АҢГЕМЕ
Мен тротуардан чыгып, көчөнүн ортосунда эки алаканымды кернейдей кылып оозума такап, маңдайдагы тамдын жогорку кабаттарына тигиле: «Тереза!» деп кыйкырдым.
Менин көлөкөм Айдан коркуп, бутума жабышып калды.
Кимдир бирөө жаныман өтүп кетти. Кайра кыйкырдым: «Тереза!» Өтүп бараткан жолоочу жаныма келип: «Эгер катуу бакырбасаң, ал сени укпайт. Кел, экөөбүз бакырып көрөлү. Үчкө чейин санайлы да, «үч» деп туруп, чогуу бакыралы», - деп санай баштады: «Бир, эки, үч». Чогуу бакырдык: «Тереееезааа!»
Биздин бакырганыбызды театрдан же кафеден чыгып, баарлашып бараткан саналуу досторубуз көрүп: «Келгиле, биз да силерге кошулуп кыйкыралы», -дешти. Алар кошулган соң, көчөнүн ортосунда чоң караанга айландык. Топтон бирөө: «Бир, эки, үч» деп санаганда, баарыбыздын үнүбүз керней-сурнай тарткандай жаңырды: «Те-реее-заа!»
Бизге дагы кимдир бирөө кошулду; ал эми он беш мүнөттөн кийин жыйырма чакты болдук. Утуру жаңы адамдар кошулуп жатты.
Киши көп болгону менен, бакубат добуш менен чогуу бакыруу жеңил-желпи иш эмес экен. Арабыздан кимдир бирөө «үч» деп саналганга чейин бакырып жиберет, а башка бирөө шыгырга кеч кошулат. Ошентсе да акыр аягында биз аба жаңырта кыйкыруунун жолун таптык. «Те» дегенди күчтөнбөй, жапыз үн менен созолонтолу, «ре» бөлүгүн бийик үн менен мүмкүн болушунча узакка созолу, «за» муунун жапыз үн менен созбой кыйкыралы деп макулдаштык. Дурус болгонсуду. Некин, кимдир бирөө кечигип, шыгырга кошулбай калганда, бирөөлөрдүн нааразы үндөрү угулуп калып жатты.
Доошубуз бир кишиникиндей бирдиктүү чыга баштаганда, үнүнө караганда бетинде сепкили чачыладай жайнаган неме сурап калбаспы:
- Анын үйдө экенин так билесиңби?
- Жок, - дедим.
- Жарабайт, - деди башка бирөө. - Сен ачкычыңды үйдө унутуп калдың беле?
- Жок, ачкычым жанымда.
- Анда эмнеге өйдө чыгып барбайсың? - бир нече үн жарыша сурады.
- Аа, мен буерде жашабайм, - дедим.- Мен шаардын башка тарабында жашаймын.
- Мен ашыкча суроо бергениме кечирим сураймын, - бетин сепкил баскан жигит сылык сүйлөп, мага кайрылды, - анда бул батирде ким жашайт?
- Чынын айтсам, билбеймин.
Менин жообум көпчүлүккө жага бербеди.
- Анда эмне бул жерде туруп алып, Терезаны чакырганың?- деп сурады үнү кыркыраган бирөө.
- Менимче, биз башка атты айтып же башка жерге барып, кыйкырсак деле болот. Андан эч нерсе өзгөрбөйт, - дедим.
Айрымдар үстүнө суу сепкендей сестейди.
- Сен бизди тамашалап жаткан жоксуңбу? – жүзү сепкилдүү неме шектүү тигилди мага.
- Эмне? – ага таарынгандай түр көрсөттүм, чынчылдыгыма колдоо издеп, башкаларга бурулдум. Алар менин ниетими түшүнбөгөн сыягы үнсүз мелтирешет.
Ыңгайсыз жымжырттык каптады.
- Менин сунушум бар, - кимдир бирөөнүн жайдары үнү угулду. - Келгиле, баарыбыз акыркы жолу «Тереза» деп кыйкырып алып, үйүбүзгө тарайлы.
Ал айткандай кылдык: «Бир, эки, үч – Тереза!» Үнүбүз үзүл-кесил чыкты. Андан соң чогулгандар ар тарапка бөлүнүп, үйлөрүнө кете баштады.
Мен аянтка бурула бергенимде, кимдир бирөө дале «Те-ре-за-а!» деп кыйкырып жаткандай туйулду мага.
Элден артка калган бирөө болсо керек. Өжөр неме го...
Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду
Автор жөнүндө маалымат
Итало Кальвино (1923-1985) – италиялык жазуучу, публицист, фольклорчу. 1995-жылы англис тилинде чыккан жыйнакта көрсөтүлгөндөй, ал XX кылымдын көй кашка фантастарынын бири. Белгилүү чыгармалары: «Биздин ата-бабаларыбыз» трилогиясы (1952–1959), «Космикомикс» аңгемелер жыйнагы (1965), «Көрүнбөгөн шаарлар»(1972) жана «Непада кышкы түндө жолоочу болуп калса» романдары ж.б.
Итало Кальвино Кубада италиялык анархистин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Марио өмүрүн кылыч мизинде сынагандан тартпаган көк жалдардан болгондуктан, паспортун эсер-революционер Всеволод Лебединцев дегенге пайдаланууга берет. Тиги киши 1908-жылы Марио Калвино деген ысым менен Орусияга келип, улуу князь Николай Николаевичке жана юстиция министри И.Г.Щегловитовго кол салууну даярдоого катышат. Кутум ишке ашпайт. Лебединцев-Калвино сотто эч кандай көрсөтмө бербейт, бирок өлүм жазасына тартылат. Лебединцевдин чыныгы аты ашкере болгондон кийин, Марио Кальвино Италиядан Кубага кетүүгө мажбур болот. Итало Кальвинонун Гаванага жуук жерде туулган себеби ушундай. Баса, эсер-революционер В.Лебединцев орус адабиятындагы Күмүш доордун өкүлү, адабий экспрессионизмдин пионери Л.Андреевдин (1871-1919) «Рассказ о семи повешенных» деген повестиндеги Вернер деген каарман.
Итало Кальвинонун «Терезаны эңсеген эр» аңгемеси автордун кол жазмасында белгилегендей, 1943-жылы 12-апрелде жазылып бүткөн жана түпнускада «Терезага кыйкырган эркек» аталат.
Жазуучу 1985-жылы адабият боюнча Нобель сыйылыгына көрсөтүлүп, лауреаттар жарыялаганга жетпей дүйнө көчөт. Көзү тирүү болсо, атактуу сыйлык И.Кальвиного ыйгарылмак деген да маалымат кездештирдим. Лекин, Нобель сыйылыгы көзү өткөн талапкерлерге ыйгарылбайт эмеспи. Ага карабай, аргентиналык акын-жазуучу Хорхе Луис Борхес (1899-1986) экөө «жазуучулардын жазуучулары» деп даңкталып жүрүшөт адабий коомчулугунда.
World Literature долбоорунун жарыяланган макалага караганда, И.Кальвино «фантастика, философия жана структуралык эксперименттерди айкалыштырып, адабиятты идеялардын оюну ойнолчу мейкиндикке айланткан»; калемгердин чыгармалары учурдагы дүйнөлүк роман жазуудагы чеберчиликке (жазуу искусствосуна) эбегейсиз таасир эткен.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR