Хорхе Луис Борхес: Парацельстин розасы

  • 23.07.2026
  • 198

АҢГЕМЕ

Жертөлөдө жайгашкан эки бөлмөлүү алхимиялык өнөрканада отурган Парацельс өз Кудайынан, жалпы эле кайсы Кудай болбосун, ага бир шакирт жөнөтүүсүн өтүнүп жатты.

Күн батып бараткан. Очоктун алсыз жарыгы күңүрт көлөкөлөрдү түшүрөт. Ордунан туруп, темир чыракты жандыруу үчүн колун сунуу өтө эле оор жумуш эле; чарчаган Парацельс түн өзүн бара-бара кучагына алуусуна макул. Ал аябай чарчап, өз өтүнүчүн да унутуп койду.

Эшикти бирөө какканда, түн өзүнүн караңгы кучагына алып, чаң баскан алхимиялык идиштер менен колбалар көрүнбөй калган. Уйку-соонун ортосундагы кожоюн ордунан туруп, бийик спираль тепкич менен өйдө чыгып, эшикти ачты.

Үйдө бейтааныш адам пайда болду. Ал да өтө чарчаптыр. Парацельс ага отургучту көрсөттү; кирген киши отуруп, күтүп калды. Бир топ убакыт унчукпай отурушту.

Мугалим биринчи болуп сүйлөдү:

— Мен Чыгыш менен Батыштын адамдарын жүзүнөн ажыратып тааныйм, — деди сыймыктуу. — Бирок сенин жүзүң мага белгисиз. Сен кимсиң, менден эмне күтөсүң?

— Менин атымдын мааниси жок, — деп жооп берди кирген адам. — Үч күн, үч түн жол жүрүп, сенин үйүңө жеттим. Шакиртиң болгум келет. Колумда эмне болсо, баарын алып келдим.

Ал капчыгын ачып, үстөлгө төктү. Бул алтын тыйындар эле, алар абдан көп болчу. Ал муну оң колу менен жасады. Парацельс чыракты жандыруу үчүн сыртка чыкты. Кайтып келгенде, тиги адамдын сол колундагы розаны көрдү. Розаны көргөнгө толкунданды.

Ал орундукка жайланышып, манжаларын кайчылаштырып, мынтти:

— Мени бардык табигый элементтерди алтынга айландырар ташты жаратарымдан үмүттөнүп, мага алтын сунуштаганыңбы? Бирок мен алтын издебейм. Эгер сага алтын кызык болсо, эч качан шакиртим боло албайсың.

— Мага алтын кызык эмес, — деди кирген киши. — Бул тыйындар менин эмгектенүүгө болгон даярдыгымдын далили. Мага Илим үйрөтүүңдү каалайм. Жаныңда Ташка алып барар жолду басып өткүм келет.

Парацельс жай сүйлөдү:

— Жол — бул Таш. Кайдан келаткан болсоң — бул Таш. Эгер бул сөздөрдү түшүнбөсөң, анда эч нерсе түшүнбөйсүң. Ар бир кадам — бул максат.

Кирген адам ишенбестик менен карады. Ал такып сурады:

— Демек, баары бир максат барбы?

Парацельс күлдү:

— Мени жамандагандар, акылсыздар сыяктуу эле абдан көп. Алар максат жок деп ишендирип, мени жалганчы дешет. Бул боюнча башка пикирим бар, бирок өзүмдү иллюзиялар менен алдап жатканымды да мойнума алам. Мен билген бир гана нерсе — Жол бар.

Унчукпай отурушту, анан кирген киши мындай деди:

— Сени менен аны басып өтүүгө даярмын; керек болсо бул үчүн жылдарымды арнайм. Мага чөлдү басып өтүүгө уруксат бер. Таманым тийбей, сырттан болсо да убадаланган жерди көрүүгө уруксат бер. Бирок жолго чыгардан мурун, мага чеберчилигиңдин бир далилин көрсөт.

— Качан? — тынчсызданып сурады Парацельс.

— Азыр, — деди шакирт күтүлбөгөн чечкиндүүлүк менен.

Башында алар латынча, азыр немисче сүйлөшүп жатышкан.

Жигит алдындагы розаны колуна алды:

— Сен өз илимиң менен розаны өрттөп, анан өз күлүнөн кайра өзүн тирилтет дешет. Мага бул кереметке күбө болууга уруксат бер. Сенден ушуну суранам, ушуну жасасаң, сага жанымды да аябаска даярмын.

— Сен өтө ишенчээк экенсиң, — деди устат. — Мага ишенчээктин кереги жок. Мага ишеним керек.

Кирген киши өз оюнан кайткан жок:

— Ошол ишенбегеним үчүн, розанын жок болушун жана кайра жашоого келишин көргүм келет.

Парацельс розаны колуна алып, ары-бери айлантты:

— Ишенчээксиң, — деп кайталады. — Мени муну жок кыла алат дедиңби?

— Ар бир адам аны жок кыла алат, — деди шакирт.

— Адашасың. Сен жоктукка кайтып келүү мүмкүн деп ойлойсуңбу? Адам ата менен Обо эне Бейиште бир гүлдү, бир чөптү, жада калса чаңдын бир бүртүкчөсүн да жок кыла алат беле?

— Биз Бейиште эмеспиз, — жигит өзүнүкүн бербеди. — Биз бул жерде, айдын астындабыз, бардыгыбыз өлүмгө дуушар болобуз.

Парацельс ордунан турду:

— Анда биз кайдабыз? Жаратуучу Бейиштен башка дагы бир нерсе жараткан дейсиңби? Күнөө кылганыбыз — бул Бейиште экенибизди түшүнбөгөндүк экенин билесиңби?

— Роза күйүп кетиши мүмкүн, — шакирт өзүнүн айканын бербеди.

— Бирок очокто от калат, — деди Парацельс.

— Эгер бул розаны отко ыргытсаң, ал жоголуп, күлү каларына ишендиресиң.

— Мен розанын өлбөс экенин, анын сырткы көрүнүшү гана өзгөрөрүн кайталайм. Менин бир гана сөзүм жетиштүү болмок, сен аны кайра көрмөксүң.

— Бир гана сөзбү? — ишенбестик менен айтты шакирт. — Колбалар менен алхимиялык идиштерди чаң басып бош турат. Анан аны кантип кайра жашоого алып келмексиң?

Парацельс аны боор ооругандай карады:

— Ооба, колбалар менен алхимиялык идиштерди чаң басып бош, — деп кайталады. — Мен өмүр бою эмнелерди гана колдонбодум; азыр аларсыз эле жашайм.

— Азыр эмнени колдоносуң? — деди кирген киши.

— Ааламдын Жаратуучусу асманды, жерди жана биз жашаган, бирок бизден тукум кууган күнөө менен жашырылган көрүнбөс Бейишти жараткан кезде колдонгон нерсе менен. Мен Сөздү айтып жатам, аны билүүгө Каббала бизге жардам берет.

Шакирт кайдыгерлик менен мындай деди:

— Сенден розанын жоголушун жана кайра пайда болушун көрсөтүүнү суранам. Эмнени колдонгонуң — колбалар менен идиштерби же Сөзбү — бул мен үчүн мааниге ээ эмес.

Парацельс ойлонуп, жооп кайтарды:

— Эгер муну кылсам, көргөнүңдүн бардыгын «көз боёмочулук» демексиң. Керемет сага издеген ишенимди бербейт. Ошондуктан розаны жайына кой.

Жигит ишенбестик менен карады. Устат капыстан үнүн бийик чыгарды:

— Сага ким устаттын үйүнө кирип, керемет көрсөтүүнү талап кылууга укук берди? Мындай ырайымга кантип татыктуу болдуң?

Жигит толкунданып кетти:

Учурдагы алсыздыгымды түшүнөм. Келечекте сага узак убакыт кызмат кылуумдун акыбетине, мага күлдү, анан розаны көрүүгө уруксат берүүңдү өтүнөм. Сенден башка эч нерсе сурабайм. Көз менен көргөнүм — мага далил.

Тез кыймыл менен ал Парацельс койгон жерден кызыл розаны алып, отко ыргытты. Роза күйүп, бир ууч күл калды. Ал Сөздү жана кереметти күттү.

Парацельс кайдыгер эле. Ал күтүлбөгөн жерден ачыгын айтты:

— Базельдеги бардык дарыгерлер жана фармацевттер мени шарлатан деп эсептешет. Көрүнүп тургандай, алар туура айтат. Мына күл, ал роза эле, мындан ары роза болбойт.

Жигит уялып кетти. Парацельс жалганчы же фантазёр эле, ал эми өзү ага кирип келип, анын сыйкырдуу илиминин алсыздыгын моюнга алууну талап кылып жаткан.

Ал тизелеп отуруп айтты:

— Мен күнөө кылдым. Ишенимим жетишсиз болду, ансыз Кудайга сыйынуу жок. Менин көзүм күлдү көрдү. Рухум күчтүү болгондо кайтып келем да, шакиртиң болом жана жолдун аягында розаны көрөм.

Ал чыныгы сезим менен сүйлөдү, бирок бул сезим улуу, көп азап чеккен, өтө өзгөчө, демек, ушунчалык алсыз картаң устатка боору ооруугандан улам пайда болгон эле. Иоганн Гризебах өзүнүн ыйык эмес колу менен боштуктун бетинен маскасын сыйырып алууга кантип батынсын?

Калтырган алтын тыйындары кайыр-садагадай болмок. Ал чыгып баратып, аларды кайра алды. Парацельс аны тепкичке чейин коштоп, бул үйдө ал дайыма каалаган конок болорун айтты. Экөө тең кайра жолугушпай турганын жакшы билишчү.

Парацельс жалгыз калды. Чыракты өчүрүп, креслого жайгашты да, уучундагы күлдү бир силкип, Сөздү акырын шыбырады.

Роза пайда болду.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз