Султан Чоро: Чоочун тил

  • 08.09.2026
  • 154

АҢГЕМЕ

Поюз Москвадан түштүктү карай жол тарткан. Күздүн караңгы кечи. Терезеде чагылгандын ордуна станциялардын кубарган жарыгы улам жылып барат.

Плацкарт вагондун ортосунда үч киши отурган. Бири — курулушта иштеген жигит Азамат. Кыргызстандык. Экинчиси — сакал-муруту жаңы агарган, кең далылуу Сергей. Үчүнчүсү — үн катпай китеп окуган татар киши. Аны карылык баскан кыйла.

Азамат жумуштан чарчап келаткан. Колундагы телефон менен апасына үнкат жөнөтүп бараткан.

— Апа, эртең жетип калам. Кабатыр болбоңуз...

Ушул маалда Сергей көзүнүн кыйыгы менен карап, мыскылдуу жылмайды.

— Опять на своём лопочешь? (Дагы эле өз тилиңде тантырап атасыңбы?)

Азамат акырын телефонун өчүрдү.

— С мамой разговаривал (Апам менен сүйлөшүп аткам).

— А по-русски нельзя? Мы же в России (Орусча сүйлөсөң болбойбу? Биз Орусиядабыз го).

Азамат жооп бербеди, а Сергей өзүнчө сүйлөнө берди.

— Понаехали тут. Каждый со своим языком, со своими порядками (Толуп келишти бул жакка. Ар кимиси өз тилин, өз тартибин көтөрүп келет).

Кары татар киши китебин жай жапты.

— Молодой человек, а вам его язык мешает (Жигит, анын тили сизге тоскоол болуп атабы?)

Сергей күлүп койду.

— Сегодня – язык, завтра – требования. Знаем мы это (Бүгүн – тили, эртең – талабы күчөйт. Биз муну жакшы билебиз).

Вагондо оор жымжырттык. Азамат терезени карап ойлуу. Анын эсине Москвадагы алгачкы күнү элестеди: "Чёрный, иди сюда", "Эй, мигрант", "Документы покажи"...

Алгач бул сөздөрдү тамаша го деп ойлогон. Кийин алардын жүзүндө тамаша жогун түшүнгөн.

Сергей кайра сөз баштады:

— Вот скажи честно. Если бы не Россия, где бы вы все работали? (Чынын айтчы. Орусия болбосо силер кайда иштемексиңер?)

Азамат акырын баш көтөрдү.

— Работали бы (Иштемекпиз).

— Где?

— У себя на родине (Өз жерибизде).

— Смешно (Күлкүлүү).

— Почему (Эмнеге)?

— Потому что вы все сюда едете за деньгами (Анткени баарыңар бул жакка акча үчүн келесиңер).

Азамат саамга унчукпай, жай сүйлөдү:

— А кто построил твой дом (А сенин үйүңдү ким куруп берди)?

— В смысле (Эмне дегениң)?

— Кто строит новые дома в Москве (Москвадагы жаңы үйлөрдү ким курат)?

Сергей жооп берген жок.

— Кто убирает улицы (Көчөлөрдү ким шыпырат)?

— Ну и что (Анан эмне)?

— Кто работает в метро (Метродо ким иштейт)?

— И что ты хочешь сказать (Эмне айткың келип туру)?

— Ничего (Эч нерсе).

Азаматтын үнү мурдагыдан да сабырдуу чыкты.

— Просто человека надо оценивать не по национальности, а по его делам (Тек, адамды улутуна карап эмес, ишине карап баалаш керек дегеним).

Сергейдин жүзү муздай түштү. Ал мындай жооп күтпөгөн. Шовинизм көбүнчө күчтөн эмес, коркуудан жараларын өзү да билчү эмес. Коркуу — бирөө сенден кем эмес экенин моюндагың келбегенде жаралат.

Ошол маалда жогорку текчеден кичинекей кыз түшүп келди. Жети-сегиз жаштардагы орус кыз экен.

Ал атасына кайрылды:

— Папа, помоги зарядить телефон (Ата, телефонумду кубаттап берчи).

Кыздын атасы башка вагондо жүрсө керек, көрүнбөдү. Ал эми Азамат кубаттагыч розетканын жанында отурган.

— Давай, помогу (Кел, жардам берейин).

Кыз сүйүнүп кетти.

— Спасибо! (Рахмат!)

— Пожалуйста.

Кыз кайра сурады:

— А вы откуда?

— Из Кыргызстана.

— Красиво там?

— Очень красиво.

— Я бы хотела увидеть.

Кыздын үнүндө кызыгуу гана бар эле. Жек көрүү жок. Текеберлик жок. Шек жок.

Сергей экөөнү үн катпай карап калды. Балдардын дүйнөсүндө улуттан мурда адам бар экенин ал биринчи жолу сезгенсиди.

Поюз караңгы талааны жиреп баратты. Вагондо эч ким үндөбөдү. Бирок ошол түнү эң катуу угулган нерсе сөз эмес болчу. Бирөөнүн адамды адам катары көргүсү келбеген текебердиги менен, экинчисинин үн катпай сактап калган кадыр-баркынын ортосундагы унчукпас кармаш эле бул.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз