Шайдылла Насыров: Ашыглык кандай алаамат

  • 15.07.2026
  • 240

Перилерге

Көйнөгүӊ көркү кызылдан,
Көргөн жан ичтен сызылган.
Жолукту деп ойлопмун,
Жолоочу Кожой Кызырдан!

Терезеӊ тиктеп зарыгып,
Телмирсем көзүм карыгып.
Уктайсың эле уктайсың,
Уйкуга тойбой марыгып.

Сурмалап кирпик кергендер,
Сүзүлүп кашын тергендер,
Суктантып турса сулуулук,
Суй жыгылат мергендер!

Согончок катып күн, айдан,
Соодагер кайтат Дубайдан.
Сорсом деп сенин тилиӊден
Соолудум тилеп кудайдан!

Жасалат идиш ылайдан,
Жаралат отун мунайдан.
Жароокер сизге жетсем деп,
Жалындым тилеп кудайдан!

Күн батса жылдыз чыкпайбы?
Күйүттүү жигит уктайбы?
"Күйдүм" деп күндө ырдаса,
Күкүгү үнүн укпайбы?

Боз түшсө чолпон чыкпайбы?
Бозойлор тынып уктайбы?
Боздосо ырдап “күйдүм” деп,
Бото көз үнүн укпайбы?

Бозойлор ырдап боздосо,
Бото көз көөнүн козгосо.
Боздогон менен не пайда,
Боздотпой колун созбосо!

Күн тийген жерлер боз болсо,
Күйгөндөр ырдап козголсо,
Күйгөнүӊ менен не пайда,
Күкүгүӊ колун созбосо!

Уктабай таӊды атырып,
Убайдан башты катырып.
Соткасын качан алат деп,
Соксоём кулак жапырып!!!

*     *     *

Азоо тайдай туйлаган,
Азуу сайды жайдагым.
Кол узатса жетпеген,
Кокондон алыс айдагым,
Божурап ээрчип бир жүрбөйт
Бото көз кумар тайлагым.

Кызылдуу күзгү кырмандай,
Эмгектен тапкан жыргалдай.
Кызыл бир жүзүӊ албырат,
Кызарып бышкан шырмандай[1].
Табитти ичтен козгойсуң,
Табышмак сүйлөйт бир мындай!!!

Айылда тоолук турмушту,
Айласын таап жөрмөдүм,
Алты гулач[2] кыл аркан,
Эшкеним бар өрбөдүм.
Канышай сулуу ак маңдай
Канча жыл өттү көрбөдүм.

*     *     *

Албан-албан ойлорду асыраган,
Акыл-эстүү билимиӊ, катыӊ кандай?
Изилдетип издеткен молдолорго
Ата-энеӊ жактырган атыӊ кандай?
Ак мөӊгүнүн туптунук суусун ичкен
Ата-журтуң, уругуң, затыӊ кандай?

Ушундай өнөрүм бар ырлар жазган,
Улутунуп, үшкүрүп кудук казган.
Ким бирөө өрдөк атат, каз атат,
Көйкөлүп камыш өскөн өлөӊ саздан.
А мен болсо коён атам койкоӊдогон,
Шыбагы жок такырайган какыр таздан!

Махабат
Бул дүйнө – сырдуу табийгат,
Булбулга жыпар гүл жагат.
Түгөйүн издеп түн бою
Түӊүлбөй күкүк үн салат.
Буркурап жийде жытындай
Буруксуп турган махабат!

Турмушка түгөл ат салат,
Тушоону кессе башталат.
Күнөстүү өмүр жолдорго
Күнөөкөр пенде ташталат.
Күйгүзүп кимди кетпеди,
Күйүтү күчтүү махабат !

Сезимден көлкүп бал тамат,
Секетин көрүп жалтанат.
Жан дүйнөӊ учуп сабалап,
Жаш курак – бейиш салтанат.
Көрүшпөй калса бир азга,
Көйгөйдү салган махабат!

Таӊ атпай түндөр узарат,
Тамылжып көздөр кызарат.
Бозойдун ичи чок болуп
Боз улан сүйүп кызганат.
Болжолдуу оюн айталбай,
Боздоткон тунук махабат!

Жароокер сүйсөӊ – көӊүл шат,
Жанашсаӊ мезгил өтөр бат.
Жалындап түтөп чок болсоӊ,
Жазалап турчу кандай зат.
Жаӊылсаӊ тура жолдордон
Жарасы бүтпөс махабат!!!

Аш өтпөс болуп далалат,
Ашыглык кандай алаамат.
Айнектей тунук сүйүүдөн
Ар кимде бүлө жаралат.
Азгырып кимди өтпөгөн,
Алгачкы сүйүү махабат!!!

Ар кимде сүйүү акыйкат,
Ардантып кээде акыйтат.
Жазасын тартса билер деп,
Жаштарга жаздым насыйкат.
Жалынсыз күйүп түтөгөн
Жарасы бүтпөс МАХАБАТ!!!

Шайдилла терме
Мончоктой тизип айтканда,
Моокуму жандын канат дейт.
Жалындуу сөздү укканда,
Жаман ойдон танат дейт.
Тунгуюкка туш болсоң,
Турмуштун жолу жанат дейт.
Асылдыгын билгенге
Ааламдан тапкыс манат дейт.
Жан дүйнөң турса жабыркап,
Жаралары айыккан
Жагымдуу ойду санат дейт.

Шыбырашып кыз-келин,
Шыңкылдашат күлүшөт.
Кызыктуу курак кыз-жигит,
Кызыгын бирге сүрүшөт.
Кызыктуу ошо мезгилдин
Кызылы оңбос болсочу.
Төңкөрүш болуп өзгөрөт,
Төшөктө жалгыз бүрүшөт.

Аламын десең аялды,
Ар түрдүүсү табылат.
Турмуш деген кийинки
Туңгуйук жолго кабылат.
Атам деген балдар да,
Аруу тилек сабылат.
Сени менен мендейге
Дүңгүрөп турган дүйнөнүн
Дүбүрттүү жолу жабылат.

Барчылык деген барманда,
Жокчулук жаман зарманда[3].
Бирөөнүн бакты-базарын
Байлап коёт арманда.
Касамкор, сүткор, паракор
Жообун берет барганда.

Душман келсе жан сактап,
Жашынгандан болбогун.
Өзүңдү мактап ашкере,
Ашынгандан болбогун.
Ачык айтпай дардиңди,
Кашынгандан болбогун.
Уурулук кылып калардай,
Ташынгандан болбогун.
Аркасынан ушактап,
Таш ургандан болбогун.
Бекер кепин бар десе,
Өлөмүн деп калп эле
Шашылгандан болбогун.

Текеси болот кырлардын,
Термеси болот ырлардын.
Тең тушу болот сырлардын,
Тентеги болот чырлардын.
Бак тигип көчөт өстүрсөң,
Байсалы болот жылдардын.
Көчөтүң өсүп жетилсе,
Көрөрсүн озур жыргалын.

Берер пулуң болбосо,
Бекер баскан бут болбойт.
Кызыл кырман көп болсо,
Кыш узарса жут болбойт.
Кыз алган жарың болбосо,
Кызыктуу турмуш кут болбойт.
Жигит-кыз кийген түрлөнүп,
Жибектен өткөн чыт болбойт.
Жибек жол деп атыккан,
Жибек чыкпас тыт болбойт.
Ошол тыттын бәркин[4] жеп,
Пуласын бербес курт болбойт.
Жигәрләш[5] тууган болбосо,
Жыйганың берсең жыт болбойт.
Бөжөгүндө бөпөлөп,
Бөлтүрүк баксан ит болбойт.
Талаасында казактын
Талпайып жаткан кит болбойт.
Тазалыкты сактасаң,
Тартаңдап жүргөн пит[6] болбойт.   

Тирүүнүн көркү сый деген,
Өлгөнгө өксүк ый деген.
Алдым-жуттум сугалак,
Аппетитиң тый деген.
Эсиң барда элеңдеп,
Этек-жеңиң жый деген.

Акыл-эс берип пендеңе,
Адам затын жараттың.
Асман толо жылдызды
Жер бетине караттың.
Күйүп жатса түтүн жок,
Күндөн нурду тараттың.

Түп жагы болот чывыктын[7],
Түндүгү болот ууктун.
Түктөйтүп жанды кыйнаган
Түйшүгү болот сууктун.

Санаанын баары сууктан,
Саара чыкпайт ууктан.
Жалдыратып кыйнаган
Жаман оору бууккан.

Байрагы болот хандыктын,
Байлыгы болот сандыктын.
Самсып жүргөн талаада
Санагы болот жандыктын.
Түзү болбойт жантыктын,
Түзүгү болбойт намтыктын[8]
Дөөлөт кирбейт үйүнө,
Дөөдүрөгөн тамтыктын.

Мансаптууну мардайтып,
Курсак башын дардайтып.
Сыйлап жаткан замана,
Кечээ кайда элең деп.
Башына пакет кийгизип,
Кыйнап жаткан замана.
Бири күлсө, бирөөсү
Ыйлап жаткан замана.
Жарыша топтоп байлыкты
Жыйнап жаткан замана.

Төрт мезгилди өткөрүп,
Оңуп жаткан дүнүйө.
Үйсүз-жайсыз сандалып
Тоңуп жаткан дүнүйө.
Буга окшогон намтыктар
Толуп жаткан дүнүйө.
Бири учса, бирөөсү
Конуп жаткан дүнүйө.
Кыргын согуш жер-жерде
Болуп жаткан дүнүйө.
Деңиздери чайкалбай
Соолуп жаткан дүнүйө.

Түн жарыгы ай менен,
Уурулар жүрөт сай менен.
Күн жылымдайт жай менен,
Кыштыктын болуп пайында.
Кош өгүз кошот пай менен,
Чарпаяда олтурган
Чалды кемпир чалкалайт,
Нават салган чай менен.
Каадасын кылат бөбөктүн,
Карынга салган май менен.
Сүйлөшпөгүн жигиттер
Сүт корлук кылган бай менен.
Жоого каршы аттанган
Сурнай тартат най менен.
Кызгалдактай буралган,
Кыз-келин көркү шай менен.
Далай кылым өткөрүп
Дарыя агат сай менен.
Бәәрда[9] кымыз, уз берген,
Байталдын көркү тай менен.

Жебей-ичпей дүйнөнү
Жыйып коюш шарт эмес.
Жыйырма сом талашып,
Жызылдаган март эмес.
Эпкини калган жаштыктан
Элүү жашың карт эмес.
Парсы тилде сүйлөгөн
Парганалык сарт эмес.        

Парвайиштап бакпасаң,
Пайдасы тийбейт жандыктын.
Чарбаңдан пайда түшпөсө,
Бош калат ичи аңгырып,
Атаңдан калган сандыктын.
Бар болсо эгер сандыкта
Баркына жеткин бардыктын.

Пайгамбар өткөн, хан өткөн,
Кайрылып келбес бөлөктөн.
Артыкча эч ким жашабайт,
Адамга берген мөөнөттөн.
Ажал жетип күн бүтсө,
Пайдасы жок сөөлөттөн.
Көздөрүн мактап күйбөгүн
Көркөмүн жактап сүйбөгүн.
Көп катын алып көйрөңдөп,
Көйгөйдү башка үйбөгүн.
Кыйкырык, мушташ, жаңжалдуу
Кызыгы кайсы дүйнөнүн.

Арманы болот күйгөндүн,
Ардагы болот сүйгөндүн.
Жаман болсо алганың
Жактырып неге үйлөндүң?
Башкасын тандап алганда
Бәләәни[10] башка үйгөнүң.       

Убакыт бизде кенен деп,
Уулум жүрбө тенеңдеп. 
Жараткан жанды аманат,
Жакшы оку билим тереңдеп.
Сөөлөттүү болуп калалбай,
Сөгүнүп жүрбө "энең" деп.

Күн чыгып чыгыш тараптан,
Күлүңдөп күндө таң аткан.
Кыскарат өмүр билинбей,
Күн батса чыгып санактан.
Топуксуз кылып адамын
Топтоттуң алтын манатты.
Тообосуна жандырып,
Токтотподуң жараткан.

Алым бар деп мактанба,
Алың болсо аманат.
Жаның барда ирмелет,
Карегиңде кирпигиң.
Ада болбос көрүнгөн,
Аз күнчөлүк өмүрдө
Сыйлап өткүн бир-бириң.

Шашылганда шайтандай
Светафор кызарып,
Жашыл жаныш бат болбойт.
Ооруса жаның онтотуп,
Оболоп көңүл шат болбойт.
Өмүрүңдү кыскартып,
Оорутпаган дарт болбойт.
Безилдесең зарыгып,
Бекерчиде шарт болбойт.
Колго кирсе койбойсуң,
Кожо деп өзүң ойлойсуң.
Палпылдап[11] турган эки көз,
Паашалык кылсаң тойбойсуң.
Адамдын болот атасы,
Адамдын болот катасы,
Кемтиги толбос дүйнөдө
Кем болбогун деп айткан
Кексенин тийсин батасы.

Эрөөн албай сөзүңө,
Эшикте итиң «кет» дебе.
Аңдабай сүйлөп азгана
"Ала күш" салып жет дебе.
Агайын-тууган, дос-жардан
Ага деп издеп баргандан,
Акылың болсо четтебе.
Коюнга салып эл мүлкүн
Кожоюн болсоң эптебе.

Катын, бала-чакаңа
Каарың төгүп «бактым» деп,
Каттык тийип кектебе.
Кашайып жолдо отурса
Кайырын сурап кол сунса.
"Коржигин" таап тиштерге,
Каапырсың деп "нет" дебе.
Колуңдан келбес иштерге
Кор кылып илим беттебе.

Алкышын айтып алкаган
Атанын болот батасы.
Аш-тойго барса көтөргөн,
Апанын болор матасы.
Аңдабай кээде сүйлөгөн
Адамдын болор катасы.
Жетимиш жашка жетсе да,
Жээлибейт жетим капасы.
Сермелип сексен толсо да,
Сезимде арман капасы.
Эзилип өпкө жүрөгү
Энем деп ыйлап кээ бирде,
Эсиңе түшсө эңсетет
Атасы менен апасы.

[1] Шырман – нан.

[2] Гулач – кулач.

[3] Зарманжа – керек кезде табылбаган зат.

[4] Бәрк – барик.

[5] Жигәр – боор, тууган; жигәрләш – боордош.

[6] Пит – бит.

[7] Чывык – чыбык.

[8] Намтык – нымтыр, чабал киши.

[9] Бәәрдә – баарда, жазда.

[10] Бәләә – балээ.

 

[11] Палпылдап – балбылдап.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз