Рамис Рыскулов: Кантип гений болдум?

  • 17.08.2026
  • 109

«Гений ким?» деген суроого Ницше мындай жооп берет: «Ким эч айласыз абалда калып, ошол кыйынчылыктан азап жеп, катуу чымырканып, анан бир амал издеп, акырында бир жаңы амал тапкан киши». Мисалга, атчан киши чер токойго кабылып, алга же артка кеталбай калганда, эми эмне кылсам деп атына камчы уруп, кайдан чыксам ошо жактан чыгайын деп калың бадалдуу токойдун бир бурчун көсөп урдуруп отуруп, бир ачыкка чыгат. «Гений так ошентет» – деп жазган.

Өмүрүмдү поэзияга арнап, мен да ошенттим. Аябай иштедим. Ар күнү азап чегип, эптеп оокат кылган үйлөргө алиге көп барам. Көп балалуу үйгө барып, ошолордун тамагын кошо жешчүмүн. Өзүм койдун башын алпарып бышыртып жечүмүн. Эмнегедир бай жолдоштордун тамагы супсак да, кедей кишилердин тамагы таттуу сезилчү. Ошентип, алардын түйшүгүн да бөлүшчүмүн. Бай жолдоштор бой көтөрөбү, ошон үчүн эмнегедир аларга аз каттаганга аракет кылчумун.

... Педагогика окуу жайында окуп калдым. Стипендия албайм. Үйдөн талкан ташыйм. Колхоздо алтынчы класстан баштап иштегеним үчүн колхоз мага он сом акча жана ун берип турчу. Ошол мени абдан колдоду. Экинчи курсту бүткөндөн кийин окууга эч шартым болбой, окубай калдым. Көчөдө каңгып басып калдым. Ады жеңемкине барсам, кууп жиберди. Көчөдө калдым. Кайда барарымды билбей баратсам, үн чыкты. Бу ким, чын эле тааныш үн экен деп башым көтөрүп өйдө карасам, «Кыргызстан пионери» газетасынын редактору Муса Жангазиев экен.

«Иштеп ал. Бизге келип иште, кийимиңди оңоп аласың» – деди. А окуумду кантем десем: «Заочно оку!» – деди. Ошентип эртеси эртең менен келсем, мени кызматка алды. Ошентип, абдан берилип иштеп жана ырларыман газетага чыгара баштадым. Бутума туфли сатып алдым. Пионердик слётко барсам, Эрнис Турсунов деген ыр жазып жүргөн пионер бала кезикти. Ырларын сурап алып, газетага тынбай жазып тур – деп кеңеш бердим. Ал убадасын аткарды, көрүнүктүү акын жана котормочу болуп, кийин Пушкиндин «Евгений Онегинин» кыргызчага эки жолу которду.

Мен келгенге чейин ыр жазбаган редактор Муса Жангазиев ыр жаза баштады. Ошентип, мен аны поэзияга алып келдим. Үч айдан кийин мени көралбагандар чыгып, иштен кеттим.

Ырчы Осмонкул Бөлөбалаевдин баласы Белек мени үйүнө чакырды. Мен Осмонкул ырчыга абдан жактым. Биздин үйдө жүрсүн, – деди. Ага секретарлык да кылдым. Бир китебин акын Төлөн Шамшиевге алпарып көрсөтсөм, чыгаруу жаатын уюштуруп, Осмонкул чоң гонорар алды. Канча кааласаң, ошончо биздикинде жүрө бер, – деди.

Кийин «Ленинчил жаш» газетасында иштедим. Кайра «Кыргызстан пионерине» келип иштеп жүргөндө, айылга барып калдым. Түшүмө Ленин кирди. Кырмандагы карыялар алачыкта отурушканында түшүмдү айттым. Анда бир карыя: «Бир айдан кийин Москвага окууга барасың!» – деди. Чын эле бир айдан кийин Москвага жөнөдүм.

Абдан минительный элем, оорубасам да оорумун деп, улам бир ооруну өзүмө жармаштырып ойлой берүү адетим эле.

Он жети жашымда Ысык-Көлгө командировкага бардым. Темировка айылында болдум. Шарипа деген кыз экөөбүз парктан жолугалы дедик. Ал кечикти, аңгыча Фрунзеге автобус келатыптыр. Түшүп жөнөп кеттим. Андан соң Жалал-Абадга командировкага бардым. Базар-Коргон кыштагында жана Сузакта болдум. Эң сонун жерлер. Турмуш шаңк деп күлгөн. Мусай аттуу айылдаш тууганым Базар-Коргондо иштеп жүрүптүр. Алардыкында болдум. Жолума акча берди. Макала, ыр жазып жүргөн жаш жигиттер мени конокко чакырышты. Бир өзбек мугалим жигит да үйүнө конокко чакырды. Мугалимдер баары мени менен маектешип, көңүлдүү отуруштар болду.

Базар-Коргондун жүз баласы жана кыздары мени жабылып туш-туштан кучакташты. Абдан жакшы көрүштү. Поезд менен келатып, Ташкенге түштүм. Вокзалын көрүп, шаардын ичин да бир аз араладым. Индустриалдуу Ташкент абдан жакты.

Кечки мектепте да окуп жүрдүм. Окуу өзбекче жүрчү. Мен квартирада турчумун. Айылдаш Сакен аттуу кыз меникинде тогуз ай бирге туруп калды. Мен Москвага кеткен учурда минингит оорусу менен ооруп, өлүп калды. Абдан сулуу кыз болчу. Ал көпкө эсимен кетпей жүрдү.

Ницшенин теориясы

Ницшенин теориясы туура келди. Ал аны алдын ала айткан. Мен иштен кеткенден баштап, кандай гана кыйынчылык чекпедим. Ар күнү кайсы үйдөн жай, эң болбосо чай ичер бекем дечүмүн. Жамийла жеңемкинен чай ичип, оокат ичип алчумун. Алардыкына барбаган кездеримде дагы кимдикине барсам дечүмүн. Айрыкча, Мусакемдикине барганда кенелип жыргап калчумун.

Ал кишинин үйүндө көп жүрдүм. Москвада квартирада турганда да барып турчумун. Айрыкча, мени пиво колдоочу. Бирөө болбосо, бири пиво алперчү. Арак, винону ичүүгө көп жылдар бою анча кызыккан эмесмин. Кийинки бир орус: «Мас болгончо ичип жүр, ошондо мага ыракмат айтасың» – деди. Мас болгончо ичип көрдүм. Чын эле үшүмө оорумдан айыгып, ооруканага көп жатпай калдым. Ырларымды да чыгарбай жүрүштү. Алты айда он сом гонорар тааптырмын.

Бир комнаттык секция алганда да жыртык раскладушкада (жыйып алма кроватча) жатып жүрдүм. Тешигин жапсын деп китептерди төшөдүм. Эптеп ошентип жашап жүрдүм.

Мен ичегим өрттөнгөнчө ачка болуп, эң кызык абалдарга учурадым. Кээде бир бөлкө нан алып, бир водопроводго келип сууга малып жейм. Бир табак лагман жегенге барабар деп койчумун бир бөлкөнү бүт жеп. Эптеп эле күн көрүп, ырымды жазып жүрсөм болду. Эч жерим оорубай жүргөнүнө тобо дечүмүн. Кайсы үйгө барсам чай, нан, кээде май менен тамактанчумун. Кээ бир үйдөн лагман жегенде бейиштин төрүнө беш чыктым деп ойлочумун.

Мага эң чоң кызматтагы кишилер өчөштү. Дүйнөлүк атакка жана бийликке жетип алып, мени менен ачык күрөштү жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы жүргүздү. Жазуучулар союзунун ошондогу секретары Токтоболот Абдумомунов атайлап мени кабинетинде кабыл албай койду. Келсем эле улгайган жазуучулар менен отуруп алчу, мен бош эмесмин дечү. Ал киши авторитетинен пайдаланып, эң көп жерге менин ырларымды баспаш керек деп атайын телефон чалып келди.

Чыңгыз Айтматов менен Токтоболот Абдумомунов бирге отурушканда келип, Фрунзе атындагы заводдогу адабий ийримди башкарып берейин десем, ага да каршы чыгышты. Заводго барып иштейин десем, сенин билимиң жогору, ошон үчүн албайт дешти.

Мен Чыңгыз Айтматовго бакыт тилеп, оркестр музыкасын угууга жибергем. Ошондо Даниярдын ырын тапты. «Жамийла» повестин жазды. Ошентип, Чыңгызды колдоого алып келдим, ал болсо мени көптөгөн жылдар бою кордоого алып келди. Чыңгыздын бир мыктылыгы – туфлийим кийүүгө жарабай калганда үйүнө бардым. Бир туфлисин кийгизди. Чоң болсо мейли деп, башына пахта тыгып кийип жүрдүм.

Адабияттан тышкары иш деле тапмакмын. Бирок поэзияга байланыштуу гана ишке барышым керек дечүмүн. Бир күнү Абдумомуновдун үйүнө келсем, үйүндө банкет болсо керек, тооктун, индюктун эттери турат. Курсакты абдан тойгузуп чыктым. Ошентип, мындай ой келди: бир чогулушта тескери сүйлөп чыгайын дедим. Жаш кезде сынга түшүү пайдалуу дедим. Ал эмес «Комсомольская правдага» Айги, Ахмадулиналар жамандалып деле чыкпадыбы. Коомчулуктун алдында бир чоң тентек сөз айтуум керек дедим.

Пленумда мага сөз тийип калды. Анын алдында Чыңгыз Айтматов мени абдан мактап чыкты. Танапистен кийин мени сүйлөйт деп, Токтоболот Абдумомунов жарыя кылды. Ошол учурда мен тааныбаган бир жигит мага бир стакан толтура вино ичирди. Ошону атайылап уюштурушса керек. Мен кызуу боюнча келип, сөз алдым. Сүйлөп келип: «Турмуштун диапозону марксизмден кең, ошону жазуучулар эске алууңар керек» – дедим. Токтоболот Абдумомунов ордунан тура калып мени: «Марксизмге шек келтирди, кечирим сурасын» – деди. Мен сурабай койдум. Ошондой айтканымдын себеби, Маркс менен Ленинден да мыкты киши чыгышы мүмкүн деген ойду айткан элем.

Аны түшүндүрүп берүүмө мүмкүндүк беришпей, сөзүмдү кыркып коюшту. Ошентип, мени ошого тогоп такыр эле коомго зыяндуу киши дегенсишип, бүт кыргыз интеллигенциясы мени теңине албаган саясат жүргүзүп келишти. Мен Пишпектеги агамкына барууга бир бөтөлкө арактык акчам болбогон үчүн алты чакырым жерге он алты жылдан кийин каттадым.

Ошонун өзү эмнени гана билгизбейт. Автобуска билетсиз түшпөй жүрдүм. Көп жылы жөө жүрдүм. Ады жеңемдин үйү борбордо болчу. «Ала-Тоо» кинотеатры борбордук жай эсептелчү. Сырттан келген жаштар да ошо кинотеатрдын жанына чогулушчу. Мени элге чоң чачым менен абдан атым чыкты. Чоңдордун кимиси болбосун, мени билишчү. Москвада, литинститутунда окуп жүргөндө чоң чач койгом. Москвалык жазуучулар да мени чоң чачыман билишчү. «Юность», «Огонек», «Дружба народов» журналдарына, «Комсомольская правда», «Литературная газетасына» ырларым бир кыйла чыгып келип, анан чыкпай калды.

Тынбай эле газеталарга чыга бериш да жакшы эмес экенин билдим. Эң кыйын кездерде мен ницщенец эмесминби дечүмүн. Абдан ич күйүү, өкүнүү, ыйлоо, азап чегип кыйналыш керек жана алар табигый өтүү керек дечүмүн.

Москвада жүргөндө он тогуз жашымда өзүмө нааразылык оору менен ооругам. Ал генийдин оорусу экен. Айыккандан баштап бир укмуш жандын жыргашын, жашоодогу бир улуу кайфты алуу мөөнөттөрүм баштан кечирип, сан ажатым ачылды. Казак жазуучусу Макан Жумагулов мени менен бир бөлмөдө турчу. Анын музыка ойноткучу жана ыр табактары бар эле. Ошолорду коюп, Григ, Бетховен, Чайковский сыяктуу композиторлордун музыкаларын тыңшачубуз. Айрыкча, «Болерону» тез өздөштүрдүм. Ошентип музыкага кызыгуум башталды. Биз бала чакта жана жаш чакта кайырчылар көп болчу. Көчөнүн боюнда кайыр сурап тургандар көп эле.

Басмага даярдаган Алым ТОКТОМУШЕВ
"Жаңы Ала-Тоо" 2011, 3 (23)

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз