Феликс Кривиндин классикалык чакан аңгемелери

  • 29.07.2026
  • 84

Токойдогу от

От өчмөй болуп калды. Анын чогу эптеп эле жылтырайт, ал өзүнөн бир сааттай убакыттан кийин үйүлгөн күлдөн башка эч нерсе калбасын жакшы түшүндү. Калың токойдогу бир ууч күл. Болду.

От акырын чыртылдап, жардамга чакырып жатты. Кызыл тили карайып өчүп бараткан көмүрдү жанталашып жалмалайт. Жанынан агып өтүп жаткан Булак сурай кетти:

— Сизге суу керекпи?

Алсыз от жини келип, айласыздан бышылдап түтөп кетти. Ага азыр суу эле жетпей жатты эле! Өз сунушу орунсуз болгонун сезе койгон Булак кечирим сурамыш болду да, андан ары шылдыраган боюнча шашылып агып, алыска сапарын улантты.

Өчүп бараткан отко жардамга, жакын турган бадалдар келишти. Алар унчукпай ага бутактарын сунушту. От сунулган бутактарга чап жармашты. Оо шумдук! Өчүп бараткан от кайрадан жалын чачып, жаңы күч менен күйө баштады. Убагында берилген бутактын жардамы от үчүн кандай маанилүү!

От бадалдарга таяна өйдө турду, ал өтө деле кичинекей эмес экен. Анын кучагында калган бадалдар качыр-кучур болуп жалынга сиңип кетти. Аларды сактап калчу эч ким жок эле. От улам өйдө көздөй умтулуп жөнөдү. Ал эми бойлуу жана жаркыраган сулууга айлангандыктан ага бийик карагайлар да тартыла башташты: бирөөлөрү анын кооздугуна кызыгып, экинчилери жөн гана жылынгылары келди. Алыстагы дарактар Отко жакын тургандарга суктанып, ага жакындасак деп кыялданышты.

— От! От! Биздин Отубуз! – деп шуулдап жатышты алыстагы дарактар. – Ал бизге жылуулук тартуулап, биздин жашообузга жарык берет!

Ал эми жанындагы дарактар андан да катуу үн чыгарып жатышты. Алар отко суктангандан эмес, От аларды жалыны менен жалмап, андан да бийик көтөрүлүш үчүн үстүлөрүнөн аёосуз тебелеп жаткандыктан онтолоп жатышкан. Ушундай кубаттуу Оттун күчүнө ким туруштук бере алат дейсиң?

Бирок Отту өчүрө турган күч да табылды. Чагылган чартылдап, нөшөр төгүп өттү. Дарактардан оор көз жаштар ылдый тоголонду — алар көнө түшкөн жана тигилерди жутуп бүтө электе өчүп калган Отту жоктоп ыйлап жатышкан.

Бир аз кечирек, бир топ убакыт өткөндөн кийин гана көз жаштары кургаган дарактар, От жалындап өткөн жерде аңырайган чоң, күл баскан кара так калганын көрүштү.

Жок, От эмес — Өрт. Токойдогу өрт. Ал коркунучтуу табигий кырсык эле.

Жээк

— Сен чөгүп кеткенден коркпойсуңбу? – деп сурайт Чамынды Толкундан.

— Чөгүппү? – тынчсыздана түштү Толкун. – Сен чөгүп дедиңби?

Толкун биринчи жолу жээкке чыккысы келди.

Ал жээктеги ыңгайлуу аянтчага убагында жетти, жумшак кумга жайгашып, тынч, бейпил жашоону баштоону чечти. Капилеттен ал темселей түштү.

— Чөгүп баратам! – деп бир кыйкырды да, кумга сиңип жок болду.

Тыюу салынган мөмө

Кой чач тарачтын алдына келип, чачын кырктырып жаткандарга суктана карады.

Ал өз фермасында кыркынды жек көрчү. Анткени ал жакта бардыгы башкача: аны курсагын тоюндурчу, сугарышчу, жүнүн кыркып беришчү жана анын баары бекер эле. А бул жерде…

Эгерде койдун акчасы болсо, сөзсүз кырктырганга келмек!

Кечки чай

Чайнек ашканадагы кайнаган ишмердүүлүгүн аяктап бөлмөгө киргенде, үстөлдө бардыгы кыймылга келишет. Ага салам айтып, чөйчөктөр менен кашыктар көңүлдүү шыңгырашат. Кант салгыч сый иретинде баш кийимин алат. Бир гана эски баркыт Дасторкон кабагын бүркөп, булганбагаган репутациясын сактап калгысы келип, үстөлдөн кеткиче шашат.

Раковина

Бузулган Кран өзүн мыкты чеченмин деп сезчү. Ал сутка бою тынбай тамчылатып чулдураганынан, сууга көнгөн чака, мискей, чаралар да бир ооздон: “Болду, жетишет. Тажап бүттүк!”— деп чыга беришти. Бирок Крандын чыныгы курбусу – Раковина бар. Ал анын көмөкөйүнөн чыккан бардык сөздөрүн бир тамчысын калтырбай маашырлануу менен укканга даяр эле.

Чындыгында, уккандары сакталбай, агып кете берчү, бирок бул анын бузулбай иштеп жатканынын белгиси эле.

Жарык чачкыч

Электр приборлорун саткан дүкөндө Люстра чоң сыйга ээ эле.

— Ал өзүнө ылайыктуу шыпты таап алса, – дешчү үстөл лампалары, — дүйнө жүзү жарык боло түшмөк.

Ар кайсы үстөлдөргө жайгашкан лампалар өздөрүнүн азыркы учурда чоң жарык чачуучулардын бирине айланган атактуу жердешин көпкө чейин эстеп жүрүштү.

Ал эми Люстра күндүр-түндүр чоң ресторанда жашоо өткөзөт. Ал жаман эмес жерге, шыптын так ортосунда орун алып, жаркырап, үстөл лампалары өмүр бою бере албаган жарыкты берип турду.

Бирок мындан дүйнө жүзү жарык болуп кеткен жок.

Көз айнек эмнеге керек?

— Эмне үчүн көз айнек кийбейсиз? – деп сурашты Кумурскадан.

— Кандай десем… – деди ал. – Мен күндү, асманды көрүп турушум керек, кайда барары белгисиз мына бул жолду көрүшүм керек. Досторумдун күлкүлөрүн көрүшүм керек… Ал эми майда-чүйдө нерселер мени кызыктырбайт.

Сүрөт

Сүрөт жаратылышка баа берет дейт:

— Бардыгы жакшы дечи — фону жана түстөрдүн айкалыштары. Бирок кандайдыр бир рамка деген болуш керек да!

Чыгармачыл ыкма

Гүлдөрдүн талашы кереметтүү кооздук жөнүндө болду.

Сөздү Тикенек алды:

— Мен Розанын чыгармачыл ыкмасына макул эмесмин. Курчтугу — ооба, бар! Тереңге сүңгүп кирүү — мен аны жакшы түшүнөм! Бирок эмне үчүн бардыгы күлгүн түстө берилген…

Көзкараш

– Бөлмө ачык туруш керек, — дейт Каалганын Туткасы каалганы ачып жатып каадалуу.

— Бөлмө жабык туруш керек, – деген философиялык ойду айтат каалганы жаап жатып.

Каалганын Туткасынын көз карашы ким кайсы тараптан кармаса, ошого жараша өзгөрүп турат.

Тикенек

— Биздин барар жагыбыз бир окшойт, – дейт Тикенек бутка сайылып. –Жакшы болду: чогуу көңүлдүү барабыз.

Буту ооруган бала бир буттап секире баштаса, Тикенек кубанычтуу жылмайыптыр:

— Мен айтпадым беле, чогуу көңүлдүү болот деп!

Жамаачы

Жаңы Жамаачы бир топ эле көрүнүктүү эле, ал аны эмне үчүн көрсөтпөй катып коюуга аракет кылышканын түшүнгөн жок. Ал бул эски кемселде аябай өзгөчөлөнүп турбайбы!

Парус

— Кайрадан шамал! – деп таарына кетти Парус керилип жатып. – Ушундай шартта кантип иштейсиң?

Бирок шамал тез эле токтоп, Парус шалпайып бир орунга туруп калды. Эми анын такыр эле иштегиси жок.

А качан гана шамал пайда болгондо Парус кайрадан керилип-чоюлуп нааразы болду:

— Ушул да жумушпу! Керээлдин кечке тынбай, жинди немедей жүгүрүп жүрөсүң. Деги бул шамал токтосо болот эле…

Саат

Өзүнө тагылган миссиянын маанилүү жана жоопкерчиликтүү экенин сезген саат токтоп турду: ал убакытты сактап жаткан.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз