О`Шакир: Белгилүү укук коргоочуну түйшөлткөн блогерлик…

  • 25.07.2026
  • 232

“Кыргыз кирген жерин чиритет” дечү Салижан Жигитов. Кайран устат! Анын бул чындыгына чычалайын десек, турмуш чындыгын караң: кыргыз урпагы илим, билим, адабият, искусство, саясат, бизнес, дин, той-топур ж.б… ж.б… – айтор кайда болбосун кыргыз арасы ызы-чуу. Көралбастык. Ачкөздүк. Наадандык. Өктөмдүк. Ыйкы-тыйкысы күч.

Эми блогерчилик кесипти аркалагандар арасында да төбө чачыңды тик тургузган блогерлер четтен табылат. Аныгында блогерлик кесип деген эмне? Жаратма Интеллектин (ChatGPT) аныктамасына көңүл буралы.  

ChatGPT:

Блогер — бул интернеттеги блогдо же санарип платформаларда өзүнүн ой-пикирин, тажрыйбасын, билимин же маалыматтарын үзгүлтүксүз жарыялап турган адам. Ал текст, сүрөт, аудио же видео форматында аудитория менен байланыш түзүп, белгилүү бир тема боюнча коомдук пикирге таасир этүүгө аракет кылат. (Словарь)

Бирок бүгүнкү күндө блогерлик жөн гана интернетке видео чыгарып же сүрөт жүктөп коюу эмес. Бул — маалымат өндүрүүчү, коомдук пикир жаратуучу жана аудитория алдында жоопкерчилик алып жүрүүчү кесип. Айрым учурларда блогер журналисттин, аналитиктин, агартуучунун же коомдук ишмердин функциясын аткарат.

Кесипкөй блогердин негизги белгилери төмөнкүлөр:

• маалыматты текшерип берүү;
• аудитория алдында жоопкерчиликтүү болуу;
• жеке кызыкчылыктан коомдук кызыкчылыкты жогору коюу;
• этикалык ченемдерди сактоо;
• коомго пайдалуу мазмун жаратуу;
• сын айтуу менен катар чечим сунуштай билүү.

Тилекке каршы, биздин коомдо блогерликти айрымдар жеңил атак-даңкка жетүүнүн же акча табуунун жолу катары түшүнүшөт. Натыйжада, чындыкты издегендер менен сенсацияны кубалагандардын айырмасы билинбей калууда. Көрүүчү көп болсо эле сапаттуу блогер болуп калбайсың. Элди дүрбөлөңгө салуу оңой, ал эми коомдун аң-сезимин өстүрүү кыйын.

Блогердин күчү анын катталуучуларынын санынын көптүгүндө эмес, коомго тийгизген пайдалуу таасиринде. Анткени жоопкерчиликсиз айтылган бир сөз миңдеген адамдарды адаштырышы мүмкүн, ал эми жоопкерчиликтүү айтылган бир ой миңдеген адамдардын көзүн ачышы ыктымал.

Ошондуктан блогерлик — бул жөн гана эркиндик эмес. Эркиндик менен жоопкерчиликтин айкалышы. Коомго кызмат кылуунун жаңы формасы. Агер блогер чындыкты туу тутуп, билимди жайылтып, адеп-ахлакты сактай алса, анда ал коомдун өнүгүшүнө салым кошкон инсан. Анын максаты жалгыз эле хайп, акча жана жеке кызыкчылык болсо, анда ал маалыматтык мейкиндиктин көйгөйүнө айланат.

Блогерликтин коомдук жоопкерчилигине токтолгон себебим: белгилүү коомдук ишмер, укук коргоочу эжекебиз Азиза Абдирасулова чалып калды кечээ. Күйбөгөнү күл болгондон чалса керек. Себеби учурда Азиза эжекебиз эки оттун ортосунда калгандай абалда жүргөнүн туйдум. Айтымында: же милийсага, же блогерге тарта албай, ортодогу жабырлануучунун тагдырына тынчсыздангандан улам менден кеңеш сурагандагысы – мени да терең ойго түрттү.

Тараза ташын өлчөөгө келгенде; жалгыз баш деген жалгыз баш. Андыктан коомчулуктун талкуусуна сала турган жагдай экен бул. Маселен, кайсы бир блогер чуу жараткан контент жаратты дейли. Бизде бүгүн удургуган эл-массасы ак-караны ажыратчу жөндөмүнө ээ дешке болбойт. Чуу жараткан окуя шардана болору менен сүрмө топтун бир беткей пикири үстөмдүк кылып, элдин ызы-чуусун басуу керек болот. Ким басат аны? Албетте, расмий бийликтин тиешелүү органдары.

Тилекке каршы, тийешелүү органдар элдин басым-кысымы астында туура эмес чечимге барууга да мажбур болуп калышы мүмкүн. Анткени, жарым-жапайы коомдо “шантаж” кылуу амалын тапчулар да блогерлер арасынан чыкканын туйган А.Абдирасулова эжекебизди түйшөлткөн маселе мени да кайдыгер калтырбады. Себеби, “бир жагынан милийсаларга да боорум ачып атат, – дейт Азиза эже. – Анткени блогер (аты-жөнүн азырынча атабай туралы – О.Ш) дегени жабырлануучу тарапты бир жактуу күнөөлөп, улам-улам коомчулукту дүрбөтөр кайрылууларын чыгаргандан улам, милийсалар да менден бетер ортодо чайналып турган учуру” – экенин айткан укук коргоочу эжекебиздин тынчсыздануусу – жалпы коомдук көйгөй эмей эмне?!  

Мына ошентип, суроо кайра эле баштагы чекитине келип такалат: блогердин жоопкерчилигин ким көзөмөлдөйт?

Менимче, бул жерде эң кооптуу жол — блогерлерди бийлик көзөмөлдөшү керек деген ойго да жетеленбейли. Анткени бүгүн блогерди ооздуктоо үчүн кабыл алынган механизм эртең сөз эркиндигин муунтуунун куралына айланып калышы мүмкүн. Демократиялык коом үчүн бул андан өткөн кокуйду жаратат.

Ошол эле учурда блогерлерди таптакыр жоопкерчиликсиз калтырууга да болбойт. Себеби алардын айрымдары бүгүн миңдеген эмес, жүз миңдеген адамдардын аң-сезимине таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бир кезде мындай күчкө гезиттер менен телеканалдар ээ болсо, бүгүн ошол күч ар бир смартфондо.

Демек, маселени блогерден эмес, аудиториядан издөө зарыл. Элдин акыл-эсин мыйзам эмес, билим коргойт. Коомду цензура эмес, эс-акылдуу күмөн саноо, ой калчоо сактайт.

Агер ар бир жаран уккан маалыматына дароо ишенип албай, "мунун булагы кайдан?", "экинчи тарап эмне дейт?", "мындан ким утат?" деген суроолорду бере алса, анда ар кандай манипуляция күчү өзүнөн өзү алсырайт.

Ошондуктан блогерлердин жоопкерчилигин күчөтүүнүн эң натыйжалуу жолу — элдин медиасабаттуулугун көтөрүү. Мектептен тартып университетке чейин, мамлекеттик кызматтан тартып жарандык коомго чейин маалыматты талдоо маданиятын үйрөтүү зарыл. Коом факт менен пикирдин, далил менен ушактын, журналистика менен хайптын айырмасын ажырата билгенде гана маалыматтык башаламандыктан чыгабыз.

Дегеним, Азиза Абдирасулова көтөргөн маселе да ушул жагынан маанилүү. Анткени сөз бир блогер же бир окуя жөнүндө эмес. Сөз сүрмөтоп коомдук пикирдин күчү жөнүндө болууда. Коомдук пикир адилеттиктин таянычы да боло алат, ошол эле учурда адилеттикти көтөрүп урган эл-массасынын куралына да айланышы мүмкүн.

Ошондуктан мыйзам өкүмдү эмоцияга карап эмес, фактка карап чыгарганы эп. Ал эми коом блогердин үнүнө эмес, далилдин үнүнө кулак салганды үйрөнсө, аттиң!

Бүгүн блогердин манипуляциясына алдансак, эртең башкалардын манипуляциясына алданабыз. Маселе блогерде эмес. Маселе — акылын башка бирөөгө ижарага берип койгон ээрчиме элибизде!

Дал ушул себептен блогерлик маселеси жөнүндө талкуу жүргүзгөндө биз биринчи кезекте жоопкерчиликтүү эркиндикти; блогердин укугун эмес, коомдун акыл-эсин; чууну эмес, чындыкты коргоонун жолдорун издей турган кезең келбедиби?..

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз