Кыргыз коомун сырттан караган адам кызык көрүнүшкө туш болот. Бизде саясатчыдан тартып таксистке чейин, молдодон тартып блогерге чейин, пенсионерден тартып студентке чейин ар ким өзүн башкалардан акылдуу сезет. Башкаларга кеңеш берүүгө келгендердин тилин бууй албайсың.
Бирөө кандай кийингенин талкуулайбыз. Бирөө кандай сүйлөгөнүн сындайбыз. Бирөө кандай жашаганына чейин кийлигишебиз.
Айрыкча социалдык тармактарда ар бир окуянын алдында миңдеген моралдык сабактар жаайт. Элдин баары эле прокурор, сот жана насаатчы болуп кеткендей. Бирок кызыгы башкада.
Биз башкалардын катасын көрүүгө ушунчалык машыкканбыз, өз каталарыбызды эч эле көрбөйбүз.
Психологияда бул көрүнүштү «моралдык эки жүздүүлүк» дейт. Адамдар көп учурда өздөрүнө колдонбогон моралдык талаптарды башкаларга коюуга жакын. Бул боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыгында: адамдар өздөрүн моралдуу адам катары көргүсү келет, бирок ошол эле учурда өз кызыкчылыгына ылайык келген бөтөнчө шарттарды өздөрүнө оңой эле табышат.
Бул көрүнүш бизге тааныш эмеспи? Башка бирөө мыйзам бузса, «өлкө ушинтип бузулуп жатат» дейбиз. Өзүбүз жол эрежесин бузсак, «бир жолу эле болду» дейбиз.
Башка бирөө тууганын кызматка койсо, коррупция дейбиз. Өзүбүздүн тааныш ишке орношсо, кудуңдайбыз «кызматка көтөрүлдү» деп. А башка бирөөнүн баласы тартипсиз болсо, анын тарбиясын күнөөлөйбүз. Өз балабыз тартипсиз чыкса, заманды күнөөлөйбүз.
Моралдык эки жүздүүлүктүн өзөгү ушунда: биз өзүбүзгө түшүндүрмө беребиз, башкаларга болсо өкүм чыгарабыз.
Социалдык тармактар блогери адам өз айылындагы адамдарга гана акыл айтса, бүгүн бүтүндөй өлкөгө акыл айтат. Бир пост, бир комментарий, бир видео — жана ар ким өзүн коомдун башкы тарбиячысы сезет.
Бирок моралисттик менен адептүүлүк бир эле нерсе эмес. Моралисттик — башкалардын жашоосун көзөмөлдөөгө умтулуу. Адептүүлүк — өз жашооң үчүн жоопкерчилик алуу. Моралисттик өкүм чыгарат. Адептүүлүк түшүнүүгө аракет кылат.
Моралисттик – айыптайт. А адептүүлүк – үлгү көрсөтөт.
Тарыхтагы эң өнүккөн коомдорду карасак, алардын күчү адамдардын бири-бирин тынымсыз тарбиялаганында эмес, бири-биринин укугун урматтаганында. Эркин коомдордун негизги эрежеси жөнөкөй: сенин көзкарашың мага жакпашы мүмкүн, бирок сен өз оюңду айтууга болгон укугуңду коргойм.
А бизде көп учурда тескерисинче. Пикир жакпай калса, адамдын өзүн жокко чыгарабыз. Жашоо образы жакпай калса, анын абийирин талкуулайбыз. Башкача ойлогон адамды уккандын ордуна, ага моралдык баа берүүгө шашабыз.
Мындай чөйрөдө жаңы идеялар жаралбайт. Анткени адамдар жаңылышуудан эмес, элдин айыптоосунан коркуп жашайт. Чыныгы өнүгүү адам өзүнөн башталганда гана келет. Коомду өзгөрткүсү келген адам адегенде өзүн күзгүдөн каранууга тийиш. Анткени дүйнөдөгү эң оңой иш — башканы оңдоо. Эң оор иш — өзүңдү оңдоо.
Балким, биздин коомго миңдеген моралисттердин кереги жоктур. Балким, бизге өзүнө талапты катуу койгон, башкага талап коюуда этият адамдар көбүрөк керектир. Анткени адеп тууралуу эң көп сүйлөгөндөр эмес, адеп менен жашагандар коомду өзгөртөт.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR