулуңду да тааныбайм. Тааныгым да жок деп турган кезибиз.

– Адабият төрү коридор эмес, бут сүрбөй кирип кетер, – деп атпайбы ошондо эсил кайран устатым Алым Токтомушев.

Адабият астанасына ошентип токтогонбуз…
Август, 2023-ж.

Ишенимдүү дин

– Сиз мусулмансызбы же баптиспи? Деги диниңиз кайсы?.. Каапырсызбы?! – дептир бирөө инстаграмдагы баракчасынан.   

– Менин диним – Адамгерчилик. Ал эч кимди бөлүп-жарбайт. Ал баардык улутка, баардык ишенимдерге сабырдуу, – деген гана жооп бериптир ал.
Июнь, 2023-ж. 

Күкүк ата

Үрүл таңда эрте турганга уйкусу карашалап, жаңы эле көзү илинген.

Телефон шыңгырады. Албаска аргасы жок эле, жумуштан чалышмак. Шашылыш болбосо чалышпайт эле.

– А-ал-ло… – уйкусунан көзүн ачып-ачпай үн катты кырылдап.

– Атама бересизби телефонду… – тестиер бала чалыптыр.

– Адашып чалдың! – бурк этти ачуулуу.

– Адашканым жок! Атыңыз – Качкынбы? – тестиер бала ишенимдүү такылдады.

– Ооба! – селее түштү Качкын. – Кимсиң сен?..

– Балаңызмын!

– Сендей балам жок… Чоңойгон алар.

– Сиз мени таштап кеткенсиз… апамды ыйлатып…

– Апаң ким эле? – үнүн басаң чыгарды, бирөө-жарым укпагандай.

– Апам – Ширин.

Жүрөгү шуу дей түштү Шириндин ысымы аталганда. Издетип жүргөнүн уккан. Беш жыл өттү андан бери. Дайын-дарегин билдирген эмес ошол бойдон.

Телефон өчтү. Бала кайра чалган жок.  Ширин да чалбады.

… Далай жылдар өттү андан бери.

Далай жылдар бою Качкындын тынч уйкусун бузган санаа –  «Дагы кайсыл күнү чалып, балээнин башын чыгарар экен Ширин?!»

Апрель, 2022-ж.

Ачакей жол

– Орденимди майлап, досторду, санаалаштарды чогултуп… майрамдайбыз бүгүн. Кежирленбей кел эй, сөзсүз. Жыйыштыр майда-чүйдө иштериңди, – деди тигиниси.

– А менин иштерим майда-чүйдө көрүнөт экен да сага, – деди берегиси. – Бир кезде төш белгисиз, көөдөнүбүз таза кезде мансапкорлорго жийиркенет элек, досум. Пейил күтпөй жашачу ошол кезибиз кандай сонун эле… Эми көкүрөгүңө шагыратып илген темир-тесек, калайлар көбөйгөндө, мендей майда иш менен алектенген эски досту жаңы чөйрөңө аралаштырбай эле койчу. Бүттү. Мен ал жакта фонуңарды бузбайын, – деп чыгып кетти.
2021-ж. 

Насыйкат

– Коомдо канткенде тартип орнойт?

– Бизге диктатор керек. Бирок Асан же Үсөн эмес! Диктатордун аты – МЫЙЗАМ! Командасы – кошоматчылар, коррупционерлер эмес, а мыйзам беренелери.
Ноябрь, 2020-ж.

Көчөдөгү санаа

Өлкөбүздө үчүнчү мерте саясый төңкөрүш күтүүсүз болуп кеткен күндөрү эки жаран кейип отурат.

– Бийлик талаштын арты жарандык согушка айланып кетпесе экен…

– Бийлик элди укпай, эл бийликти укпай – экөө эрегишкен эрди-катынга окшоп, ортодо чайналган баладан бетер – мамлекетибиз эле курубаса экен деги!
Октябрь, 2020-ж.

Даватчы

Келин эки баласы менен отурган үйдө. Балдары тынч ойноп атканынан, көзү илинип кетти диванда.

Сырткы эшик шарт ачылды.

Келин чочуп ойгонду. Ирегеде сакалчан эркек турат.

– Сизге эмне керек?! – деди чочуган келин.

Тиги:

– Үйдө эркек адам болсо, даватка чакырып келдим эле… мечитке.

– Күйөөм жумушта, келсе айтып коёюн.

Даватчы кетпеди. Тура берди. Көздөрү сыдыра тиктеди үйдү.

Кооптонгон келин балдары бейкапар ойноп отурган бөлмөнүн каалгасын жапты.

– Эмне жатасыз? – деди күтүүсүз келген эркек.

Келин эмне дешти билбей, жөн салды жооп кылды:

– Башым ооруп…

– Бериңизчи колду, – даватчы келиндин тамырын кармамакчы болду, – тиги ордуңузга жатсаңыз… дем салып берейин, – дебеспи.

Ачуусу кармаган келин кесе айтты:

– Үйдө эркек киши жок дедим го. Кетиңиз! – эшикти ачып, сыртты көрсөттү.  

Кечинде күйөөсү келди. Тамак ичип отуруп, үй жаңылыктарын сурады. Келин бүгүнкү иштин болгонун болгондой айтты.

– Эн-ээңди!.. – ызырынган күйөөсү ордунан тура калды. – Бас жүрү, таап бер! Молдолорду тизем! Өзүнө дем салам! – деп атырылды.

– Кой эй, жинди болбочу! – эринин ачуусун араң баскан келин ошондон кийин үйгө ким келип, ким кетти – ооз ачпайт…
2018-ж.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз