АҢГЕМЕ
Чимборасодон үч жүз чакырымдан алыс жерде, Котопаксинин кардуу жерлеринен жүз чакырымдан ашыгырак аралыкта, Эквадордун Анд тоолорунун эң тереңинде, адамзат дүйнөсүнөн бөлүнүп, сырдуу тоо өрөөнү – Сокурлар өлкөсү жайгашкан. Көп жылдар мурун бул өрөөн дүйнөгө ачык болгондуктан, адамдар анын тегиз шалбааларына коркунучтуу капчыгайлар жана муздуу жолдор менен кире алышкан. Анан ал жакка адамдар – эки же үч Перулук метистердин үй-бүлөсү, катаал испан вице-королунун ач көздүгүнөн жана зулумдугунан качып келишкен. Андан кийин Миндобамба жанар тоосунун коркунучтуу атылышы болгон, Китодо он жети күн бою түн кирип, Ягвачинин суусу кайнак сууга айланган, Гуаякилге чейин бардык балыктар кырылып, дарыя бетине калкып чыккан.
Тынч океанынын жээктерин жер көчкүлөр, күтүүсүз суу ташкындары каптап, байыркы Араукан тоолорунун бүтүндөй бир бөлүгү көчүп, Сокурлар өлкөсүнө барчу жолду түбөлүккө бүтөп койгон. Бирок ошол алгачкы отурукташкандардын бири жер титирөөдөн кийин өзү кааласа да, каалабаса да, тоолордун аркы бетинде калган аялын, баласын, досторун жана бардык буюмдарын таштап, ошол ойдуңда жашоосун улантууга аргасыз болгон. Ошентип ал жашоосун уланткан, бирок жакшылык көргөн жок; ал шахталарда иштеп, көзүнөн ажырап каза болгон. Анын окуяларынан бүгүнкү күнгө чейин Анд тоолорунда жашап келаткан уламыш жаралган.
Ал бала кезинде таңылчактар артылган төөгө мингизип көчүп келген коопсуз жайдан качып чыгууга эмне себептен батынганын айтып берген. Анын айтымында, өрөөндө адам каалагандын баары: шарылдап аккан кашка суу, чөбү тизеден ашкан жайыттар жана жагымдуу климат, бай кара топурактуу адырлар, даамдуу мөмөлөрдү берген бадалдардын чытырман токойу жана тоолордун бийик беттериндеги кар көчкүлөрүн токтотуп турган чоң карагайлуу токойлор бар болчу.
Үч тарабында боз-жашыл аскалуу тоолордун аппак кар баскан чокулары көрүнүп турчу. Бирок мөңгүлөр ал жакка жетчү эмес, алыскы беттерден агып түшкөн чоң суу, өрөөндүн четине мезгил-мезгили менен чоң муздун сыныктарын агызып келчү. Ал жакка жамгыр да, кар да жаачу эмес, ошентсе да сансыз булактар бүт өрөөнгө суу менен камсыз кылып, аны дайыма жайкалып турган бай жайытка айландырган. Айта кетчү нерсе, отурукташкандар жакшы жашашкан. Алардын малы семирип, көбөйгөндүн үстүндө болгон. Бир гана нерсе алардын бактысын бузган. Бирок бул алардын көргөн күндөрүн ууландырууга жетиштүү болгон. Аларга кызыктай оору жабышып, жаңы төрөлгөн балдардын баары, кээде ал тургай чоң балдарды да сокур боло башташкан. Ошентип, сокурдук каргышынан айыгуунун жолун издеп, бир киши чоң кыйынчылык жана коркунуч менен капчыгай аркылуу ойдуңга барат.
Ал кезде адамдар мындай учурда оору себебин микробдордон жана жугуштуу оорулардан эмес, кылган күнөөлөрүнөн деп ойлошчу. Алар бактысыздыктын себеби динге болгон кайдыгерликте деп ойлошкон: отурукташкандардын арасында дин кызматчы жок болчу жана алар өрөөндө келгенде дароо чиркөө курууну унутуп коюшкан.
Ал өрөөндө чыныгы — арзан, бирок кооз чиркөө курууну чечет. Ал максатын ишке ашыруу үчүн ага олуялардын сөөктөрү жана башка ар кандай сыйынуу буюмдары — ыйык реликвиялар, ыйык иконалар, дубалар жазылган баракчалары керек болчу. Анын кол баштыгында жергиликтүү күмүш куймасы бар эле, ал анын келип чыгышын түшүндүрүүдөн баш тарткан. Ал, өжөрлүк менен өрөөндө күмүш жок деп ырастаган. Анын айтымында, отурукташкандар мындай баалуу буюмдарга муктаж болбогондуктан, бардык акчаларын жана зер буюмдарын чогултуп, Кудайдан жардам сатып алууну үмүттөнүп, эритип ушул куймага айландырышкан.
Мен аны түздүктөрдүн каада-салттарынан кабары жок, жаш, көрүүсү начарлап бараткан адамды, кырсык болордон бир аз мурун күнгө күйүп, арыктап, толкунданып, калпагын ушалай кармап, анын айткан окуясын кунт коюп тыңшаган көзү курч дин кызматчысынын алдында турганын элестете алам. Анан ал үйүн карай бактысыздарды оорусунан арылтар кереметтүү дарыларды алып кандайча шашып жөнөгөнүн, анан капчыгайдын кире беришиндеги жакында эле кулаган таш көчкүдөн өтө албай, айласы кетип турганын ойлойм.
Бирок анын кийинки аракеттери жөнүндөгү окуя мага белгисиз. Мен анын бир нече жылдан кийинки аянычтуу өлүмүн гана билем. Ал бечара көчкү болгон жерден кеткен. Бир кезде аскалардан кулап түшкөн дарыя азыр тоодогу үңкүрдүн оозунан агып чыгат, ал эми ошол белгисиз адамдын кыска, түшүнүксүз баянынан келип чыккан уламыш "тоолордун ары жагында" кайсы бир жердеги сокур эл жөнүндөгү уламышка айланган, аны бүгүнкү күнгө чейин угууга болот.
Ал эми сырткы дүйнөдөн байланышы үзүлүп, унутулуп калган ошол чакан өрөөндүн элинин арасында илдет өз өкүмүн жүргүзө берет. Көзү тунарган карылар карайлап жол таба алышпай калышкан, жаштары араң көрчү, ал эми жаңы төрөлгөн балдардын көздөрү таптакыр сокур болуп туулуп жатышты. Бирок айланасы ак карлуу тоолор менен курчалган, ааламдан обочо калган бул өрөөндө жашоо өз нугунда жеңил өтүп жатты. Бул жерде тикенек да, чага турган курт-кумурскалар да жок. Тургундар убагында ашуу ашып, тар капчыгайларды бойлой аккан ашуу-түздөгү сууларды кечип, өздөрү менен чогуу алып келген жоош төөлөрдөн башка мал-жандык да жок эле.
Алардын көз нуру билинбей, акырындап өчүп отургандыктан, адамдар бул жоготууну сезбей да калышты. Көзү көрбөгөн балдарды бүт өрөөндү беш колдой тааныгыча ары-бери жетелеп жүрүштү. Кийин элдин баары караманча сокур болуп калганда да, алардын жашоосу токтоп калган жок. Атүгүл алар тез эле таш очокторго отту абайлап жагып, аны колдонууга да ыңгайлашып кетишти. Бул тээ башында кат-сабаты жок, испан маданиятынын бир аз издерин алып жүргөн, ошол эле учурда байыркы Перунун кол өнөрчүлүк, өнөр салттарын жана азыр унутулуп калган философиясынын айрым бүртүктөрүн сактаган алгачкы коом эле. Ошентип, укумдан-тукумга муун алмашып жатты.
Алар көп нерсени унутту, көп жаңы нерселерди ойлоп табышты. Мурда өздөрү келген ошол кең дүйнө тууралуу уламыштар алар үчүн туман каптаган мифке айланды. Анан көзүнөн башкасынын баары төп келген, аябай күчтүү, жөндөмдүү адамдардын арасында кокустук менен тукум куучулуктун аркасында өзгөчө акылга жана элди ишендирүү жөндөмүнө ээ адам төрөлөт. Андан кийин ошондойдун дагы бири жарык дүйнөгө келет. Экөө тең артына өчпөс из калтырышкан.
Бул чакан жамаат чоңоюп, өскөн сайын алдында турган социалдык жана экономикалык маселелерди чечип, саны жагынан да, руханий жактан да өсүп-өнүгүп жатты. Жылдар жылып, муундар алмашты, алмаша берди. Ошентип, арадан он беш муун өткөндө, убагында Кудайдан жардам сурап, колундагы күмүш куймасы менен өрөөндөн чыгып кетип, кайрылып келбеген тиги кишинин түз урпагы болгон бир ымыркай төрөлөт. Дал ушул кезде жамаатка сырткы ааламдан бир бейтааныш адам кошулат. Эми мына ушул адам тууралуу баяныбыз башталмакчы.
Ал Китого коңшу тоолуу өлкөдө төрөлгөн, деңиздерди түрө кыдырып, дүйнөнүн теңинен ашыгын көргөн, өз деңгээлинде билимдүү, шамдагай жана демилгелүү адам болгон. Эквадорго тоолорго чыгуу үчүн келген англиялыктардын тобу аны ооруп калган үч швейцариялык гиддин биринин ордуна алып кетишкен. Ал алар менен көп чокуларга чыккан, бирок Анд тоолорунун Маттерхорнуна - Параскотопетлге чыгууга аракет кылып жатышканда, ал жоголуп, аны өлдү деп ойлошкон.
Бул окуя көп жолу айтылган. Пойнтер муну эң жакшы баяндайт. Ал алардын кичинекей тобу акыркы, жетүүгө кыйын асканын дээрлик тик бетине кантип чыгышканын; кар үстүндөгү кууш аянтчада түнөө үчүн алачык тигишкенин; анан чыныгы драмалык жөндөмү менен алар көп өтпөй Нуньестин жоголуп кеткенин айтышат. Алар кыйкырышат, бирок жооп болбойт. Алар кыйкырып, ышкырып, ошол түнү уктабай чыгышат.
Таң атканда, алар анын төмөн кулаган изин көрүштү. Ал бечара кыйкырганга да үлгүргөн эмес окшойт, тоонун чыгыш, изилденбеген бетинен кулаптыр. Бийиктиктен тик карлуу жантайыңкы жерге кар көчкүсү менен кошо кетип, кар бетинде терең из калтырган. Из түз эле көчкүнүн чети менен барып, ал жерден туңгуюкка түшүп кеткен. Алыскы, алыскы мейкиндикте тумандын арасынан тоо арасындагы тар өрөөндө өскөн бак-дарактар көрүнүп турду — бул жоголгон Сокурлар өлкөсү болчу.
Бирок саякатчылар бул жоголгон Сокурлар өлкөсү экенин билишкен эмес; алар аны башка өрөөндөрдөн айырмалай алышкан жок. Кырсыктан улам алар ошол жолу чокуга чыгууну аягына чыгарууга батынышкан эмес, андан кийин Пойнтер согушка чакырылган, бирок кайра аракет кылууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин Параскотопетл өзүнүн багындырылбаган чокусун бийик көтөрүп менменсинет, ал эми Пойнтердин баш калкалаган алачыгын кар басып жатат. Ал эми кулаган адам аман калган.
Ал тик беттен миң футтай төмөн учуп түштү да, кар булутунун ичинде мурункусунан да тик аянтчага келип түштү. Эси эңгиреп, өзүн-өзү билбей, ошол бет менен зуулдаган боюнча төмөн кулады, бирок денесинде бир да сөөгү сынган жок. Андан ары беттер жумшагырак боло баштады, ал алардын үстү менен эң түбүнө чейин сыйгаланып түшүп, өзү менен кошо кулаган жумшак ак кар үймөктөрүнүн арасына көмүлүп жатып, дал ошол аны өлүмдөн сактап калган эле.
Эсине келгенде, алгач бир жерде ооруп, керебетте жаткандай, түшүнүксүз сезим пайда болду; андан соң тоолук адамдын сергек акылы менен өз абалын түшүнүп, айланасындагы карды шилейт. Бир эс алып, бир иштеп, акыры асманда жылдыздар көрүнгөнчө аракетин токтоткон жок. Чалкасынан жатып, ал өзүнөн: «Мен кайдамын, мага эмне болду?» — деп сурайт. Денесин сыйпалап көрүп, топчуларынын көбү жулунуп түшкөнүн, кемсели башына оролуп калганын байкады. Чөнтөгүндө макиси жок эле, ал эми ээк алдына байланган болсо да, тумагы да жоголуптур. Алачыктын дубалын бийигирек көтөрүш үчүн таш издеп чыкканы эсине түштү. Балтасынан дайын жок.
Кулап түшкөнүн түшүнгөндөн кийин өйдө жакты карап, айланага жарык чачкан ай нурунда коркунучтуу көрүнгөн өзүнүн кулап келген изин байкады. Бир нече убакыт алдында деңиз агымындай тартылып бараткан караңгылыкта, мүнөт сайын өйдөлөп бараткан аппак аскага дендароо тиктеп жатты. Бул укмуштуудай сырдуу көрүнүштүн сулуулугуна арбалып, кыймылдабай үнсүз жатты. Анан эс-акылын жоготкон немедей бир ыйлап, бир каткырып, тула бою солкулдап далайга олтурду.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин, ал өзү көчкү четинде жатканын байкады. Ай нуру чагылышкан жумшак бетке көз чаптырып, алыстан чоң таштар жаткан кара түстөгү бир жайыкты көрдү. Буту-колу ооруганына карабай, онтолоп жатып турду да, жумшак карды жиреп, ылдый жүрүп олтуруп, акыры ошол жайыкка жетти. Ал жерге жетер менен жата кетти, тагырак айтканда, бир чоң таштын жанына кулады, ички чөнтөгүндө сакталып калган кутучасынан суу ууртады да, дароо уктап калды.
Аны алыстагы дарактагы куштардын сайраган үндөрү ойготту.
Ордунан туруп, өзү кулап түшкөн бийик, тик кыядагы кар толгон асканын жаракасы тарапка көз жүгүрттү. Каршы жактан да ушундай эле дубал асма тиреп турду. Эки аска ортосундагы тар капчыгай батыштан чыгышка созулуп, таңкы жарык батыш тарапта капчыгайдын оозун жапкан кулаган тоонун урандысын жарык кылып турган. Аяк алдында тереӊ жар эле, кардын четинен төмөнкү тар колотто Нуньес аска боорунан шылдырап аккан булакка туш болду. Эмне кылса да, аракет кылыш керек!
Ылдый түшүү болжогондон жеңил болду, ал дагы бир жапыз кыраңчага туш болду; андан ары, таштуу кырды ашып, токойлуу бет башталат экен. Нуньес айланасын байкап, капчыгайдын жогору жагы кеңейип, жашыл жайыкка айланганын көрүп, ошол жакка бет алды — жайыктын ортосунда таш үйлөр даана көрүнүп турган эле. Кээ бир жерлерде тик жарлардан төрт буттап жөргөлөп өтүүгө туура келди. Бир аз убакыттан кийин чыгып келаткан күн капчыгайга тийбей калды, куштардын сайроосу басылды, айланадагы аба муздап, караңгылай баштады.
Тескерисинче, алыстагы үйлөр жайгашкан жайык, барган сайын жарык болгонсуйт. Ал бир асканын үстүнө чыгып, бул жерден баары алаканга салгандай көрүнүп, таштардын арасындагы жаракалардан ачык-жашыл колдорун сунгансып өскөн, мурда көрбөгөн бадал түрүн байкады. Бир нече жалбыракты үзүп, чайнап көрдү да, аны жегенге болот деп чечти.
Түшкө маал ал акыры капчыгайдан чыгып, жайыкка, күн тийип турган жерге жетти. Дене-бою чарчап, алсырап калган. Ал асканын көлөкөсүнө отуруп, жолун улантардан мурун, кутучасын булак суусуна толтуруп, анын бир тамчысын калтырбай ичти да, эс алганы жатты.
Үйлөрдүн сырткы көрүнүшү бөтөнчө эле, ал эми бул өрөөндүн өзү, ага канчалык узак караса, ошончолук укмуштуу көрүнө берди. Өрөөндүн көпчүлүк бөлүгүн сейрек кездешкен аракет менен багылган, жылдыздардай себилген көркөм гүлдөр менен нымдуу жашыл шалбаа ээлеп; чөп чабыктар да көрүнүшүнө караганда бул жерде пландуу түрдө, тилке-тилке боюнча иштетилип тургандай. Өрөөндүн жогору жагын дубал жана шалбааны айланта чабылган чоң арык курчап, арыктан шалбааны карай майда арыктар тартылыптыр, ал эми чоң арыктын аркы өйүзүндөгү чөбү суюк беттерде төөлөр оттоп жүрүшкөн. Бул жерлердеги үй дубалдарына уланта салынган, төөлөрдү байлаганга ылайыкталган бастырмалары бар экен.
Майда арыктардагы суулар өрөөндүн ортосундагы, эки жагынан бийиктиги белден келген тосмо менен курчалган чоң арыкка куюп, бул айылга шаарга окшош бир башкача келбет берип турду, ал эми бардык тарапка катуу тартипте тараган, кара-ак таш менен төшөлүп, жээктерине таш тизилген жолдор бул таасирди күчөтүп тургансыйт. Айылдагы үйлөр ал билген тоо айылдарындагыдай бир жерге үймөлөктөшүп иретсиз турбастан, көчөнүн эки жагында, каз-катар жайгашыптыр, көчө укмуштай таза эле. Бул үйлөрдүн ала-була фасаддарында эшиктери турат, бирок бир да терезе көрүнбөйт. Фасаддар кандайдыр бир тартипсиз ала-була болуп, кээ бир жери боз, кээ бир жери күрөң, кээ бир жери кара, айрым жерлери кара-күрөң цемент менен шыбалыптыр.
Бул жагымсыз көрүнүш, Нуньести сокурлар тууралуу ойлоого мажбурлады. "Бул адамдар жакшы эле чампалашкан экен! — деп ойлоду ал. — Чынында, жарганаттай эле сокур немелер көрүнөт".
Ал жантайыңкы беттен ылдый түшүп, өрөөндү курчаган дубалга жана чоң арыкка, арыктан шылдырап аккан ашыкча суу терең капчыгайга жайылтып жаткан жерге жакындады. Нуньес чөмөлөлөрдө отуруп, эс алган көп эркектерди, аялдарды көрдү. Айылга жакын жерде жаткан балдардын тобу, андан жакынырак, абдан жакын — айланма дубалдан үйлөрдү көздөй созулган жолдо ийин илгичтер менен чакага суу көтөргөн үч киши келаткан. Үчөөнүн тең төө жүнүнөн тигилген кийимдери, булгаары өтүктөрү, курлары, ал эми башында узун кулактары бар жүндөн токулган тумактары бар эле.
Алар бир катарда, жай басып, унчукпай, түнү бою уктабагандай, ооздорун улам ачып эстеп келатышты. Булардын кейиптери ушунчалык салмактуу, тынчтандыруучу жана жагымдуу көрүнүш болгондуктан, Нуньес бир аз токтолуп, өзү турган аскалуу жерде боюн түзөп, бийик жерге туруп, үнүнүн жетишинче кыйкырды. Анын үнү өрөөн ичин жаңыртып жиберди.
Үчөө токтоп, баштарын буруп, айланага карап жаткандай. Алар жүздөрүн ар кайсы тарапка бурушту, ал эми Нуньес колун бар күчү менен шилтеп жатты. Бирок канчалык шилтебесин, алар аны көрбөгөндөй, бир аз убакыттан кийин гана тоолорду карай, туура эмес жакка, оң жагырак басып жөнөштү да, жооп сыяктуу бирдеме деп кыйкырышты. Нуньес дагы кыйкырды, анан дагы бир жолу, кайрадан колун шилтеди — баары бирдей ийгиликсиз, ошондо экинчи жолу "сокур" деген сөз анын аң-сезимине келди. "Бул акмактар сокурбу?" — деп ойлоду.
Акыры болушунча кыйкырып, жинденген Нуньес көпүрө аркылуу чоң арыктан өтүп, дубалдын каалгасын ачып, аларга жакындаганда, алардын чын эле сокур экенине ынанды. Ал уламышта айтылган Сокурлар Өлкөсүнө туш болдум деп чечти. Бул ишеним ага белгисиз жана адам таң каларлык окуянын алдын ала сезүүсү менен чогуу келди. Үчөө катар туруп, ал жакты карабай, анын ар бир кадамын аярлык менен кулак төшөп жатышты. Алар бири-бирине жабышып, бир нерседен коркуп жаткандай, Нуньес алардын кабактары ылдый түшүп, соолуп калгансыган каректерин жаап турганын көрдү. Алардын жүздөрүндө коркууга окшогон нерсе пайда болду.
А Нуньес жашоого кадам таштап жаткан жаш жигиттин ишенимдүү басышы менен аларга жакындады. Жоголгон өрөөн жана Сокурлар өлкөсү тууралуу эски жомоктор эсине келип, эски макал ойуна куш сыяктуу учуп кирди: «Сокурлар өлкөсүндө бир көздүү да падыша». Абдан сылыктык менен сокурларга салам берди. Алар менен сүйлөшө баштады, бирок эки көзүн чоң ачып, алардын бир дагы кыймылын көз жаздымында калтырбай карап жатты.
— Каяктан экен, бир тууган Педро? — деп сурады бирөө.
—Аскадан чыкты.
— Мен тоодон келдим, — деди Нуньес, — тоонун ары жагындагы, адамдары көзү көргөн өлкөдөн. Жүз миң киши жашаган, көз жетпегендей созулуп жаткан Богота шаарынын четинен.
— Көзү көргөн, — деп кайталады Педро өзүнчө. — Көз көргөн…
— Аскадан, — деп кошумчалады экинчи сокур. — Аскадан чыкты. Нуньес алардын кийимдеринин тигилиши таң калычтуу экенин, ар бириники ар кандай тигилгенин байкады. Алар бир маалда алдыга колдорун сунуп, аны карай жылганда коркуп кетти. Ал алдына сунулган манжаларынан бир аз артка чегине кетти.
— Кел мында, — деди үчүнчү сокур, ага да бир кадам жакындап, акырын кучактады. Берки сокурлар Нуньести кармап турушту. Унчукпай, аны сыйпалай башташты.
— Этияттагыла! — деп кыйкырды ал, көзүнө тигилердин манжалары тийгенде. Алардын манжалары Нуньестин ирмелген кирпиктерине жеткенде, сокурлар чочуп кетишти. Алар анын көздөрүн кайрадан сыйпалай башташты.
— Таң калыштуу жандык, Корреа, — деди Педро дегени. — Чачы кандай катуу! Төөнүкүндөй.
— Аны жараткан аскадай эле одуракай, — деди Корреа, Нуньестин сакал-муруту жок жаагын жумшак, бир аз нымдуу колу менен сылап. — Балким, кийин жылмакай болуп калар.
Нуньес мындай текшерүүгө бир аз каршылык көрсөттү, бирок сокурлар аны бекем кармап турушкан.
— Этияттагыла! — деп кайталады ал.
— Сүйлөйт экен, — деди үчүнчүсү. — Бул, албетте, адам.
— Ух! — деп кыйкырды Педро, анын катуу кемселинен кармалап.
— Демек, сен дүйнөгө келдиңби? — деп сурады Педро.
— Дүйнөдөн келдим. Тоолордон жана мөңгүлөрдөн; күнгө жарым күндүк жолдогу чокулардын ары жагынан. Деңизге чейин он эки күндүк жол созулган чоң дүйнөдөн.
Алар анын айтканын укпаган сыяктуу.
— Ата-бабаларыбыз адамды жаратылыш күчтөрү жаратышы мүмкүн дешчү, — деди Корреа: — жылуулук, нымдуулук жана чирүү, ооба, чирүү менен.
— Аны аксакалдарга алып баралы, — деп сунуш кылды Педро.
— Адегенде кыйкырып белги берели, — деди Корреа, — балдарды коркутпайлы. Анткени бул — желмогуз сыяктанат.
Алар кыйкыра башташты, ал эми Педро алдыга түшүп, Нуньестин колунан кармап үйлөрдү көздөй жетелеп жөнөдү. Нуньес колун тартып алды.
— Менин көзүм көрөт да, — деди ал.
— Көрөбү? — деп кайталады Корреа.
— Ооба, көрөт, — деди Нуньес, ага бурулуп баратып, Педронун челегине чалынып кетти.
— Анын сезимдери али жетиле элек, — деди үчүнчү сокур. — Ал чалынат жана түшүнүксүз сөздөрдү айтат. Колунан жетелеп ал.
— Каалаганыңардай болсун, — деген Нуньес жылмайып, ага жетелөөгө уруксат берди. Кызык, алар көрүү жөнүндө эч нерсе билишпейт экен. Болуптур, убагы келгенде, ал аларга бул эмне экенин көрсөтөт!
Ызы-чуу угулуп, ал борбор көчөдө чогулган элди көрдү. Сокурлар өлкөсүнүн калкы менен алгачкы жолугушуу анын нервин, сабырдуулугун өтө оор сыноого салды — күткөндөн да оор. Айыл алыстан көрүнгөндөн бир топ чоң, шыбалган үйлөрдүн көрүнүшү андан да келишимсиз көрүндү. Балдар, эркектер жана аялдар (айрым аялдар менен кыздардын сулуулугуна баа берди, бирок алардын да көздөрү жабык жана чөгүңкү эле) аны тегеректеп, жумшак алакандары менен кармалап, жыттап көрүп, ар бир сөзүнө дыкат кулак төшөп, курчап алышты. Анткен менен көптөгөн кыздар, балдар коркуп андан окчун турушту. Чынында эле анын үнү сокурлардын ырдап жаткан сымал үндөрүнө салыштырмалуу кескин жана катуу эле. Аны таптакыр жылдырбай курчап алышты. Жетелеп келген үч адам анын менчик ээси сыяктанып, андан бир кадам да алыс кетпей, тынбай кайталап жатышты:
— Аскадан чыккан жапайы адам.
— Богота, — деди ал. — Богота. Тоо кыркасынын аркы бетинен келдим.
— Жапайы адам жапайы сөздөрдү сүйлөйт, — деп түшүндүрдү Педро. — «Богота» деген сөздү уккан белеңер? Анын акылы али калыптана элек. Сүйлөшүүнү али өздөштүрө элек. Бир кичинекей бала анын колун чымчып алды.
— Богота, — деп туурады ал.
— Ооба. Шаар, силердин айылыңар эмес… Мен көздөрү бар адамдардын, адамдар көрө турган чоң дүйнөсүнөн келдим.
— Анын аты — Богота, — деп чечишти сокурлар.
— Ал чалынат экен, — деди Корреа. — Биз бул жакка келатканда, ал эки жолу мүдүрүлүп, жыгылып кала жаздады.
— Муну аксакалдарга алып баралы.
Аны күтүлбөгөн жерден эшикти ачып, караңгы бөлмөгө түртүп киргизишти. Ал жерде алыскы бурчта алсыз жарык чачкан от бүлбүлдөп күйүп жаткан. Топураган эл артынан кошо кирип, күндүн акыркы жарыгын да жаап салышты, Нуньес отурган адамдын сунулган бутуна жыгылды. Жыгылып баратканда дагы бирөөнүн бетине колу тийди. Алаканынын астында жумшак бир нерсени сезип, ачуу кыйкырыкты укту, бир мүнөтчө аны кармалаган көптөгөн колдордон коргонду. Кандайдыр бир тараптуу мушташ болду. Ал абалын түшүнүп, тынчып калды.
— Мен жыгылып кеттим, — деди ал. — Бул жериңерде эч нерсе көрүнбөйт. Баары жымжырт болуп унчукпай калышты, айланадагы көрүнбөгөн адамдар анын сөздөрүн түшүнүүгө аракет кылышкандай. Анан Корреанын үнү угулду:
— Ал жакында эле жаратылган, басканда мүдүрүлөт, түшүнүксүз сөздөрдү сүйлөйт.
Башкалар да ал жөнүндө бир нерселерди айтышты, бирок ал баарын укканга жана түшүнгөнгө жетишпей жатты.
— Отурсам болобу? — деп сурады ал, бир мүнөттүк жымжырттыктан пайдаланып. — Мен мындан ары каршылык көрсөтпөйм.
Алар кеңешип, отурууга уруксат беришти. Карыган адамдын үнү аны суракка ала баштады, Нуньес ал отурган аксакалдарга — алар Сокурлар өлкөсүндөгү караңгылыкта отурушса да, ал келген чоң дүйнө, асман, тоолор, көрүү жана башка ушул сыяктуу кереметтер жөнүндө айтып берүүгө аракет кылды. Бирок ал эмне десе да, алар эч нерсеге ишенишкен жок, эч нерсени түшүнүшкөн жок. Ал мындайды күткөн эмес.
Он төрт муундан бери бул адамдар сокур болуп, көрүүчү дүйнөдөн обочолонуп калышкан. Көрүүгө байланыштуу бардык сөздөр алар үчүн унутулган же маанисин өзгөрткөн; тышкы дүйнө жөнүндөгү уламыштар балдар жомогуна айланган, алар көптөн бери аскалуу жарлардын аркасында, алардын айланма дубалынын үстүндө эмне болуп жатканына тынчсызданышпайт. Алардын арасында сокур акылмандар пайда болуп, аларга көзү көрчү өткөн замандан жеткен ишенимдердин жана уламыштардын үзүндүлөрүн кайрадан карап, мунун баарын бош ойлор деп таап, аларды жаңы, бир кыйла акылдуу чечмелөөлөр менен алмаштырышкан. Көзү менен кошо алардын элестүү түшүнүктөрүнүн көпчүлүгү өлүп, алар уламдан-улам курчуган угуу, жыттоо сезими тарабынан багытталып, жаңы түшүнүктөрдү түзүшкөн экен.
Нуньес акырындык менен муну түшүндү; сокурлар анын тегин, жөндөмүн таң калуу менен урматташат деген үмүтү акталган жок. Ошондой эле анын көрүү деген эмне экенин түшүндүрүү үчүн кылган аракети ишке ашпай, айткандарын жаңы жаратылган адамдын өзүнүн бүдөмүк сезимдерин сүрөттөөгө аракет кылган, башаламан сүйлөгөн адамдын сөзү деп эсептешкенде, ал айласыздан баш ийип, маанайы түшүп, алардын насааттарын укту.
Ошентип, сокурлардын эң улуусу ага жашоонун, философиянын жана ишенимдин сырларын ача баштады. Ал дүйнөдө (башкача айтканда, алардын өрөөнү) эң алгач тоолордо бош ойдуң болгонун, андан кийин адегенде эч сезимдери жок жансыз нерселер жаралганын, андан соң төөлөр жана акылы аз дагы башка жандыктар пайда болгонун айтты. Андан кийин гана адамдар жаралып, акырында алардын үстүндө ырдап, айланып учкан, бирок кол тийгизүүгө мүмкүн эмес периштелер пайда болуптур. Акыркысы Нуньести бул куштар жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнгүчө көпкө ойлондурду.
Андан ары ал Нуньеске убакыттын ысык жана суук мезгилдерге (сокурлар үчүн бул күн-түндү билдирген) бөлүнгөнүн айтып, ысык мезгилде укташ керек, ал эми суукта иштеш керектигин түшүндүрдү. А азыр бүт сокур шаар анын — Нуньестин пайда болушуна байланыштуу гана уктабаптыр. Ал Нуньестин, албетте, алар тапкан акылмандыкты үйрөнүп, ага баш ийүү үчүн жаратылганын жана акыл-эсинин жетиле электигине, кыймыл-аракетинин калыптана электигине карабай, чыдамдуу болуп, окууну улантышы зарыл экенин айтты. Бул сөздөрдү эшиктин жанына чогулгандардын баары жактырып, күрү-гүү менен колдошту. Анан ал түн (сокурлар күндү түн дешчү) эчак эле киргенин, ошондуктан бардыгы укташы керек деди.
Ал Нуньестен уктай аласыңбы деп сурады, Нуньес уктай аларын, бирок уктар алдында тамак ичкиси келгенин билдирди. Ага тамак — төөнүн сүтү куюлган аяк жана туз кошулган нан кесимин алып келишти да, башкаларга угулбагандай жерде жеп, анан тоо кечиндеги салкындык бардыгын жаңы күнгө ойготор мезгилге чейин уктачу жерге алып кетишти. Бирок Нуньес уктай алган жок. Анын ордуна ал аны калтырган жерде отуруп, чарчаган буттарын сунуп, өрөөнгө келгенден берки бардык күтүлбөгөн окуяларды эстеди. Ал кээде чын дилинен, кээде айласыздан күлүп олтурду. — «Акыл али калыптана элек, — деп кайталады ал. — Сезимдери жетиле элек!» Алар өздөрүнө асмандан түшүрүлгөн падышаны жана башкаруучуну кемсинткенин билишпейт ко. Аларды өз ордуларына коюп, акылдарына келтиришим керек. Бирок ойлонуш керек… Ойлонуш керек! Күн батышка ооп кеткенде, ал дагы эле ойлонуп отурган.
Нуньес ар дайым сулуулукту сезе билчү, ошондуктан учу-кыйыры көрүнбөгөн, өрттөй жанган асман алдында чалкалап жаткан карлуу капчыгайлар менен өрөөндү тегерете курчаган аппак мөңгүлөргө көз чаптырганда, мындай көркөм сулуулукту өмүрүндө көрбөгөндөй сезилди. Бул жетүүгө мүмкүн эмес сулуулукка узакка карап, анан караңгылык каптап бараткан айыл менен сугат талааларына көз чаптырды, ошондо анын жүрөгүндө капысынан толкундануу жаралып, көрүү жөндөмүнө ээ кылганы үчүн тагдырга шүгүр кылып, чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
— Го-го! Бул жакка, Богото, бул жакка! — деди айылдан чыккан үн.
Ал бир аз жылмайды. Азыр бул адамдарга бир жолу жана түбөлүккө адам үчүн көрүү эмне экенин көрсөтөт. Кыйын болсо издеп таап алышсын.
— Эмнеге келбейсиң, Богото! — деди ошол эле үн.
Ал үндөбөй күлүп, акырын жылып, жолдон эки кадам капталдай басты.
— Чөптү тепсебе, Богота, андай кылбаш керек.
Нуньес өзү да кадамынын дабышын араң угуп жаткан. Ал таң калып токтоду.
Аны чакырган үндүн ээси ак-кара таш тизилген жолчо менен түз эле ага карай келатты.
Нуньес кайрадан жолго чыкты.
— Мен бул жердемин, — деди ал.
— Эмнеге чакырысам келбейсиң? — деди сокур киши. — Сени наристедей жетелеп жүрүш керекпи? Жолдо баратып, жолду уга албайсыңбы?
Нуньес күлүп жиберди.
— Мен аны көрүп турам, — деди.
— "Көрүп турам" деген сөз жок, — деди сокур, бир аз унчукпай туруп. — Жомокту таштап, кадамымдын үнүн ээрчип бас.
Нуньес жаны кашайганына карабай, анын артынан жөнөдү.
— Менин убагым да келет, — деди ал.
— Үйрөнөсүң, — деди сокур. — Бул дүйнөдө көп нерсени үйрөнүү керек.
— А «Сокурлардын өлкөсүндө бир көздүү да падыша» деген кепти уккансыңбы? — деди ал.
— Сокур деген эмне? — кайдыгердик менен суроо салды сокур киши.
Төрт күн өттү, бешинчи күнү келгенде сокурлардын падышасы өз тили менен айтканда, жөнөкөй, эч нерсеге жарабаган, бөтөн кишинин кейпин кийип, өз тили менен айтканда, "калктын" арасында жашырынып жүрдү. Өзүн падыша деп жарыялоо, ал ойлогондон кыйын экенин көрдү. Ал эми азырынча өзүнүн "мамлекеттик төңкөрүшүн" ойлонуп, "Сокурлар өлкөсүнүн" салт-санаасын, жашоо шартын үйрөнүп, алардын буйруктарын аткарып жатты. Түнкүсүн иштөө, сейилдөө ага өтө ыңгайсыз болгондуктан, биринчи кезекте өзгөртө турган нерсе ушул деп чечти.
Сокурлардын эли жөнөкөй, эмгекчил турмуш өткөрүшөт экен. Адамдар адептүү, бактылуу жашайт. Алар иштешет, бирок өтө эле жанталашпайт; тамак-ашы, кийим-кечеси жетиштүү болсо ыраазы. Эс алуу күндөрү жана айлары да бар; музыка угуп, ырдап, көңүл ачышчу. Сүйүү даамын татып, наристелүү болушкан.
Алардын кандай гана ишенимдүү, так кыймылдашына таң калбай коё албайсың. Булардын тартиптүү дүйнөсүндө, баары алардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган. Өрөөндө нур сыяктуу таралган ар бир жол, бири-бирине белгилүү бурчта кесилишкен жана четине түшүрүлгөн өзгөчө оюктар менен аныкталган. Бардык тоскоолдуктар, жолдордогу, аянттардагы бардык тегиз эместиктер алынып салынган. Сокурлардын бардык жөндөмдөрү, каада-салты, табигый түрдө, ар кандай муктаждыктардан улам келип чыккан. Сезимдери укмуштай курч, он беш кадам жерден адамдын майда кыймылынан бери байкап, айырмалай алышат, ал тургай жүрөктүн согушун да угушат. Тыбыш алар үчүн беттин көрүнүшүн, кол тийгизүү – жаңсоону алмаштырган.
Кетмен, күрөк жана тырмоо менен алар абдан чебер багбандардай эркин, ишенимдүү иштешет. Жыт сезүү сезими абдан жакшы; алар ит сыяктуу, жыт аркылуу жеке айырмачылыктарды аныкташат. Жогору жактагы жайылган төөлөрүнө убагында жем-чөбүн камдап, аларды ишенимдүү жана чеберчилик менен багышат. Бирок сокурлардын кыймылдары канчалык жеңил, эркин экенин Нуньес акыры өз эркин көрсөтүүнү чечкенде гана билди. Ал ынандыруу аракеттери текке кеткенден кийин козголоң чыгарган.
Башында алардан көрүү жөнүндө мезгил-мезгили менен сөз кылууга аракет кылды.
— Карагылачы, элим, — деди ал. — Силер мендеги көп нерсени түшүнбөйсүңөр.
Кээде эки-үчөө аны угуп отурган учурлар болду: акылдуу көрүнүп, баштарын ылдый салып, кулак түрүп угушчу, ал «көрүү» эмнени билдирерин түшүндүрүүгө аракет кылышчу. Угуп отургандардын арасында башкаларга караганда кызыл жүздүү, көздөрү чүңүрөйгөн кыз бар эле. Анын каректери кабагынын артында жашынгандай туюлчу, ал өзгөчө ошол кызды ынандыргысы келчү. Ал көрүүнүн кубанычтары жөнүндө, тоолордун, асмандын, таңдын атканын көрүү канчалык кооз экенин айтты.
Ал эми угуучулар ишенбестик менен жылмайып, анан дароо эле айыптоого өтүшчү. Алар ага тоолор жок, ал эми төөлөр оттоп жүргөн аскалардын башында дүйнөнүн акыркы чеги турат деп жооп беришчү. Ал жерден бузулган ааламдын чатырынан жамгыр жана жанар тоодон чыккан оттуу эритмелер куюлат имиш. Ал бул дүйнөнүн акыры да, чатыры да жок деп кайра-кайра кайталаса, алар бул акылсыздыктын белгиси деп жооп беришти.
Асманды булуттары, жылдыздары менен канчалык жакшы сүрөттөп берсе да, алар муну жалган жана коркунучтуу боштук деп элестетти. Алар өздөрүнүн дини айткан кемчиликсиз жылмакай асман чатырын кантип алмаштыра алмак! Анткени алар бул бузулган чатырды колу менен сыйпалай турган болсо, тегиз, жылмакай деп бекем ишенишкен. Анын түшүндүрүүлөрү аларга жакпаганын билип, бул ыкмадан баш тартып, көрүүнүн практикалык баалуулугун көрсөтүүгө аракет кылды.
Бир жолу эртең менен ал Педронун он жетинчи делген жол менен борбордук үйлөрдү көздөй баратканын көрдү. Ал сокурлар бараткан адамды угуп же жыттай электе эле алыстан көрүп, аларга: "Педро азыр келип калат", - деди. Бир карыя Педронун он жетинчи жолдо эч кандай иши жок деп талашып-тартышты, ошондо, анын сөзүн ырастагандай, Педро он экинчи жолго бурулуп, айланма дубалга карай шашыла жөнөдү. Ал эми Нуньес Педро келбей калганда шылдыңга калган; кийинчерек өзүн актоо үчүн Педродон сураганда, ал кайра аны шылдыңдап, беттен алган, ошондон бери алар душман болуп калышты.
Андан кийин ал жанына алардын бирин кошуп алып, жантайыңкы беттеги шалбаа менен дубалдарга чейин басып өтүп, ошол учурда айыл ичинде ким эмне кылып жатканын сүрөттөп берүүгө уруксат сурап, аларды бул сунушуна көндүрдү. Ал кээ бир адамдардын кирип-чыкканын көрдү, бирок алар маанилүү деп эсептеп, текшерүү үчүн өздөрү байкагандын бардыгы — сокурлардын үйлөрүнүн ичинде же артында болчу. Муну ал көрө алган жок, демек, аларга сүрөттөп бере алган жок.
Ошентип, ал кайра дагы жеңилип, алар аны шылдыңдап, күлүшкөндө, күчкө кайрылууну чечти. Ал күрөктү алып, экөөнү же үчөөнү жыга чаап, калыс күрөштө көзү ачык адамдын артыкчылыгын далилдеп берүүнү ойлоду. Чечимине бекем туруп, ал күрөктү колуна алды, бирок ал өзү жөнүндө күтүлбөгөн нерсени билди: ал жөндөн жөн эле куралсыз турган сокур адамга кол көтөрө албайт экен. Ал эки анжы чечкинсиз туруп калды да, күрөктү алганын сокурлар байкашканын түшүндү. Алар бардыгы баштарын бир кызыктай кыйшайтып, кулактарын делдейтип, анын эмне кыларын күтүп турушту.
— Күрөктү ташта, — деди алардын бири.
Нуньести алсыздык жана жийиркеничтүү сезим каптады. Ал дээрлик баш ийди. Анан ал бирөөнү дубалга жабыштыра түртүп жиберип, айылдан чуркап чыкты.
Ал шалбааны аралап, талааны кесип өтүп, сансыз жолдордун биринин четине барып олтурду. Ар бир адамда күрөштүн башында сезгендей, бир аз маанайынын көтөрүлө түшкөнүн сезди, бирок андан да көбүрөк тынсыздануу бийлеп турду. Ал өзүнөн төмөн рухий деңгээлдеги адамдар менен, ийгиликтүү күрөшүү мүмкүн эместигин түшүнө баштады. Алыстан, көчө боюндагы эркектердин үйлөрдөн чыгып, күрөк, союл менен куралданып, айылдын бир нече жолдорун ээлеп, кеңири катар менен ага карай келатышканын көрдү. Алар жай кыймылдап, бири-бири менен сүйлөшүп келатышкан, кээде бир учурда бүт отряд токтоп, сокурлар мурундарын кыймылдатып, тыңшап туруп калышты.
Нуньес муну көргөндө күлкүсү келди. Бирок бир аздан кийин күлгөнгө чамасы жетпеди. Бир сокур нымдуу чөптөгү анын изине түштү, ошол боюнча басып, эңкейип, жолду колдору менен сыйпалап текшерип жатты.
Нуньес беш мүнөттөй отряддын жай кыймылын байкап; андан кийин анын алгачкы бүдөмүк каалоосу – бир нерсени жасап, өзүн көрсөтүүгө болгон каалоосу жиндиликке айланды. Ал ордунан тура калып, айланма дубалды карай бир нече кадам жасап, кайра бурулуп, бир аз артка басты. Алар жарым тегерек болуп тизилип, тыңшап турушту. Ал да токтоп, эки колуна күрөктү бекем кысты. Аларга кол салсабы? Каны кайнап, кайрыктын ыргагында кулагын тээп жатты: «Сокурлар өлкөсүндө бир көздүү да падыша». Аларга кол салуу керекпи?
Артындагы бийик, секирип өтүүгө мүмкүн эмес дубалга жылмакай шыбактан улам жабышып чыгуу мүмкүн эмес эле, ал дубалга салынган көптөгөн эшиктерди жана жакындап келаткан куугунчулардын катарын карады. Аларга жардам берүү үчүн айылдан дагы башкалар келип кошулуп жатышкан.
— Кол салсабы?
— Богото! — деп кыйкырды бири. — Богото! Кайдасың?
Ал колундагы күрөктү андан да катуу кысып, шалбаа менен айылга карай артка жөнөдү, ал эми сокурлар ал кадам таштаар замат дароо аны карай басышты.
— Алар мага тийишсе сабайм, — деди ал. — Кудай күбө, сабайм!
Ал катуу кыйкырды:
— Эй силер, мен силердин өрөөндө каалаганымды кылам! Угуп атасыңарбы? Каалаганымды кылам, каалаган жериме барам!
Алар катарын бузбай ага жакындашты — сыйпалап, бирок абдан ылдам. Бул "көз таңмай" оюндун тескерисинчеси эле: бирөөсүнөн башкасынын көздөрү таңылган.
— Кармагыла аны! — деп кыйкырды алардын бири.
Нуньести заматта куугунчулар тегерете курчап алышты. Капыстан ага: Убакыт келди! — деген сезим келди. — Чечкиндүү, тез аракет кылыш керек.
— Силер түшүнбөйсүңөр! — катуу кыйкырды ал. Үнү күчтүү, өкүм угулушу керек эле, бирок үзүлүп кеткендей кардыгып чыкты. — Силер сокурсуңар, ал эми мен көзүм ачык. Мени жайыма койгула!
— Богото! Күрөктү ташта! Чөптү тебелебе.
Акыркы буйрук, аябай сылык айтылса да, анын жини кайнап чыкты.
— Мен силерди майып кылып салам! — деп кыйкырды ал, жинин тыя албай. — Кудай күбө, силерди майып кылам! Мени жөн жайыма койгула!
Ал кайда барарын билбей алдыга жүткүндү. Башында ал жакын турган сокурдан качмак болгон, анткени аны согуу жийиркеничтүү болмок. Анан токтоп, барган сайын кысып келаткан катарды жарып чыгуу үчүн бир аз токтоп, анан каттуу күүлөнүп чоң ылдамдык менен чуркап жөнөдү. Ал катардын ачыгырак жерине умтулду, бирок эки сокур, анын кадамынын жакындаганын дароо байкап, тосуп калышты. Нуньес алдыга жулунуп, аны кармай турган болушканда… колундагы күрөктү шилтеп жиберди. Колуна, ийинине тийген соккудан тык эткен үн чыгып, катуу ооруга чыдабай кыйкырган адам жерге кулады, ал курчоону жарып чыкты.
Курчоону жарып чыкты! Азыр ал кайрадан үйлөрдүн жанында болчу, а сокурлар күрөктөрүн, союлдарын сороктотуп, кандайдыр бир амалкөйлүк менен алдыга-артка чуркап жатышкан.
Ал артынан келген кадамдын дабышын убагында укту, аны узун бойлуу жигит кууп жетейин деп калган. Ал эмне кылышты билбей шашып калды, душманына күрөктү ыргытып, анысы тийбей калганда, ийнелик сыяктуу айланып, дагы бир жакындап калган сокурдан кыйкырган боюнча качты.
Ал корко баштады. Айласы кетип, ары-бери чуркап, кереги жок жерден буйтап, эки жагын алаңдай карап баратып чалынып жыгылды, алар анын жыгылганын угушту. Дубалдын алысырак жеринде ачык эшик көрүнүп турган; бул асманга ачылган тешик сыяктуу эле. Ал ошол эшикти карай учкан бойдон бет алды. Ал эшикке жеткенче бир да жолу куугунчуларды кылчайып караган жок. Калчылдап көпүрөдөн өттү, андан ары аскага чыгып, деми кыстыгып, жерге жатып калды.
Ошентип, анын "мамлекеттик төңкөрүшү" аяктады.
Эки күн, эки түн ал Сокурлар өлкөсүнүн дубалынан сыртында тамак-ашсыз жана баш калкалар жайсыз өткөрүп, күтүлбөгөн жерден алган сабагы тууралуу ойлонду. Ал бир нече жолу аткарылбаган макалды кайталап, өзүн шылдыңдап күлдү: «Сокурлар өлкөсүндө бир көздүү да падыша». Анын эң көп ойлогону, кантип сокурларды жеңип, баш ийдирүү болчу, ал муну ишке ашпай турганын барган сайын так түшүнө баштады. Анын эч кандай куралы жок эле, ошондуктан аларды жеңүү өтө кыйын.
Цивилизациянын уусу анын туулган Боготасына чейин жетип, аны ууландырып салгандыктан, Нуньес сокур адамды өлтүрүүгө бара алган жок. Албетте, эгер ошентсе, анда ал сокурларды толук кырып салам деп коркутуп, өз шарттарына макул кылып диктатура орнотмок. Бирок адам уктабай тура албайт, ким билет... эртеби-кечби, ал уктап жатканда…
Ал ошол жерде, карагайлардын арасында, тамак издеп, түнкү сууктан карагай бутактарынын астында жашынып, кантип төөлөрдөн бирди кармап, анан кандайдыр бир жол менен өлтүрүүнү— таш менен урса да жок дегенде эт камдап алууну ойлоду. Бирок төөлөр, анын жаман оюн сезип, ишенбеген күрөң көздөрү менен карашып, ал жакындаганда үркүп жатышты. Үчүнчү күнү анда безгек башталды. Айласы түгөнүп, акыры, тынчтыкты орнотуу ниети менен Сокурлардын дубалын көздөй сойлоп жөнөдү. Ал чоң арыкты бойлоп сойлоп, эки сокур дарбазадан чыкканга чейин кыйкырып, аларды чакырды. Анан алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
— Мен жинди болуптурмун, — деди ал, — бирок мен жаңы жаралбадымбы.
Бул аларга жакты. Ал өзүнө акыл кирип калганын, өз кылмыштарына өкүнгөнүн айтты. Күтүлбөгөн жерден ыйлап жиберди, анткени ал алсыз жана оорулуу болчу, бирок алар муну жакшы жышаан деп эсептешти.
Анан дагы эле “мен көрөм” деп ойлойсуңбу? –деп сурашты.
– Жок – деди ал – бул акылсыздык болучу. Бул болбогон сөз, эч нерсеге татыбаган сөз.
– Биздин үстүбүздө эмне бар деп ойлойсуң?
— Дүйнөнүн үстүнөн ондогон адамдардын боюнан да бийиктикте чатыр бар… таш чатыр, абдан жылмакай…
Ал кайрадан эчкирип ыйлап жиберди.
— Башка суроо бербегилечи, мага тамак бергиле, ансыз ачкадан өлөм.
Ал катаал жаза күткөн, бирок сокурлар чыдамдуулукту көрсөтө алышты. Алар анын козголоңунан тек гана акыл-эсинин кемчилигин, өнүгүүсүнүн эң төмөнкү баскычында турганын жаңы далил катары көрүштү. Аны жөн гана сабап, эң оор кара жумушту аткарууга буйрушту, эми ал нанын кантип таап жешти билбегендиктен, буйруктарды момундук менен аткарып жатты.
Бир нече күн бою ал ооруп жүрдү, бул күндөрү алар ага камкордук менен мамиле жасашты. Бул анын баш ийүүсүнүн оордугун жеңилдетти. Бирок аны караңгыда жатууга мажбурлашты, бул ага чоң жаза болчу. Сокур философтор ага келип, анын деңгээли жөнүндө айтышып, анын аалам кутусун жапкан таш чатырга болгон шектенүүлөрүн негизсиз экенин далилдегенге аракет кылышты. Ал өзүн сыйкырдуу түш көрүп жаткандай сезди, анткени ал өз үстүндөгү чатырды көрө алган жок.
Ошентип Нуньес Сокур өлкөсүнүн жараны болуп калды. Анын тургундары ага бир тектүү масса болуп көрүнбөй, анын көз алдында жеке өзгөчөлүктөргө ээ болушту, ал эми тоолордун ары жагындагы дүйнө барган сайын алыскы, реалдуу эмес болуп баратты. Бул жерде, жаңы жашоодо, анын кожоюну Якоб — эгер кыжырдантпаса, жакшы адам болчу. Якобдун жээни — Педро; анан Якобдун кичүү кызы — Медина-Саротэ дегендер бар эле.
Сокурлар өлкөсүндө ал кызды көп деле баалашчу эмес, анткени анын бетинин формасы өзгөчө болчу, ага сокурлар үчүн идеалдуу аялдык сулуулук берген жагымдуу жибектей жылмакайлыгы жетишпеген. Бирок Нуньес башынан эле кызды жактырып калган, а азыр бул ааламда андан ашкан сулуу жан жок деп билчү. Анын жумулган кабагы өрөөндөгү башкалардыкына окшоп үңүрөйүп турчу эмес, кызыл эмес эле — алар каалаган убакта кайра көтөрүлө тургандай көрүнчү. Ошондой эле анын узун кирпиктери алардын көз карашында көрксүздүк деп эсептелген. Анын үнү, коңур, уккулуктуу болчу, бул өрөөндүн тургундарынын кулагына жаккан эмес. Ошондуктан анын колун сураган адам болбогон.
Нуньес, эгер аны аялдыкка алса, бүт өмүрүн өрөөндө эч кор болбой өткөрөм деп ойлогон учур да келди.
Ал ага жакындап, кичинекей болсо да бир белги көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк издеди; ал да ага тартылганын байкады. Бир жолку майрамдык чогулушта алар жылдыздардын жарыгында жанаша отуруп, жай музыканы угушту. Ал анын манжаларына колун тийгизип, аларды кысууга батынды. Кыз да акырын кысуу менен жооп берди. Ал эми бир жолу алар караңгыда тамактанганда, анын колу акырын анын колун издеп жатканын сезди, ошондо жүрөктөгү жалыны күчөп, ал анын жүзүндөгү сүйүүнү көрдү. Ал аны менен сүйлөшүүгө аракет кылды.
Бир жолку жай айдын түнүндө ал бир нерсе токуп жатканда жанына барды. Күмүштөй жарыкта ал өзү да күмүштөй жана сырдуу көрүндү. Анын жанына барып олтуруп, аны сүйөрүн, анын аябай сулуу экенин айтты. Анын үнү сүйгөн адамдын үнү эле, бул жумшак, дээрлик сый-урмат менен айтылган жылуу сөз, буга чейин эч качан эркектердин сыйын билбеген кызга катуу таасир берди. Ал ага так жооп берген жок, бирок анын сөздөрү ага жагымдуу экенин билдирди.
Ошол сааттан баштап ал мүмкүнчүлүк болгон сайын аны менен сүйлөшчү. Өрөөн ал үчүн дүйнө болуп калды, ал эми тоолордун ары жагындагы, адамдар күн нурунда жашаган дүйнө эми анын кулагына шыбырай турган сыйкырдуу жомоктой. Ал өтө сактык, этияттык менен ага көрүү жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылды.
Көрүү кызга поэтикалык ойдон чыгарылган нерседей сезилчү, ал эми ал жылдыздарды, тоолорду, өзүнүн назик, айдай аппак сулуулугун сүрөттөгөндө өзүн күнөөлүүдөй сезчү, бул ага бузукулукка жол берүү сыяктуу эле. Ал ага ишенчү эмес, жарым-жартылай түшүнсө да, кандайдыр бир түшүнүксүз кубанычты сезчү, ал эми ал анын бардыгын түшүнүп, бардыгына ишенет деп ойлочу.
Акыры ал Якобдан жана аксакалдардан кыздын колун суроону чечти, бирок эжелеринин бири андан мурда барып, Якобго Медина-Саротэ жана Нуньес бири-бирин сүйөрүн айтканга чейин кыз коркуп, кечиктирип жүрдү.
Нуньестин Медина-Саротэга үйлөнүү идеясы башында катуу каршылыкты пайда кылды: кызды көп деле баалашпагандыктан эмес, жөн гана Нуньести өзгөчө бир жандык — келесоо, жетиле элек адам, деңгээли төмөн деп эсептешкен. Эжелери караманча каршы чыгып, кыздын бүт үй-бүлөнү уят кыларын айтышты. Ал эми улгайган Якоб, өз жолу менен жакшынакай, моюн сунган кул болгонуна карабастан, башын чайкап, бул мүмкүн эмес деп кайталады. Бардык жаштар расаны бузуу идеясына ачууланып, айрыкча бир жигит катуу ачууланды, ал Нуньести ашата сөгүп, аны муштап жиберди. Нуньес да жоопсуз калтырган жок. Бир нече күндөн бери биринчи жолу ал көрүү караңгыда да артыкчылык бере аларын түшүндү. Бул мушташтан кийин эч ким ага кол көтөрүүгө батынган жок. Бирок үйлөнүү дагы эле мүмкүн эмес деп эсептешти.
Улгайган Якоб кичүү кызына назиктик менен мамиле кылып, ал анын ийнине башын жөлөп ыйлай баштаганда аны соорото баштачу.
— Түшүн, кызым, ал акылсыз. Ал жөөлүгөн неме; бир нерсени тыңгылыктуу кыла албайт.
— Билем, — дечү шолоктоп ыйлаган Медина-Саротэ. — Бирок ал азыр мурункудан жакшы. Ал барган сайын оңолуп барат. Ал күчтүү, боорукер, дүйнөдөгү бардык адамдардан күчтүү жана боорукер. Ал мени сүйөт… мен да аны сүйөм, ата.
Улгайган Якоб кызынын азап чегип жатканын көрүп эмне кылышты билбеди. Дагы бир жагдай — Нуньес ага да жага баштаган. Ошентип ал башка аксакалдардын арасында талкуунун жүрүшүн байкап олтуруп, өз убагында ортого өз оюн билдирди:
— Ал азыр мурункудан жакшыраак; бир күнү биз сыяктуу акыл-эстүү болуп калышы мүмкүн.
Бир аз убакыттан кийин акылдуу аксакалга бир жакшы ой келди. Өз элинин арасында ал чоң окумуштуу, дарыгер жана философ жана да ойлоп табуучу акылга ээ болчу. Анын акылдуу башында Нуньести анын өзгөчөлүктөрүнөн айыктыруу идеясы жаралды. Бул жолу Якобдун алдында ал кайрадан Нуньес жөнүндө сөз кылды.
— Мен Богота тууралуу ойлондум, — деди ал, — эми мага иш ачык болуп калды. Мен анын айыктырса болот деп ойлойм.
— Мен ар дайым муну үмүт кылгам, — деп жооп берди улгайган Якоб.
— Анын мээси бузулган, — деди сокур дарыгер.
Аксакалдар анын айтканы макул болушуп чурулдап жиберишти.
— Бирок суроо туулат: ал эмне үчүн бузулган?
Улгайган Якоб оор дем алды.
— Мына мындай, — деп улантат дарыгер, өз суроосуна жооп берип. — Көз деп аталган жана бетиндеги жагымдуу кичинекей чуңкурду жаратууга арналган ошол кереги жок кошумчалары оору менен жабыркап, бул анын мээсине да таасир берет. Алар абдан чоңойгон, коюу кирпиктер өсүп чыккан, кирпиктери өйдө-ылдый кыймылдап, ошол себептен анын мээси дайыма дүүлүгүп, ойлору топтоло албайт.
— Ушундайбы? — деп таң калды улгайган Якоб.
— Ушундай… — Мен толук ишеним менен айтам, анын толук айыгышы үчүн абдан жөнөкөй операция керек, тактап айтканда, ошол дүүлүктүргөн кичинекей органдарды алып салуу керек.
— Анан ал айыгып кетеби?
— Ал толук айыгып, үлгүлүү жаран болуп калат.
— Илимге баракелде! — деп кыйкырды улгайган Якоб жана дароо эле Нуньеске өзүнүн бактылуу үмүтүн бөлүшүү үчүн жөнөдү. Бирок Нуньес бул жакшы жаңылыкты эч бир кубанбай кабыл алганы аны таң калтырды.
— Айтканыңды уксам, сен кызымды таптакыр ойлобойт окшойсуң!
Нуньести сокур хирургга кайрылууну Медина-Саротэ да сунуш кылды.
— А сен? Сен мени сокур болгусу келет деп ойлойсуңбу? — деп сурады ал. Кыз башын чайкады.
— Көрүү — бул менин дүйнөм! Кыз башын ылдый салды.
— Дүйнөдө далай-далай сулуу нерселер бар, кичинекей сулуулуктар: гүлдөр, аскалардын арасындагы эңилчектер, асмандагы калкып жүргөн булуттар, көпкөк асман, жашыл бактар, асман толо жылдыздар.
Анан дүйнөдө сен барсың! Сени көрүү үчүн эле көз керек, сенин сүйкүмдүү, жаркыраган жүзүңдү, сенин борсойгон эриндерди, кымбат, сулуу колдоруңду көрүү үчүн… Билсең ушул менин көздөрүмдү, мени сага багындырган көздөрүмдү, мени сага байлаган көздөрүмдү, ушул акмактар чукуп салгылары келип жатышат!
Сени сезип, сени угуп, бирок эч качан көрбөй калса деп ойлошот! Мени өзүлөрүнүн аска-таштардан жана караңгылыктан турган – силердин оюңардын баарын ээлеп алган аянычтуу жаман чатырыңардын алдына киришимди каалайсыңбы?! Жок, сен буга макул болушумду каалабайсың да, туурабы?!
Анда жагымсыз шектенүү пайда болду. Ал жооп берүүнү талап кылган жок, бирок унчукпай калды.
— Кээде, — деп баштады кыз, — кээде мен каалайм...
— Ошондойбу?!
— Кээде мен сени мындай нерселерди айтпаса экен дейм.
— Кандай нерселерди?
— Мен түшүнөм, бул аябай кооз, бул сенин кыялдарың. Мен аларды сүйөм. Бирок азыр…
— Анан? — деп акырын сурады ал. Ал унчукпай калды.
— Балким сен мени… көзүмдү алдырып салсам жакшы болмок деп ойлойсуңбу, эгер… – Ал баарын тез эле таразалап көрдү. Анын ичинде ыза кайнап турду. Тайкы тагдырына болгон ыза, бирок ошол эле учурда аны түшүнүүгө кудурети жетпеген шоркелдей кызды аяган, боор ооруганга окшогон назик бир сезим козголду.
— Сүйүктүүм, — деп шыбырады ал. Кыздын өңүнүнүн күтүлбөгөн жерден кубара түшкөнү, ал канчалык, бүт жан дили менен каалаган нерсесине жетүүгө умтулганын, бирок айтууга батынбаган нерсе экенин көрсөттү. Ал аны кучактап, кулагынын учунан өөп, бир мүнөт унчукпай отурушту.
— Эгер мен макул болсом эмне болот? — деди ал шыбырап.
— О, эгер макул болсоң! — Эх..эгер макул болсоң кана!
Операциядан, аны кулчулуктан жана кемсинтүүдөн сокурлар өлкөсүнүн жарандыгынын деңгээлине көтөрөр операциядан бир жума мурун Нуньес таптакыр уктай албады. Жылуу күндөрдө, башкалар тынч уктап жатканда, ал ойлонуп отурду же талаада максатсыз басып, өзүнүн башаламан акылын калыбына келтирип, тандоо жасоого аракет кылды. Ал жообун берген, макул болгон, бирок ичинен али чечим кабыл ала элек болчу. Анан эмгек убактысы өтүп, күн тоо чокуларынын үстүндө өзүнүн бүткүл кооздугу менен көтөрүлүп, Нуньес үчүн акыркы жарык чача турган күн да башталды. Ал уктаар алдында Медина-Саротэ менен бир нече мүнөт өткөрдү.
— Эртең, — деди ал, — мен эртеңден баштап эч нерсе көрбөйм.
— Сүйүктүүм, — деп жооп берди ал анын колун бекем кысып. — Бир аз гана ооруйт, сен бул ооруну көтөрө аласың… сен ага чыдайсың, сүйкүмдүүм, мен үчүн… Сүйүктүүм, эгер аялдын жүрөгү, бүт өмүрүң өткүчө сыйлык боло алса, мен аны сенден аябайм. Кымбаттым, боорукерим, сүйкүмдүү үнү бар адамым, мен сени сүйөм. – Өзүнө жана ага боору ооруп, көзү жашылдана түштү.
Ал аны кучактап, эриндерин эриндерине тийгизип, акыркы жолу анын тынч жүзүнө карады.
— Кош бол, — деп шыбырады да, бурулуп кетти. Кыз анын акырын алыстап бараткан кадамдарын угуп, анын ыргагында бир нерсе бар эле, ал көз жашын токтото албай ыйлап жиберди.
Ал жөн гана ээн жерге, ак нарцис гүлдөгөн жайыкка барып, курмандык убактысы келгенге чейин ошол жерде отуруп келейин деп ойлогон, бирок башын өйдө көтөрүп, атып келаткан таңды көрдү — таң, алтын зоот кийимин кийген периштеге окшоп, аскалардан түшүп келаткан. Ага ушул улуулуктун алдында ал өзү, жана өрөөндөгү бул сокур дүйнө, жана анын сүйүүсү — бардыгы, бардыгы жөн гана жийиркеничтүү жана күнөө сыяктуу көрүндү.
Ал өзү ойлогондой кайра артына бурулбады, тескерисинче, дубалдын сыртына, тоолорду карай бет алды, ал көзүн күн нуру төгүлгөн мөңгүлүү чокулардан алган жок. Алардын чексиз сулуулугун көрдү, эми анын ойлору ал түбөлүккө баш тарткысы келген мекенине кетти. Өзү алыстап кеткен улуу эркин дүйнө жөнүндө, өз бешиги болгон мекени жөнүндө терең ойго чөмүлдү. Анын көз алдында тоолордун дайыма жаңы түскө боёлгон чокулары, алардын арасындагы укмуштуудай түркүн түстүү, жандуу кооздугу менен көздү өзүнө тарткан бир ажайып шаар – күндүн чыгышы менен жаркыраган, ал эми түн киргенде сырдуу жарыкка оронгон хан сарайлар, шаркыратмалар, көп кырдуу айкелдер жана аппак үйлөр – ушунун баары, улуу Богота шаарынын керемети көз алдына тартылды. Ал тоолуу капчыгайларды аралап, эки-үч күн ичинде ошол жерге жетерин, ар бир кадамы аны шаардын ызы-чуулуу көчөлөрүнө жана кенен авенюларына жакындатарын кыялданып, жүрөгү кубанууга, көңүлү шаттыкка бөлөндү.
Анын көздөрү тоолордун таш пардасын барган сайын тигиле карап жатты. Эгер, мисалы, бул кокту менен өйдө чыгып, анан ал жерден жарака аркылуу көтөрүлсө, асканын тектиринде өсүп турган бутактуу, тартайган карагайлардын жогору жагынан чыкса болот экен.
Андан арычы? Балким, тигил шагыл үсүнө чыкса болот. Анан кандайдыр бир жол менен таш дубалга жармашып мөңгүнүн четине чыгып, эгер ал жаракадан өтө албаса, анда нарырак, чыгышта жайгашкан башкасы менен чыкса болчудай. Анан кандай кылат? Андан кийин янтардай жалындаган чокуга чыгасың, андан ары жолдун жарымы калат.
Ал артына бурулуп, аны көпкө чейин Сокурлардын айылын карап турду. Ал Медина-Саротэ жөнүндө ойлонду, айыл алыс жана кичинекей болчу. Ал кайрадан күн чыгып келаткан тоолордун дубалына бурулду. Анан ал абдан этияттык менен карай өйдө чыга баштады. Күн бата баштаганда, андан ары барган жок: ал алыс жана абдан бийик жерге жеткен. Ал мындан да жогору жактарда болгон, бирок азыр турган жери да абдан бийик болчу. Анын кийимдери тытылып, алакандары кан чыкканча айрылып, денеси көгөргөн эле, бирок ал кыймылдабай жатты, анын жүзүндө жылмаюу бар эле.
Ал жаткан жерден өрөөн бир чакырымга жакын төмөн жакта, кичинекей ойдуң сыяктуу көрүндү. Кеч кирип, туман жана көлөкөлөр жайыла баштаган, айланадагы тоо чокуларында батып бараткан күндүн кызгылт нуру менен боёлуп, анын жанындагы аскалуу жылгалар назик сулуулукка толгон эле. Жанындагы аскалардын ар бир бөлүкчөсү назик сулуулукка сугарылган, бозоргон таштардын арасынан жашыл кендин тарамдары өтүп, кристаллдардын кырлары жаркырап, майда кызгылт сары эңилчектер анын жүзүнүн тегерегиндеги ичке оймо-чиймелердей сезилет.
Капчыгайды терең, сырдуу көлөкөлөр каптады; көгүлтүр түс коюу кызгылт көккө, ал эми кызгылт көк түнөргөн караңгылыкка айланды, ал эми жогору жакта чексиз кең асман. Бирок ал бул сулуулукка көңүл бурган жок, ал кыймылсыз жатты. Ал «Сокурлар өрөөнүнөн» — өзү падыша болом деп ойлогон жерден — кутулуп чыкканына эле ыраазы болуп, жылмайып жатты. Күн батып, түн кирди, ал болсо муздак, жарык жылдыздардын астында кыймылдабай, өзүнө ыраазы болуп жата берди.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR