Зигмунд Фрейд: Адам өз иллюзиясынын ичинде жиндиге айланат

  • 18.08.2026
  • 184

Айрым адамдар өз кыялдарынын дүйнөсүндө жүрөт, анткени канааттанууну ошол жактан гана табышат. Мындай обочолонуу – ал адамдын алсыздыгын жана максатка умтулуусунун жетишсиздигин билдирет.

  •  

Сүйүшкөндөр коомдон обочолонууга аракет кылышат; алардын сезими канчалык күчтүү болсо, ошончолук өжөрлүк менен жалгыздыкты издешет.

  •  

Балалыкта баштан өткөргөн психологиялык соккулар жана тарбия аркылуу басырылган каалоолор чоңойгондо алган травмаларга болгон нормалдуу реакцияларга көп тоскоол болот. Бул травмалардын симптомдорунан арылуу үчүн балалыктын сүрүлүп чыккан эскерүүлөрүн аң-сезимге алып чыгуу зарыл.

  •  

Адам өз кыялдарын көркөм чыгармаларда чагылдыруу аркылуу неврозго же ооруга алып келиши мүмкүн болгон чыңалуудан качат.

  •  

Аялдын өзүнө болгон сүйүүсүн күйөөсүнүн ага болгон сүйүүсү менен салыштырууга болот.

  •  

Бактылуулукка жетүүчү ыкмалардын бири — реалдуулукка каршы козголоң чыгаруу. Козголоңчу дүйнөнү өз каалоосуна жараша кайра курууга аракет кылат. Мындай ыкма, эреже катары, ийгиликке жеткирбейт. Адам өз иллюзиясынын ичинде жиндиге айланат. Бирок кызыктуусу – ар бирибиз кээде кыялдарыбыз менен реалдуулукту өзгөртүүгө батынабыз. Көптөгөн адамдардын иллюзияда болушуна диний коомдор мисал боло алат.

  •  

Бактылуулукка жетүү үчүн адам көп учурда чындык менен карама-каршылыкка келүүгө аргасыз болот.

  •  

Динди иллюзия катары кабыл алсак – адамзат маданиятынан тамыр алган бардык эрежелер, тыюу салуулар, чектөөлөр жана андагы инсандар аралык мамилелер да иллюзия деп болжосок болот. Эгер өз ишенбөөчүлүгүбүздө андан ары барсак, байкоо жүргүзүү жана ой жүгүртүү аркылуу ишке ашкан илимий тааным ыкмасынан да шектенүүгө эч нерсе тоскоол боло албайт.

  •  

Сүйүү (ашык болуу) жана гипноз абалдары бири-бирине абдан окшош.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз