Рей Бредбери: Эртең – кыямат

  • 01.09.2026
  • 158

АҢГЕМЕ

– Эгер эртең кыямат болорун билсең, эмне кылар элең?

– Менби? Койчу тамашаңды?

– Ооба, чындап эле.

– Билбейм. Бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн.

Күйөөсү өзүнө кофе куюп алды. Аркы бөлмөдө эки кызы жашыл шамчырактын жарыгында килем үстүнө тизелеп алып, чарчы оюнчуктар менен ойноп жатышат. Кечкурун жаңы демделген кофе жагымдуу жыттанат.

– Анда ойлоно баштаган оң, – деди күйөөсү.

– Чындап эле айтып атасыңбы?

Күйөөсү башын ийкеди.

– Согушпу?

Башын чайкады.

– Суутек же атом бомбасыбы?

– Жок.

– Же бактериялык согушпу?

– Бирөө дагы эмес, – деди күйөөсү кофесин жай аралаштырып. – Болгону... айталы, китептин акыркы бетинин жабылышы сыяктуу.

– Негедир түшүнбөй атам.

– Чынын айтсам, өзүм да түшүнбөйм, болгону ушундай бир сезим болууда. Кээде корком, кээде болсо таптакыр коркпойм, тескерисинче, жан дүйнөм тынчып калат.

Атасы кыздарын караса, шамчырактын жарыгында алтын түс чачтары жылтылдайт.

– Адегенде сага эч нерсе айткан эмесмин. Бул сезим биринчи жолу төрт түн мурда келген.

– Эмне?

– Түш көрдүм. Баары бүтөрүн түшүмдө көрдүм, анан бир үн дагы ушундай деди. Кандай үн экени эсимде жок, айтор, үн экени анык, Жер бетинде баары токтой турганын айтты. Эртеси бул тууралуу көп деле ойлонгон жокмун, кеңсеге барсам, чак түштө терезеден телмирип караган Стэн Уиллисти көрдүм.

– Эмне, катуу ойлонуп, Стэн? – дедим.

Ал:

– Түндө түш көрдүм, – деди.

Ал түшүн айтып бүтө электе эле анын кандай түш экенин билип турдум. Кааласам, өзүм айтып бермекмин, бирок жайына койдум, айтып берди, унчукпай угуп турдум.

– Ошол эле түшпү?

– Ошол эле. Мен да ошондой түш көргөнүмдү айттым. Таң калган жок. Тескерисинче, жеңилдеп калгандай болду.

Андан кийин экөөбүз кеңсени аралап басып жөнөдүк. Эмне үчүн басканыбызды өзүбүз да билбейбиз. Ойдо да жок болчу. “Жүр, басып келели” деген да жокпуз. Болгону өзүбүзчө эле басып жүрдүк. Элдин баары эле үстөлдөрүн, колдорун карап же терезеден сыртты мелтиреп тиктешет. Кээ бирин кепке тарттым, Стэн да сүйлөштү.

– Баары ошол түштү көрүшүптүрбү?

– Баары. Ошол эле түш. Эч айырмасы жок.

– Сен буга ишенесиңби?

– Ооба. Өмүрүмдө эч нерсеге мынчалык ишенчү эмесмин.

– Анда качан болот бул? Кыямат дегеним.

– Бизде бүгүн түндөсү болот. Андан кийин дүйнөнүн башка тарабына түн кирген сайын жылып жүрүп, баары бүтөт. Жыйырма төрт саат ичинде баары күм-жам болот.

Экөө бир азга үнсүз отурушту, кофеге кол да тийгизишкен жок. Анан чөйчөктөрүн акырын көтөрүп, бири-бирин караган бойдон ичишти.

– Биз буга татыктуубузбу? – деди аялы.

– Кеп татыктуу же татыксыз болгонубузда эмес. Болгону, ушундай болуп калды. Байкасам, сен менин айтканыма каршы да болгон жоксуң. Эмнеге?

– Жүйөсү бар болсо керек, – деди аял.

– Жумуштагылардын баарында болгон үчүнбү?

Аял акырын башын ийкеди.

– Айткым келген эмес. Кечээ түнү көрдүм. Бүгүн биздин көчөдөгү аялдар да ушул тууралуу сөз кылып, ошол түштү көрүшүптүр. Мен муну жөн гана дал келүү деп ойлогом. – Кечки гезитти колуна алды. – Гезитте бул жөнүндө эч нерсе жок экен.

– Ансыз да баары билет, жазыштын кажети жок.

Ал отургучуна жөлөнүп, аялын тиктеп калды.

– Коркуп атасыңбы?

– Жок. Ушундай учурда корком деп ойлочумун, бирок азыр корккон жокмун.

– Анан эл көп сөз кылып жүргөн өзүн-өзү сактоо сезимиң кайда кетти?

– Билбейм. Эгер болуп жаткан нерсе сага туура сезилсе, өзүңдү анчалык жоготпойт экенсиң. Ушунун өзү туура. Биз кандай жашап келген болсок, ошондой баары аяктоого тийиш.

– Биз деле анчалык жаман жашаган жокпуз го?

– Жок, бирок өтө да жакшы болгон жокпуз. Бардык балээнин баары дал ушундадыр. Биз жер үстүндөгү башкалар сыяктуу мыкаачы болуп кеткен жокпуз, ошол бойдон калдык.

Тиги бөлмөдөн кыздардын күлкүсү угулду.

– Ушундай учурда эл көчөгө чыгып кыйкырып, ызы-чуу салат деп ойлочу элем.

– Андай эмес го. Адам эч нерсени өзгөртө албагандан кийин айгай салбайт.

– Билесиңби, сени менен кыздардан башка эч нерсени сагынбайт көрүнөм. Шаар жашоосун, жумушумду да, башкасын да анча жакшы көрбөптүрмүн. Үчөөңөрдөн башкасын. Балким, аба ырайынын өзгөргөнүн сагынаттырмын. Ысыкта бир чөйчөк муздак суу ичкенди... Уктаганды да сагынышым ыктымал. Кантип ушул жерде отуруп алып ушинтип сүйлөшүп жатабыз дейм да?

– Кыла турган башка ишибиз жок болсо...

– Ооба, арийне. Эгер башка кылар нерсе болсо, ошону кылмакпыз. Менимче, дүйнө тарыхында биринчи жолу ар бир адам бүгүн түнү эмне кылышы керектигин так билип турган учур ушул.

– Кызык, ушул кечте, алдыдагы сааттарда, башкалар эмне кылат болду экен?

– Адаттагыдай эле киного барышат, радио угушат, телевизор көрүшөт, карта ойношот, балдарын уктатышат, өздөрү да жатышат.

– Ушул жагынан мунун өзү менен сыймыктанса болот экен... демейдегидей.

Экөө бир азга унчукпай отурушту. Анан күйөөсү өзүнө дагы кофе куюп алды.

– Сенин оюңча, эмне үчүн дал ушул түнү?

– Ошол үчүн.

– Эмне үчүн өткөн кылымдагы бир түн эмес? Беш же он кылым мурун эмес?

– Тарыхта буга чейин 1969-жылдын 19-октябры эч качан болгон эмес, эми болсо ал күн келди, болгону ушулдур. Балким, бул күндүн мааниси буга чейинки бардык күндөрдөн чоң болгондондур. Дал ушул жылы дүйнөнүн бардык жеринде иштер азыркыдай абалга жеткендиктен, кыямат да ушул түнгө туш келип жаткандыр.

– Бүгүн түнү бомбалоочу учактар океандын эки жагынан учууга даяр, бирок кайра конушпайт.

– Бул бир себеби.

– Анда, – деди күйөөсү ордунан туруп, – Эмне кылалы? Идиш-аякты жууп коёлубу?

Экөө идиш-аякты жууп, демейдегиден да тыкан кылып ордуна тизип коюшту. Саат сегиз жарымда “бейпил түн” айтып, беттеринен өөп, кыздарын жаткызышты. Баш жагындагы кичинекей жарыктарды күйгүзүп, эшикти коомай жаап коюшту.

– Кызык, – деди күйөөсү уктоочу бөлмөдөн чыгып келатып, артына кылчайып карап, колундагы чылым түтүгүн кармаган бойдон саамга туруп калды.

– Эмне болду?

– Эшикти толук жаап койсокпу же жарык кирип турганга азыркыдай кыңырайтып коёлубу?

– Балдар билишпестир.

– Жок, каяктан? Билишпейт.

Экөө гезит окуп, сүйлөшүп, радиодон музыка угушту, анан көмүрдүн бүлбүлдөгөн чогун карап, очоктун жанына катар отурушту, саат он жарымды какты, анан он бирди, анан он бир жарым болду. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда ушул кечти өздөрүнчө өткөрүп жаткан адамдардын баарын ойлошту.

– Болуптур... – деди күйөөсү акыры. Аялын көпкө чейин чекесинен сүйүп турду.

– Кандай болгон күндө да, биз бири-бирибизге төп келген жубай болдук.

– Ыйлагың келип атабы? – деп сурады күйөөсү.

– Андай деле эмес.

Экөө үй ичин аралап, жарыктын баарын өчүрүштү, анан уктоочу бөлмөгө кирип, салкын түндө кийимдерин чечип, жууркандын өңүрүн ачышты.

– Шейшептин тазалыгы ай, жагымдуулугучу...

– Чарчадым.

– Баарыбыз чарчадык.

Экөө төшөккө чалкасынан жата кетишти.

– Азыр келем, – деди аял.

Аялы төшөктөн туруп, ашканага кеткенин укту. Бир аздан кийин кайра келди.

– Ашканадагы сууну бекиткенди унутуп коюпмун, – деди аялы.

Мунун өзү ага ушунчалык күлкүлүү сезилип, эрксизден күлүп жиберди. Аялы да кошо күлдү. Аялдын мындай кылганы эмнеге мынчалык күлкүлүү экенин экөө тең түшүнүп турган. Акыры күлкүлөрүн токтотуп, салкын төшөктө кол кармашып, баштарын бири-бирине жакын коюп жатышты.

Бир аздан кийин күйөөсү:

– Түнүң бейпил болсун, – деди.

– Жакшы түш көр, – деди аялы.

Англис тилинен которгон Эрмек Шоорук

2026-жылдын 31-августу

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз