Ашира Кулишева: Уңгужолдун үнү

  • 05.08.2026
  • 109

Бул дүйнөнүн тагдыр жолу миң тарам,
кайсынысы өзөк сактайт, ким билет?
Көк асманда Ай адашып айланса,
Так төбөдөн ачууланып күн тиет.

Көч жөнөгөн... Чаң көтөргөн кылымдар,
кайсы издер бүгүн бизге жол жаңсайт.
Уңгужолун тангандарды айыптап,
Таразалап тарых айтат, доор калчайт.

Таштар сүйлөйт... Тилсиз сүйлөйт эски журт,
сөздөн мурда ой калтырган белги бар.
Кээде тоодой салмагына таянса,
Кээде кызык үлпүлдөгөн жеңил ал.

Күн айланып, Ай жаңырып, доор өтөт,
бир муун кетет, бир муун келет артынан.
Нарк сөзүндө жазылбаган мыйзам бар,
Мезгилдерге сырга болуп тагылган...

Желдей учкан замандардын чаңына
Көмүлбөгөн, көөнөрбөгөн, тең келген.
Жылдыздары үнсүз сүйлөп бул элдин
Жылкылары изин суутпай жердеген.

Нарк жоголсо журт жоголот заңкайган,
Нарк бийлиги улам узайт жел менен.
Касиетин артып алган үчүнбү,
Караңгыда жарык чачат теребел...

Желдей учкан замандардын чаңына,
Жылдыз нуру, ай шооласы чачырап.
Кылыч мизи сүрдөнтпөгөн жигитин
Сөздүн күчү - жер таянтат, качырат.

Күн айланып, Ай жаңырып, доор өтөт,
Бир муун кетет, бир муун келет артынан.
Уңгужолун уучтап алып жүрбөсө,
Ай асмандан кулайт, өчөт, жанчылат.

Көлөкөсүн тааныбаган дербиштер,
Көрөңгөсүн кайдан билип тааныган.
Өзөгүңө кайт деп, Өлкөң өзөрөт,
Жаман, жаман, жасалманы жамынган.

Касиетти көңүл сактайт, дил сактайт,
Айтып жаткан Ата сактайт, тил сактайт.
Бир учкуну миң жүрөккө от койсо,
Тарых сактайт. Таамай айтып ким тактайт.

Күзгү болгон булак суусун уурттаган,
Асылдыгы арам ишти жуутпаган.
Уңгужолду урпактарга улашкан,
Урматы бар, ушул улуу Кут адам.

03. 08. 2026.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз