Жашоо базардагыдай күжүлдөп кайнаган шаардан барган адамга элет жериндеги жашоо ритми чөлдүн шашпай аккан дарыясындай көрүнөт. Эгер кыштак аралап, илгертен ымаласы ысык жоро-жолдошторуңуз менен тууган-тааныштарыңыздын ал-жайын сурап чыксаңыз, шаардагы жашоонун тамыры элеттен башталарын, айылда да руханий жана чыгармачылык изденүүлөр тынбай жүрүп жатканын түшүнөсүз.
Менден айырмаланып, туулган айылына жалына эки-үч же андан да көп каттаган адамдарга жогорудагы ачылышым жаңылык болбосо керек. А мен кыштагымды кыдырып жүрүп, чакмак дептерге дилине тынчтык бербеген ыр саптарын биринчи класстын окуучулары тейде астейдил аракет кылып жазып, анысын жакын санаалаштары менен бөлүшпөсө, бала-чакасынын колу жетпеген жайга катып, «сары майдай сактап жүргөн» чымындуу аксакалды жолуктурдум. Ал алты мүчөлдү жашап койгон Шайдулла Насыров. Аксакал ырларын мага экинчи жолку кездешүүбүздө тайсалдап жатып араң окутту.
Кийин ойлосом, тартынган себеби бул үкам да «ушинтип ыр жазабы» деп ак баскан чачымды уят кылат деп ойлогон окшойт. Анткени ырлары мага жакканын айтканымда, бир акынга ырын көрсөткөнү чамынып барса, жактырбай шагын сындырган экен. А окутту дегеним, өзү айткандай көзүнүн майы түгөп калгандыктан, дептерге ашкабактын данегиндей бадырайтып жазган ырларын лупанын жардамы менен окуйт. Ыр жазгандан башка да айылыбыз Чавайдын элинин санжырасын жана табышмактарын чогултат. Ошого кыштактагы дээрлик бардык адамдардын ата тегин жети атасына чейин билет, билбегенин эринбей ар кимден сурап, толуктап жүрөт.
Табиятынан куйма кулак болгондуктан, Шайдулла аке Чавайда өткөн ырчы-жамакчылардын ырларын уккан боюнча бир сөзүн өзгөртпөй жадына жазып койгон. Тактыкка мындай чоң маани берүүсү кесиби бухгалтер экенине байланыштуудур балким.
Шайдулла акенин пир туткан акындары Жеңижок, Токтогул, Барпы, Байдылда болгондуктанбы, ырлары элдик поэзиянын короосунан чыкпайт жана бирде санат ырларына, бирде термелерге үндөшүп кеткендей. Кээ бир саптарында жасалмалуулук, уйкаш сөздөргө азгырылып, куру шаңдуулукка жетеленип да кетет. Андай кемчиликтерине карабастан, айылдык ырчы/акын окурман алдында чынчыл. Алдыңкы сүйлөмдө ырчы жана акын деген терминдерди катар койгон себебим эзелтен бүгүнкү Араван, Ноокат, Кадамжай, Баткен, Лейлек, Кара-Суу, Сузак жана башка райондордо ырды кагазга жазбай төккөн акындарды ырчы атап келишкен. Мисалы, Туяк ырчы, Бала ырчы, Ботобай ырчы ж.б. Сөзүмдүн ушу жеринен XX кылымдын экинчи жарымында Жерге-Тал, Алай, Баткен жана башка аймактарды эчен ирет кыдырып, оозеки чыгармаларды изилдеген окумуштуу диалектолог Жээнбай Мукамбаевдин «Эл ичи – өнөр кенчи» деген китебинде эл чыгармачылыгы жөнүндө жазган байкоолорунан шилтеме кыстара кетейин. «Чыгармалар кайсы ареалда, кандай жанрда жолукпасын, негизинен адам жөнүндө «сүйлөйт». Аларда адамдын башынан өткөн ой-санаасы, көргөн күнү, илгерилөө үчүн жүргүзгөн күрөшү... дагы башкалар кээде ийне-жибинен бери, оң-тетирисинен тартып бүт эле «айтылат»».
Залкар лексикографтын береги сөздөрү Чавай кыштагынын чегинде кайнаган чыгармачыл адамдарга жана алардын патриархы Ш.Насыровдун поэзиясына да тиешелүү десем чеки кетпестирмин.
Айылдык талант чачы буура тартканда медер кылып жазган ырлары жоголуп кетпеси үчүн аларды бир топтом кылып 2013-жылы чыгарган. "Ак мөңгү" аталган береги жыйнак: Чавай элинин үнү, накыл сөзү, аксакалдын балдарына айткан акыл-насааты. Ал китепке чавайчылардын лексикасын бүт сыйдырган. Шайдилла аке өзү моюнуна алгандай, жашы алтымыш ашып, ак сакал болгон курагында "Алты ооз сөздү жамактап", ыр жаза баштаган. Ыр саптары өзүнө гана таандык куйкум сөздөр менен сугарылып, окурманды жылмайтып, жадынан орун алчу күтүүсүз салыштыруулар менен байкоолорго, ошондой эле чавайчыларга мүнөздүү чымчыма сөздөргө арбын. Алсак,
Ар сөздөн бүргө пайлайсың,
Моторуңдан суу кайнап,
Сай-сайга түшүп сайлайсың.
«Унаакечке»
Же
Моймолжуган сулууну сулуу дейби,
Маңдайында түтөгөн каш болбосо!
Мушташкандар көйрөң болуп кетпейт беле,
Милицияга пара берип пас болбосо!
«Канаттуу ойлор агымы»
Же
Беш-Талга бекер келбеген,
Беш сомго элүү эмдеген.
Мерчеми ашып кеткенде,
Бирөөнүн мурду тердеген.
«Беш-Талым айыл борбору»
Шайдулла акенин дагы бир өзгөчөлүгү ойлорун татаал сүйлөмдөргө чүргөбөйт, примитив же жөнөкөй сүйлөмдөр аркылуу билдирет. Айылдаштарынын мыкты сапаттарын айтып мактоо менен чектелбейт, кемчиликтерин ырларында жашырбай түз айтат. Түз айтканы кээсине жакпай, аларды ырчыга каршы да кылган.
Элеттик акындын ырларынын баалуулугу: бул ырлар кеминде он беш жүз жылдык тарыхы бар Чавай турмушунун летописи! Ошон үчүн аксакалдын ыр саптарын окуган айылдаштары мурда өздөрү байкабай жүргөн көрүнүштөргө назар салып, тааныш-билиштеринин бейнесин табары жана айылда болгон окуяларды эстери, билбей-укпай калса, билери кажетсиз.
Унаакечке
Бейшемби бүтсө таңында,
Лабоңо[1] жетип жармашып,
Болосуң элдин камында.
Мал базарга жөнөрсүң
Кодигине[2] учкашсаң.
Жети жүз сом төлөрсүң.
Ар сөздөн бүргө пайлайсың,
Моторуңдан суу кайнап,
Сай-сайга түшүп сайлайсың.
Ойлосоң ойдо маани жок,
Сүйлөсөң сөздө дӘни жок,
Саманың курук чайнайсың.
Беш-Талым айыл борбору
Карабай жашы, чоңдору,
Каалга тиреп бойлору,
Үч дүкөн иштеп күн-түнү,
Беш-Талым айыл борбору.
Босого тиреп бойлору,
Бөтөлкө болуп ойлору.
Бажылдап мастар чогулган,
Беш-Талым Чавай борбору.
Жамаачы, жыртык жолдору,
Чаң басат күндө ордону.
Жылтырап сынып бөтөлкө
Жабыркайт Беш-Тал чордону.
Беш-Талга бекер келбеген,
Беш сомго элүү эмдеген[3].
Мерчеми ашып кеткенде,
Бирөөнүн мурду тердеген.
Унутуп бутун жердеги,
Уюлгуп алкаш кербени.
Ууртап жүрүп жүз-жүздөн,
Урмат-сый кетти сендеги.
Үч камок[4] иштеп катарда,
Үңкүйөт жаштар жатарда.
Ойлонуп койсо дүкөнчү
Олжосун элге сатарда.
Көбөйүп кеткен карыздан,
Көйгөйү болор барыштан.
Жакалашып жатканда,
Кээ бири чыны арстан.
Араксыз дүкөн болобу?
Ал жерде пайда толобу?
Уктап жаткан мастардын
Шымынан булак соолобу?
Аракты ичиш токтобойт,
Алпер деп теңтуш сокмолойт.
Баткакта жатып калгандын
Балдары неге жоктобойт?!
05.11.2010
Канаттуу ойлор түрмөгү
Жол арбыйбы, алыс-алыс элге барар...
Заманбап зымыраган учак деген тай болбосо!
Жүз миң жылдыз жарыталбайт караңгыны,
Жарты нандай, күмүш нурлуу ай болбосо!
Күрүч палоо созулабы май болбосо,
Суулар агып кошулабы сай болбосо!
Моймолжуган сулууну сулуу дейби,
Маңдайында түтөгөн каш болбосо!
Куйкалаган кумарына чыдаар белең,
Чегээриңе алты бүдүр нас болбосо!
Кыргызымдын тойлорунун куту болбойт,
Мурун жанчып мушташаарга мас болбосо!
Мушташкандар көйрөң болуп кетпейт беле,
Милийсага пара берип пас болбосо!
Жер түбүнө жетпейсиң казган менен,
Чага албайсың чындыкты базган менен!
Жол оңдогонубузда
Өкүмөт Чавай жолун оңдошуна көзү жетпеген чавайчылар элден каражат топтоп жолду жабыла оңдошот. Бул ыр ошол саамалыктан соң жазылган.
Тагаев[5] биздин депутат,
Жардам берем деп турат.
Чындап барып дооласаң,
Күйүүчү майын бир күндүк
Куюп берер кепти урат.
Жаңы эле жолду бүткөндө,
Суу куюп неге агызды,
Төлөбөй жатып карызды.
Ачынып кылган ишиме,
Үч-Коргон барып кайрылдым,
Эл соту болгон кишиме.
Айыпты коюп өзүмө,
Ишенбей айткан сөзүмө,
Акты жазып бурмалап,
Өз билгендей тууралап,
Эл душманы депсиң деп,
Үч жүз сом салды жулмалап.
Жашоонун жолун окутуп,
Экинчи мындай кылба деп,
Гулуга[6] мурдум чокутту.
Төрт адам башы бириксе,
Чыга калып сүйлөмөй,
Наватта[7] болчу адаты-ай,
Мазарбы же мечитпи,
Адеп жагын карабай.
Сүйлөй берип тантырап,
Чогулган элди тажатмай.
Жол оңдогон жиндилер,
Көрүнөм элге жакшы деп,
Ошого кылып жүрөт дейт.
Жоктугу менен акылы,
Бизге окшогон жиндини
Эшектей кылып иштетип,
Оң-тетири минбеди.
Бүтүрүп бүтпөс иштерди,
Өзүнүн атын чыгарып,
"Мен кылдым" дешти билбеди.
Жок болсо мунун акылы,
Жок бекен мага жакыны.
Колдоп бир бизди койбоду,
Коомдун эстүү бакылы.
Унчукпай баары уктады,
Же Наваттын сөзүн укпады.
Талкан салып алгансып,
Оозуну бекем кулптады.
Кош өгүз кошсоң жер айдап,
Аласын койбой айдай жүр.
Акаарат кылган сөз уксаң,
Акыйкат сөзүң айта жүр.
10.09.2007
[1] Лабо – Түштүк Кореянын GM Daewoo компаниясынын лицензиясы менен Өзбекстанда чыкчу Daewoo Labo жана Chevrolet Labo микровэни. Моторунун көлөмү 0.8 литр, 450-500 кг жүк көтөрөт.
[2] Кодигине деп Лабону айтууда.
[3] Беш сомго 50 грамм арак келет дегени.
[4] Комок – дүкөн, күркө.
[5] Тагаев – Айтибай Тагаев, Жогорку Кеңештин 3-чү жана 4-чү чакырылышынын депутаты, 2008–2010-жж Жогорку Кеңештин төрагасы.
[6] Гулу - гулугулу, күрп тоок, үндүк.
[7] Нават - жергиликтүү кеңештин башчысы.