“Адам болуу кыйын, абдан кыйын, бирок колдон келчү иш”.
(Губен Гальего)
Дүйнө глобалдаштыруу айлампасына батыл киришип жаткан мезгилде көркөм котормо жанрынын абалы, багыты, критерийлери, өсүп-өнүгүү тенденциясы анын илимий-техникалык, илимий-дидактикалык, илимий-технологиялык прогресстин алкагындагы түркүн кырдаалын, ар түрдүү алкактагы маселелерин иликтеген эмгектердин жокко эселигин эсепке албаганда, башка тилдердин түзмө-түз (мурда дээрлик орус тилинен которулуп жүргөн) эркин которуу, тагыраагы, көркөм котормолор жагдайы (кытай, англис, немис ж.б.) кыйла жандуу сезилет.
Дүйнө жүзүндөгү 24 тилге которулган, 2003-жылы Орусиядагы мартабалуу “Русский Букер” сыйлыгын жеңип алган Губен Гальегонун “Белое на черном” деген автобиографиялык романын кыргыз тилине которгон белгилүү журналист, таланттуу котормочу Амирбек Азам уулунун (Б.: КИТЕП.kg, 2021.) “Турмуштун куурал-жыргалы” деген китебинин жарыкка чыгышы улуттук адабият тарыхында өзгөчө саамалык катары баалана турган окуя. Анткени, жер шарындагы бир катар элдердин өз эне тилине оодарылып, Губен Гальего өзү айтмакчы; “Орус жазуучусу Юз Алешовский сенин чыгармаң тууралуу “романдагы катаал чындык коомго таасир этүү жагынан Варлаам Шаламовдун “Колыма аңгемелерине” тең келет” (жогорудагы китептин 166-бетте) деп баасын бергени, колу-буту шал туулган ымыркайдын бөбөк кезинен тартып, эр жетип дүйнөгө таанылган жазуучу-журналист болгонго чейинки өмүр-тагдыры баяндалат.
Оболу, биз сөз кылмакчы болгон Губен Гальего жөнүндө кыскача айтып өтөлү. Рубен Давид Гонсалес Гальего мурдагы Испаниянын Коммунисттик партиясынын баш катчысынын небереси. Ал туулганда эле балдардын церебралдык шал оорусу менен жарыкчылыкка келет. Таятасы чоң посту ээлеп турганынан пайдаланып, кудайдын боору оорубаган небересинин көзүн тындым кылууну буйруйт. Бирок тагдырдын жазмышынан кемтик туулган баланы кайсы бир себептерден (чыгармада Кремль Игнасио Гальегону буйладан тартып туруу үчүн деп айтылат) улам аман алып калышат. Рубендин апасына “балаң чарчап калды” деп коюшат. Эне-бала 33 жылдан кийин жүз көрүшөт.
Элестетип көрүңүз, бар тирилигин оң колунун сөөмөйү жана ортоңу менен жасаган Рубендин ушундай дүйнөлүк аренага атын чыгарган чыгармаларын кантип, кандай шартта жазганын?.. Ыңаалап жарыкчылыкка келгендин эле эртеси таптакыр чочун адамдардын колуна өтүп, эрезеге жеткенге чейинки өмүрү балдар жана карылар үйүндө кандай өткөргөнүн? Америкалык улуу жазуучу Эрнест Хемунгуэйдин атактуу “Чал жана деңиз” деген повестиндеги адамдын денесин жанчып, колу-бутун кесип же көзүн оюп, физиологиялык жактан майып кылса болот, бирок эркин сындырып, духун өлтүрүп, жүрөгүн соолутууга таптакыр болбойт деген идея шаңдуу жар салат. Болгондо да автор өз турмушун, башынан өткөргөндөр кандай болсо ошондой реалдуу жашоосунун ар бир этабын болгонун болгондой баяндайт. Окурмандары “сенин жазгандарың чындап эле болгон окуябы? дешсе, мен жооп берем: “Болгон, чын, баары чындык. Албетте, менин каармандарым - менин эсепсиз балдар үйлөрүмдүн түгөнбөгөн калейдоскобундагы жалпылашкан образдар. Менин жазгандарым - чындык”. (Киришме 6-бет)
Кадимки тамгалар, шыптагы тамгалар, кара фондо жай жылып бараткан аппак тамгалар. Алар түнкүсүн жүрөгүм кезектеги жолу кармагандан кийин пайда болчу болушкан. Мен бул тамгаларды шыпта каалагандай жылдырып, сөз менен сүйлөм курай алат элем. Эрте менен аларды компьютердин эстутумуна жазып коюу гана керек болду.(5-бет). Бул Р. Гальегонун эпиграфы. Ал жазуучу болуу максатын бала кезинде койгону менен өз табиятындагы кемтиги, алсыздыгы, жарым жандыгы менен күрөшүү аны жеңүү, балдар үйүндөгү адам баласы чыдагыс оор сыноолорду, азаптуу күндөрдүн кыйынчылыгын, мүшкүлүн, азап-тозогун моюбай көтөрдү, чыдады. Ал максатына жетүү үчүн күн сайын күрөштү, ар бир күндөн, ар бир окуядан сабак алып жашады.
Өзүн адам катары башкалар менен эсептештирүү, ар-намысын адам сымал наадандарга тебелетпөө, майып адамдар деле кадыресе кишилер өңдүү жаратман, кудуреттүү, таланттуу жана сейрек сезимдүү, аяр туюмдуу болорун, болгондо да чоң жазуучу катары таанылышы оңой болгон жок. Ошол шыптагы тамгаларды кармап калуу, сөздү сөзгө кураштырып, аны көркөм чыгармага айландыруу да кыбыраган тамгалардын түйшүгүндөй түйшүк алып келген. Бирок балдар үйүндөгү адилетсиздиктен, жасалмалуулук менен эптеп күн өткөрүү (майып балдар жашаган мекеме кызматчылары ж.б. кишилер) аргасыздыгынан анын жүрөгү муздай катканы менен жан дүйнөсү чоң ааламды батырган кең жана айкөл болчу. Болбосо китебинин киришмесинде эч кимди калтырбай, апасына, атасына, таятасына, кыздарына жада калса аны төрөтүүгө катышкандардын баарына алкыш айтпайт эле. Кыскасы, бу дүйнөнүн түркүгүн адамгерчилик менен жакшылык, жеңиш менен кубаныч, сүйүү менен мээрим кармап турат деген принципти даңазалайт.
“Турмуштун куурал-жыргалы” деген роман 41 майда темалардан турганы менен анын өзөгүндө Рубендин турмушу, анын күрөшүнүн ар кыл, ар түрдүү мезгили, курагынын этаптары кыска, так жана элестүү чагылдырылат. Менин жеке баамымда, бул чыгарманы окуган ар бир окурман кайдыгер калбайт, улуу күрөштүн жолдорун үйрөнөт, кыргызда айтылган макалдагыдай “жатып өлгөнчө, атып өл...” дегендей, жашоо үчүн жанталашуу (буерде таптакыр майыптын тагдыры), тынымсыз күрөш, жамандыктан жакшылыкты көрө билүү, адамга болгон чексиз, ыкластуу сүйүү жана жарыкчылыкка бир жолу келип-кетүү вазыйпасы терең талданат, терең чагылдырылат. Бир мисал келтирели, чыгарманын башталышында “Штык” деген темадагы (аны котормочу ишенимдүү, мыкты сара-жарак деп которгон) сүйлөмдөргө назар салыңыз.
Штык - ишенимдүү сара жарак. Бир сайсаң, душман жыгылат. Штык душмандын өнөө боюн тешип өтөт. Штык эч качан сатпайт, түз саят. Ок божомолдоп согот, ок-наадан. Ок кайкып кетиши же денеде калып, адамды ичтен ноюткан зилдүү дартка айланышы мүмкүн. Штык - ок эмес, жоо жарак, ХХ кылымдын акыркы отогосу. (Отого-1) аскер жана мансап адамдарынын бийлик даражасын айырмалап көрсөтүү үчүн бөркүнө тагылган асыл таш, чач же куштун канаты. 2) Үкү, шуру тагылган кундуз тебетей). (9-бет).
Рубен бала кезинен көркөм чыгармаларды көп окуган, китепке жакын болгон. Ал сабактарды дайыма “эң жакшы” деген баага окуган. Ал китептеги каармандар менен чогуу жашап, аларга атаандашып, алар менен жарышып, теңтайлашкан. Каармандардын аракетинен, жашоосунан сабак алуу менен бирге алардын кемчилигин, мүчүлүштүгүн, алсыз жактарын сындай да билген. Мындайча айтканда, майып бала жашоого, айлана-тегерегиндегилерге сын көз менен караганды, адат болуп калган “эптеп күнүм өтсө болду” деген ыкшоо, көндүм турмушка, жалган нерселерге каяша айтканды, сындаганды, чындыкка тике караганды өзүнчө үйрөнгөн. Эч убакта кимдир-бирөөгө угуза айта албаганы менен жүрөгүндө чындыкты туу көтөрүп жашаган. Ошол себептүү “Китеп да киши сыяктуу ар түркүн болот” (10-бет) деп жатпайбы...
Француз жазуучусу Александр Дюманын “Үч мушкетер” тарыхый романынын каарманы Д.Артаньянды баатыр деп эсептебейт. Эки колу, эки буту бар, дени-карды соо, жапжаш, сымбаттуу, колунда шпагасы бар туруп кайдан баатыр болсун дейт. Даңк жана акча үчүн жаман жоруктарды жасаган коркок жана чыккынчы адам кантип баатыр болот? Адамдар эмне дешсе дешсин, бирок мен андан баатырдыктын өрнөгүн көрө албадым деп чын дилиндегисин айтат. Жаралганда колу-буту шал туулуп, бир жарым жашында балдар үйүнө өткөрүлгөн болочоктогу жазуучунун айтканындагы ойдун мандемин сиз да кармадыңыз да... Же туура эмеспи?
Башкы каарман өзүнүн ички туйгуларын айтып жатканда, “мен китеп окуп жатып, алсыздыктан жана ич күйгөндөн утуру ыйладым” деп сезимдерин ачык жазат да, “Дүйнөгө болгон көз карашыңды өзгөрткөн китеп бар. Андай китепти окугандан кийин өлгүң же бөлөкчө жашагың келет” деп шардана айтат. Николай Островскийдин “Болот кантип курчуду” китебинин каарманы “Павел Корчагин тейде өлгөнчө өлгүм келбейт. Мен жүрөгүм акыркы жолу соккончо жашаймын. Мен мушташам. Компьютердин тамга баскычтарын шашпай басып, тамганы тамгага улап тизе берем. Мен өз штыгымды кылдаттап куям. Менин штыгым - китебим. Билем: бир жолу сайган менин зайыр акым (котормочу; - эч ким талашкыс укук ), экинчи жолу сайганга шанс болбойт”. (13-бет).
“Арман” деген чакан теманын жаралышы эмнеликтен? Эс-акылга кире баштаган бөбөк үчүн дүйнөдөгү эң жакын, эң жакшы, эң ыйык адам бул – апа. Бул жаратылыштын айныгыс мыйзамы. Алты жашка чыкканга чейин менин апам болсо экен деп тиледим. “Менин апам - кара көчүк канчык (бала үчүн кандай оор сөз, кандай жүрөк тилген заар сөз...) мени таштап кеткенин мага түшүндүрүштү” деп жазат. (14-бет). Балдар үйүнөн карыш жылбаган ал гана эмес короосуна чыкканга уруксат берилбеген балдар үйүнүн төрт дубалынан башканы көрбөгөн кичинекей баланын ички сезимдерин окуп отуруунун өзү оор, бирок алар ошол кездеги Рубен сыяктуу жүздөгөн, балким миңдеген тубаса майып балдардын турмушу. Союз кезиндеги балдар жана карылар үйүндөгү тумчуланган, атайы жашырылган чындыктын бетин ачкан, чыныгы жүзүн, жашоо образын, кагазда башка жазылганы менен тегинен айныган “ит турмушун” көрсөткөн жазуучунун бул романын жүрөгүң сыздап, кайышып ооруп, окубай коё албайсың...
Майыптарды караган нянялар (котормочу: нянечка - няня сөзүнүн эркелетип айтылган формасы) жөнүндө ачуу чындыкты кантип айтканын жазуучунун өз оозунан угалы. “Кээде ачуулуу, кээде мээримдүү болушчу, бирок дайым түз сүйлөшүп, кара мүртөздүгү жок эле. Алар бизге конфет берип жатып: “Бечара бала тезирээк өлүп калсаң, өзүңдү дагы, бизди дагы кыйнамак эмессиң” деп айтышчу. ( 14-бет). Адам болуп кетеринен үмүтү жок, “ашка жүк, башка жүк” кайсы бир күнү жарыкчылыкты таштап, периште сымал учуп кеткен (мекеменин жетекчилиги, бийликтегилер, ал эмес жакындары да “күнү бүткүчө жашап турат да...” – деген ойдо болушкан) майыптарды караган жөнөкөй айылдык аялдар башка эмне демек? Азыр деле ошол көз караш жашабайт деп ким айта алат, ким кепилдик берет? Чоңдор же текшерүүчүлөр келет десе, адамча мамиле жасагандай түр көрсөтүп, эч ким жокто өзү эмес, сөзү да арык аттап, суу кечпеген, бар-жогу этибарга алынбаган бечара майыптардын көргөн күнүн, тарткан азабын коомчулук билеби? Азыркы жапайы капитализм кезинде багар-көрөрү жок жетим, жарым жетим, тоголок жетимдердин, тубаса майып балдардын бешенесинен сылап, айда болбосо да, жылда бир-эки жолу барып, кабар алган жандар барбы? Алардын жашоосу бизге белгисиз, алардын турмуш чындыгы бизге караңгы...
“Мен алты жашымда апам жөнүндө кыяданганды токтоттум. Мен “өз аягым менен бассам экен” деп кыялданат элем. Балдак менен баскандарга бизге караганда жакшы мамиле жасашчу”. (15-бет). Ошол балдар оорулуу жана майып балдардын үйүнөн чыгып коомго кантип кошулуп калганын баяндайт да, сегиз жашымда эң жөнөкөй бир нерсени түшүндүм деп моюнга алат. “Мен жалгызмын жана эч кимге керегим жок”. “Мен тогуз жашымда эгерим баса албасымды түшүндүм”. Бул чечим жеке өзүнүкү болгону менен моюнга ала турган ачуу чындык эле. Рубенди өтө ырайымсыз, оор жана кайгылуу турмуш, тагыраак айтканда, өлүмүн гана күтүп жашоого мажбурлаган катаал турмуш кыйнаган сайын чыйралтып, кыялкечтик менен куру үмүткө жетеленген алсыздыкты, мажирөөлүктү, аёону, боор ооруну таптакыр жанына жолотпой, күндөп-түндөп өзүнө жасап алган “штыгы - калеминин” келечеги үчүн күрөшкө үндөдү. Ал ошонусу менен баарын жеңди, таштай катуу мүнөз күткөнү менен жүрөгү мээримге, боорукерликке, адамгерчилик бийик сапаттарга байый берди.
Чындыгында жазуучу Рубен Гальегонун аталган романында “мен” деген сөз өтө көп колдонулган, биринчи жакка мынчалык басым жасоонун зарылдыгы эмнеде экенине кызыккан котормочу жазуучунун өзүнөн суроого аргасыз да болот. Сөздүн табияты, сөздүн энергетикасы менен этият, жоопкерчилик менен мамиле жасаганга көнгөн тил билги котормочу Амирбек мырза котормочулук өнөр жөнүндө төмөнкүдөй ой бөлүшкөнүн айта кеткеним абзел.
- Албетте, орус тилинин байлыгын кыргыз тили менен салыштырып болбойт. Анткени, Ожеговдун 2010-жылы чыккан «Түшүндүрмө сөздүгүндө» 100 миңге жакын сөз болсо, «Кыргыз тилиникинде» 50 миңден бир аз көп сөз бар. Бул сөздөрдүн баарын билүү котормочуга кажет эмес. Бирок көркөм чыгарма «ширелүү» болуусу үчүн котормочунун да, жазуучунун да тили бай болгону дурус. Рубен «мен» деген сөздү көп колдонот. Орус тилинде анысы мага «органичный» же ылайыктуу эле көрүндү, лекин кыргызча удаа келген сүйлөмдөрдө «мен» деген сөздү кайра-кайра колдонуу өөн учурады мага. Ошого «менди» көп колдонуу себебин автордон сураганга аргасыз болдум. Атүгүл кээде эки сүйлөмдү бир сүйлөмгө айлантып жиберген учурларым болду. Анан да сөздөр, терминдер, автор атаган тарыхый инсандар, аталыштар окурманга түшүнүктүү болсун үчүн алардын баарына түшүндүрмө бердим.
Ал эми бизде жок терминдерди кыргызчалоо үчүн архаикалык сөздөрдөн эквивалент тапканга тырыштым. Зайыр акы, каскана, сара, отого, көбөөл ж.б.у.с. Балким кээ бир сөздөр окурмандарга чочун же түшүнүксүз көрүнөр. Менин ишенимимде, китептен адам өзү үчүн жаңы нерсени табууга, үйрөнүүгө тийиш жана жазуучу, ошондой эле котормочу окурмандын деңгээлине түшпөй, окурман жазуучунун деңгээлине көтөрүлүшү абзел.
Арийне, ушул китепти которуунун машакаты да көп түйшөлткөнү сезилет. Көркөм котормо эркин жана ар кандай мазмундагы, тематикадагы котормолорго караганда котормочудан көп нерсени талап кылат. Ириде ошол элдин үрп-адатын, каада -салтын, жашоо образынан, менталитетинен кабардар болуусу же жакындан билгени ошону менен бирге тилдик каражаттарын, көркөм сөз чеберчилигинин ыкмаларын, усулдарын мыкты билишине да баалык. Рубенди кыргызча сүйлөткөн Амирбек Азам уулу өзү мындай дейт: - Котормочулук да чыгармачылык, анын да китеп жазгандан кем эмес машакаты бар деп ойлоймун. Ырас, жазуучу китептин фабуласын, сюжетин, каармандарын ойлоп, ар биринин мүнөзүн, кебете-кепширин дараметине жараша колунан келишинче жазат, образын ачат. А котормочу өз билимин, лексикалык байлыгын, көркөм чеберчилигин пайдаланып, мына ошол чыгармага кыргызча жан киргизүү керек. Ага чейин китептин көркөм стилин, автордун баяндоо ритмин түшүнүп, аны кыргыз окурманына түп нускага жакын формада жеткирүүгө умтулушу лаазим. Мисалы, Рубен Гальегону которууда жазуучунун стилин нукум бузбай сактоого аракет кылдым. Сиз байкасаңыз керек, анын сүйлөмдөрү өтө кубаттуу жана базган менен мык каккандай, кээде өтө курч, айбатуу да.
Рубен Гальегонун сүрөткерлик чеберчилигинин бир артыкчылыгы китепти баланын тили менен баяндап, турмушта болгон нерселерди дал өзүндөй сүрөттөп-айтып берип жатып, жеке көз карашын, жеке бүтүмүн, жеке аныктамасын чыгарганга жетишет. Анткени, балдар жана карылар үйүнүн турмушун анчалык жакындан билген, кан-жанына сиңирип жашаган өзү жана өзүнө окшогон майыптардан башка эч ким чындыкты айта албаган. «Мен балдар үйүндө чоңойдум. Ал жакта өлүм менен өмүр арасындагы чегара аябай ичке, ал жакта жүзү каралык менен наадандык - норма» (30-бет). Жазуучу Рубендин тили менен биринин буту жок, биринин колу жок, полдун үстүндө боору менен жылып, мүнөт сайын шалтактап кир болгон майып балдарды караган няняларды, окуткан мугалимдерди, мекеменин директорун, студент кызды, Вовка, Генка, Василёк, Саша Поддубныйдын окуясын, күндөгү эле баскан-турганын айтып отуруп, алардын кебете-кепширин, кулк-мүнөзүн, жан дүйнөсүн, адам катары деңгээлин, кыскасы, бири-бирине таптакыр окшобогон оор тагдыр ээлеринин образдарын, мүнөз типтердин категориясын бөлүп алат.
Жарыкчылыкка кандай шартта, кандай абалда келгениңе, кайсы социалдык чөйрөдө жашаганыңа карабай адам бойдон кал, адам деген атка татыктуу бол, адам деген улук зат деген ой барактан баракка, темадан тема көчүп, ички мазмундан идеяга, идеядан чулу ойлор кербенине уланып отурат.
Чыгармадагы абдан назик, жүрөктү дирилдеткен тема «Кат» деп аталат. Рубендин өмүрүндөгү эң начар балдар үйүндөгү турмушу жүрөк титиретет. Таптакыр жылытылбаган үйдүн класстары кышкысын аябай суук, жатаканасы суук, «Балдар үйлөрү түрмөлөр сыяктуу ар кандай болот. Ушунусу менен өзгөчө жаман эле» (64-бет) эмгектеп боору менен полдо жылып жүргөн балдардын денеси сууктан какшайт, калем саптары тоңуп жазылбайт. Шал оорусу бар жаңы баланын алып келгендеги аянычтуу абалын, ар бир кыймыл-аракетин көз жаздымынан калтырбай, тасмага тартып жаткан сыяктуу... Чоң балдар ата-энелерине кат жазышпайт. Эмнеге жазышпаганын себебин алардын көзү эле айтып коёт. Тарбиячылар катты окушат, болгонун жазса, чатак чыгышынан коркуп, жөнөтмөк беле? Жагымсыз жагдай чыгыш үчүн «кооз сүрөттөрдү жибергин» деп жаш баланы алдайт. Бала «жок» деген сөздү араң айтса да, тарбиячынын эки жүздүүлүгүнө каршы чыга албасын сезсе да, буту менен полду тепкилеп «жок» деген сөздү айтканга аракет кылат. Ошондуктан «Балдар үйү эмне экенин ата-энелер өмүр бою билишпейт» (66-бет)
Аталган романдын кыргызчасы окуганга жеңил, тили жатык, абдан кызыктуу. Балдар үйүндөгү кыргыз баласы Рубенди окуп жаткандай сезимде болосуң... Ар бир бетте башка тилдерден кирген сөздөр, терминдер, нерсенин же окуянын аталышы, чыгармалардын авторлору жөнүндө, кыргыздын төл сөздөрү, диалектилик сөздөрдүн түшүндүрмөсү, эки-үч эквиваленттери китептин аягында берилгени котормочунун тыкандыгын, жоопкерчилигин ар бир сөзгө маани берген кунттуулугун айгенелейт. Чыгарманын башталышынан тартып, романдын аягындагы 144-бетине чейин 85 сөзгө түшүндүрмө берилген, 85 жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдөн турган сөздөр кылдат чечмеленген. Котормочунун чеберчилигинен кабар берген, ар бир сөздү кармалап, маанисин контекстке карап, ойдун так жана таза, элестүү берилишине басым коюп, көркөм сөз каражаттарынын түрлөрүн талдап-таразалап отуруп, бөтөн тилден эне тилге чыгарманы оодаргандагы түйшүктүү машакатын бир-эки мисалын алдыңыздарга тартпасак болчудай эмес.
«Белое на черном» кыргызча «Өмүр менен өлүм кырында» (чек арасында) деп атайымбы, баш катууда.... (Балким, башка таланттуу котормочу үчүн мен азыр келтирчү мисалдар чакмакташ үйрөнгөндөй жеңил болушу ыктымал).
Роман «... приду к своему концу, к моей вечной ночи, после меня останутся только буквы. Мои буквы, мои черные буквы на белом фоне. Я надеюсь.» деп бүтөт. Кыргызчасы - «... акыр аягында, өз өмүрүмдүн соңуна, өзүмдүн түбөлүктүк түнүмө келип, менин артымда тамгалар гана калышат. Менин тамгаларым, ак барактын бетиндеги менин тамгаларым. Мен үмүт кылам.»
Терминдерди, сөздөрдү которууда да баш катырмалар көп кездешет. Сестра-хозяйка –медайым-кожойке, укол - укол, входная ворота - дарбаза, шофер – шопур, водитель - айдоочу, бабы - катындар, доходяги - өлчүлөр же өлө тургандар, фронт - фронт же кан майдан, участковый – милиционер, дедушка - текстин ичинде чал же абышка, а кайрылганда тексттин мазмунуна ылайык чоң ата деп алдым. Булар жеңилдери.
Воспитательная беседа - …, подшипник - подшипник (терминологиялык сөздүктө муунжаздам (?), микроавтобус с подъемником -..., пандус - пандус, деловой костюм - ырасмий костюм, ерунда – ерунда, Микроавтобус с подъемником – арабаны өзү көтөрчү (машина) автобус деп алдым азырынча. Балким замбилди өзү көтөрчү десем туура болор?
Баса, братан деген сөз бир тууган дегенди билдирген менен «тууган» деп алдым. Анткени, кимдир-бирөөгө «эй, тууган» деп кайрылып, кеңеш айткан же бир нерсени сунуш эткен учурларды көп эле кездештиргем. (Амирбек Азам уулунун менин суроолорума жооп жазган катынан 19/01/2021. Кентленд/Лейкленд. Мэриленд).
Жогоруда өзүңүз байкагандай, котормочуну жан терге түшүргөн, кыйналтып-түйшөлткөн учурлар иш процессинде көп эле кездешет. Канча убактысын чыгармадагы берейин деген ойдун, башкы идеянын тегерегинде акыл калчап, сөздүн ылайыктуусун, орундуусун, окуялардын композициялык түзүлүшүнө жараша кылдат кынаптап, көп машакат тартууга туура келет. Улуту чех Рубен Гальего чыгармасын орус тилинде жазса, котормочу Амирбек Азам уулу китепти кайрадан кыргызча жазып чыккандай эле кеп.
Котормочунун дагы бир табылгасы жөнүндө акырында айтпай кетпесек болбойт. Дүйнөдөгү көп тилдүү бир канча элдердин сүймөнчүгүнө ээ болгон чыгарманы которуп бүтүп, анын ар бир урунтуктуу, маанилүү учурларын тактоо, автордун жеке көз карашын билүү максатында уюштурган “Өз тагдырын өзү жасаган эрен” (Амирбек Азам уулу. Гейтесберг шаары, АКШ. 2021-жыл, март-апрель) аттуу жазуучу менен болгон маеги да чыгарманы терең түшүнүүгө, талдоого, айрым бир сырларынын ачылышына жардам берет. Сөзүбүз куру болбосун үчүн так ошол ойлорду жазуучунун өз оозунан уккандай берели.
- Сенден таятаң жөнүндө сураган себебим, “Белое на черном” романынын кириш сөзүндө сенин жарык дүйнөгө келүүңө катышканы үчүн таятаңа алкыш айтат эмессиңби.
- Жок, жок. Мен китептин кириш сөзүндө эркектерге менин жаралуума катышуусу үчүн алкыш айтам. Бул абдан терең ирония.(154-бет)
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, улуттук адабиятыбыз адамдын духу, эрки, жигери жөнүндөгү эң мыкты көркөм котормо менен толукталды. Алмуздактан бери келаткан “Адам” деген атты бийик жана татыктуу кармап жүрүү үчүн ириде бизге, сизге же жалпы окурмандарга эң эле зарыл, керектүү, акыл-эсине коңгуроо сыяктуу кагылып турган жазуучунун эки сүйлөмү менен аяктоону туура таптым. “Мен кантип тирүү калдым? Мен эмгектеп жыла алчумун. Бул биринчиси. Экинчиден, кандай гана социумда болбосун, кишинин орду эки колу жана эки буту менен гана аныкталбайт. Албетте, кишинин башы менен аныкталат” (159-бет).
Ризван ИСМАИЛОВА, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти
2021-жыл, ноябрь-декабрь.