Мухтар Магауин: Травендин аңгемеси

  • 11.09.2026
  • 248

Травендин аңгемеси эсиме түштү. Күлдүм. «Неге күлдүң?» деди жубайым.

Жолго дайындап жаткан. Келерки чоң тарыхый романдын бир салаасына тиешелүү жер түзүлүшүн кылдат изилдөө үчүн Созакка жөнөмөкмүн. Автобус туура бир сутка жуук жүрсө керек. Тактап айтканда, эртең кечке чейин. «Ашканадан да, колдон сатып алып да тамак ичпе, - деди. – Ашказаныңды бузасың. Мына - суусундук. Мына - казы. Кесилген. Мына - жая. Тууралган. Бир күнгө жетет. А мына бу – тоок. Бүтүн бойдон салдым. Түн ортосундабы, таңга жакынбы, бир жерге токтойсуңар да. Ошондо түгөл жеп алгын. Күндүзгө калтырба. Ысыкта бузулат. Түгөл жегин, калтырбай».

Ошол учурда күлдүм. Травендин аңгемеси эсиме түшүп. Унутулган аңгеме. Баягы, жаш кезде, студенттик китепкана жылдарында кайсы бир техникалык журналдын тиркемесинен учураткан эдем. Эми капылет эсиме түштү. Арга жок күлдүм. «Травендин аңгемеси эсиме түштү, - дедим. – Травен деген жазуучунун. Тоок тууралуу. Мен сыяктуу бир бакыр. Жолго чыгар алдында кемпири дал азыркыдай бүтүн тоокту бүкүлү салып берет...»

Али убакыт бар эде. Мен шуулдата ууртап, чай ичип отургам. Жолдо чөлдөбөс үчүн. Жер алыс, күн ыстык, анын үстүнө түн ортосунда же таңга жуук бир тоокту бүт жешим кажет. Дагы күлдүм. Анан жубайыма Травендин аңгемесин айтып бердим.

Бир бакыр болот. Токойдон жонуна отун артып келип, тиричилик кылат. Өмүрүндө бар билгени - мээнет. Не тамакка, не ашка жалчыбаган. Эң зор тилеги – бир тоюнуу, тойгондо да бүтүн бир тоокту жеп тоюнуу экен. Өтө кыйын иш. Күндөрдүн биринде таң азандан туруп, эптеп өзөк жалгап, жибин белине байлап, токойго кетер алдында, кемпири адаттагы бир-эки барча кара нан ордуна торсойгон торбо карматат: «Тоок! - дейт. – Бүтүн тоок!» Ал күн отунчунун туулган күнүбү, же башка майрамбы, жадымдан чыгып калыптыр.

Анын өмүрүндө алгачкы ирет бир тоокту жалгыз өзү жегенге жагдай келүүдө. Арийне отунчу токойго жеткенче тоок тууралуу ойлонду, алда канча жолу токтоп, торбону ачып көрдү; мелжеген жерине жеткенден кийин да түйүнчөктү жазып, жүнү жулунуп, борсоюп жаткан семиз тоокко – бүтүн тоокко – өмүр бою эңсеп жүрүп жеткен азыгына тигилип, бир топко чейин отурат. Бирок карды ач болсо да, канча азгырылса да, мелжеген убагынан мурун тоокко кол тийгизбейт. Атүгүл бир шыйрагын жеп, даамын татпайт, анын максаты – бүтүн тоокту бир отуруп, козголбой жеп түгөтүү го.

Отунчу күндөгүдөй эле куу бутактарды жыйнап, теңдеп байлап, кеткенге даяр болду. Күндөгүдөй каткан нанын жечү маалда, мурдакыдай кез келген жерге тизе бүкпөй, бийик өскөн жыгачтын түбүнөн ылайыктуу орун таап, ыңгайлуу отуруп, түйүнчөктү жазып, тоокту алдына коёт. Тоокко эми гана колун созгондо маңдайында кимдир бирөө пайда болуптур. Караса, тарак көрбөй шакмарланган чачы самсаалайт, үстүндөгү кийими салбырап сүзүлүп, этеги жерге чубалган, желкесине чалгы арткан, арык, арык болгондо да көзү чанагынан чыкчудай чакырайган, жаагынын эти тартылып, бет сөөгү оркойгон, апарык кемпир экен. «Кардым ачты... - дейт кемпир. – Аябай ачкамын. Тооктун бир шыйрагын бер!..» Бул – Ажал келген экен дейт...

«Ууй!.. - деди жубайым ичиркенип. Сөзүмдүн ар жагын укпады. - Кайдагыны айтасың. Мазмунсуз сөз. Сен андай жакыр эмессиң. Өмүр бою жегениң: жал менен жая. Мен көргөндөн бери эле жеген тоогуң бир короого толот. Жолго чыкканы турганда жаман сүйлөбөө керек. Бала-чакаң бар... Бул тоок кургурду бербей алып калсам бекен...» «Ал анчейин бир аңгеме эмеспи, - дедим сөздү жымсалдап. Ойдон чыгарылган аңгеме – жомок.» «Киши күлгөндөй эчтеке жок, - деди жубайым. – Аллага аманат, этият бол», - деди. Чынында күлө турган эч нерсе жок эде. Жолоочунун көңүлү түпөйүл деген. Аллага аманат.

Автобуска жарыкта отурган эдем. Ал букадай күркүрөп, калаадан чыккан чакта иңир кирип калган эде. Аздан соң айлананы жылчыксыз караңгы тегиз басты. Автобустун ичи күңүрт. Орундуктардын арасы тар, аркасы бийик болгондуктан, жаным кычыкка тыгылган айбанаттай кыйналып баратты.

Узактан бери уйкум канбай жүргөн жаным жол бою уктап барам деп ойлогом, бирок эрегишкендей көзүм илинбеди. Акыркы мезгилде убайымчыл болуп кеткен сыяктанам. Убайым тартпаганга жөнүң жок. Мына, жашым кыркка келди, - туурасын айтсам, отуз тогуздамын. Жазуучулукка баш урганыма жыйырма жыл толду. Жакшы баштаган эдем. Ишенимдүү. Батыл, шайдоот. Кадам шилтебей жатып, жолум кесилди. Ар бир китептин алды – доо, арты – сөгүш. Баш ийбесең да, моюн бургузбайт. Бир жыл жазган чыгармаңдын артынан үч жыл жүрөсүң. Эртеңки жол – мурунку жолдон да оор. Кайда барсаң, жабык, таш дарбаза. Убакыт өтүүдө. Канча тыбырчылаба, жарыбаган жумуш араң бүтөт. Баамдап көрсөм, баштаган он ишимдин бири да толук бүтпөптүр. Ушу кырк жашымда учуп кетсем, артымда көзгө тутар эч нерсе деле калбайт экен.

Мүмкүнчүлүгүм ушундай мол болгонуна карабай, жыйырма жашымда жеткен бийиктигимден узап кете албаптырмын. Аң-сезим жагынан да, сапат жагынан да. Эми өмүр бою даярдалган романымды аягына чыгаруум керек. Мурдакы бейкүнөө дүйнө канчалык будуң-чаң көтөрбөсүн, мундай күрдөлдүү дүйнөнүн келечеги эмне болот? Бирок ал жөнүндө убайым тартканым жок. Мени убайымым – чыгарманы өзүм каалагандай кемелине жеткирип, бүткөрүү. Ушул сапардан соң алды-артымды жыйнактап, убакытты созбой, баш-отум менен отурууга тийиш эдем. Көңүлүмдө мелжеген деңгээлге жеткизе алсам... Бир жылбы, эки, үч... беш жылбы, жазып бүтүп, басмадан чыгарсам... кыйналбай өлүүгө болот.

Жанагы Травендин аңгемеси кайтадан оюма оролду. Аягы эки тарам бүтөт. Биринчиси – Ажалды тааныбай, аны чындыгында эле арып азып кыйналган карды ач кемпир деп билген отунчу ага тооктун бир шыйрагын берет. Ачка кемпир шыйракты үргүлжү сугунуп, экинчи шыйракты да сурайт. Аны да жалмап жутат. Анан өзөгүм карайып жатат деп тооктун калган этин түгөл сурайт. Отунчу да өзөгү карарып турганына карабай, дарманы тайыган кемпирге жаны ачып, өмүр бою эңсеген тоогун бүкүлү карматат. Мына ушундан кийин гана ажал сырын ачыптыр. Мен сенин жаныңды алганы келген эдем, эми сага ырайым кылам, жөнөкөй жашоо эмес, бак-дөөлөттүү өмүргө жетүүңө мүмкүнчүлүк берем дейт. Чынында да, айтканындай болот. Бирок ал акыр аягында ажаан Ажал менен кайта беттешет... Экинчи тарам боюнча, караңгы түшөт, отунчу үйүнө келбейт. Таң атат – жок. Артынан издеп барса, эмендин түбүндө өлүп жатыптыр. Тактап айтканда, ал Ажалга, жок, Ажалга эмес, кубулуп келип, кайыр сураган ач кемпирге даам таттырбайт. Дал ошол тушта жан бериптир. Тоок бүтүн калдыбы, аздектеп күткөн тилеги аткарылып, паранданы сөөгүнө чейин мүлжүп жегенби, анысы жадымдан учуптур.

Эркин өлкөдө бактылуу калемгер жөнүндө ойлогон сайын өзөгүм өрттөнөт эде. Бул мертебе кадимий жомокту мыкты аңгемеге айланткан жазуучунун чеберчилигин түшүнүүгө умтулдум. Артыкча эч нерсеси жок. Жөнөкөй баян. Күчү эмнеде? Негизги учугу – Арманбы, Ажалбы. Кайта бир окуп көрсөм, ачкычын табар эдем.

Уйкудагы шаар, же уйкуда мемиреген чоң кыштакка токтодук. Фрунзе. Автобекет. Айдоочу кырк мүнөт турарыбызды эскертти. Жакшы ашкана бар, тамактанса болот. Кардым ачпаса да торбомду көтөрүп, көпчүлүктөн калбай автобустан түштүм. Ашкана ат чаптырым жайда экен. Ыпыр-тыпыр эл, ыпыр-сыпыр ыбырсыйт. Абада арактын сасык жыты, чылымдын ачуу түтүнү көкүрөк ачыштырат. Же боткобу, же буламыкпы – айтор тазарак көрүнгөн, бирок түбүнө жийиркеничтүү бир нерселер тунган булганч тарелкалар үйүлгөн бир үстөлгө көчүк бастым. Торбону тиземе койдум. Ичиндеги дүңкүйгөн түйүндө тоок болуу керек. Бүтүн тоок. Азыр баарын жешим зарыл. Жок дегенде жартысын. Тоокту үстөл үстүнө чыгарып, түйүнчөктү ачып, тамактанууга табитим тартпаса да, даам татууга эми теминген чакта, элбең этип, кимдир бирөө маңдай жагымда пайда болду. Үстүндө не токумбу, не жабуубу – ышпалдасы кеткен боз сур бирдеме салбырайт. Не орус, не татар, не калмак. Улутун да, кебете-кепширин да, түр-түспөлүн да ажыратуу мүмкүн эмес. Тумандын ичинде тургандай. Алда бирөө. Булдурап барып, үнү төнүп кетет. Кирпиктен тартса жыгылчудай арык. Башындагы уйпаланган кир чачтары кирпидей тикчиет, мурду шиштей, ээги шуштугуй, оозу чоң, эриндери кыпкызыл, чукур көздөрү чоктой жанат. Мага тикирейип карап, сол колун созду: «Тоок жегим келет. Бир шыйрагын бер!» Мен алдастап, бүкүлү тооктун килейген бир шыйрагын үзүп бердим. Бейтааныш экинчи колун созду: «Канатын жегим келет! Апкел бери!..» Мен тооктун бир канатын түбүнөн омкоруп, ага узаттым. Энди... Тең жарымына жакыны колумда турган тоокко назарым оодубу, аяк астымдан чыга калган кайырчынын айтканын кыңк дебей аткарганыма таңыркадымбы, эсимди жыйып, бет маңдайыма карасам, кайырчы жерге житкендей жок. Мына кызык. Ушундай да болот экен.

Азыр кайтып келип, тооктун жарымын сураса... берет болчумун. Ким билет, жинби, же шайтанбы. Балким ылаажы издеген бузуку, бычагын койнуна каткан канкор чыгар... Эмне дегенде дагы осол иш болду. Уят. Эч ким көрбөдү. Анткен менен өзүмө уят. Кардым ачты деп сураса болмок да. Талап кылды. Тартып алды десе да болот. Маселе тоокто эмес. Намыста. Намыс деп... Бекеттеги кисәвур (ууру-кески) менен жакалашат бедем. Кабатырлануу, түшүнүксүз кооптонуу... Эми чочулоом дагы күчөдү, аң-таң болдум... Канткенде да жаным тынчтык таппады. Тамак ичүү кайда, ордуман турдум. Тоогумду апыл-тапыл кайра ороп, торбомду көтөрүп, кесепеттүү үстөлдөн оолактай бастым. Жанагы жексурду издесем бекен. Ким, кандай неме? Жерге кирсин. Дейдип жүргөн бир селсаяк да. Ашкана ичинде туралбай, сыртка чыктым. Үлбүлдөп күйгөн лампанын жарыгы. Эшиктин алдында автобусубуз жок. Ары жакта бирөөлөрдүн карааны көрүнөт. Таза абадан кере дем алып, чылым чегишүүдө. Башка автобус келип токтоду. Андан түшкөн адамдар топурашып, ашканага жөнөштү. Артыларынан барып, эшик оозунан кайра тарттым. Жанарак мага караан болгон эки-үч адам жок. Эми жалгыз калдым. Түн – желсиз үп, айлана – капас. Көкүрөгүмдү басып тургандай кысылдым. Нервим чарчап, терим өлө жукарган экен деп ойлодум. Бийликтен корк, партиядан корк, КГБдан корк. Акыр жүрүп, жол тоомундагы кайырчыдан корк. Анын баары эч нерсе эмес, кийинки учурда жазгандан коркчу болуптурмун. Коркпос жөнүң жок. Адатта антип-минтип жазып бүттүң, анан жаңы, же кезектеги айлампаң – береги китепти өткөрүү жолундагы талаш-тартыш, күрөш-таймаш башталат. Ал – ал эмес, мындай – мындай эмес. Чыгармаң – кесирдүү, өзүң – жаман.

О, Теңирим! Биз ушинтип азып-тоздук, кийинки урпактарыбыз эмне болот? Аларга, жок дегенде, руханий шаты калтырып кетүүбүз зарыл эде. Эгер жол салбасак да, багытты көрсөтүп кетсек болот эде. Мурункудан да бетер адаштырабыз... Акыры күрүлдөп автобусубуз да келди. Май куюптур. Тар болобу, убактылуу болобу, өз уяң болгону төтөн жакшы. Ордума келип отурдум. Аз-аздан калган жүргүнчүлөр да чубап келишип, бир паста кайта жолго чыктык. Түнкү караңгылыкты жарып, зуулдап баратабыз. Кез-кезде чырагын жарк эткирип, машинелер бет келет. Түнкүсүн да тиричилик токтобойт. Жертамдагы калкың да акыры чыгат да жарыкка. Жол узаган сайын жаңы түпөйүл ойлор, эски өкүнүчтөр көңүлдөн өчө баштаган сыяктуу. Таң бозоро баштаганда кардым ачканын сездим. Жанымдагы түйүнчөктөн мурдакыдан алда канча кичирейип калган тоокту чыгарып алып, шашпай отуруп, баарын жедим. Ушу убакка чейин бир короо тоок жегенсиң деген эде байбичем. Ал жарты тоокторду, шыйрактарын, канаттарын – баарын кошкон да. Бул жолу да бүтүн тоок жебедим. Чындыгында эле канча короо болсо да, өмүрүмдө бүтүн тоок жеп көрбөптүрмүн. Аман-эсен үйгө кайтып баргандан кийин, атайын бүтүн тоок алгызып, жеп көрүүм керек экен. Өзүмчө жымыйып күлсөм керек. Күлө турган эч нерсе деле жок эде.

Таң атты. Түн касиети заматта сиңип кетти. Чимкентке жеттик. Бекетте бизди күтүп турган автобуска тобубуз менен барып отурдук. Жер жарыганда, андан аркы сапарыбыз кең талаада уланды. Баары жакшы, баары көңүлдүү. Ойлогон иштеримди толук бүткөрүп, тогуз күн дегенде Алматыга кайтып келдим. Бүтүн тоокту да, Травендин аңгесин да унутуптурмун. Өткөн кыйынчылыктарың, бүгүнкү түйшүктөрүң, эртеңки талкуулар - баары маанисиз, анчейин нерсе сыяктуу. Жалгыз максат - мүдөөм бар. Чоң романды баштоом керек. Жабдыгым түгөл. Жарагым шай. Көкүрөк ачык. Кубатым да ташкындайт. Бирок баштай албадым. Күз болду – жок. Кыш түштү – жок. Көктөм келди. Шондо гана чечкиндүү кириштим. Көктөмдө баштап, беш айда чоң романдын биринчи китебин аяктадым. Созактан баштап, Москва менен токтодум. Бул – ортосу. Бардык ишти аярдап, кылдат жасоо керек. Баары убагы менен. Дагы кыш түштү. Көктөм. Кайра коңур күз. Жаңы сапарга аттануум керек. Романымдын кейипкери өткөн из менен. Ички Россия. Мурда түштүк өңүрүн көргөм. Эми батыш өңүрүнө барам. Хандыктын ордосу турган жер. Ага чектеш аймак. Жөн эле жердин түзүлүшүн көрүү эмес. Элдин жашаган жайын изилдөө. Эски эстеликтер. Башка да суроолор бар. Узакка барам. Мүмкүн бир айга. Мүмкүн эки, үч айга.

Москвада Борбордук китепканада эки аптадай отуруп, анан Рязанга келдим. Аерден багыт Касимов - Хан - Кермен. Отуз күн... ой. Ой эмес, зарылдык. Жоктоо. Көчүрүлгөн Элдин журту. Кеткен Бабанын изи. Музейге айлантылган Хандын мечити гана эзелки калыбында турат. Кара жер да. Сургулт өзөн. Түнт токой. Бозгулт көк асман. Жана... Адамдын бийик руху. Баары кайра тирилди. Ары муңдуу, ары сырдуу күндөр. Өмүрлүк максатымдын босогосунда турган экем. Ийе!..

Айтмакчы, отуз күн бою «тамак жеди, жем салды» эсебинде жүрдүм. Ачка тете. Каражатым бар – тамак жок. Тамак бар - жегенге жарабайт. Жараксыз таштандыдай. Бир кезде хан ордосу болгон, эми байыркы журту тозуп, жат эл баскан чакан калаадагы эки-үч коомдук ашкана чочкокана сымак. Картопиясы (дөшкө пюреси) - буламык, котлети – баткак, эттен, ундан жасалган тамак-аштар ат-заты менен жок. Дүкөндөр - түгөл жылаңач. Кара нан таң атпай сатылып кетет экен, арып-ачып колум жетти эле, бир барчасынан эки күн ашказаным ооруду. Бир аптадан кийин ачтан өлбөгөндүн амалын таптым. Айрым дүкөндөргө такта шоколад түшөт экен. Жана жаман-жуман кәмпүттөр (конфеттер). Айтор, кошумча корек. Кошумча дегенимдин жөнү бар: негизги тамагым башка. Казактын күлазыгы – казы бышырып берген. Аны Москвада абайлап сактап, Касимовго бүкүлү жеткиргем. Келгенимден эки күндөн кийин дыкаттык менен өлчөп, күнүгө кечинде эки кертиктен жесем, казым бир айга жетерлик экенин чамалагам өзүмчө.

Ырасында да ошондой болду. Жыйырма жетинчи күнү ада болду. Ал кезде менин да иштерим аягына чыгып калган. Мечит - музейдин көөнө колжазмалар, сейрек китептер корун толук көздөн өткөргөн эдем. Баягы Хан-Кермен хандыгына караштуу аймакты түгөл араладым, эски турактардын ордун, чалдыбарларын таптым; улуттук, оторчулук эзүү астында азып-тозгон агайындарымдын өң-алеттерин таанып, аянычтуу абалын көрдүм; өктөм, биздин коомдон да өктөм, өз үстөмдүгүн жүргүзгөн орой, корс калктын кулк-мүнөзүн, адат-салтын аңгарып, карт мезгилди элестеттим, болочок заманды боолгодум – экинчи китептин сөлөкөтү көз алдыма даана тартылды. Казак ирети, түбүм түрк, мусулман иретинде кайгырып, муңайсам да, калемгер ирети көңүлүм ток эде. Бардык издегеним табылды. Тирүү пенде ирети кардым ачканын Касимовдон чыккан күнү гана сездим окшойт.

Муромго келдим. Мага керек, бирок жөнөкөй конуш. Көңүлүмү бурдурганы – калаа өзү эмес, калың токою. Кыдырып кете албайсың, кыдыруунун зарылдыгы да жок. Көп тосушпады деле. Владимир-Суздалга жол тарттым. Токой – айыл – токой – алачык – кент – токой... Орустун байыркы борборуна соңку автобус менен түн ортосунда жеткен эдем.

Башка бир аалам. Жарык дүйнө! Мына, чоң шаарга киргенде байкалган. Адеми үйлөр, күн нуруна чагылган чиркөөлөр. Таптаза кең көчөлөр. Биз келген заңкайган бекет – ажайып ааламдын так ортосу таризде көрүнөт. Неон чырагынын нурлары жазууларды кызыл жана жашыл түстөргө кубултуп ойношууда. Шамчырак сүттөй аппак жарык себүүдө. Адамдардын жүрүш-турушу башкача. Мен цивилизация ааламына алгач келген токой адамы сыяктуу эки жагымды каранып, азганакай турдум да, бар жүк, бар дүнүйө – өзүм тейде арыктабаса да, жеңилдеп калган чакан дипломат-чемоданымды колума алып, ичкери кирдим. Бул жакта да жапжарык. Таптаза. Жөлөөчү ийрейген, ыңгайлуу, узун жыгач отургучта үргүлөгөн, эки-үчтөн аңгемелешкен, жүздөрү жадырап-жайнабаса да, кайгы-капасыз, түрдүү адамдар отурушат. Алды-артын аңгаалдабай эмес, шашпай, жөөлөбөй, сылык-сыпаа кыймылдаган адамдардын аягы үзүлбөйт.

Кең залдын төр жак четинде – буфет! Текчелүү, соода жайы жана азык койчу сөрү-текчелер айнектелген, атүгүл таптаза, көз сүйүнткөн буфет. Туташ жана катар-катар коюлган үстөлдөрдө тамактанып, же чай, же кофе ичип отурган адамдар. Аларды көрүп, ачка экеним эсиме түштү. Жок, кадамымды тездетпедим, эки жакты байкап, каалгып басып, буфетке бардым. Сатуучу – Рязань менен Касимовдогудай кылдай арык эмес, эки бетинен кан тамган, жемге тойгон сыйырдай болук жаш келин мага жымыйып карады. Мен үңүлүп, текчеге кадалдым. Мына керемет! Владимир - орустун байыркы борбору катары ашыкча урматталганын, четэлдик жана советтик туристтердин аягы үзүлбөгөн шаар болгондуктан, өзгөчө эсепте экенин билчүмүн, бирак Рязань – Касимов – Муромдон кийин азыркыдай молчулукту көрөм деп ким ойлоптур. Жегенге жарачу кадимки тамак түрлөрүнөн башка да орустун эчен түркүм аталыштагы колбасалары да жайнайт. Кайсынысын алсаң да тегин. Тегин деген себебим, акчага канча алсаң да өз эркиң. Мен чочко эти азырак колбасаны тандай баштадым эле, «Тоок бар» – деди буфетчи келин. Эмне деген шумдук, айнектелген кең текченин бир чети толо тоок. Алматынын көк базарынан жаңы келгендей, семиз, сапсары, даамдуу, майы тамчылайт, бышкан тоок. Ошол кезде оюма кылт этти. Баягы Травендин тоогу. Отунчу байкуш кудум мен сымал шашпаган чыгар деп ойлодум. Бир тоокту бүтүн алып жеймин. Ушу азыр. «Ийе, тоок...» - дедим. Буфетчи келин да сөзүмдү ылайык көрдү. Текчеден тандап, көкүрөгү чардайган, шыйрактары жоон, семиз тоокту алды.

Ошо чакта бет алдымда... алда ким – түрү да, турпаты да бөлөкчө алда ким пайда болгонун байкадым. Жалт карасам – кабагы бүркөө, көзү кызырган, мурду соройгон, ээги шуштуйган, бети томпок, башы апсайган, үстү самсаалаган, сасык, жыты буркураган кемпир туру. Өңү азган, капкара эриндерин көпкөк тили менен жаланып, мага үңүлүп карайт. Бирде мага карайт, бирде мен алганы турган тоокко карайт. Тоокко карайт, мага тигилет. Мен аргасыздан жылдым. «Алыңыз, алыңыз... - депмин. Эмне алуу керек? Текче тарапты көрсөттүм. – Сизди алдыма өткөрөм...»

Кемпир мени теше тиктеген абалында жалмаңдап алып, быртыйган манжаларын тыбырчылатып, учтары кертилип, ичкери кайрылган тикенектей тырмактары менен айнекти нукуду. Бир самса, бир стакан чай. Четирек үстөлгө барып отурду, кош колдоп чайын ууртады да, ошол эле кош колдогон абалында самсасын алып, оозун араандай ачып, батышынча тиштеп, мулжуңдап жей баштады. Көңүлүм тынчып, бирде буфетчи келинге, бирде өзүмө жымыйып: «Тоок!.. – деп кайта айттым. Бүтүн деп айтканга батынбадым. - Жарты тоок. Бөлбөй бериңиз». Арийне жарты тоок жүк болбойт. Көздөрүм айнек астындагы тооктордо. Толтура. Анан экинчи жарымын жеймин. Кемпирден алыс отурдум. Жарты тоокко киришкенден мурда үстүмдөгү калың, этеги кыска, кайыш курткамды чечип, эки бүктөп, башымдагы беретти жеңине тыгып, орундуктун желкесине илдим. Колумдагы дипломат-чемоданымды эки аягымдын ортосуна - үстөл бутуна жөлөдүм. Чөнтөгүмдөн өткүр, бели кайкы бүктөмө макимди чыгарып, мизин ачтым. Ошондон кийин гана жарты тооктун жоон санына кол салдым. Кемпир аркы четте отуру. Көздөрү мени теше тиктөөдө. Албетте. Мен башка улуттанмын. Өңү-түсүм бөлөк. Мүмкүн, азиатты алгач ирет көргөн чыгар. Ооба. Карды ач. Ошон үчүн тоокко сугун артууда. Ооба. Сырттан келген киши болгон соң, ою кайыр-садага өндүрүү.

Алда неме... Кургур! Травендин кемпирине окшобойт. Ошентсе да, абай салып, байкап отурам. Акыры жалгыз самсаны жемшеңдеп жеп бүттү. Азгана саалгып чайын ичти. Ордунан кыйналып туруп, сүйрөлүп басып, тышкы чыгып кетти. Мен ошондон кийин гана тооктун экинчи жартысын алдым. Башка тооктун жартысы. Ашыкпастан аны да жеп бүттүрдүм. Эки жарты. Кандай десеңиз да, бир бүтүн. Ийи. Бир жерде бүтүн бир тоок. Өмүрүмдө биринчи жолу. Жана акыркы жолу. Мындан кийин бүтүн тоок аттуудан оолак болот чыгармын. Тоокту жайлап бүткөндөн кийин, катарынан үч-төрт стакан коюу памыл чай ичтим. Эми жолго бердеме алып алсам. Жок. Тарчылык ушуну менен бүттү. Травендин аңгемеси да. Көңүлүм жайланып, маанайым көтөрүлүп, сыртка чыктым. Таза аба. Айлана жарык. Ошо жер – башка заман. Бабамдын изи менен келдим. Артында аскар тоодой калкы бар, ардагер уулдары бар. Издөөчүсү табылды. Касса залына бардым. Эки сааттан кийин жөнөйт экен. Суздалга - бир белет. Бул жактагы жер чеги да ошол эде. Суздаль! Шаар ошол калыбында турса керек. Асман астындагы музей. Тегереги да өзгөрө койбогон чыгар. Бүгүн, эртең – ошоердемин. Владимир - кайтар жолумда.

Автобус козголгондо таң агара баштаган эде. Жердин буусу. Жөө туман. Аздан соң айлана бозомук тартып, жер кыйыры кеңейе баштады. Жер – жазык экен. Токойсуз, ачык талаа. Жети жүз элүү жыл мурун Бату хан өткөн. Артында сансыз аскер. Үч жүз сексен жыл мурун Ороз-Мухамед хан өткөн. Артында бир түмөн жасак. Энди мен – жападан жалгыз... Бирак ойлогон мүдөөмө жетсем – артымда да миң сан, балким, миллион, бир нече миллион аскер болот. Ал - ушу жерден өткөн ортоңку бабам тууралуу китеп. Травендин аңгемесин унуттум. Өз романым жөнүндө, романдын башкы кейипкери – арстан жүрөк, өрнөктүү инсан - Эр жөнүндө ойлодум. Миң салаалуу кыялдын кучагына сүңгүп кеткен эдем...

Он чакты күндөн кийин аман-эсен элиме кайттым. Эки китепти он жыл жазсам керек эде. Өтө тез жазганымда деле беш жыл. Жол - сапар, ортодогу ажырымдар менен кошо эсептегенде, жыйырма жети күндө тамам болду. Эң маанилүүсү бул эмес. Эң маанилүүсү – арбак көтөрүп, алаштын азаматтары колдоп, доо-дооматы жок, кармалбай, бүлүнбөй, ушу калыбымда журтумдун алдына келдим. Калемгерлик кызмат, ягни чын өмүрдөгү эң үлкөн арманым аткарылды.

Андан бери канча мезгил өттү. Катуу кетпесек да, дагы бир аз алыштык, жөөлөштүк. Эмки максат – мурдакыдан да үлкөн. Бирок эмне жазсам да бул айдак китепке тиркеме гана болот деп ойлойм. Башкысы – ойдогу китепти жазуу... Изденүү, ойлонуу, отуруу... Бар күчүбүз, бар күч-кубатыбыз, бар чыдамыбыз бүткөн эде. Ар бир күн, ар бир саат эсимде. Эчтеке унунутулган жок. Убакыт өткөн сайын жаңыра түшчүдөй. Азыр Травендин ал аңгемесин башка бир кырынан билгендеймин.

Травен дегенибиздин өзү ким? Теги табышмак, түшүнүксүз инсан. Европадабы, же Кошмо Штаттардабы туулган. Не швед, не немис. Балким индус. Латын Америкасындабы, Перудабы, же Мексикадабы – жашайт имиш. Ысмы таанымал, жүзүн эч ким көрбөгөн. Айтор өмүрү XX кылымга таан. Негизги кесиби – жазуучулук. Чыгармалары... чыгармалары да эч кимдикине окшобойт. Эч бир салтка сыйбайт. Биз билген орус тилинде сейрек басылган. Менин окуганым – жанагы жалгыз аңгемеси. Калас.

Өмүр менен өлүмдүн чек арасы. Кыял менен болмуш. Тоок. Эмнеге жалгыз кулпу тоокко байланат? Неге башка бирдеме, маселен, койдун, сыйырдын туташ бир жилиги эмес? Эмне Травен популярдуу индус аңыздарынын бир тарамабы? Ишарат, кыйытма. Салттуу бейне. Эмесе жөнөкөй эле го. Тоок – канаты бар, бирок учууга жөндөмсүз паранда, канаттуу. Орундалбас арман да канатсыз... Травендин аңгемесин жазуучулукту жаңы баштаган учурда, көп китепканалардын биринде эригип, ар кыл журналды аңтарып отурганда, кокустан жолугуп калып окубасам, кантет эдем?

Күндөрдүн биринде, алыс жолго чыгарымда, жубайым бүтүн бир тоокту бышырып бербесе, кийин, чылгый орус шаарында, текчеде турган туташ тоокту тандабасам, алиги күмөндүү бейнелер бет келет беле? Эгер бербей койсом кантет эде, кийин берсем эмне кылмак? Неге титиредим, эмнеден кооптондум? Бөтөнчө аңгеменин таасириби? Мунун баары – түшүнүксүз, беймаалым жагдай. Турмуш чындыгына өтөлү. 

Отунчунун эң чоң арманы – бир тоокту бүтүн жеш эде.

Жазуучунун эң үлкөн арманы – төтөн жакшы китеп жазуу эде.

Отунчу арманына жетпеди – бакытка туш болду, болду, жетти – ошо маалда өлдү.

Жазуучу... жетпесе – өлөт эде, жетсе – бакытыңыз не, түбөлүк жашамак.

Ал эми Өлүмдүн өзүнө келсек, Батыш элдеринин түшүнүгүндө Ажал – аял кейпинде болот.

Казак, мусулман түшүнүгүндө Азиреил – эркек сыпаттуу.

Мен обол башта бу жагын эскертпеген экем. Травендин аңгеме-жомогу, өз башыман кечирген окуя – кокустук көрүнгөн. Арадан канча жыл өткөн соң, өзүмдүн жазуучулук жолум тууралуу эстелик китептин үстүнөн иштеп жатып гана аны аңдаптырмын.

Акыркы – Орус элинде, сөөлөттүү Владимирде кездешкен кемпир – бейсабат, кайрымсыз шордуу, мага түк тийиши жок. Жолугуусу - кокустук.

Алгачкы – Кыргыз жери, аты бузулган Бишкек – Фрунзедеги бети-башы сапсайган эркек – зулумдуктун көрүнүшү, Азриелдин өзү болбосо да, чабарманы, элеси. Өтмөкайып өмүрдө – бар тагдырымды – жашоомдун маани-мазмунун аныктоочу оор эмгекке алгачкы кадам үстүндө бет алдыман чыкканы – мыйзамдуулук.

Бирак менин арманым – канатсыз тоок эмес, курсак камынан тыш, жеке баштын мүдөөсүнөн жогору, арбактуу Алаштын, улуу Элдин аманатын аткаруучу, рухун көтөрүүчү, тозбос, соолбос, маңгилик мурас китеп. Мен баарын аткаруучу кызматчы гана экем. Курал экем. Ошондуктан айкөлдүк жасалды, убакыт берилди. Бир китептин чегинде эле эмес. Өтө узак мөөнөткө. Азирейилдин чыныгы жүзүн - үрөй учурчу, коркунучтуу эмес, мээримдүү, ай жамалдуу дидарын – Теңирим сыйлаган жазуучулук күнүм бүткөн күнү гана көрөрүм чындык. Андан аркы өмүрүм кунарлуу китептеримдин бетинде калат.

2001-жыл.

Казакчадан кыргызчалаган Амирбек Азам уулу 

Травен ким өзү?

Травен – бул адабий псевдоним. А Травендин чыныгы аты-жөнү жазуучуну көзүнүн тирүүсүндө окурман журтуна беймаалым болгон. Чыгармалары дүйнөнүн төрт бурчунда жана англис, немис, испан, орус, чех, ж.б. тилдерде чыкса да, өз аты-жөнүн, өмүр баянын жашырып, бир нече псевдоним менен жарыялап жүргөн.

Артынан сая түшүп, туулганда коюлган атын элге жараян кылууну каалаган журналисттердин аракетинен майнап чыкпаган. Лекин, калемгердин өз керээзине ылайык, көз жумгандан кийин – 1969-жылы ак нике жары Роза Элен Лахан массмедиа үчүн билдирүүсүндө: Рет Мерут, Б.Травен, Торсван, Хол Кровс деген жазуучунун баары бир адам – күйөөсү Бруно Травен экенин, ал 1890-жылы Чикаго шаарында туулганын жарыялайт.

Бул да толук эмес. 1990-жылы Травендин өгөй кызы жана күйөө баласы жазуучунун жакын досторунун бири, мексикалык көрүнүктүү кинооператор Габриэл Фигеродон аталарынын (Б.Травендин) нак аты – Мориц Ротенау, ал даңазасы таш жарган Эмил Мориц Ратенау менен ирландиялык актриса Хелен Маректин никесиз перзенти экенин эшитишет. Бул маалыматты 2019-жылы айныгыс ономастикалык жүйөдалилге таянып жарыяланган изилдөө дагы бышыктайт. Мисалы, береги үч ысымдын «Ret Marut», «B. Traven» жана and «Moritz Rathenau» тамгаларын алмаштыргандагы окшоштук.

Э.М.Ратенау (1838-1915) теги жөөт германиялык даркан ишкер, инженер-механик. Ал 1883-жылы Европада белгилүү электротехникалык ширкет - AEG компаниясын түптөгөн. Бул ширкет XIX кылымдын аягына карай 250гө жуук электростанция курган. AEG өндүргөн электр кубатысыз, AEG жасаган  электроприборлорсуз I Дүйнөлүк согуш алдындагы Германиянын калаа, кыштактарын элестетүү мүмкүн эмес.

Мындай бетке тутар далилдерге карабай, жашы Травен курактуу Мориц Ротенау деген адамдын туулганы жана бу жалганда жашаганын тастыктаган бейтарап документтер калың элге жарыя кылынган эмес. Ошол себептүү алиге чейин травенчилер же травенологдор арасында табышмактуу жазуучунун так аты-жөнү (Мориц Ратенау) деген теориялык талашка чекит коюла элек... Себеби... Травендин өйдөдө аталган төрт псевдонимден бөлөк да китептери Рихард Маурхут, Хьотамаре фон Кирена, Артур Терлен, И.Мермет деген ат менен да басмадан чыккан.

Жазуучунун китептери элге өтүмдүү болгондуктан, 1934-жылы ал тууралуу макала немистердин атактуу «Брокгауз» энциклопедиясында 1934-жылы чыгат. Ал эми 1948-жылы «Сьерра-Мадренин кенчи» китеби боюнча тартылган көркөм фильмге Америка кино академиясынын «Оскар» сыйлыгы үч номинацияда ыйгарылат. Ал салтанатка да барбайт. Бирок фильм тартылып жаткан маалда киносъемканы ал - Травендин тилмечи жана өкүлү Хол Кровс ирети барып көрөт.

Атак-даңк чыныгы Травенди эл алдына чыгып: «Бул адам менмин!» деп көкүрөк кактырбайт. Сый-ургаалга марытпайт. Өлгөндөн кийин зор жазуучунун күлү Мексиканын Чяпас штатындагы жаңгалдүү токойго учактан себилет.

Ошентип, мүрзөсү да жок. Жаны – чыгармаларында. Болбосо, көзү тирүүсүндө эле китептери ондогон өлкөлөрдө жүз миңдеген нускада чыгып, чыгармаларынын негизинде сегиз көркөм фильм жана бир телесериал тартылган го. Талантуу жазуучунун күдүктүү мүнөзүнүн сыры эмнеде? Бул суроого көпкө ойлонуп, ошондой эле Травенге арналган макалаларды, изилдөөлөрдү окуп отуруп, жооп тапкансыдым. «Чыгармачыл адамда өз чыгармаларынан бөлөк өмүр баян (биография) болбоо керек», «Чыгармачыл адамдын өмүр баяны (биографиясы) түк маанисиз».

Бул эки цитата тең Б. Травендин сөзү. (Караңыз: https://libcom.org/article/traven-b-anti-biography). Ойлончу сөз, биз, кыргыздар үчүн. Талаш жаратчу сөз. Анткени, биздин коомдо сый-ургаал, сыйлык чыгармадан жогору баалангандай көрүнөт мага. Чындыгында эле жазуучунун жаны «тилиңе тишиң күбө» деп эчен толкундап да, толгонуп да жүрүп, жараткан чыгармаларында эмеспи!       

Амирбек Азам уулу

Гейтесбөрг, Мэриленд штаты, АКШ.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз