АҢГЕМЕ
“Бул адам өтө жагымдуу көрүнгөнү менен, жеткен сойку, жалап!” — дегенди канча укпадым.
Өлкөбүздүн дартына айланган сойку-эркек жөнүндө ушинтип айтышат.
Же бүтүндөй Францияда эркектер – сойкубуз. Кубулмабыз, чын тийбес, жүзүкара, өзүбүз аңдабай, көздөгөнүбүзгө жетмейин удургуп, тейтектеген эле алсыз катындайбыз[1].
Бирок бардык сойку-эркектердин ичинен эң кыжырды келтиргени, албетте, париждиктер менен cыйабандарда сыртынан интеллектуал көрүнүп чычайгып жүргөндөрдү аялдардын болгон-бүткөн кылтыңдаган кылыгы да, кемчилиги да арбап, эркектик темперамент менен жуурулушуп кеткен.
Биздин депутаттар палатасы сойку-эркектерге толо. Алар бул жерде «сиреналар[2]» десе жараша турган сүйүктүү оппортунисттердин ири партиясын түзөт. Булар таттуу сөз, жалган убада менен бийлик жүргүзгөндөр. Алар кол алышканда эле жүрөгүңдү арбап, тааныш, тааныш эместерге деле «Урматтуу Баланчаевич» деп жойпоңдогонду билишет. Билип-билбей эле пикирлерин өзгөртө коюшканычы! Кандай жаңы идея болбосун, заматта жалын оттой тутанышат. Өз ишенимдерине чын дилден берилгендей көрүнүп, бирок шамалдай туруксуз десең. Башкаларды алдагандай, өздөрүн да ошончо алдаганы канча. Бүгүн ишенимдүү айткандарын эртең эле унутуп калышканычы.
Гезит беттери жалаң сойку-эркектер. Ырас ошондойбу, демек аларга ошончо муктаждык бар. Тек, айрым басылмалар мындай көрүнүштөн алыс; мисалы, Débats менен Gazette de France.
Чынында, ар бир мыкты журналист аз-маз сойку болушу керек, тагырагы, коомчулуктун ыгына жараша; кээде буйтаңдап, кээде миң түркүн боло калып, басымдуу пикирлердин өңүтүн шыр ээрчип кетүүгө болушунча ийкемдүү Прюдо[3] мырзадай ишенбес нерсеге ишенгендей көрүнүп, кээде калжың, күмөндүү, ынанымдуу, заардуу, өлөрманданып, кээде бүйүр кызытып, мыскылдагандай.
Чет элдиктер, Абел айымыбыз айтмакчы, эзели кайнаса каны кошулбас өжөр англичандар, салабаттуу немистер бизге өмүр бою таңыркап, таңыркаган кемсинтүү менен карашат. Алар бизди жеңил ойлуу эсептейт. Бирок кеп: биздин сойкулукта. Тек, бизди ошол кемчилигибизге карабай жактырышат. Мына, биз тууралуу канча жаман сөз айтышпасын, кайра эле бизге боор тартышат. Сүйүшкөндөрдүн чатагы деген ушу да!..
Сиз көрүп жүргөн сойку-эркек ушунчалык жагымдуулугунан, аны менен беш мүнөт сүйлөшкөндө эле өзүнө тартып алмайы бар. Ал сизге гана жылмайгансып, жайдаңдаганын айт. Анын үнү дал сиз үчүн гана өзгөчө тыбыштуу, өзгөчө жагымдуу чыккандай. Аны менен коштошордо да, тимеле бир жыйырма жылдан берки өң-таанышыңдай. Агер карыз сурар болсо, кармата салууга даярсың. Ал сени аялдан бетер арбайт.
Агер сизге каскүмөндүү иш кылып койсо деле, сиз аны жек көрчү жөнүңүз жок, анткени ал кийинки жолугушууда жагымдуу көрүнө берет! Кечирим сурасабы? Анын ордуна өзүңүз кечирим сурап ийесиз! Калп айтсабы? Сиз ага эч качан ишенбейсиз! Ал сизди улам ээрчитип, берген убадаларын аткарбасабы? Сиз анын убадалары үчүн эле ага ыраазы болуп, ал сиз үчүн тоо томкоруп салгансып сезилет!
Бир нерсеге суктанса барбы, тим эле жан-дилинен таңдайы такылдап, сөздөрү жүрөгүңдү тепчийт. Кечээ эле Виктор Гюгону көкөлөтсө, бүгүн аны галдир деп чыгат. А Эмил Золя үчүн дуэлге чыгууга даяр туруп эле, Барбэ д'Оревильиге[4] заматта оойт. Сизге эбедейи эзилип турса да кой-ай деген кенедей каршы пикириңиз үчүн жаагыңызды түлөтө чабууга даяр. А жек көрө баштаса, жек көрүүсүнө чек жок, айткан-дегениңе деле кулак салбайт.
Кыскасы, түшүнөйүн дебейт.
Эки сойкунун кебин эшители:
— Демек, Жюли менен уруштуңбу?
— Ананчы! Келиштире чаппадымбы.
— Ал сага эмне кылды?
— Полинага ал мени жылдын он үч айында тишинин кирин соруп жүрөт дептир. А Полина муну Гонтранга жеткириптир. Түшүндүңбү эми?
— Силер Клозел көчөсүндө чогуу жашачу элеңер го?
— Биз Бреда көчөсүндө төрт жыл чогуу жашадык, кийин жуп байпактын айынан чатакташып, ал мени жибек байпагымды кийип алдың дейт. Билесиң да, баягы Мартен кемпирден сатып алган байпактарын. Калп анысы. Ошондо сазайын окуттум. Андан бери менден айланып өтөт. Алты ай мурун кайра жолуксак, ал мага кайра көчүп келбейсиңби дейт. Көрсө, өз башынан ашкан чоң батир алыптыр.
Мунусун укпай өтүп кетесиң.
Бирок кийинки жекшемби Сен-Жерменге баратканыңызда, вагонуңузга эки келин башпагат. Бири Жулиянын душманы экенин дароо баамдайсыз. Экинчисиби? Жулиянын өзү да. Анан күңк-мыңк шыбырашкандарын, пландарын угасыз: «Айтсаң, Жулия... Уксаң, Жулия...» — дегенсиген.
Сойку-эркектин достугу деле дал ошондой. Ал үч ай бою өзүнүн эски, кымбаттуу Жак досуна жабышканы жабышкан. Бул дүйнөдө Жактан башка эч ким жок ага. Зээн да, эс да, талант да жалгыз гана ошондо. Тим элеби: Парижде андан артык жан жок. Кайда болбосун ээрчишип, чогуу тамактанып, көчөдө чогуу сейилдеп, кечкисин бири-бирин он жолу узатышып, биринин эшигинен экинчисиникине чейин коштоп, киндиктештей ажырагыс.
Үч айдан соң андан Жак тууралуу сурап көр.
— Ой, арампөш, наадан, шүмшүк! Анын ким экенин билем, ишенип кой! Анда кымындай да ариет, таалим-тарбия жок, тата-патасы бүтпөйт.
Дагы үч ай өтөт да, экөө кайрадан ажырагыс. Кудайдын куттуу таңынын биринде эле экөө дуэлге чыгып, ошол эле беттеште кайра көз жаштарын төгүп, кучакташып өбүшкөнүчү. Ошентсе да дүйнөдө алар жарым жылча бет карашпай урушканы, табышканы да бат – анык достор. Бирде жалаа жабышып, бирде чексиз мээрим төгүп, бирде манжалары кырчылдаганча кысышканын айт.
Кээде түшүнүшпөй калганда, бири-биринин курсактарын жарууга даяр. Айтор, сойку-эркектердин мамилеси туруксуз: туруп-туруп эле чарт-чурт чарпыша кетишет. Аралары заматтын ортосунда сүйүүдөн жек көрүүгө өтүп; оттой жанып, жалп өчкөн себептери, табиятынан экөө тең сойку. Экөөнүн азгыруучу жагымдуулугу да, сойкулук темпераменттери да, сүйүүлөрү да сойкулардыкындай тез сууйт.
Досторуна кылган мамилелери жеңил ой аялдар күчүккө жасаган мамиледей – сүймөнчүк күчүктү өпкүлөп-жыттап, татты берип, жаналы калбай өз төшөгүнө жаткызып, ачуусу келсе терезеден ыргытып, же куйруктан алып, абада салмоордой чимирет, же кучактап муунтуп, эч себепсиз эле чакадагы муздак сууга чумкутат.
А чыныгы сойку менен сойку-эркектин өз ара сүйүүсү кандай гана таңгаларлык көрүнүш! Эркеги төпөштөп, ургаачысы тытмалап, бирин бири жек көрүп, же ажырашып тынбаган себеби: экөө кандайдыр түшүнүксүз, сырдуу сезим кылдарына тушалуу. Бири бирин алдайт, муну билип турса да ыйлап-сыктайт, кечирет. Ал, акысын башка бирөө төлөгөн төшөккө чогуу жатат, өзүнөн кымындай да кынтык таппайт. Эркеги сүйөт, жек көрөт. Зайыбы деле эркекти жек көрүүгө акысы бар экенин аңдабайт. Экөө тең бири-бирин аёосуз кыйнап, байланышты үзүүгө экөө тең кудуретсиз. Керелдин кечке ит жебеген бокту жешип, бири бирине не гана айыптарды такпайт. Соңунда ачуулары чектен чыгып, жек көрүүдөн калчылдашып, бири-биринин кучагына кулайт. Кумарлуу өбүшүүдөн эриндери дирилдеп, боктон сасык ойноштуктун кумарына батышат.
Сойку-эркек бир эле учурда эр жүрөк да, суу жүрөк. Намыска келгендеби: ал түгөт намыс жөнүндө башкалардан да артык түшүнүккө ээ. Тек, ага жөнөкөй чынчылдык жетишпейт, кыйчалыштык кыстаса, сымаптай кылтыңдап, пастыкка даяр. Алды-артын карабай, ою олку-солку ойт берип, жаңы кумар, жаңы азгырыктарга бой урат.
Товар жеткирүүчүнү алдаганды ал кадыресе көрүнүш, толук милдеттүүлүктөй көрөт. Карточкасындагыдан бөлөк карызды төлөөдөн качат, муну ал эргулдуктай эсептейт. Тагырагы, айрым шек-шоораттуу жогорку чөйрөнүн көмүскө шарттарына саресеп салып, алдамчылыкка да жөндөмдүү. Кысталышта кандай болбосун, акчаны карызга табат, тапканда да ажаат ачкан адамды алдоодон уялбайт. Агер кимдир бирөө анын абийирсиздигинен кенедей шек санар болсо, анын жаалы тутанып, кимди болбосун жарып өлтүрүүгө даяр.
Орус-француз тилинен ChatGPT көмөгү менен кыргызчалаган О`Шакир
[1] Бул жерде Мопассан XIX кылымдагы европалык көзкараш менен жазат. Котормодо автордун доорун сактоо эп көрүндү. – Котормочудан.
[2] «Сиреналар» — автор байыркы уламыштагы азгырыктуу жандыктарды кыйытканы.
[3] Прюдо мырза (Monsieur Prudhomme) — француз сатириги Анри Моньенин (1799–1877) “Жозеф Прудомдун мемуары” (1857) китебиндеги текебер мүнөз, өзүнүн тар чөйрөдөгү тар түшүнүгү менен белгилүү буржуйдун образы. Прюдомдун айрым афоризмдери “Биздин англичандар” новелласында келтирилген.
[4] Барбэ д'Оревили (1808–1889) – француз жазуучусу, реакциячыл-аристократиялык романтизмдин артта калган өкүлү.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR