АҢГЕМЕ
Дубан борборуна барчу канжолдун боюнда ары-бери басып жүргөн жол күзөтчү Очумелов теребел жым-жырт болгондуктан аябай зерикти. Чак түштөгү ысыктан кызып чыккан жолдо бир көлүк көрүнбөйт. Күтүүсүздөн темирдин жүрөк титиреткен кыйчылдагы угулду. Жан-жагына каранган Очумелов чарба дүкөнүнүн тушунан зуулдап өтүп бараткан, сүттөй аппак “Жигулини” көрүп калды. Анын соңунан “Жигулини” кармап калчудан бетер чатыраш көйнөкчөн бир киши кууп алыптыр.
Машиненин гүүлдөгү күчөп, кимдир-бирөөнүн:”Коё бербе!”– деген кыйкырыгы чыкты. Дүкөндүн айланасына жерден чыга калгансып, бат эле адамдар жайнап кетти.
Очумелов өзүнө ишенимдүү түрдө алардын жанына басып барды.
– Бул эмне деген тополоң? – деп сурады ал, чогулгандардын арасына кирип барары менен.
Дүкөндүн жанында саргыч түстөгү “Запорожец” турат. Ага катарлаша жанагы чатыраш көйнөкчөн киши жинденип, жыйналган кишилерге “запорожунун” алдыңкы капталындагы чийилген такты көрсөтүп жатты.
Очумелов ал киши тиш техниги Хрюкин экенин билди.
Жол сакчы:
– Бул жерде эмне жүрөсүз? Эмне үчүн машинени кармалап атасың? Ким кыйкырды?
Чатыраш көйнөкчөн бир күрсүнүп алды да:
– Машинеме баратсам, мобу наадан “Жигули” бурулуп атып, тумшугу менен унаамды коюп өттү. Көрүнгөн эле неме сүзө берсе, бул жарык дүйнөдө жашабай койгон ак...
– Ым-мм-мм... Жакшы...– деди Очумелов жөтөлүмүш этип. Жүзү катаал тартып, каштарын кыймылдатты да: –– Жакшы... Кимдин машинеси?.. Мен муну тим койбоймун. Силерге, унаа мингенде бейбаштык кылганды көрсөтөмүн. Жол жүрүү эрежесине баш ийүүнү каалабаган айдоочулар менен эсептешүүгө убакыт жетти. Бул итибайга көрсөтөмүн. “Жигули” кимдики, билесиңерби?
– Ал, менин оюмда шаараткомдун төрагасы Жигаловдуку болуу керек, – деди чогулгандардын бири.
– Жигаловдукубу?... Ым-мм. Жаман. Мынча ысык?.. Чамасы, жамгыр жаайт окшойт...– Очумелов Хрюкинге жүз бурду да: – Бирдемени билесиңби?.. Ал сенин машинеңди кантип чийип кеткени түшүнүксүз. Сенин машинең чегирткедей болсо... Анын “Жигулиси” өгүздөй болуп турса. Сенин канатыңды кантип чийсин? Чамасы, машинеңди мык менен өзүң чиймелеп алып, чыгымын ага төлөтүүнү ойлогонсуң го, ээ?.. Муну кара!.. Андай болбойт! Силердин кандай экениңерди билебиз. Силердей шайтандарды жакшы билебиз.
– Жо-ок, бул машине төрагага караштуу эмес, – деди дүкөндөн чыга келген жүк жүктөөчү жумушчу ойлуу түрдө. – Шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын мындай унаасы жок. Аныкы “Волгадан” чоңурак машине...
– Сен аны анык билесиңби?
– Ооба.
– Мен деле билчүмүн. Төраганын унаасы кызматтык, кымбат баалуу... А бул машиненин кандай экенин шайтан билеби? Өң-түсү көркөм же кооз болсочу? Бир сөз менен айтканда, калдырап-шалдыраган эле темир... Хрюкин! Сен жабыр тарттың! Муну тим калтырба! Окутуп кой, өч ал!
Жүк ташуучу кайра:
– А балким, чын эле Жигаловдуку... дур ! Машиненин маңдайына кимдики экени жазылбаган соң... Кечээ анын үйүнүн жанында дал ушундай автоунаа турганын көргөм.
– Туура айтат, бул машине ырас эле төраганыкы...– деди дагы бири.
– Ым-мм... Эмнегедир суук ургандай болду да...Чыйрыга түштүм, – деп Хрюкин кымтыланды да, Хрюкинге карап: – Бул унаа балким, италиялык кыймылдаткычы бар экспорттук үлгүдөндүр. Ошон үчүн көзгө илешпей, кайып учуп өткөндүр. А сен акмак, анын жүрөр жолуна өзүң чыга калып, демек, кылгылыкты өзүң кылгансың. Өзүң айыптуусуң!
– Тигине! Шаараткомдун катчысы келатат. Ошондон сурайлы! Ай Люсенка, бери келчи, сүйүктүүм! Бу жолдон азыр гана өтүп кеткен “Жигули” төрагага караштуубу?
– Анын эгерим андай машинеси болгон эмес. Ойлоп табышканын көр!
– Бүттү. Муну сүрүштүрүштүн деле кереги жок, – деди Очумелов. – Бөлөк жактык унаадыр. Баш оорутуш деле зарылсыз. Кармагыла! деп, рация аркылуу азыр жолдогу бардык күзөтчүлөргө кабарлаймын! Ошол жетиштүү.
Люсенка:
– Ал биздики эмес, – деп тактады. – Ал төраганын жакында келген инисине тиешелүү. Төрагабыз “Жигулиге” анча деле куштар эмес. Иниси...
– Э-хее, шаараткомдун бир тууганы келдиби? Владимир Иванычтын өзүбү? – деп Очумелов кызыга сурап, өңүн жылмаюу аралады. – Муну кара!.. Кудай жалгап... А мен кабар да албаптырмын. Меймандаганы кайрылгандыр...
– Кыштактан келди.
– Кудай-ай, буларды карасаң! Боордоштор бири-бирин сагынышкан экен да... А мен аны билип албаптырмын. Машине ошолордуку беле?.. Өтө кубанычтуумун. Унаасы да өздөрүнө ылайыктуу тура! Шамдагайлыгын айт, мунун капталына карс сүзүп, эх, ха-ха-ха... Азамат десе! Сүзөөрү менен токтоп койбой, кайып кетиптир. Азамат!
Жыйналгандар Хрюкинди шылдыңдай күлүштү. Очумелов ага темир таякчасын кеседи да:
– Эмки жолу кимдир-бирөөнүн жолун тороп, тоскоолдук кылсаң, айдоочулук күбөлүгүңдү алып коёмун, – деди да машиге олтуруп, Хрюкинге айыппул төлөтүү үчүн дүмүрчөк жазууга киришти.
Кыргызчалаган Ырысбай Абдыраимов
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR