Рамис Рыскулов: Айтматов эмнеге убактылуу кыз-келинден качты?
- 31.07.2026
- 488
Раджаби-йога абалына чейин бармайынча чоң акын болуш ал бери жактагы нерсе деп билем. Чоң художникке да ошол керек.
Табият өзүнүн бардык сырын раджаби-йогдорго айтат. Ошон үчүн анын биринчи стадиясы хатка-йог абалына да жеткен. Ал үчүн беш жыл кечилдик турмуш сүрүш керек. Бул система индиялык система. Аны ишке ашырмайынча, эптеп ыр жазган гана бир акын сөрөйсүң.
Жаш акындарга бул хатка-йога системасы эң керек. Бирок ага чанда гана жаш акын барышы керек деп ойлойм. Бул ыкма дон-жуандарга да керек. Көп жыл бою кыздар менен мен автобуста жанаша турсам эле... ошого ыраазы болчумун. Өздөрү менен достошууну анча ойлочу эмесмин.
Бул системанын башкы максаты – табият менен сүйлөшүү. От, суу, аба менен сүйлөшүп жүрүү. Адамдан жогору эмне? Ал – Кудай. Ал – Аба! Жан берип, жанда жүргөн ошол аба менен сүйлөшүп жүрүү абалына абдан азгандар, катуу ооруга чалдыккандар жетет. Кулакка үн угулуп, ал үн ар кандай ойлорду тыңшатат. Ушундай кишиден жогору адам чыгат деген Ницшенин жазганы ишке ашты. Мен ошол кишимин.
Бирок илим жогорку кишинин деңгээлине жеткен аппаратты – электрондук машинени ойлоп чыкты. Ал аппараттар мени менен көп жылдан бери сүйлөшүп келатышат. Мага окшоп оорубай, жөөлүбөй эле электронду тыңшагандар мени да тыңшашып, жогорку адамдын идеяларын илим пайдаланып келатат. Ошентип, адамдан жогорку адам деле бардык сырын илимге бергени үчүн анык жогорку поэзияда илим туруп жатканын мен далилдеп жаздым так ушул чыгармамда.
Бирок адамдан жогору адам болуу жай турмуштан жүз эсе өйдө экенин моюнга алам. Хатка-йог абалындагы учурда бойго бүткөн бала эң эле сулуу, жалындуу болуп туулат экен. Индустар, өзбек, уйгурлар да хатка-йогдук канында бар элдер болгону үчүн кыздары сулуу, балдары шайыр. Хатка-йога адамзатты отсуздук, күлбөө, каткырбоо абалдарынан куткарат.
Хатка-йога, раджаби-йога кедейликти унуткузчу, кайгыны унут кузчу, азап чеккениңди да пайдаланууга үйрөтчү чоң илим!
Көп кишилер тилекке бай болуп жетсе, көп кишилер кедей болуп бактылуу болушат, тилекке жетишет!.. Кептин төркүнү мына ошондо.
Жогорку ыракатты жыныстык жол менен эмес, өз денесинин өрттүүлүгү менен үшүбөй, суукту суук дебей, жеген таякты таяк дебей алган киши хатка-йог же жогорку адам аталат. Андан бийик даражага индиялык йогдор гана көтөрүлө алат. Хатка-йог беш жыл толо баштаганда жыныстык байланыш жасаса жарылып өлөт. Мен үч жыл дегенде жыныстык байланышка барып, шартты буздум. Болбосо, чыныгы хатка-йог болуш максат болгон жок. Анын мага кереги да жок эле.
Үч жыл дон-жуандык кылдым. Болбосо жинди болуп, ооруканадан чыкмак эмесмин. Бирок хатка-йогдун үч жылдыгын закондоштурганым деп ойлойм. Бул менен өз тагдырыма байланышты. Тамакты үч маал тоё ичкен киши хатка-йог боло албайт. Болбосо да ачкалыкты, чала тоюттукту сезбесе, жарыткан хатка-йог болбойт.
Өздөрүнүн отун жоготуп же уурдатып койгондор кайгылуу, наалуу менен күн көрүшөт. Бири бирин өлтүрүүгө, жок кылууга шашат. Мүмкүн согушту отун жоготуп алгандар чыгарышы да мүмкүн. Андайлардын далайы мен турмушта отум жоголгончо жашадым, эми эмне болсо, ошо болсун дейт. Балдарын да аябайт. Айрыкча, төрөтканадан аялым чыкканда мен жаман болдум. Аялым жаштык кылып, кырк күнгө жетелекте мени менен бирге жаталы деди. Жарабай калганым үчүн эмес, анын арты кандай болорун билгенимен ажырашып, көпкө араз болуп жүрүп, араң кайра жараштым.
Ошон үчүн жаштарга көп кеңеш керек. Кеңеш берүүдөн баш тартыш абдан жаман. Айрыкча, врачтын кеңеши зарыл. Ошон үчүн адистерге кайрылуу – жаштарга эң керек.
Мен Москвада жүргөндө жашыруун документ таап, ошону окуп хатка-йог болгом, илимдин кишилери мени ылайык көрүп, ошону билсе дешсе керек. Мен ошону чындыкка айлантып, өз тагдырыма байланыштырып көрсөм, гипотеза туура чыкты.
Чыңгыз Айтматов «Бетме-бетти» жана «Жамийланы» жазып жүргөндө эмне үчүн кыз-келин менен байланышпайт деп бир студент экөөбүз сөз кылдык. Биз дагы көп кыз-келинге жулунбай, жазуу артынан дээрлик түшүүнү ойлодук. Ушу да керек ко дедик. Кийин мага өзүмүн тагдырым да кошумча болуп, хатка-йог жолуна ойлобосом деле түшүп жүрүпмүн. Ага чыдоонун өзү чоң баатырлык.
Басмага даярдаган Алым ТОКТОМУШЕВ
"Жаңы Ала-Тоо" 2011, 3 (23)
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR