Аль-Фараби: Жакшы адамды тирүүсүндө барктабаган коомго ыйлаш керек

  • 15.07.2026
  • 251

Эч бир нерсе өзүнөн өзү жок болуп кетпейт, эгер ошондой болгонунда бар болбойт эле.

* * *

Алгач чындыкты билүү керек. Чындыкты билсең – катасын табасың, бирок алгач катасын таап алсаң, чындыктан кол жууйсуң.

* * *

Адам баласы кээде кокустан жакшы иштерди жасап алат. Кээде жакшы иштерди көңүлү менен эмес кимдир бирөөнүн басмырлоосу менен жасайт. Мындай иштер бакыт алып келбейт.

* * *

Бир адамдын адептүү экенин билип, ага туура мамиле жасабаган адам анын адептүү экенин билбей туруп туура мамиле жасаган адамдан да төмөн турат.

* * *

Мартабалуулардын эң улуусу – илим.

* * *

Фарабиден сөзүн бүтүрбөй узун сүйлөгөндөрдү эмне кылуу керек деп сурашканда, ал мындай деген: “Узун сүйлөгөндөрдү кыска уккула”.

* * *

Жакшы бир адам бул дүйнөдөн өткөндө ага көз жашыңарды төкпөгүлө. Чындыгында аны жоготуп алган коомго ыйлаш керек.

* * *

Сүйүүдөн жаралган өлкөнү адилеттүүлүк улантып кетет.

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз