Мусакун Айбек: Түнкү кооп

  • 15.06.2026
  • 0

АҢГЕМЕ

Түн. Эшик каккан үн адегенде түшкө окшоп угулган – так. Дагы бир жолу – так-так. Үчүнчүсү катуу кагылды.

Үй ичинде эч ким былк этпеди. Селейишти. Жүрөктөрү оозго кептелди. Баары чекчейип, уйкулары умачтай ачылды. Көптөн бери ушундай: түнкүсүн эшик кагылса, бүт айыл демин ичине катчу болду.

Атасы жай гана ордунан турду. Апасы анын жеңинен кармады калтырап-титиреп.

— Барба...

Экөө тең бул сөздүн маанисиз экенин билишчү.

Эшик ачылды. Сыртта үч киши көрүндү. Кара шинелчен баары. Суук көздөр. Колдорунда кагаз.

— Даярдангыла.

Ошол гана сөз айтылды.

Эмнеге? Кайда? Кандай айып? – бул суроолор көптөн бери жоопсуз калган суроолор эле.

Кичинекей уулу төшөктөн башын көтөрдү. Жети жашта болчу.

Ал чоочун адамдарды көрүп, коркуп кетти.

— Ата, кайда барасыз?

Атасы жооп бере алган жок. Баланын чачынан сылады. Эңкейип, чекесинен жыттоого үлгүртүшпөдү тигилер. Ошол акыркы жолу экенин өзү да билген эместир.

Эртең менен короодо эл чогулду. Бирок эч ким эч нерсе сураган жок. Суроо берүү да коркунучтуу заман эле. Кечээ кимди алып кетишсе, бүгүн анын атын аташпайт. Эртең өз атың аталбай калбасын деп жашачу заман эле. Бала муну анча түшүнчү эмес.

— Атам качан келет?

Апасы унчукчу эмес.

— Атам эмне кылыптыр?

Апасы дагы унчукчу эмес.

— Ууру беле?

— Жок.

— Душман беле?

— Жок.

— Анан эмнеге алып кетишти?

Муну уккан апасынын үнү буулуп калчу.

Кээде адамдарды өлтүрүшөт, кээде сүйлөтүшпөйт. Эң коркунучтуусу — адамдарды дудукка айланткан доор келди.

Апасынын тили бар эле, бирок баласына чындыкты түшүндүрө албады эч. Анткени өзү да билчү эмес. Кандай күнөө? Кандай кылмыш? Кандай айып? Жооп жок.

Жылдар өттү. Айылдагы балдардын көбү атасыз чоңоюшту. Кээси атасын согуштан жоготсо, кээси түрмөдөн, кээси эч жерден таппай калды. Бирок эң оор нерсе өлүм эмес, белгисиздик экен – адамдын сөөгү, мүрзөсү жок экени...

Атасы күнөөлүү экени далилденген эмес. Күнөөлүү эмес экени да айтылбады. Жөн гана жок болуп, тарыхтын каражолтой тешигине түшүп кеткендей болду.

Ошол эле учурда аянттарда майрамдар өтчү. Музыка жаңырчу. Кызыл желектер желбиречү. Трибунада бакубаттык, жеңиш жөнүндө сүйлөшчү. Эл кол чапчу. Балдар ыр окучу. «Эң бактылуу өлкөбүз!» дешчү. «Эң адилеттүү коомбуз!» дешчү. «Эң эркин адамбыз!» дешчү.

Ошол сөздөрдү уккан сайын айрым энелердин көзүнө жаш тегеренип турар эле...

Кулдук дайыма чынжыр менен келбейт тура. Кээде кулдук коркуу болуп келет экен, унчукпай. Кээде кошунаң жөнүндө эмне ойлоп жатканыңды жашыруу болуп келет экен. Кээде өз балаңа чындыкты айта албай калуу менен келет экен.

Бир күнү эле ошол жети жаштагы бала жетимиштен оогон карыя болду. Күзгүгө караса, атасы кеткен кездеги жаштан алда канча өтүптүр. Бирок анын эсинде бир сүрөт гана калган.

Түн. Эшик. Кара шинель. Жоопсуз суроо.

«Атам эмне кылыптыр?» Кылым алмашты. Өлкө алмашты. Туулар алмашты. Ураандар өзгөрдү. Бирок суроо ошол бойдон калды. «Атам эмне кылыптыр?..»

Карыя архивдерге үңүлдү бир курдай. Эски кагаздарды изилдеди. Күбөлөрдү тапты. Акыры бир баракты окуп отуруп, колдору, эриндери титиреп кетти. Атасынын күнөөсү жазылыптыр. «Шектүү». Болгон сөз ушул. Далил жок. Кылмыш жок. Сот жок. Бир гана шек. Бир гана коркуу. Бир гана система.

Карыя ошондо түшүндү. Күрсүнө үшкүрүндү. Ызырынды. Атасы эле эмес, түмөн сан – миңдер, миллиондор экен өзүнө окшогон.

Ар ким өз үйүндө жашагандай көрүнгөнү менен, бүтүндөй өлкө чоң темир тосмонун ичинде жашаптыр. Айрымдары темир тордун ар жагында. Айрымдары бул жагында. А коркунуччу – баарына бирдей тийген экен.

Элдин колунда паспорт болгону менен, жарандык эркиндиги жок эле. Элде майрамдар көп эле, бирок майрамдын көлөкөсүндө айтылбаган кайгылар жашачу.

*       *       *

Тарыхты эстөө — өч алуу үчүн эмес. Унутуп калбоо үчүн. Тек гана эшикти түн ичинде каккан үн ар бир доордо башкача угулат. Бирок анын маңызы өзгөрбөйт.

Адам коркуудан жогору турганда гана эркин боло алат. Суроо берүүгө укуктуу болгондо гана эркин. Баласына чындыкты айта алган кезде гана эркин.

Ал эми түндөсү эшик каккан үндөн бүт эл селт этип ойгонгон заман — кандай ураан айтпасын, кандай майрам өткөрбөсүн, кандай желек көтөрбөсүн — бакыттын заманы эмес эле.

Ал коркуунун заманы болчу. Жана коркуу эч качан мекен боло албайт экен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз