
АҢГЕМЕ
Алматынын күн чыгыш тарабында, шаардан жыйырма-отуз чакырымдай аралыкта Рахман-Ата деген айыл бар. Алатоо тоо этектериндеги жайгашкан керемет жер. Абасы таза, суусу мол, топурагы түшүмдүү. Кышы күнөстүү, жылуу, жайы шамалдуу, чымын-чиркейи жок. Эң негизгиси тынч. Алматынын түштүк тарабындагы Тараз, Чимкент багытындагы чоң жол эки чакырымдай төмөндөн өтөт. Ала-тоо этегиндеги айылды аралап өткөн жол – жогору, ал да бир топ аралыкта. Рахман-Ата айылы күр-шардан алыс, ыш-түтүн каптабай, тыптынч болуп турат. Кээде ал мемиреп, уктап жаткандай сезилет.
Бул айылдын эли көчөгө көп чыкпайт. Чыгып көңүл ачар кызыктуу жайы жок. Айыл аралап баскан бирин-серин адамды гана көрүүгө болот. Төрт-беш адам чогулуп турганын көрсөң – шаарга барууга камданып чыккандар деп бил. Күнүнө кээде эки, кээде үч жолу гана каттаган, эскилиги жеткен автобус көп учурда өз убагында келбейт, кээде такыр келбей да калмайы бар. Ошондуктан, айрым бир өжөрлөрү болбосо, көпчүлүк адам күтүп олтурбай, же үстүңкү, же астыңкы чоң жолду көздөй, кышы-жайы жөө-жалаңдап чубурушат. Буга нааразы деле эч ким жок. Ден-соолукка пайдалуу.
Жөө баскандын пайдасын моюнга алгысы келбеген чал-кемпирлер менен карыш баскандан эринген жалкоолор анда-мында арызданып көрүшкөн экен, бирок андан жыйынтык чыкпаптыр. Мунун себеби, экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу учурдагы рыноктук кырдаал имиш. Буга күмөн санап, жабыла кол койгон айылдыктар дал биздикиндей эле Достук, Интернационал, Ивановка сыяктуу айылдарга эмне үчүн дурус каттайт да, бизге келгенде башкача көз караш менен карашат деген мааниде дагы толгон арыз жазып көрүшкөн. Бирок бардык арыздарга жооп болгон жок. Ошентсе да (анын себебин сөздүн аягында түшүнөсүз) Рахман-атанын урпактары баарына кол шилтеп, өздөрүнүн жай жүрүштөрүн улантып келе жатышат.
Мурда бул айылда мал багышчу. Совхоз малын. Өздөрүнүн малын. Азыр багышпайт. Совхоз малы прихватцияланып жок болду. Жеке чарбанын малы базар экономикасына өтүү учурунда бир аз көбөйгөнсүп барып, ал да бүттү. Мал аягы үзүлдү. Болсо да бага алышмак эмес. Жайыт жок.
Жайыт калбады. Бүт район жөн жаткан жок. Белгисиз адамдар бөлдүрүп, чийдирип алышкан. Бир гана айыл бөлүнбөй аман калды. Мурда эгин эгип, картөшкө айдашчу. Совхоз эгини, совхоз картөшкөсү эле. Баягы совхоз эми жок. Ар ким үйүнүн жанындагы өзүнө таандык жерлерди чукулап оокат кылышат. Кыймылдабай олтургандары да бар. Мурда ар жума сайын тойлор болуп турчу, ай аралатпай көкбөрү тартып, байге сайылчу... Азыр байге сайган киши жок, көкбөрү тартылбай калган. Бирок күн сайын той. Жалпы эл катышкан илгеркидей дабыраган чоң той эмес, ар ким өз тууган-уругу менен өткөзгөн, жеке адамдардын тою.
Күндүзү өзгөчө көңүлдүү бирин-серин адамдар гана жүрүшкөн болсо, күн бата эки-үчтөн биригип алган ырчылар тамаша курушат. Кээде мушташкандар, бычакташкандар болот. Ага көңүл деле бурушпайт, эртең эле элдешип алышат. Той тойго, күндөр күндөргө уланат. Эмнеси болсо да мурдун балта кеспеген момун айылдын учурдагы жоокерчилик руху жогору. Акыркы төрт жыл ичинде эле айылдын балдары эки адамды атып, үчөөнү сайып өлтүрүштү. Чоң айылга орто эсеп менен алганда, бул кеп эмес. Айылдын бейпилдиги бузулган жок. Баары жакшы. Жакшы болбосо бул айылга кыйырдагы Каракалпактан, бүйүрдөгү Семейден канчалаган адам көчүп келмек беле. Бул да болсо жакшы айылдын белгиси. Анын тынчтыгы.
Коогалаңдуу уруштар, кандуу бычакташуулар тууган ичинен сыртка чыкпаган бул бейпил айылда жакында улут аралык чоң жаңжал чыга жаздады. Чыга жаздаган жок, дүркүрөп өсүп, аша чаап барып токтоду. Бүткүл айыл экиге бөлүнүп, Алма-Ата арачыга түшпөсө баардыгын жалмап кетчүдөй дүлөй өрт каптап келе жатты. Улуттар аралык жаңжал!.. Алгач башаламандыкка бир аз эле түшүнбөстүктөр себеп болгон. Андан кийин ал чоңойгондон, чоңойо берди.
Акырында... (эмне менен бүткөнүн аягында билесиздер). Башынан эле мындай түшүнбөстүктөрдүн эмнеден келип чыкканын, маселенин себептерин, тек-жайын билүү өтө кылдат жана татаал маселе болуп келген эмеспи. Биз албетте, жашырар эч нерсе жок, казак болгон соң, оң-тетирисин териштирбей, каныбызга тартып чыр-чатактын келип чыгыш төркүнүн туура эмес кабылдашыбыз мүмкүн. Бирок биз мурдагы совет адамдары эмеспизби. Башкача айтканда интер,... улутчул.
Мындан тышкары, өлкөнүн бүгүнкү ээсибиз. Көп улуттуубуз, аймакчы, көп улуттуу диаспоралар – бир улуттуу мамлекеттин негизи, эң жооптуу өкүлдөрү! Республикадагы тынчтыгы жана туруктуулугу менин тынчтыгыма, акыл-эсиме, сабырдуулугума, жана да казак элинин сабырдуулугуна түздөн-түз көз каранды. Ушунун баарын эске алып, биз жабык, тар өрүштүү улутчулдук кампаниясына аралашпай, ачык чындыкты, адилет чындыкты айтууга аракет кылабыз.
Илгерки мезгилдерде, башкача айтканда, Улуу Октябрь Социалисттик революциясына чейин... Кечирип коюңуздар, көнүп калган тилим ала качып кетти көрүнөт, – кечээ эле өлкөбүздүн эгемендигине чейин Рахман-Ата, Алматынын айланасындагы жалгыз казак айылы болчу. Анткени, жашоочулардын көпчүлүгү казактар. Дээрлик көпчүлүгү. Баары десе да болот. Бирок бардыгы эмес. Беш түтүн орус, үч түтүн немис, эки корей, бир уйгур, бир жөөт жана дагы бир түтүн белгисиз улуттагы адам – он эки түтүн казак эмес түтүндөрдөн болгон. Калган төрт жүз сексен сегиз үй-бүлө казактар. Расмий маалыматта Рахман-Ата айылында жети советтик улуттун өкүлү ынтымактуу жашап жатканы айтылып келген. Эсеби, жаңы эле айтылган казагыңыз – бул жерде социализмди орнотуп, коммунизмге карай кадам таштап жаткан жетөөнүн бири гана. Ошого байланыштуу, Рахман-Атаны чыныгы толук казак айылы эместигин моюнга алуу керек эле.
Ойлоп көрсөңүз, ошол толукка жакын эмес, жарым эмес, жетиден бирдин өзү эле көңүл үчүн гана экен. Айылдагы бардык административдик иш кагаздары улуу орус элинин кудуреттүү тилинде жүргүзүлгөн. Расмий жыйындар, жалпы чогулуштар, майрамдык салтанаттар, айтпаса да түшүнүктүү, толугу менен орус тилинде. Бул мыйзамдуу эле көрүнүш, – мындай чоң-кичине жыйындарга жок дегенде эки-үч орус жана казакча түшүнбөгөн дагы бир-эки киши катышып калышы мүмкүн эмеспи. Ал эми ырымга бир орус катышпай турган малчылардын кеңешмеси өтөбү? Демек, кеңешме да орусча. Кышында кыштоодо кар кечип, жайында жайлоодо жамбаштап жатчу жапайы чабан эч нерсе түшүнбөй эле койсун, атайын чакырган соң, мал чарбачылыгы тууралуу сөз болуп жатканын билбей кеткидей жогортодон келген адам макулук эмес да.
Керек болсо азыркы чабан орус тилин билбесе да, сабаты жоюлган, албетте, керектүү сөздү (албетте, орусча) кагазга жазып, колуна карматса, трибунага чыгып эжелеп болсо да окуп бергенге чамасы жетет. Демек, тил – курал маселесинде эч кандай купуя сыр жок. Ошентип, коммунизмдин идеялары бардык иште салтанат куруп келген.
Ушул өңүттөн алганда Рахман-Ата айылынын казакка үч кайнаса сорпосу кошулмак эмес. Мектеп гана. Аралаш. Аралаш болгондо, он класс казакча, жыйырма класс орусча. Тил жагынан ушу. Башка жагынан карасак, мектептеги тогуз жүз токсон баланын сегиз жүз сексен бири казак, тогузу гана башка улуттардан, тактап айтканда эки орус, төрт немис, бир корей, эки уйгур бала. Бир кезде ошол насили артык, бийликчил боордоштордун талабы менен орустардын толук эмес класстары ачылып, казактардын эсебинен толукталып, бара-бара өсүп, ушундай сонун көрсөткүчтөргө жетишкен. Коммунизмге жакындаган ар бир саат сайын казак класстары биротоло жок кылынышы керек эле.
Ошентип, Рахман-Ата айылы, албетте, ал кезде башкача аталышка ээ, же Бирдеңке-ское, же Баланча-евка, бул баланчаев дегени ким экенин эч ким билбейт, бирок баары мыйзамдуу, бул Бирдеңке-ское айылынын жаркын келечегинде эч кандай шек жок эле. Ошентип жүргөндө, кандай болуп кеткенин эч ким билбейт, жер шарын титиретип, дүйнөнүн жарымынын таманына басып турган биздин керемет советтик мамлекетибиз бир заматта кулады. Таптакыр ыдырады. Ыдыраса мейли, шүгүр, биз ордубузда турабыз.
Кырсыкты карабайсызбы, эң жогор жакта олтурган Калдуу чеке Жалтырбаш падышанын акмактыгынан пайдаланып, мындан даражасы төмөн турса да, эрдигине салып Кенентаноо, Калыңчач княз Улуу Орусия өзүн дили бөлөк Балтика журтунан, мүнөзү бөлөк Кавказдан, дини бөлөк Орто Азиядан азат, көз карандысыз эл деп жарыялап жибербедиби.
Жалтырбас менен Калыңчач өз ара бийлик үчүн теке тиреш үстүндө, кыз меники, кыз сеники деп жүрүп, Казакстанды унутуп калышты. Биз эмне кылышыбыз керек эле? Москвадан чыгып, баарын калыбына келтирүүгө күч-кубатыбыз жетпейт. Демек, айла жок... биз дагы эркинбиз! Биз да эгемен өлкө болуп, ойноктоп чыга келдик. Бул тарыхый окуяны ошол күнү, ошол жумада, Рахман-Ата айылынын уккан, укпаганы баары бир, эч ким кубанган эмес, эч ким капаланган да эмес, мурдагы калыбында уйку-соо ортосунда кала берген.
Бирок убакыт адамдын эркине коёбу. Көп өтпөй Рахман-Ата эли эгемендиктин маңызын түшүнө баштады. Өзүнүн эмес, башкалардын эгемендигин. Алгач бир жайыт кетти. Бир адам тарыхый мекенине кайтып келет. Жетимиш жетинчи ата-бабасы бул жерден эки миң жыл мурун зордук менен куулган экен. Андан кийин Европаны аралап, Орусияны басып өтүп, бизге жетти. Эми ал жаңы жеткен байыркы улусун калыбына келтирүү менен алек. Рахман-Ата айылы ага ак жол каалады.
Андан кийин үч немис. Жетинчи чоң атасы эки жүз жыл мурун бакыт издеп көчүп келишкен. Адегенде көчүп келишкен, кийин көчүрүп келишкен. Акыры бизден орун алышкан. Эми бөлүнгөн бөлчөгү менен кайра кошулуп, айрыкча кубат тапкан бай журту менен табышмак. Рахман-Ата айылы ыйлап коштошту.
Анан төрт орус. Көрсө, бул экөө, албетте, өздөрү эмес, үчүнчү чоң аталары, жүз жыл мурун, бул өлкөнү жергиликтүү жапайылардан тазалоо үчүн келишиптир. Дагы бирөө, албетте, өзү эмес, атасы жетимиш жыл мурун, бир топ таасирдүү аракеттерди жасаганы менен, бул жердеги такыр тазаланбаган аймакта тартип орнотуу үчүн келген экен. Алардын бири, чоң атасы эмес, атасы эмес, өзү кырк жыл мурун бул жерге ээн жаткан чексиз дың жерлерди өздөштүрүп, жергиликтүү калк билбеген маданиятты жеткирүү үчүн келиптир. Аларга ыракмат. Тарыхый миссияларын аткарышты. Эми алар байыркы жашаган жерлерине кайтып кетүүнү каалашты. Абдан кыйын болду. Эл ары айтып, бери айтып токтото алышкан жок. Кетишти. Рахман-Ата айылы көзүнө жаш алып, мууну бошоп коштошту...
Каны башкалар менен коштошуп жүргөндө бир туугандар кайда кеткенин эч ким байкаган эмес экен. Рахман-Ата айылы өпкөсүн кагып калды. Эки ортодо жалгыз уйгур куйругун түйүптүр. Эң жакыны ошол сыяктуу эле, жада калса коштошууга жарабаптыр. Рахман-Ата айылы иренжиген бойдон калды. Бирок аларга бири да кек сактаган жок, мейли, жолдору болсун дешти.
Ошентип, жети улутубуз бар деп сыймыктанган айылда эки гана улут калды. Башкача айтканда, саны алты жүз кыркка жеткен калың казак, жалгыз үйлүү – түйдөк жиптей томолок аялы, оорукчан, кичинекей кызы бар, ата-теги, насил-тукуму белгисиз, айтор казак эмес шопур Марат. Фамилиясы же Мирзоев, же Мирзоян же Мирзозаде балким Мирзопуло болсо керек эле. Аты Марат. Ооба, аны айтканбыз. Социализм мейкиндигиндеги бүт улутка мүнөздүү кооз жана улуу ысым.
Марат Мирзо... Улуту бүдөмүк болгондон кийин, ал өзү каттоодон өткөн эмес. Башынан эле ошондой. Азыр буга такыр көңүл бурулбай калды. Башкача айтканда, толугу менен казак деп эсептелген Рахман-Ата айылы интернационалдык милдетин унутуп калган. Бирок көп өтпөй бул өз баштарына тийди. Бирөө үч жүз жыл дейт, бирөө миң жыл дейт, биз жүз элүү жыл деп эч кимди ынандыра албадык, канткенде да узак-узак жылдардан кийин эңсеп жеткен эгемендиктен соң, арадан же эки-үч жыл, же беш-алты жыл өтүп-өтпөй, бериси – райондон, ортосу – облустан, ар жагы – республикадан атайын комиссия келген. Жапа чегип, күнөөсүз чыркыраган беш бирдей чагым каттын изи менен.
Бирин жазган – М.Мирзоев. Экинчисин жазган – М.Мирзоян. Үчүнчүсүн жазган – М.Мирзозаде. Төртүнчүсүн жазган – М.Мирзопуло. Бешинчисин жазган – М.Марат... Ушул бешөө – бир эле адам экени бизге белгилүү. Издештирип, текшере келгенде, мартабалуу комиссиянын да буга көзү жетти. Бирок мындан иштин мааниси өзгөрөбү. Өзгөрбөйт.
Бири – орус тилинде, окуучунун дептеринин ортосунан жулуп алган кош барагына, бири – казак тилинде, алде-немедей эсеп-кысап китебинин жулуп алынган сызык-сызык бетине, дагы бири – аралаш, орус-казак тилинде, табактай сары кагазга, бири – дагы аралаш, казак-орус тилинде, тердиктей көк кагазга, жана бири – белгисиз тилде, айылдык почта бөлүмүнүн тилграм бланкесинин четинен каттап тигилген тогуз барагына жазылган бир нече арыздын чыркырап кошулган жан-дүйнөсүнүн добушу Алатоону жаңыртты. Башында таңыркайсыз, ортосунда чочуйсуз, аягында өзүңүз да чыркырап кетесиз.
Рахман-Ата айылында адамгерчиликке жат, фашистик жүйөгө гана барабар, канга кумар улутчулдук калыптанып жатат дептир кат ээлери, же беш каттын баарын өз колу менен жазган Марат Мирзо-ев-ян-заде-пуло. Казактын зулум улутчулдары өзүм билемдикке салып, мыйзамсыз түрдө өздөрүн Эгемен айыл деп жарыялады. Эч кимден сураган жок, калктын эркинен тышкары кылмыштуу ишке барышты. Эми минтип бүткүл аалам коомунан айбыкпай, өздөрүнүн кара ниет, арам иштерин жүзөгө ашыра баштады. Бул жер азыр Рахман-Ата айылы аталат. Бул тарыхка көз көрүнөө жасалган кыянатчылык. Бетпак арсыздык. Айылдын эзелки аталышы – Бирдеңке-ское. Жаңы өлкөнү башкаруунун тирек-туткасы болгон, бир кезде ал дагы мыйзамсыз Алматы деп өзгөртүлгөн баш калаа, жапайы туземдиктерден коргоп турган алгачкы чептердин бири эле. Ушул талаа өлкөсүн куралдын күчү менен багындырып, Улуу Орусияга түбөлүккө кошуп берген Жандараалы өз колу менен негиздеген. Бирдеңке-ское! Эстеп койгула! Артта калган өлкөнү жапайылардан биротоло тазарткан жаңы доордогу аты – Сталин колхозу. Ошондон кийин дың жерди бузган учурда Баланча-евка болгон. Эми аны да өзгөртүп жатышат.
Бул жарабайт, заман өзгөрдү, калыбына келтириш керек. Жок дегенде Сталин болсун. Сталинден корксоңор, мурдагы тарыхий аты – Бирдеңке-ское болуш керек. Бирок андай кылышпады. Ким экенин шайтан да билбеген кайдагы бир Рахманчик. Ал аз келгенсип Аташка. Күлө турган эчтеке жок. Ыйлаганга да болбойт. Добулбас кагуу керек. Көнбөй каршы туруу керек. Ааламдагы ак ниеттүү адамдар мындай маскарачылыкка жол бербеши керек. Ата-бабалардын алдында тарыхты кайта карап чыгуу ыйык парзыбыз.
Нагыз дүлөй улутчулдук. Алгачкы натыйжаларын көрүп жатабыз. Мурда ушул чакан гана Бирдеңке-ское колхозунда, андан кийинки өсүп-өркүндөгөн Баланча-евка совхозунда советтик жети улуттун өкүлү улуу орус элинин агалык камкордугунун аркасында камыр-жумур болуп бактылуу өмүр сүрүп келишкен эле. Мына караңыз, ошол кездеги казактардан башка улуттардын бүгүн изи да жок, беш улуттун өкүлү качып кетти, алтынчы улуттан жалгыз мен калдым. Анткени барар жерим жок, менин тарыхий мекенимде совет өкмөтү кулап, жергиликтүү улутчулдар бийлик башына келгенден бери, саясый туруктуулук бузулган, мындагы эл бирин-бири союп жатат, эми кайда барам, билбейм. Биримдиктүү, кудуреттүү Совет өлкөсүнүн бөлүнбөс бөлүгү иретинде, өзүм туулуп өскөн, эмгегим сиңген Рахман-Атаны, эзелки тарыхий Бирдеңке-ское айылын экинчи мекеним деп эсептечү элем. Мындагы жагдайды көрүп жатам.
Ушул айылды көрктөндүргөн, сабатын ачып, маданиятка жеткизген орустар, ушул айылдын чарбачылыгын көтөргөн немистер менен корейлер, ушул айылга илим-билим тараткан жөөттөр, ушул айылды жер-жемиш менен камсыздаган уйгурлар руханий кысымга, улуттук эзүүгө кабылып, жеке баштарынын коопсуздугуна тикелей коркунуч жаралган соң, көчүп кетүүгө мажбур болушту. Адегенде булардын баары жумуштан чыгарылды, орус тилинде сүйлөөгө тыюу салынды, кодулап, таш менен уруп көчөгө чыгарбай коюшту. Күн сайын үйлөрүнө келип коркутушту, уруп-сокту. Кеткиле, үйүңөрдү таштап тезинен көчүп кеткиле дешти. Антпесеңер кичинекей балдарыңардан баштап баарыңарды түгөл мууздайбыз дешти. Натыйжада, амал канча, ушул айылдагы эмгекчил, адал орустар менен немистер, корейлер менен уйгурлар, жөөттөр менен дагы бир улут өкүлдөрү ыйлап-сыктап айла жок көчүүгө мажбур болушту.
Эми менден кутулгулары келип жатышат. Жеке башыма, чоң үй-бүлөмө кысым көрсөтүшүүдө. Үйүмдү өрттөйбү, тереземдин түбүндө бомба жарабы, болбосо кызымды зордуктап, аялымды кордоп, өзүмдү азапка салып өлтүрүшөбү – билбейм. Амал жок, баш оогон жакка мен да кетемин. Тек төртүнчү класстагы бечара кызымдын мектепти аякташын гана күтүп олтурам дептир.
Ал мектептеги баланын жагдайы да аябай кыйын көрүнөт. Орус тилдүү класстарды баарын талаага айдап чыгып, тогуз жүз окуучулук чоң мектепти баштан-аяк казак тилине которушкан. Мурда орус-казак аралаш мектеби деп аталчу эле. Казыр казак класстарын түгөл жоюп, таза орус мектебине айландырдык дешет. Бул сырткы көзгө гана. Окуучулар баардыгы казак, мугалимдердин баары казак, ошондо кайдагы орус мектеби? Ушундан өткөн алдамчылык болобу? Буларга даба барбы? Буларга чара көрүлөбү дептир.
Бирок али да болсо облустун, республиканын, мурда партиялык кызматтарда чыңдалган, накта интернационалчы, акыл-эстүү башчыларына үмүтүм зор. Баары болбосо да бир аз бийлик ошол жолдоштордун колунда турат деп ойлойм. “Эгер, – дептир Мирзо-ев-ян-заде-пуло, – ушул жөнөкөй өтүнүчүм капарга алынбаса, мен Орусиянын Думасына жазам, Американын Сенатына жазам, Германиянын Бундестагына жазам, Жириновский мен Солженицинге, Керимов менен Акаевге жазам. Бириккен Улуттар Уюмунын алдында, Улуу Британия королевасынын алдында маселе көтөрөм. Азыркы заманда жеке адамдын укугун тебелөөгө эч кимдин акысы жок. Мен өлөм, бирок акыркы тамчы каным калганча чейин өзүмдүн адамдык ар-намысымды коргоп өтөм!..”
Район, облус, республика деңгээлиндеги ар түрлүү жооптуу кызмат өкүлдөрүнөн куралган жыйырма жети кишилик мартабалуу комиссия Рахман-Ата менен Кашкелеңдин ортосунда Кашкелең менен Алматынын ортосунда, Алматы менен Рахман-Атанын ортосунда үч ай сабалап жүрүп, үч-төрт жүз киши менен сүйлөшүп, кырк төрт беттик маанилүү корутунду пикир жазды, бүлүкчүл айылдын аял-эркек, кары-жашын түгөл жыйнап, төбөсүнөн суу аккан, таманы тешилип, кабыргасы каркайган мурунку совет доорунан калган кенен маданият үйүндө элдин келечеги үчүн чечүүчү мааниси бар чоң жыйын өткөздү.
Албетте, жеткиликтүү санда тартип сакчылары келген, жапа чегип, жаны кыйналып арыз жазууга мажбур болгон Марат Мирзо-ев-ян-заде-пуло урматтуу ал кароолдун паанасында, мартабалуу төр башында олтурду. Жыйналыш салтанаттуу жымжырт жагдайда ачылды. Арийне, улуу калктын, улуу тилинде. Андан соң күн тартиби жарыяланды. Орусча. Эми мартабалуу комиссиянын корутунду пикирин калың журтчулукка маалымдоо үчүн төрагага сөз берилген. Казакча. Ошол кезде жапа чегүүчү Мирзо...-пуло жин ургандай атып турду.
– Силер дагы кайда тартып баратасыңар? – деди ал – Кандай баштадыңар, ошондой уланткыла! Жыйналыш башталгандан аягына чейин орус тилинде өтүүгө тийиш. Мен силердин балдыраган тилиңерди түшүнбөйм! – деди. Казакча. “Силерден” баштап “балдыраган” дегенге чейин казакча. Анткени бул Мирзо-заде казакчаны суудай сүйлөчү, ал эми орусчаны ушул отурган элдин көбүнөн начар, начар гана эмес, орто-азиялык-кавказдык эски арабадай кыйшалактап, ойку-кайкы, өтө начар билчү. Сүйлөгөндө. Ал жазууга келгенде албетте, үндүн, басымдын мааниси жок, айтылчу ойду болжол менен түшүнөсүң, эң негизгиси – мазмун, ошол мазмундун маанилүүлүгү менен эл чогулуп отурбайбы. Мазмун жана ишеним.
— Сабрания на беликом ыруском аязыке! Иа требуйу! – деди Мирзо-ян-пуло өзүнө да, башкаларга ишенимсиз казакча алсыз сөзүн орусча бекемдеп. Баяндамачы, мартабалуу, ыйгарым укуктуу, салабаттуу, комиссиянын акбаш төрагасы – облустук жооптуу мекеменин орунбасар башчысы баарынан кечирим сурап, корутунду пикирдин жалпыга түшүнүктүү, улуттар аралык тилде жазылганын, өзү да туура жолдон чыкпасын билдирди. Андан соң бардык тилди билген көмөкчүлөрү майын чыгарып, мазасын келиштире жазып берген терең маанилүү корутунду пикир, көңүлгө толумдуу баяндаманы казакбайский чолок тил, маңка-жалпак акцент менен какап-чакап окуй баштады. Эл арасынада пайда болгон жараканы токтотууга тийиш кырк жети беттик саясый маалымдаманын негизги түйүндөрү мындай экен.
Урматтуу комиссия, Эгемен өлкөбүздөгү улуттар аралык макулдашуу, улуттар аралык ынтымак маселесинин жашоодогу, чечүүчү маанисине өзгөчө көңүл бурду. Туруктуу көз карандысыздык, жалпы жана тез өнүгүү – республикадагы бардык улуттардын биримдиги жана ынтымагына түздөн-түз байланыштуу. Эгемен өлкөдөгү негизги улут болгондуктан, казактардын милдети өзгөчө, жоопкерчилиги да өзгөчө. Акылмандык, билим жана саясат гана эмес, чексиз чыдамкайлык, чексиз сабырдуулук керек.
Ушул жагынан алганда орус тилдүү М.Мирзоев, М.Мирзоян, М.Мирзозаде, М.Мирзопуло, М.Марат мырзалардын атынан кагылган коңгуроо биздин өсүп келе жаткан жашообузда кездешиши мүмкүн болгон айрым жагымсыз кырдаалдардын алдын алуу боюнча жакшы ниеттин көрүнүшү. Улуттар аралык кастык эске алынбаса, чоң көйгөйгө айланат, ар бирибиз терең ойлонуп, этияттык менен кароого тийиш көптөгөн татаалдыктар бар, аны эске албай коюу коркунучтуу жагдайга алып барары бышык.
Бүткүл Эгемен өлкөбүз сыяктуу эле, Рахман-Ата айылында да улуттар арасында туруктуу, тынч абал сакталып жатканын белгилеп кетебиз. Ошондой эле улуттар аралык макулдашуу боюнча жетишилген ийгиликтерге мас болбой, бул өтө назик иште түшүнүү, боорукердик жана сергектик керектигин унутпоого чакырабыз. Рахман-Ата айылынын тургундары менен, атап айтканда, мектеп окуучусунан үй кожойкесине чейин, жумушсуз жаштардан пенсионер карыяларга чейин үч жүз отуз тогуз адам менен ишенимдүү маанайда өткөрүлгөн маектешүүнүн натыйжасында жана облустук, райондук сот, прокуратура архивдерин карап чыккандан кийин, аталган Рахман-Ата айылында акыркы жарым кылымда, анын ичинде, атап айтканда, Эгемендикке жетишкенден берки беш жылда улуттар аралык кастык негизинде кандайдыр бир чыр-чатак болгондугу тууралуу эч кандай маалымат, далил жок экенине ынандык.
Тиешелүү арыз аркылуу коңгуроо көтөргөн М.Мирзоев, М.Мирзоян, М.Мирзозаде, М.Мирзопуло, М.Марат мырзалар да бул жагдай боюнча так бир жагымсыз окуя тууралуу айта алышкан жок. Ал эми Рахман-Ата айылынан көчүп кеткен беш бир тууган улуттун өкүлдөрү, атап айтканда, төрт орус үй-бүлөсү, үч немис үй-бүлөсү, эки корей үй-бүлөсү, бир уйгур, бир еврей үй-бүлөсү эч кандай зордук-зомбулуксуз, өз каалоосу менен көчүп кеткен. Алар алыскы же жакынкы чет өлкөлөргө кетти дешке да так далил жок.
Азыр урбанизация – айылдан шаарга көчүү заманы. Жергиликтүү улут болуп эсептелген казактардын өздөрү да көчүп жатышат. Балким, жогоруда аталган туугандар да жакынкы Алматыда же республикалык башка өнөр жайлуу шаарда жүргөндүр. Булардын айрымдары республикадан тышкары жерлерге кеткен жагдайдын өзүн да – мыйзамдуу көрүнүш деп эсептейбиз. Биз – өркүндөп-өсүүгө, демократияга багыт алып, ишенимдүү кадам таштаган элбиз, тең укуктуу азаматтардын жүрүш-турушун, карым-катнашын чектөөгө эч кимдин акысы да жок.
Ал эми орус тилдүү агайындардын үй-жайларынын бардыгы мыйзамдуу жол менен, ал тургай кээде кымбат баага сатылганы аныкталды. Азыр ээлеп жаткан казактардын баарынын колдорунда сатуу-алуу тууралуу тиешелүү документтери бар экен. Бул документтердин нотариус тастыктаган көчүрмөлөрү бул корутунду пикирдин аягына тиркелди.
Жумуш маселесине келсек, мурда атайын мамлекеттик токтом боюнча, эски социалисттик коомдун калдыгы катары, колхоз, совхоздордун баары таратылганы белгилүү. Демек, М.Мирзоев, М.Мирзоян, М.Мирзозаде, К.Мирзопуло, М.Марат мырзалардын эч кимиси жумуш маселесинде эч кандай атайын кысымга учураган эмес. Рахман-Ата айылындагы эмгекке жарамдуу эки миң жети жүз элүү бир адамдын эки миң жети жүз кырк тогузу жумушсуз. Мектеп мугалимдерин эсепке албаганда, административдик-башкаруу негизинде жумушка алынган – эки гана адам, айыл башчысы жана анын орун басары. Демек, Мирзо-ев-ян-заде-пуло мырзалар ушул Рахман-Ата айылындагы жергиликтүү улут өкүлү – казактар менен укуктук теңдик шартында жумушсуз отурушат.
Мектеп маселеси биртоп татаал. Жети жыл мурун аталган орто мектепте сегиз жүз бала окуган. Улуттук жагынан бөлгөндө: сегиз жүз токсон бири – казак, тогузу – орус тилдүү балдар. Булар бир корпуста, орус жана казак класстарында өз-өзүнчө окушкан, мектеп – аралаш орус-казак деп аталган. Быйыл аталган мектепте бир миң эки жүз токсон беш бала окуйт. Улуттук жагынан бөлгөндө: бир миң эки жүз токсан төртү – казак, орус тилдүү окуучу – бирөө. Бул урматтуу окуучу менен, анын класс жетекчиси, жана башка мугалимдер менен маектешкенибизде бул баланын кандайдыр бир улуттук кысым, же тилдик чектөө жагынан жабыркап жаткандыгы тууралуу шектүү жагдай байкалган жок. Кайра, тескерисинче, өткөн жылы үч сабактан үлгүрбөгөнүнө карабастан, кийинки класска ийгиликтүү көчүрүлүптүр. Бул абдан туура болгон.
Ал эми мектептин таза казак окуу жайына айланганына келсек, арыз жазып, коңгуроо каккан Мирзо мырзалар иштин жагдайын жетиштүү изилдебегени көрүнүп турат. Мурда Эгемендикке чейин бул мектепте он казак классы, жыйырма орус классы болгон экен. Азыр, тактап айтканда Эгемендиктин жетинчи жылы, жалпы казак коомунун улуу орус тилине болгон кызыгуусу мурдагы, социализм учурундагыдан да артып, күчтүү өсүшкө себеп болгондуктан, казак ата-энелери балдарын жапырт орус класстарына которгон. Ошентип, азыркы, тактап айтканда Эгемен доорунда отуз жети класс толугу менен орус тилдүү. Бул албетте, чоң жетишкендик. Бир өкүнүчтүүсү – мектеп мурдагыдай эле «орус-казак мектеби» деп аталат экен. Бул эмне? Көз боёмочулукпу, кайдыгерликпи, жоопкерсиздикпи. Мектеп жетекчилигине, райондук билим берүү бөлүмүнө катуу эскертүү берилди. Окуу жайы өз аты менен, орус мектеби деп аталууга тийиш.
Биздин эркин өлкөбүздө улутка, расасына тартуу жок. Орус деген – урматтуу деген сөз. Ошондой эле мектеп мугалимдеринин улуттук курамы бирдей, толугу менен казак болуп кетиши – тарбия ишинин төмөндүгүн көрсөтөт. Алыскы айыл, автобус жок, жарык өчүп калат, капысынан эч ким келбейт деген – куру шылтоо. Орус улутундагы мугалимге көтөрмө эмгек акы белгилеп, үй-тиричилик жагдайына камкордук көрүлсө, эмнеге келбесин. Эгер башка жумуш орундар табылса, ага да атайын айлык белгилеп, орус, орус болбосо, орус тилдүү жарандарды көбүрөк чакыруу керек. Моно-улуттуу, тактап айтканда, тек гана казактар отурган айыл маданияттан тыш калбаганда кантмек. Бул айылда жок дегенде он орус жашаса, автобус да убагында каттамак, жарык да өчпөйт эле, цивилизацияга тиешелүү башка да жакшылыктар өзүнөн-өзү келмек. Муну кантип түшүнбөйсүздөр? (Сүйлөшүүнүн баштапкы бетине көз салыңыз, – Автордук эскертүү). Сөз соңунда белгилеп кетебиз.
Бүткүл Эгемен өлкөбүздөгү сыяктуу эле, Рахман-Ата айылындагы улуттар аралык мамиле кадимкидей, айыл администрациясынын, айылдагы акылдуу жарандардын толук көзөмөлүндө. Ошентсе да кандайдыр бир кагылышуу, жаңжалдын алдын алуу, зарыл болгон учурда арачылык кылуу жана кудай сактасын, бир нерсе бузулган учурда катуу чараларды көрүү үчүн Рахман-Ата айылында полиция бөлүмүн ачуу боюнча тиешелүү министрликке кадыр-барктуу сунуш жасалды.
Бул жагынан алганда, өз убагында маанилүү маселени көтөргөн М.Мирзоев, М.Мирзоян, М.Мирзозаде, М.Мирзопуло, М.Марат мырзаларга ыраазычылык билдирип, алдыда Рахман-Ата айылында улуттар аралык жаңжалга жол бербөө керектигин катуу эскертип, Эгемен өлкөнүн ээси казактар менен бул өлкөнүн тең укуктуу, орус тилдүү жарандарынын ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу үчүн конкреттүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгына айыл администрациясынын өзгөчө көңүлүн бурабыз жана милдеттендиребиз.
Урматтуу комиссиянын эң жаңы компьютерде басылган кырк тогуз беттик корутунду пикиринин чындык экенин тастыктап, комиссия төрагасы жана калган жыйырма жети мүчө толугу менен кол койду. Бул ыйык белгилердин чындыгын далилдеп, атайын мөөр басылды.
Мынакей! Катка түшкөн эки жарым сааттык сөздүн аягында өзүнүн да мээси айланып кеткен ак баш төрага, мынабу орус тилдүүлөр тарабынан айтылган эскертмени бир саамга унутуп, кайрадан жалпак казакчага көчтү:
– Эми, агайындар, – деди ал. – Ушул айыл түгөл казак экенсиңер, араңардагы жалгыз өзүбектин тилин таппайсыңарбы? – Журт үнсүз. Уйкудан ойгонгон жалгыз киши – жалгыз орус тилдүү Мараттын жаны кашая түштү:
– Мен өзүбек эмесмин!
Төрага шашып калды. Шашканы ушунча, сөзүн оңдоп, кечирим сургандын ордуна, орус тилдүү азаматтын өзүнө казакча сүйлөп жиберди:
– Анда армянсыңбы?
– Сен өзүң армян! – деди Марат оройлоно.
Ак баш төрага кызарып кетти.
– Аскарблайт этпеңиз, пажалыста...
– Аскарблайт этип жаткан сенсиң!
– К-к-кечириңиз... – деди таптакыр абдырап, оозунан сөзү түшкөн төрага. – Ошондо сиз... казаксызбы?
Марат каркылдап күлдү:
– Тапкан экенсиң мазактап күлө турган кишини. Сен өзүң казаксың. Силер казактар совет адамдарын улутка бөлдүңөр. Кысым жасадыңар жана жасап жатасыңар. Менин улутумдун сага эмне кереги бар?
— Чырагым, бар балээ сенин улутуңдун бөтөндүгүнөн чыгып жатат, – деди төрага намыстанып.
— Балээ менин улутумдун бөтөндүгүнөн эмес, силердин улутка бөлүп, алалаган терс ниетиңерден чыгып жатат, – деди Марат. — Мен эмне деп жаздым, өзүңөр үч ай бою текшерип, чындыкты бурмалаган катта? Эми адилеттүү пикир айткандын ордуна ата-тегимди териштиргиңер келет. Улутчулдук деген ушул. Балык башынан чирийт. Улутчулдук бул айылдан эмес, Алматыдан, жогорудагы сен сыяктуу көсөмдөрдөн башталган!
— Сиз антип жалаа жаппаңыз, – деди комиссиянын бир мүчөсү башчысын коргоп. — Төрага – калыс адам. Келини орус, күйөө баласы татар. Чыныгы интернационалист…
— Сизден акыл сураган, маалымат сураган эч ким жок, – деди Марат. – Мен өзүмдүн жарандык укугумду коргойм. Мен жумушсузмун – жумуш таап бергиле. Аялым оорулуу, ага пенсия дайындагыла. Кызым казакча билбейт, билгиси да келбейт, өңчөй мээси жок, бузуку айыл балдарынын арасында окуй албайт, келечегине коркунуч, өмүрүнө коркунуч. Шаардагы бай казактар окуп жаткан англис мектебине жайгаштырасыңар. Болбосо эртең ушул адилетсиз комиссия үстүнөн Республика президентине жазам. Президенттин өзүнүн үстүнөн Американын Сенатына, Орусия Думасына, Германиянын Бундестагына жазам. Швециядан саясый башпаанек сурайм, – деди.
Деди да, чырт түкүрүп, төрдөгү ордунан түштү. Абдырап отурган элди жарып өтүп, маданият үйүнүн туруму шалактаган чоң эшигин тарс жаап чыгып кетти. Бүрсүгүнү эмес, эртең эмес, ошол күнү кечинде жазууга киришти. Марат Мирзо-ев-ян-заде-пулонун адам айткыс улуттук жана расалык кысым астындагы жаны ачыганынан улам чыккан, Америка Сенатына, Орусия Думасына, Германия Бундестагына, Солженицын менен Жириновскийге, Бириккен Улуттар Уюмуна, эң акырында, Казакстан Республикасынын президентине жазган арыз каттары мээлеген жерине жетти-жетпедиби, айтор Эгемен элибиздеги эң чоң кеңседен баштап, эң төмөнкү, райондук, айылдык администрацияга чейин баарын опур-топур кылды.
Териси жука адамдарды коркутуп, териси калыңдарды сарсанаага салды. Акыры… Эки жыл өттү. Мараттын жалгыз кызы азыр Алматыдагы белгилүү лицейде бекер окуйт. Жатаканасы жайлуу, тамагы даамдуу – баары Эгемен элдин мойнунда. Окуусу – орусча, англисче. Кошумча тилдер катары – немис, испан, француз, түрк тилдери. Мараттын эч качан эч жерде иштебеген, атайын текшерүүдө ден-соолугу жакшы чыккан аялына эмгекке жараксыздыгына байланыштуу деген жогорку өлчөмдөгү атайын пенсия дайындалган. Ай сайын алып турат. Кээде пенсия убагында түшпөй калганда, эл сыяктуу күтпөйт, аким өз чөнтөгүнөн алып чыгып бере салат. Мараттын өзү… администрацияда бир жаңы штат ачылып, ошол жерге орношкон.
Жогорудан атайын белгиленген чоң айлыгы бар, эч кандай милдети, иши жок, жоопкерчиликтен, күнүмдүк барып-келиштен алыс, жатып ичкен бир кызмат. Ичсин, жесин, эгемендиктин кызыгын көрсүн. Тек гана тынч отурсун. Тынчтык берсин. Биздин жаңы гана эркиндик туусун көтөргөн жаш Республикабыз үчүн улуттар аралык тынчтыктан кымбат эмне бар. Баштан кулак эмес, бир тал чач, бир тал чачтын бир үзүмү садага кетсин. Ошону менен болду, ыраазы кылдык, өзүбүз да тынчтыкка жеттик деп ойлошкон тынчтыкты сүйгөн агайындар. Жок андай болбоду. Булардын баары – алгачкы, мышык-чычкандын оюну эле экен.
Алгачкы талаптары аткарылган соң, Марат Мирзо кенен сарай сурады. Кенен сарай дегени, чоң айылдын мурдагы бала-бакчасынын имараты. Кечээки күнгө чейин эптеп-септеп иштеп турган. Акыры, өткөн замандын эң акыркы калдыгы катары ал да жабылды. Элде бала бар, акча жок. Администрацияда акча бар, бирок бул орунга каралган эмес. Өзүнөн-өзү жабылды. Мекеме катары. Ал эми чоң-кичине он эки бөлмөлүү, бир ат чабым оюн аянты, чоң багы бар ак имарат өз ордунда. Ошол бош калган жайды толугу менен сураган. Айыл акими бергиси келген жок, бергенге эч кандай негиз жок болчу. Ошонтсе да бербейм деп айта алган жок – өзүнүн үстүнөн арыз жазса эч нерсе эмес, тынч жаткан айылда улуттар аралык жаңжал чыгып кетүү коркунучу бар эле.
Алгач районго жазды... Андан – облуска. Облус… андан да жогоруга жөнөттү. Акыры алып тынды. Алар-албастан… албай туруп, алгачкы, кенен сарай алган күндүн эртеси жер талашып баштады. Бул айылда кырк жыл иштеген, анын үстүнө мүмкүнчүлүгүн тапкан кээ бир кары эмгекчилер мурдагы бак-дарактуу аймактан чоң-кичине үлүш алган болчу. Айылга жакында гана келген М.Мирзо бул тизмеге кирбей калган. Эми кириши керек. Чет жагынан эмес, ортосунан. Айылдагы орус тилдүү жалгыз адам кантип четте калсын. Кенен сарай маселеси бир башка, жердин жөнү бир башка. Тийиштүү мекемелердин баарынын босогосун тоздуруп, райондон борборго чейинки аралыкка арыз-даттанууларды тоо кылып үйүп салды.
Акыры, жогорку жактан бул кагазга да кол коюлду. Мурдагы алма багынын аман турган, мамлекеттин эсебиндеги бир бөлүгү. Төрт гектар жер. Жогорку жактан, сол жак бурчунда “Улуттук басмырлоо болбосун, маселе оңуна чечилсин!” – деген чоң кызматтагы кишинин арбайтып-тарбайтып жазган кол тамгасы бар эки арыз кайра келип түшкөндө… алгач таңгалган, андан кийин корккон, эң акырында ичи ысып, ызасына муунган айыл акими жүрөгүн кармап жыгылган дешет. Жөн гана от эмес, өрт чалган дарт. Көкүрөгү жарылган оору. Инфаркт. Алгач айылда жатты, андан райондун ооруканасына, андан облуска жөнөтүлдү. М.Мирзо жазган арыздардын жолу менен. Төбөдөн түшкөн кагазга, катуу толкунданып, кол коюп үлгүрбөгөн экен, бирок эч кандай күмөн жок, аман-эсен кайтып келген соң, сүйрөлтө колун коюп, биротоло бекиткен белгиси катары мөөр басылат.
Бул учурда Марат Мирзо-ев-ян-заде-пулонун улуттук басмырлоодон алган күч-кубаты өзүнүн чегине жеткен эле. Он эки бөлмө үйүңүз эмне, үч-төрт гектар жериңиз эмне, бүт айыл, акбаш Алатоонун бул жердеги бардык чокулары менен кошо өз атына көчүрүп алууга күчү жетчүдөй. Күн өткөн сайын күчү артып, жигери ташып барат. Алдыда дагы канча жакшы иштер турат. Тек бул боркемик акимдин жатып калганын кара. Ошого карап иш ордуна келсе, адамдык укугу үчүн күрөштүн үчүнчү, эң маанилүү этабы башталмак. Качан? Убакыт өтүүдө.
Бир иш токтоп турат деп, экинчисин токтотууга болобу. “Темирди кызуусунда сок” дегендей, токтоонун өзү кылмыш. Мындайда казак “Алыстан арабалап ташыгыча, жакындан кыбырай бер” деген. Арабаны кургуча көздөп жүргөн нерсе дал жанында турган. Өз кошунасы. Кошуна болгондо катарлаш эмес, ирегелеш кошуна. Канат деген жигит. Экөөнүн бакчасы чектеш.
Бир четте – Канаттын үйү. Экинчи четте – Мараттын үйү. Ортосунда бакча. Бирок Канаттын жери эки эсе чоң. Мараттын жери да биртоп. Он сотых. Бирок Канаттын жери андан да чоң. Жыйырма сотых. Калыстык кайда? Ошол калыстыкты өз колу менен орнотууга киришти.
Токтолбой киришти. Чынында, даярдык иштери мурдагы жылдары эле башталган. Мурда эки үйдүн арткы чегин бөлүп турган тосмо бар эле. Тосмо деген аты эле. Тоок өтпөс үчүн тартылган. Марат алгач ушул тосмону алып салган. Бирок ыргытып жиберген жок. Ирети менен короого жыйнап койду. Андан соң картөшкө аянтын жарты метрге жылдырып айдады.
— Эй, кошуна, бери өтүп кетипсиң го, чегара – тиги бурчтагы куураган эки теректин түбү! – деген Канат.
— Ой, кошуна, сеники, меники дегендей эмне бар, байкабай калыптырмын, жарым метр эмес, отуз беш сантиметр, бул жерге чыккан картөшкөнү өзүң эле ала кой, – деген Марат.
— Э, жарайт, картөшкө өзүмдүкү жетет, кала берсин, – деген уялган Канат.
Эртең менен Марат кудайы кошунасына:
— Бул эки чыбык – асыл тукум алмурут, тамыр алганча сенин жериңе сайып турайын, кийинки жылы тиги эски өрүктү жыгып, анын ордуна олтургузам, быйыл жемиш берсин, оболу көрүп турам, – деген.
— Бул жерге мен картөшкө айдайм, – деди Канат.
— Болгону бир чыбык ко, көлөкөсү түшпөйт, көп болсо төрт түп картөшкө кем эгерсиң, эсесине берки жактан он түбүн ала кой, – деди Марат.
Канат дагы уялып калды.
— Жок, ыракмат, эч нерсенин кереги жок, олтургуза бер.
Өз жериңе деле көлөкөсү түшпөйт, ансыз да менин эсебимден ашыкча картөшкө сээп жатасың го деп айтканды майдачылык көрдү. Бул мурдагы жылдагы кичинекей окуя. Былтыр асыл тукум алмуруттун эки чыбыгы ошол ордунда калды. Алгач эсине салганда эртең алам деген, андан соң бүрсүгүнгө калтырды, эки апта өттү, акыры Канат үчүнчү жолу айтканда, кол тийбей жүрүп убакытты өткөрүп алыптырмын, эми жаңы жерде тамыр албайт, куурап калат, быйылча тура турсун деген. Канат дагы баш ийкеп койду. Ошол күнү кошунасынын картөшкө аянты дагы бери, бул жолу жарым метр эмес, так үч метрге жылганын көрдү. Бирок кайра-кайра айта бергенден уялды. Чегара белгилүү – эки жак капталдагы эки теректин түбү. Ал эми быйыл… Мурдагы эки чыбык бир топ чоң дарак болуп калган.
— Муну албай эле коёюн, – деди Марат.
— Менде ансыз да жалгыз бала, мага бир бутагынын эле түшүмү жетет. Калганын сенин балдарың жесин. Былтыр көчүрүш керек эле, эми кеч.
— Менин өз алмам да көп, бул жерге жашылча, картөшкө себем, – деди Канат.
— Картөшкөнү арыраак, ачык турган жерге сеппейсиңби. Жерди жаңыртып туруу керек, – деди Марат. Канат ойлонуп калды. Эртең менен караса, кошунасы мурдагыдан да бери жылып, мурдагы эки чыбык – бүгүнкү эки алмуруттун тегерегине бүт картөшкө сээп салыптыр.
— Эй, бул эмне кылганың?..
— Бөлүп жейбиз да, – деди кудайы кошунасы. – Жер сеники, тукум менен эмгек меники. Бул жерден кеминде алты кап картөшкө алам. Эки кабы сеники.
— Жок, – деди бир жамандыкты сезген Канат.
— Жарайт, үч кап.
— Жок, төрттү берсең да макул эмесмин. Сепкен уругуңду жыйнап ал…
— Жарымына макул эмессиңби?
— Макул эмесмин. Жеримди бошот.
— Анда өзүң бил, – деди Марат арамза күлүп. Канат да жылмайды. Ошону менен сөз бүттү деп ойлогон. Чынында сөз бүтүптүр. Кошунасы бардык сөздү бүтүрүп, эми ишке киришти. Канат эртеси түшкө маал ойгонуп, курсагын сылап сыртка чыкса, кечээ талаш жер, талаш эмес, кошунасы кашаа коюп, картөшкө сепкен өз жери бүтүндөй аркы тарапка өтүп кетиптир. Өткөндө, көчүрбөй койгон алмурут, ошол ордунда турат, болгону берки жагына тосмо орноп калыптыр.
— Эй, бул эмне?! – деди ээн жаткан бакчага кыйкырып. Тыптынч.
— Марат! Марат!
Ал так ортодогу жоон алма дарагынын түбүндө кыбырап жүргөн экен. Ким билет, балким, ошол дарактын далдаасында жашынып, аңдып тургандыр. Теке маңдайынан жамакайын жалжайтып, чайпала басып чыга калды.
— Э, кудайы кошуна, мынча кыйкыра тургандай эмне болуп кетти?
— Бул эмне? – деди оозуна башка сөз келбеген Канат.
— Булбу? Мен отургузган алмурут.
— Жок, бул…
— Мен айдаган картөшкө.
— Жок, бул дейм! Бул тосмону айтып жатам. Эмне үчүн?.. – деди Канат кекечтенип.
— Кошуналык укугуңду эске алып жарым түшүмүн бекер берем дегенге көнбөдүң. Анан жеримди тактап койдум.
— Кайдагы жер?.. – деди Канат бакырып.
— Менин жерим. Байыртан. Эч кимдин талашы жок!
— Жетишет! – деди Канат. – Бул менин жерим!
— Эми меники, – деди Марат. – Экөөбүз тең Эгемен Элдин тең укуктуу азаматыбыз. Же менден артыксыңбы? Же бөтөн улут деп кемсинткиң барбы?
Эми Марат үнүн катуу чыгарып, Канатты демитип кирди.
– Националист! Шовинист! Фашист! Ушул айылдагы бөтөн улуттардын баарын кууп жибердиңер. Эми жалгыз мага зордук жасамак экенсиңер да! Андай болбойт. Мен Парламентке жазам. Сенатка жазам. Президенттин өзүнө жазам! – Ар бир сөзүн таптап айткан сайын бир-эки кадам алдыга жылып олтуруп, огорддун четине келди. – Мына, өлтүр мени! Ур, сок! Силер көпсүңөр. Мен жалгызмын. Талап жегиле!
Тегерегиндеги кошуналар огорддорунда күйпөлөңдөп ар бири өз иштерин жасап жүрүшкөн. Алгач тосмону аттап оң жактагы коңшусу жетти. Андан кийин сол жактагысы келди. Андан соң аркысы, анан беркиси. Ошентип олтуруп он чакты кишинин башы кошулду. Марат өрөпкүй түштү.
– Ал, жабылгыла! Сабагыла! Бул элде мыйзам жок. Сот жок. Бардыгы зордукчу. Бардыгы каракчы. Баарын жалмап бүтүп, эми мен гана калыптырмын. Өлтүргүлө! Өзүмдү өлтүргүлө! Үйүмдү тоногула! Жеримди бөлүп алгыла!
Ошол кезде энтиге басып айылдын орунбасар акими келди. Өтүп баратып, ызы-чууну угуп, арага түшүүгө ашыккан.
—Бир шумдукту сезгем, – деди өңү бозоруп, кышылдап алган орунбасар аким. – Жөн жүралбай калышты го биздин жигиттер...
Аны көргөн Марат ого бетер күчөдү.
– Келгиле, акимиңер кошулуп сабагыла! Өлтүргүлө!
– Эй, акырын, – деди аким чыдай албай. – Байкап сүйлөш керек...
– Сен дагы казаксың! – деди Марат. – Сен да ушул арамдардын бирисиң.
— Эй, сен сөзгө конок берчү, – деди жарым аким. – Эмне болду анча? Бул кайдан чыккан жаңжал?
— Бул менин жеримди тартып алды, – деди Канат.
— Эй, эмне деп жатасың? – деди Марат. – Бул мөмө берер, гүл ачып турган эки алмурут кимдики? Бул жерде гүл ачып келаткан картөшкө кимдики? А? Меники. Ким пайдаланса, жер ошонуку.
— Кагазда меники, – деди Канат үнү басаңдап...
— Кагаз кайра жазылат, – деди Марат. – Анткени башында адилет бөлүнгөн эмес.
— Адилет бөлүнгөн, – деди Канат ачууланып. – Мен ушул жерде төрөлгөм, ушул жерде өстүм. Атамдын жери!..
— Ооба, атасынын жери, – деди жарым аким. – Атасы колхоздун эски мүчөсү. Майдандын катышуучусу. Атайын токтом менен ага кошумча үлүш берилген. Бул жерде эки түтүндүн жери. Жыйырма сотых. Ал эми сенин… сенден мурунку үй ээсинин жери жалпы элдики сыяктуу, он сотых. Өзүң да билесиң, кагазда турат…
— Оозуңду жап! – деди Марат. – Кагаздын кантип жасаларын билебиз. Улуттук, расалык кемсинтүүгө жол берилген. Азыр сенин совет өкмөтүң жок. Заман башка. Мен улутум башка болсо да, Эгемен элдин тең укуктуу жаранымын. Мындай зордукка чыдай албайм.
Жарым аким абдырай түштү.
— Бизде эч кандай кемсинтүү жок, – деди ал. – Мурда, совет өкмөтүндө кандай бөлүнгөнүнө мен жооп бербейм. Мен азыркы, колумдагы документке карайм. Жер – Канаттыкы. Биздеги түп нускада ошондой.
— Тиги, Алатоонун этегиндеги, совхоздун алма багынан өзүң кесип алган беш гектар жер кайсы түп нускада? – деди Марат.
— Кой, жалаа жаппа, айланайын, – деди жарым аким бир башкача жазганып. Жөтөлүп алды.
– Биздин Эгемен элде улутка, расалык бөлүнүү жок. Бардык адам тең. Ал эми казак… казак – өлкөнүн ээси болгон себептүү, бардык жоопкерчиликти мойну менен көтөрүшү керек. Уютку болушу керек бардык иште. Бардык элге. Эгемендик – тууң. Эгемендик – урааның. Мамлекет – сеники. Кең болгула, жигиттер. Элибиздин туруктуу келечеги үчүн баарына чыдагыла. Улуттар аралык жаңжалга жол берүү – кылмыш. Мамлекетке каршы кылмыш. Бизди ушул эгемендикке жеткирген Эл башчыны этектен алуу деген сөз… Эгер, – деди жарым аким Канаттын баш-аягына карап, – кандайдыр бир… нааразычылык, араздашуу болсо… ага жол берсең, сурак сенден. Мыйзам алдында жооп бересиң. Ал, жигиттер, ачуу – душман, акыл – дос деген, мынабу Канатка көз салгыла. Жер маселеси… бүткүл дүйнөдөгү эң кыйын маселе. Акыл менен, сабырдуулук менен чечүү керек… Мен кеттим, – деди анан. – Райондо чоң кеңешме бар эле. Аким агайыбызды күттүрбөшүбүз керек. Анда эмесе, жигиттер, – деди жадырап. – Мен баарын айттым. Жоопкерчиликтин оор жүгү өзүңөрдө. Канат, сен акылдуу жигитсиң, – деди бурулуп бара жатып.
Акылдуу жигит Канат муштумун түйүп, тишин кычыратып, калч-калч этти. Калган эл абдырап турду. Марат мыскылдуу жылмайып, райондук маанилүү жыйынга шашкан жарым аким көздөн кайым болгончо кабагынын астынан кекете карап, эрдин кымтып турду…
Ушул жерде улуттар аралык жаңжалга себеп болушу мүмкүн болгон кудайы кошуналар – Марат менен Канаттын келбетин, түрүн сүрөттөп кетүү оң болчудай. Марат, чынында да, кайсы улуттан экени белгисиз, өзгөчө турпаттуу жан эле. Көзү көк, чуштук мурун, маңдайы кууш, бети жалпак, үстүнкү тиштери алдыга чыгып турган, оозу жалжагай, өңү кара менен торунун ортосунда. Же орус, же татар. Же өзбек, же армян. Же тажик, же калмак. Же азербайжан, же дагестан.
Түпкү тегин казып келсеңиз, кадимки казак болуп чыгышы да таңгалыштуу эмес. Бир сөз менен айтканда, Хрущев менен Брежнев кыялданган совет адамынын алгачкы бир мыкты үлгүсү. Орусчасы бар, казакчага жетик. Дагы кандай тилдерди билери белгисиз. Балким, жогоруда аталган элдердин баарынын да тилин билиши мүмкүн. Бирок буга чейин андай касиети да, андан башка касиети да байкалган эмес. Совхозго кайдандыр көчүп келип, бекер, даяр үйгө жайгашкан, катардагы көп айдоочунун бири эле. Адамды заман жасайт дешет. Казакстан мамлекеттик эгемендик алгандан кийин багы ачылды. Жана күн өткөн сайын өйдө карай өрлөп баратканы анык эле. Айтмакчы, Маратыбыздын бою метр алтымыштын тегерегинде, өзү илмийген арык, кичинекей.
Ал эми Канат – казактын нак тулкулуу жигити. Эки ийнине эки киши батчудай, көкүрөгү – көрүк, буура сан, муштуму токмоктой. Абылай хан заманындагы жекеме-жекеге чыкчу баатыр сыяктуу. Караган адамдын көзү тоёт. Тулкусуна гана эмес. Бет түзүлүшү, көркү. Буудай өңдүү, кара көз, кыр мурун, ай каш, кара муруттуу. Арак ичпейт, тамеки тартпайт. Бар айыбы – окубай калган. Ал да кемчилик эмес экен. Азыр мурда окугандын баары базарда жүрөт. Бул үйүндө отурат. Бир уй, беш кой, аз гана жери тамагына жетет. Мурда да катардан калган эмес. Совхоздо алдыңкы комбайнчы болгон. Эки жолу райондук гезитте, бир жолу облустук гезитте сүрөтү чыккан. “Эмгектеги эрдиги үчүн” медалы да бар. Мына, ошондой мыкты жигит. Тепсе темир үзгөн, урса тоо опурулуп түшкөн күчтүү казак. Абылай хан тургай, андан аркы Эшим хан заманындагы баатыр кейиптенет.
Ал эми Марат, жана айттык, чыканактай гана бирдеме. Эми караңыз. Ошол Марат, бака ооз, кууш чеке, кортук Марат капысынан өзү орноткон тосмодон секирип өттү да, эңгезердей Канатка кол салды. Жөн гана кол салган жок, келе калып бетин тырмады. Андан кийин мурдуна, андан кийин оозуна шалп-шалп муштум шилтеди. Андан кийин түз эле чачынан алды.
Кодойгон, алсыз Марат. Биздин пилдей Канат, баатыр, балбан Канат… башында шашкалактап калды. Андан кийин эсин жыйнап… жок, урмак эмес, билем анын муштумунун күчүн, узун колун көтөрүп коргонмокчу болгон, жанындагы жигиттер жабылып, бири алдынан, бири артынан кучактап, бири колунан кармап, бири бутуна жармашып, кыймылдатпай коюшту.
— Кой, кой дегенде коюп кал! – дешти. – Улуттар аралык жаңжал чыгып кетпесин. Балээ болот. Соттолосуң. Сен гана эмес, баарыбыз жок болобуз. Ызы-чуу болот, элдин берекеси кетет!..
Ансыз да урушайын деген ою жок, башын коргомок болгон Канатты баарылап бекем кармап алышкан соң, улуттук намысы тебеленип, ыза болуп турган Марат аяйбы, келип сокту, тырмады, чачын жулду. Эңгезердей Канаттын бети-башы кызыл-ала кан болду, узун, калың чачы уйпаланып, жулмаланды. Кыйынчылыксыз ийгилик жок, интернационалист жигиттер улуттар аралык жаңжал андан ары күчөп, биротоло курчушуна жол беришкен жок. Булкунган, тыбырчылаган, урушам деп эмес, бетин, көзүн коргоп жаткан Канатты кыймылдатпай, бууп кармап, делдектетип ала жөнөштү. Зордукчул душмандын бети ары бурулганда желкеден уруп, төбө чачынын жети талын да жулуп түшүргөн Марат арачачы жигиттердин бир-экөөсүн артынан тепкилеп, бир-экөөсүн бутунан чалып, баарын кошо сөгүп, араң басылды.
Басылганы – качкан душманды турагына жеткире кубалаган жок, өзүнүн басып алган жаңы чегарасынан узабай, анда-санда:
— Дагы ким бар? Бери чыккыла, өңчөй капырлар!.. – деп кыйкырып, көзү оттой жанып, билегин түргөн калыбында биртоп жүрдү. Алгачкы кандуу майдандан кийин биротоло күч алган Марат өз кудайы коңшусун таң эрте кара кечке чейин аңдып отуруп, күнүнө жок дегенде бир жолу сабап алууну адатка айлантты. Канат бакча жакка чыкса болду, жулунуп барат да, тосмодон секирип, жулкунуп келген калыбында, такыр төбөсү менен түз эле ичке сүзөт. Андан кийин эки буттун ортосуна тебет. Андан кийин бетин тырмайт. Акыры эки колдоп чачтан алып, ылдый тартып, жерге басып турат.
— Ал, жер кимдики? – дейт.
Канат да кайраттуу.
— Меники!.. – дейт тайсалдабастан, тишинин арасынан сызгыра ызырынып.
— Мэ, сеники! – Чач кармаган эки колдун бирин бошотуп, тарс эткизип оозго урат. – Бүгүнкү шыбагаң ушуну менен бүттү!..
Канат… никесиз туулган кортукту бир эле уруп жыкмак. Бирок улут аралык араздашуу тутанып, эртең бүт айылдын тынчтыгы бузулуп, арты кеңири масштабдагы жаңжалга айланышы мүмкүн. Эгемендиктен кымбат эмне бар. Эгемендик ээси делген улут өкүлү, сабырдуулук сактоо керектигин жакшы билчү. Тактап айтканда, Эгемен өлкөбүздүн акылдуу жараны Канат, кээсинин айтымында миң жылдык, дагы бирөөлөрдүн айтымында үч жүз, дагы бир билгичтердин айтымында жүз элүү жылдан кийин араң жеткен ыйык көз карандысыздык жолунда, ошол көз карандысыздыктын туруктуу келечеги үчүн курмандык болгон. Бул да ашыкча сөз. Кайдагы курмандык. Али тирүү, ай бою жеген таягын чогултканда, көп болсо бир гана чыны кан төктү.
Эмнеси болсо да “бөрк астында”, “жең ичинде” дегендей, башы жарылган жок, колу сынган жок. Кээ бир жигиттер арак ичип, көчөдө жыгылып да бети-башын көгөртүп жатышат ко. Бет деген эмне, айланайын. Жан чырагы эки көз аман болсун. Канат башын эмес, ушул көзүн коргочу. Азыр Марат тырмап, чукууга машыгып барат. Ишенич жок. Ошондуктан качып кетчү болду. Бир жолу шашып, бактын бир четиндеги дааратканага жашынганы бар. Кээ бир теңтуштары дааратканада отурган дешет. Тамаша. Отурган жок. Чыккан. Үйгө качуунун ордуна кайра кирген. Уятсыз Марат кошо кирип, ыңгайсыз, тар жерде сабады го. Жөн гана сабаган жок. Башын тигил… тешикке… шаардын таптаза унитазы эмес, ар жагында толуп турган… ошол тешикке башын тыгууга аракет кылды. Кайдан тыксын. Канат чачынын жулунганына карабай, тырышып туруп алган. Күчү жетпеген Марат бетке, көзгө соккулап, жедеп чарчаганда, акыры өзүнөн өзү токтогон.
Кээде бүтүндөй бир элди, атүгүл чоң, улуу элдин өзүн жалгыз адам сактап калат экен. Маселен, Жанна д’Арк. Маселен… маселен, майданда душмандын дзотун төшү менен жапкан Александр МатОрусов. Эгер кандуу майдан күнү келсе, биздин Канат да ошондой эрдикке барар эле. Анын далили – Марат менен түшүнбөстүк учурундагы кайраттуу туруктуулугу, улуу сабырдуулугу. Чынында да ушундай жигиттердин аркасында бир айыл эмес, бүт өлкөбүздө канча улуттун өкүлү тынч жашап жатышпайбы. Болбосо Көз карандысыздык кайда, баягыда эле Ооганстан болуп кетмекпиз. Жөн гана эл ичинде эмес, тышкы чегарада да ушундай акылдуу саясат калыптанган. Албетте, бул биздин аңгемебиздин темасына катышы жок маселе. Тек, сөз кезеги келген соң, сүйүнүчүбүздү жашыра албадык. Чынында ичте гана эмес, сыртта да тынчтык болгону жакшы эмеспи.
Кантип тобо дебейсиң. Ошентип Рахман-Ата айылы улут аралык бейкуттукта, туташ жумушсуздук абалында тыптынч, ыракаттуу өмүр сүрүп жаткан. Ырас, же өзүбек, же калмак, же орус, же тажик Марат Мирзо-ев-ян-заде-пуло тынчтыктын алгачкы күндөрүндө эл ээси, эгемендик кепили Канат кошунасы менен кийинки чегараны туура эмес деп таап... күн сайын жарты метрден алга акырындап жылдыра берген.
Андан кийин мындай жай жүрүш, натыйжасыз аракеттен тажаса керек, чарбагын көтөрүп, бир эле күндө чоң кадам таштап, эң акыркы, биротоло калар чегарага токтоду. Эң акыркы деп айткан өзү. Анткени, чыныгы адилеттик орногон эле. Бир заманда бир башына эки чарбаны ээлеп, кең кесилген отуз сотых жердин жыйырмасын топ бала-чакасы менен байыркы тургун, кары майдандын ардагери ээлеп, калган онун бир нерсе колунан келген, камкор, тактап айтканда, асыл тукум келгинге берилсе, эми таптакыр тескерисинче болду, такыр эле тескерисинче эмес, аз гана өзгөрүү менен: тили куугунтукка алынып, укугу тебеленген, руханий жана дагы канчалаган кысым көрүп жаткан орус тилдүү Маратка жыйырма үч сотых, ал эми жер ээси, көз карандысыздык кепили, улут аралык келишимдин уюткусу Канатка жети сотых. Башында төрт тал чачы калган, көзүнүн алды көгала, бет-алмасы тырык Канат буга да чыдап, Рахман-Ата айылы ушуну менен түбөлүк тынчтыкка жетиши мүмкүн эле, чоң иштин болор-болбос нерседен бузулганы сыяктуу, эч нерсеге турбас, айтуунун өзү уят бир жагдай элдин тынчтыгын бузду.
Бар балээ дааратканага байланыштуу чыккан. Ооба, тиги, жапа чеккен Марат зордукчу Канаттын башын ылдый каратып, тыкмак болгон сасык даараткана адилеттик менен жерди кайра бөлгөндө аркы бетте калыптыр. Мараттын ээлигинде. Дааратканаңды алып кет дейт Канатка. Алып кеткенде да, толугу менен. Адегенде астын. Шаардан атайын машине чакыртуу керек экен; нече жылдык казына топтолгон терең кудукту сордуруп, түбүнө чейин бошотуп.
— Сасыган бок-жиниңди өзүң аласың! – деген, акыркы учурда маданияттан алыстап бараткан ачуулуу Марат. Андан кийин гана үстүнкү далда тактайын бузуп алуу керек.
— Мага сенин бараклоңдун кереги жок, – деген чынчыл Марат.
Адегенде макул болбоду, аягында… дагы сабайбы, сабаганы эч нерсе эмес, тешикке башымды тыгабы деп коркот. Астын да, үстүн да тез алып кет, чуңкуруна короодогу бардык таштандыларды төгүп, үстүнө топурак төгүп, картөшкө эгем деп дикилдетип жатат жаңы кожоюн.
— Алып кетем, көкөм, алып кетем, – дейт Канат жалдырап. – Болгону бул жактан чуңкур казып алганча барып турсак кантет?
— Барбайсың, – дейт көк бет Марат. – Ушуга чейин булгаганың да жетет. Ак-адал жеримди арамдайсың.
Канат аялы, бала-чакасы менен бирге өз жеринин чегиндеги чоң алма дарагынын түбүнө отуруп жүргөн. Жаңы жер казууга бүгүн-эртең киришмек эле. Дал ошол кезде… Дал ошол кезде Текебай… түрмөдөн чыгып келди. Канаттын бирге өскөн, мектептеш досу. Башынан эле сабакка кызыкчу эмес. Жылыга классынан калып отуруп, сегизинчи класстан биротоло мектепти таштап кеткен. Күрөшкөндө теңтуштарын бүт жыгат, булчуңу чоң, күчтүү. Бирок бузукулугу жок, кой оозунан чөп албас момун. Жалгыз энеси гана бар. Текебай ушул энесин багам деп жүк түшүрдү, бензоколонкада иштеди, курулушка барды, акыры, шаарга жакын бир базарга токтоду. Ошондон баштап турмушу оңолду, эл жокчулукка учураганда бул чалкып жүрдү, жарашыктуу кийинди, эски болсо да иномарка машине минди, андан соң… ошол бойдон жүрө бермек эле, кокустукка кабылды. Ошол базарга ар тараптан келген беш-алты жигит менен бирге камакка алынган. Кээ бирөөлөр, рэкет, тактап айтканда каракчы экен дейт. Дагы бирөөлөр эл катары тиричилик кылат экен, ошол каракчылардын коркутуусуна каршы турам деп, жазбай жазыксыз болуптур дейт. Дагы бир ушак боюнча, мыйзамсыз дүң соода менен алектенген. Сыягы, ушунун үчөө тең чын. Алектенген, таймашкан. Акыры, кылмыштуу топтун бел ортосу болуп, төрт жыл алып кете берди. Эми минтип мөөнөтүнөн жарым жыл мурда кайтып келди. Баягы калыбы. Базары курусун дейт. Башка бир иш менен алектенмек. Эмне экенин азырынча өзү да билбейт окшойт. Жаңы эле келген. Бирге окуган балдар талаша конокко чакырышып, кубанып жатышкан.
Бүгүнкү кезек Канатка тиешелүү эле. Бет-алмасы жазыла баштаган Канат бул кезде башы жазылбай иччү болгон. Мунуңду кой, деди Текебай. Бирге жүргөн башка балдарга да тыюу салган. Балээге ушунун кесиринен илингем дейт. Каракчы да эмес, коррупция да эмес, кадимки базардагы орун талаштан чыккан жапайы мушташ болгон экен. Ооба, башка иштер да болгон, бирок шайтан сайбаса эч нерсе болмок эмес. Эми баарын таштадым деп, ичкиликтин даамын таптакыр татпады. Жигиттер ысык боорсок жеп, шарап ичип дуулдап бир аз олтурган соң бой жазып сыртка чыгышкан. Бак ичине.
– Эй, жериң кичирейип калган го, –деди Текебай Канаттын мурдагы ат чабым огородунун чолтоюп калганын көрүп. – Бекер сатыпсың, атаңдан калган жер эмес беле...
– Саткан жокмун... – деди Канат күңкүлдөп.
– Тартып алды, – дешти калган жигиттер жамырап. Чурулдап иштин жайын түшүндүрүштү.
– Ой, энеңди, – деди кайран Текебай.
– Баягы өзүбүз билген сартпы..
– Армян, – деди жигиттердин бири.
– Татар, – деди экинчиси.
– Балким азербайжан. Кийинки кезде орусмун деп жүрөт, – деди үчүнчүсү.
– Мейли. Дөө-пери эместир. Баягы эле кодо Марат да. Баарың жүрүп... Ушундай зордукка кантип көндүңөр. Бүткүл айыл элине баш бербеген ал эмне деген шайтан?
– Алыбыз жетмек. Бир соккондок чыкпайт эле. Айла жок, азыр мыйзам ал тарапта. Улут аралык жаңжал чыгышы мүмкүн. Арты чоң чатакка айланат...
—Эч нерсе болмок эмес, – деди дагы бири. – Кеңседе, түн нускада башынан эле Канаттын атында.
— Эч нерсе эмес, – деди экинчиси. – Кеңседе, түптөөчү кагазда Канаттын атында. Ижарага берилген отчётто. Башында Канатка ошондой сунуш киргизишкен экен. Бул акмак болуп макул болбой койгон экен. Эми Марат макул болбой жатат. Бирок келишимге келиши мүмкүн…
— Мындай сөзүңөрдү урдум, – деди Текебай жерге түкүрүп. – Эй, Канат баатыр, дааратканаң кайда?
— Даараткана… арыда калды.
— Тиги беле? Катының экөөң эмне, күндүзү бадалдын артына барасыңарбы? Мен түрмөдө да дааратканага убагында баргам…
Ал аркы тараптагы дааратканага өтүү үчүн чегара тосмосуна жакын эле.
— Куда? Куда! – деген кыйкырык чыкты ошол кезде ары жактан. – Эй, казактар, менин жерим силерге даараткана эмес! Айда, кеткиле!..
— Эмне дейт бул?..
— Ойбой, – дешти ошол кезде жигиттер Текебайга жабыла жармашып. – Эмне кыласың аны. Кичинеси болсо, бул алма дарагынын түбүнө эле…
— Ошент, – деди алыстан Марат да үн чыгарып. Жай басып, тосмого жакын келди.
– Чоң дааратка да отурууга болот. Улуттук салт. Силердин атаңар даараткана деген эмне экенин билген эмес. Акыры, дааратканага кантип отурууну биз үйрөткөнбүз. Башыңарды бириктирип эл кылдык. Сабатыңарды ачтык. Маданиятка жетеледик. Эми келип, бизге, мага кычаштык кылгыңар келет!..
— Кычаштык кылганы турган эч ким жок, – деди жигиттердин бири. – Кычаштык кылган сен, өз дааратканабызга өзүбүздү киргизбей. Кычаштык кылган жокпуз. Күчөтпө.
— Чын күчөткүң келбесе, айттым, бул чегарадан алыс тургула, – деди Марат. – Бар, кет, ийниңерге киргиле, каапырлар!
— Эй, эмне дейсиң, маймыл? – деди Текебай.
— Тилиңди тарт, – деди Марат. – Байкабай оозуңдан чыгып кеткендир. Экинчи жолу айтчы. Келген жериңе кайра жиберейин!
Эми Текебай да токтоп калды.
— Кап, муну-ай… – деди тишин кычыратып. Ошол кезде бир топтон бери, бир нерсе чыкпасын деп, конок чакырган үйдүн жанында жүргөн орун басар аким да жетип келди.
— Жигиттер, бул эмне туруш? – деди жасалма күлкү менен жаркырап амандашып.
— Кандай, көңүл ачып жатасыңарбы? Жигиттердин көтөрүлгөн маанайы байкалбайт. Баары тынч. Ал эми Текебайдын кабагы такыр түшүп кеткен.
— Кандай, Текебай, эркин жашоо жакшы да, – деди орун басар аким. – Сен кеткенден бери бул айылда бир канча өзгөрүү болду. Угуп жаткандырсың. Кемчилик жок эмес. Бирок эң негизги максат – көз карандысыздыкты бекемдөө. Ал үчүн тынчтык керек. Улуттар аралык келишим…
— Аким мырза, – деди тосмонун жанына келген Марат. – Орусча сүйлөңүз. Улуттар аралык байланыш тилинде. Биз да угалы, акылдуу сөзүңүздү.
— Сен өзүң да казакча сүйлөп жатасың го, – деди жигиттердин бири.
— Сүйлөгүм келди, сүйлөйм. Эмне, казактан башка элдин казакча сүйлөөсүнө тыюу салмаксыңбы?
— Анда сен эмне, – деди Текебай. – Биздин өз тилибизде сүйлөөбүзгө тыюу салмаксыңбы?
— Рухсат, сүйлөй бер, – деди Марат. – Өзүңөр гана арак ичип, ушак айтып отурганда. Ал эми көпчүлүк жерде маңкылдап, көкөйгө тийүүгө жол жок. Мен башка улуттун өкүлүмүн. Кайдан билем, балким мени жамандап жаткандырсың. Бул чегара аймагында улуттар аралык байланыш тили – орус тилинде сүйлөөгө милдеттүүсүңөр. Болбосо арыраак кетип, өз тилиңерде сүйлөй бергиле, эч кимге кереги жок жапайы тилиңерде.
— Тилибизге тийишпе! – деди Текебай.
— Сенде тил барбы, – деди Марат. – Тиги “Караванды” оку. Ал ким эле, өзүңөрдүн казактарың… муруттуу, профессор… Масаев. Ооба, Масаев. Кандай акылдуу, кандай билимдүү, кандай кайраттуу! Адал, кайраттуу ишмер! Биздин – орус тилдүү коомдун укугун коргоочу. Мына азамат! Ошол Масаевди угуп тур телевизордон. Андан кийин Амаркулов… ал да окумуштуу. Ал бир атактуу жазуучунун баласы – Эсенбеков… Дагы канча, орусчага жетик, билимдүү жаш казактар. Жазып жүрөт, айтып жүрөт. Казактын тили – тил эмес, кедей, жапайы, артта калган бир нерсе деп, казакча сүйлөө – эскиликтин калдыгы, таш доорундагы наадандык деп. Мыкты болсоң, биринчи Масаевди тыйып ал. Амаркуловду акылга келтир. Эсенбековду сөк. Мен ошолордон укканымды, гезиттен окуганымды айтам. Тил жок силерде. Байкуш тил. Жапайылардын айбан тили. Ал, эмне кыласың!
— Кап, муну эмне кылсам, – деди Текебай муштумун түйүп. – Оозуңду талкаласамбы!..
— Байкап көр, – деди Марат. – Кайда барып чыгарыңды көрөлү. Өзүң гана эмес. Бүтүндөй тукум-туушканың, зөөкүрлөрүң менен. Айыл-аймагың, Эгемен Элиң менен бирге…
— Бир күнү колума бир түшөрсүң… – деди Текебай алаканын ачып-жумуп, көзүнөн заарын чачып.
— Токто, айланайын, – деди орун басар аким. – Мунун айтканы туура. Өзүң гана кетпейсиң, биздин баарыбызды балээге саласың. Улуттар аралык араздашуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыркы, көз карандысыздык мезгилинде жер ээси казак өзгөчө чыдамдуу, сабырдуу болушу керек.
— Мына… “Мырзаны” эмне кылабыз, – деди Текебай бир аз тынчтанып. – Тирүүдөй өлтүрдү го…
— Бул да Эгемен Элибиздин тең укуктуу жараны. Кээ бир… түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Билбесе, түшүнбөсө, түшүндүрүү, үйрөтүү керек.
— Эмнени түшүндүрөсүң? – деди Марат. – Эмнени түшүнбөпмүн? Биринчи өзүң түшүнүп ал. Түшүнбөйсүң. Маселе сенин мээ түзүлүшүңдө гана эмес. Түшүнгөнгө эч нерсе жок. Айтчы, эмнең бар? Алыска барбай, ушул айылдан эле баштайлычы. Совхозду тараттың – эмне болду? Антоновка деген тарыхый аталышты өзгөрттүң – эмне чыкты? Акылың көбөйүп, турмушуң оңолуп кеттиби? Тескерисинче, биротоло кайырчы болдук. Болгула. Өзүңөр бышырган ботко. Ал эми менин кандай күнөөм бар? Эми келип, “Эгемен, Эгемен! Рахман-Ата, Рахман-Ата!” деп санды чаап, жылаңкөт чуркап жүрөсүңөр. Өңчөй топостор!
— Сенин ушинтип эркин сүйлөп турганың – ошол Эгемендиктин аркасы, – деди орун басар аким. – Ал эми Рахман-Ата – биздин ыйык бабабыз. Касиеттүү киши болгон.
— Эмне-е? Ыйык? Касиет? Түкүрдүм, ыйыгыңа да, касиетиңе да. Ким ал Рахман-Ата деген? Түфу!
— Эй, эмне дедиң, – деди Текебай. Баягыдан бери элин кемсинтти – чыдады, тилин кемсинтти – чыдады, өзүн кемсинтти – чыдады, эми ыйык бабасына тил тийгизгенге чыдай албады. – Көрсөтөйүн мен сага кимдин ким экенин!
Чабынып тура калып аны карай жулунду. Таманына салып, жүндөй тытмак. Бирок тосмодон аттап үлгүргөн жок, жигиттер жабыла, курчап, тырп эттирбей кармап калышты. Текебай өкүрүп, туйлап, бирок бошоно алган жок. Бирөө кучактап, бирөө колун кармап, бирөө бутун кармап, дагы бирөө жалдырап суранып жатат. Дал ушул учурда тополоң элге сырттан дагы бирөө кошулду. Жаңжал барын билбеген, мектептеш достору менен кошулуп, көңүл ачмак экен. Өзү биртоп ичип алган. Десе да, бир-эки жүз грамм жетпей калгандай. Бул айылда жакында эле ачылган полиция бөлүмүнүн башчысы жана жалгыз кызматкери –Темир. Эси чыккан, шашкалактап турган орун басар аким кубанып кетти.
— Ой, жарайсың, убагында келдиң! – деп кучактады.
— Мен азыр кызматта эмесмин, – деди полис Темир ыктытып. – Бүгүн эс алуу күнү. Мына, формам жок, үстүмдө кадимки, үйдөгү кийим. Мен да өзүңөрдөй, катардагы жаран…
— Баары бир сен тартип сакчысы эмессиңби, – деди орун басар аким жанталашып. – Бул улуттар аралык жанжалды жалгыз өзүм токтото албайм. Эртең бир нерсе болсо, көрүп туруп, чара көрбөгөнүң үчүн жооп бересиң. Түшүндүңбү?
Темирдин көзү бозоруп кетти.
— Андай чатак болсо, туура… албетте, жардам берем… Полиция кызматкери эмес, катардагы жаран катары… тартипке чакырууга болот… – деди ыктытканы күчөгөн Темир байкуш. Бул учурда Текебай да жулунганын токтотту.
— Текебай, – деди мурда милийса атанган полис Темир. – Сен советтик… эгемендик тарбия мектебинен өтүп, жашоодон сабак алган жигитсиң. Жана бул жерде бөтөн эч ким жок, классташ курбу болгон соң, жашырбай айтайын. Эсиңде болсун, азыр сен менин түз көзөмөлүмдөсүң. Ката кетирсең… билесиң го… Биринчи жолкудай жеңилдик, кечирим болбойт!..
Тентек Текебай биротоло басылды.
— Мына, – деди Темир кайрадан ыктытып. – Мен байкап калдым, Текебай жолдош, сен улуттар аралык жаңжалга от койгону тургандайсың. Ленин бабабыз… койчу, тиги жалтырбаш киши эмне деди эле? “Учкундан жалын тутанат!” Мына кеп кайда!
Сен отту тутандырасың, анан ал жалындап кетет! Рахман-Атадан өтүп, Алматыга жетип, чегарадан ашып… Жок! Болбойт. Ага биз, адал совет… ай, кудай-ай… Эгемен Элдин адал адамдары, жол бере албайбыз! Токтот! Өтүнбөйбүз, талап кылабыз!..
— Байкеси, – деди Текебай. – Бул сенин улуттук намысыңды тебелеп, эне тилиңди кордоп турса. Үй-бүлөңдү, ата-бабаңды сөгүп жатса. Ошонун баарына кантип чыдап турабыз?
— Биз – өлкөнүн ээлерибиз, – деди Темир. – Мамлекеттин негизибиз. Республиканын бүгүнкү тынчтыгы, эртеңки өсүп-өнүгүүсү бизге түздөн-түз байланыштуу. Сабырдуулук менен, акыл менен чыдоо керек. Сабырдуулук керек.
— Айтыш керек, түшүндүрүш керек. Тарбия керек, – деди жарым аким.
— Ха-ха-ха! – деди тосмонун ар жагындагы Марат. – Өңчөй топостор. Өңчөй алкаштар. Өңчөй капырлар. Көз карандысыздык жарыялаптыр. Мамлекет болуп, өзүн-өзү башкармак экен. Ха-ха! Өлөйүнбү, күлөйүнбү!
— Алда, энеңди… – деди Текебай. Жулунуп барып, өзүн-өзү токтотту. Токтотпосо да, кадам таштай албайт эле. Жигиттер баштагыдай эле курчап турган.
— Сен, жаран Текебай, эч нерсе түшүнгөн жоксуң, – деди Темир. – Башыңда жаман ой бар. Уруш чыгаргың бар. Ошондойбу? Күч колдонуп, орус тилдүү жолдошту сабагың келип турат. Болбойт. Бул туура эмес. Тамырынан туура эмес… – деди дагы эле ыктытып. – Урушуп, саба – эгер өзүңдүн казагың болсо. Ал эми башка улуттун өкүлү… Аким эмне деди, мен эмне дедим баштан бери? Улуттар… улут… аралык жаңжал чыгып кетиши мүмкүн.
– Уктуңарбы? – Анда бейбаштык кылган башка улуттун өкүлүн тартипке чакырса болбойбу? – деди Текебай.
– Болот, – деди Темир. – Бирок биринчиден, мен анын бейбаштык кылганын өз көзүм менен көргөн жокмун, ал сөгүнүп жатса... бизде демократия, плу... плюрализм. Бирок сен билишиң керек, биз башка элдин өкүлүн сөкпөшүбүз керек, башка улутка кыянаттык жасабашыбыз керек, интер... нат... интер-улут-о-нализм! Үчүнчүдөн... жок, экинчиден, мен азыр сиздей эле карапайым адаммын, үстүмдө пормам жок, мыйзамдуу эс алуу... дем алыш.
– Жана эле уккам, – деди Текебай. – Сен азыр кызматта эмессиң. Бул Канат сыяктуу, Марат сыяктуу, мен сыяктуу, карапайым адамсың. Ал эми аким...
– Менин кызматым бөлөк, – деди жарым аким. – Мен тартипке чакыра алам, бирок бейбаштыкты ооздуктоо милдетим эмес.
– Сиздин милдетиңиз эмес. Милийсанын милдети, бирок азыр Темикең азыр кызматта жок. Катардагы, жөнөкөй адам.
– Мен азыр бул турган балдардан айырмам жок, – деди Темир.
– Айырмаң жок. Бирок сен казаксың да. Казаксыңбы? – деди Текебай күлүп.
– Казак болбогондо... – деди Темир. – Мени жаңы көрүп жатасыңбы? Мен, албетте, Казакмын!
– Өзүң кызматта жоксуң, мас экенсиң, – деди Текебай. – Өзүң казак экенсиң, – деди. – Анда так сенин энеңди!.. – Менин алтын башымды күлгө сүйрөгөн сенсиң! Ата-бабаларымдын Ыйык жерин талоонго салып берген сенсиң! Мына бул Марат сыяктуу каңгыган иттерди төргө чыгарып, тайраңдатып койгон да сенсиң. – Тургандардын баары унчукпай тыңшап калышты. Курдаш, тамашалап жатат деп ойлогон.
– Анда, мэ сага! – кулак түпкө басып алды. – Мэ, сага! – ичке бир тепти. – Мэ, сага! – былч эткизип бетке сокту. Жигиттер андан ары жибербей жабыла кармап калышты. – Ал эми сиз аким байке, – деди Текебай. Сиз дагы казаксыз да?
– Жок айланайын, – деди жарты аким эриндери дирилдей артка чегинип.
– Казактан садага кет, – деди Текебай. – Жашыңыз улуу, болбосо кызмат үстүндө турганыңызга карабай сиздин да шыбагаңызды берип жиберет элем. Кайда жанагы арам сийдик? Башын артына кайрып, кайсы улут экенин дааналап көзүнө көрсөтөйүн!...
—Кой, чырагым, – жүрөгү ордунан козголгон аким. – Жана сен ...сөздөн ишке өткөндө ...хе-хе-хе...тура качкан. Хе-хе... Эми эшигин ичинен илип алды...Баары туура. Болгону мына...милийсаны сабаганың...Чатак чыгып кетпесе болду...
– Бул өзүбүздүн алкаш. Жана өзү айтты го, кызматта эмесмин деп. Мен түрмөгө кетсем, бул кызматынан айрылат. Эгер көкүрөгүңүздө адамдык бирдеңке калса, көргөнүңүзгө күбө болосуз, ага, – деди.
– Жигиттер, – деди анан, – ушул жерге бирдеме алып келгиле, менин ичким келип кетти. Адегенде дааратканага кирип жеңилденип алайын. Силер да жүргүлө, – деди кызматтан тышкары, мас, жаңы эле таяк жеген Темирди айланып жүргөн жигиттерге. Мастыгы тараган Канат жүгүрүп жүрүп, керектүү нерсенин баарын алып келди. Бул кезде эт да бышып калган экен. Бак ичине берекелүү дасторкон жайылды. Аким ага сөз айтып, калган жигиттер кечирим сурап, кызматтан тышкары жүргөн полис Темир менен түрмөдөн жаңы келген тентек Текебайды жараштырышты.
Жарашпаганда кайда барышмак. Айылда бирге ойноп, бирге чоңоюшкан. Мектепте чогуу окушкан. Экөө тең казак. Сабашса да – өз адамдар. Улуттардын келишпестигинен эмес, аз-маз түшүнбөстүктөн чыккан чыр. Эң башкысы улут аралык жаңжалга жол берилген жок. Андан да маанилүүсү – Темирдин да ичкиси келип, иче баштады. Жигиттердин курсагы ачыптыр. Аким ага өзү башкарып, бардыгы шатыра-шатман болду да калды. Ойлоруна койсо жанагы кудайы кошуна Маратты да чакырышмак, бир аз сеп этип алган Текебай да ага макул болгон, бирок аким ага болбоду. Маратты жатсынганынан эмес, жакшы бүткөн иштин аягы бүлүнүп кетеби деп корккон. Аким ага далайга чейин олтуруп, толгон токой акыл-насаатын айтып, үйүнө кайтты.
Жигиттер тентек Текебайдын аман-эсен кайтып келгенин, полиция Темирдин аларга дос экенин, баарынын да казак экенин майрамдап, түнү бою шаракташты. Таң атканда полиция Темир эртең, тактап айтканда бүгүн ишке чыкпай турганын билдирди. Жөн гана. Эч себепсиз. Себеби айыл тынч. Ачуусу менен башаламандык чыгарып, анан акылына келип, тынчтанган тентек Текебай өз үйүнө барбай, Канаттын жанында түнөп калды. Башка жигиттер да көпкө узабаса керек. Күн көтөрүлүп, ордунан турган тентек Текебай бакка чыгып, жеңилдеп алган соң, кердеңдей басып, бузулган чегара сызыгына барды да, эски тосмону жулуп-жулуп алып, өзүнүн мурдагы ордуна, баштапкы чекке алып барып таштады. Жаңы өсүп келаткан эки алмурут көчөтүн да жулуп, тосмодон ашырып ыргытты. Колуна күрөк алып, сүт бышым убакыт ичинде картөшкөнү толугу менен казып, үч күн мурун эгилген тукумдук картөшкөнү жыйнап, жыртык капка салып, аны да баштапкы ээсинин жерине жеткирди. Марат байкуш аркы четтеги алча дарагынын артында, оор кайгыда башын салбыратып турган.
— Мирзоян мырза! – деди Текебай үнүн бийик чыгарып. – Баштапкы, мыйзамдуу чегара калыбына келди. Бул жолу маселени тынчтык жолу менен чечтим. Эми бери карай бир кадам бассаң, иттин баласы… эмес, жакшы кишинин баласы, атаңдын оозу… эмес, мурдуңан айланайын, бутуңду сындырам. Түшүндүңбү? Эми кайрадан, садагаң кетейин, казакка тил тийгизсең… аялың-балаң сөөгүңдү издеп таба албайт. Түшүндүңбү? Ушуга ыраазы бол. Айылда турсаң тура бер. Кетем десең, кысым жок, эч ким зордоп кармабайт. Уктуңбу? Же жакын барып түшүндүрөйүнбү? – Мирзо-ев-ян-заде-пуло башын ийкеп макул болду дейт.
Ошол күнү түштөн кийин ооруканадагы ишинен чарчап чыккан айыл башчысы түрмөдөн келген тентек Текебайдын окуясын угуп, дароо сакайып кетти дейт. Эртеңкиге калтырбай, Мирзоянды чакырып, эки айдан бери күтүп жаткан эки документти – оюн аянты, чоң багы бар, он эки бөлмөлүү, мурдагы бала бакча имараты жана төрт гектар жерди Рахман-Ата айылынын орус тилдүү тургуну Мирзозадеге бекер жана биротоло берүү тууралуу буйрукту негизсиз деп таап, терс чечим чыгарды дейт. Бала бакча кайра ачылат, жер – менчикке эмес, ижарага, айылдын эмгеги сиңген байыркы тургундарына берилет дептир. Дагы бир маселе – эгер Мирзо-ев-ян-заде-пуло-швили жалган арыз жазып, тынч айылга жалаа жабууну токтотпосо, жогору жакта отурган, маанилүү мамлекеттик иштер менен алек болгон чоңдордун башын оорутса, анда… жүрүм-туруму Текебайдын төрагалыгы менен түзүлгөн жолдоштук соттун кароосуна коюлат. Азыр биздин Эгемен өлкөбүздө жеке адамдардын бири-бирине кысым көрсөтүүсүнө, кимдир бирөөлөрдүн жалпы элдин үстүнөн жалаа жабуусуна эч кандай жол жок. Демократия жана плюрализм.
Ошентип, жаран Ян-заде-пуло! Бактысы тайган Мирзо байкуш эмне кылсын. Жаагы титиреп, дагы да унчукпай башын ийкептир. Бирок иш ушуну менен бүтпөптүр. Бир айландырса шыр айлантат дегендей, эртеси таң эрте, каражат үнөмдөө максатында администрация кызматкерлерин кыскартуу тууралуу жогору жактан жаңы буйрук келип, айыл башчысы өзүн-өзү кыскарта албайт, орун басар… ал да кыйын, ашыкча турган үчүнчү орун, тактап айтканда Мирзо байкуштун бекер айлыгы кыскарып кетиптир.
Ошол күнү түштөн кийин бактысыз Мирзо байкуш Алматынын борборунда, Пәленбай деген англис-немис-француз-түрк лицейинде бекер окуп жаткан жалгыз кызы сумкасын көтөрүп, үйүнө кайтып келиптир: тогуз сабактан бирдей үлгүрбөй калган, ал да эч нерсе эмес, казактардын арасында калыптанган кожоюндук адатын, өзүнүн классташ америкалык, англис, немис, француз…түрк, жапон, араб, иран...орус элчилеринин балдарына жасамак болгон, атап айтканда: биринин кийимин тартып алган, биринин капчыгын сурабай алган, биринин бетин тытып, биринин көзүн чукуган; өкүнүчтүүсү, булардын бири да Эл ээси эмес, интер-саналдары төмөн, тарбиясы жок зөөкүр журттардан экен.
Алар лицейдин жетекчилигине арыз жазышкан. Улут-аралык эмес, калк-аралык жаңжал чыга жаздап барып токтоптур. Муну аз десеңиз, ошол күнү таламандын так түшүндө район борборунан атайын комиссия келип, Рахман-Ата айылындагы эмгексиз пайда таап олтурган кишилерди текшергенде... дагы да Мирзо байкуш, өзү эмес, азыр абдан семирип, араң козголгон жалгыз аялынын бети ачылды. Менин жазыгым жок, мыйзамсыз пенсияны дайындаган өзүңөр дегенге ким ишенет, үч жылкы алган арам акча артка кайтарылсын деген токтом чыгарылат. Тагыраагы, чыгарыла жаздаган, бирок айыл акими арага түшүп, элдеги жалгыз орус тилдүү, үйүн сатпаса кантип төлөйт деп, араң токтотуптур. Казак элинин кең пейил мүнөзүнө, кечиримчил кеңдигине ыраазы болгон Мырзо алкышын айтып түгөтө албады дейт. Көзүнөн жашы шорголоп туруп эң акыркы өтүнүчүн билдириптир.
– Мени куубаңыздар. Ата-энем баягы согуш жылдарында алыскы Капказдан, балким, батыш Орусиядан, балким түштүктөгү ОртоАзиядан, балким... балким... айтор бүлүнгөн бир жерден чарчап-чаалыгып келип, казак арасынан паана тапкан экен. Ушул жерде туулдум, ушул жерде өстүм. Казакча аябай жакшы билем. Орусча да билем, бирок мен орус тилдүү эмес, казак тилдүүмүн. Мени казак деп койсоңор да болот. Мен – кенен Казакстандын азаматы экениме мактанам. Казак – ичи кенен эл. Жоомарт, меймандос эл. Кекчил эмес. Кечиримдүү. Бөтөн элди жатыркатууну билбейт. Баары айкөл. Жаңыдан эгемендик алган башка эл мени кубалап жибермек. Өздөрүңөргө тең тутуп, сыйлаганыңарга ыракмат. Менин башка барар жерим жок, уруксат кылсаңар ушул айылда тура берейин, – дептир.
– Тура бер, –дептир кең пейил аким. – Эч кимден коркпо. Биз, өзүң көрдүң, улут аралык жаңжалга барбайбыз. Эгер кимде ким орунсуз тийишсе тентек Текебайга айт. Көрдүң го милийсанын өзүн кандай сабаганын. Бирөөлөр тийишип көрсүнчү, анын Текебай менен иши болот, – дептир.
–Текебай акылдуу, жакшы жигит, – дептир анда Марат. – Ал кимди болбосун коргой алат. Улуттар аралык жаңжалга жол бербейт. Келечекте мен да… өз тарабымдан… улуттар аралык келишим жолуна бардык күч-кубатымды жумшайм. Эгемен өлкөбүздүн көз карандысыздык туусун бекемдөөгө салым кошом. Анткени мен бул өлкөнүн тең укуктуу жаранымын! – дейт.
Мына, чыныгы акылдуу, накта мыкты жигит! Өзүнүн жарандык милдетин кандай жакшы түшүнгөн. Так ошол учурда айыл башчысы мурдагы менчик кагаздарга кол койбогонуна өкүнүптүр. Амал не, өкүмдар эки сүйлөбөйт. Өкүм жарыяланып кетти. Анын үстүнө, баарын ичтен эсептеп койгон. Балким, бала бакчанын оюн аянтын, чоң багы бар он эки бөлмөлүү имараттын өзү алат. Ал эми төрт гектар түшүмдүү жерди экиге бөлүп, жарымын Жогорку Дөкөйгө белек кылып, калган жарымын дагы экиге бөлүп, бир бөлүгүн Төмөнкү Дөкөйгө берип, акыркы бир бөлүгүн, ал өзү эле бир гектар алма багы, бул айылдагы тынчтык, улуттар аралык ынтымактын кепили болуп турган тентек Текебайга, жок, ага берүүгө эч кандай негиз табылбайт, тентек Текебайдын жер бөлүштүрүүдө кур жалак калган кары энесине бермек. Дурусу ушул. Аркы Дөкөйдүн үлүшү, Берки Дөкөйдүн шыбагасы, ашык-кеми жок – ушундай уулду тарбиялап өстүргөн баатыр эненин ак эмгеги.
Бул акылдуу, адилеттүү чечим болот. Бирок бала бакчаны өзү… жок, напсини тыюу керек. Тигил жерде энеси, бул жерде мунусу… ошону сиңирип алса жетет. Быйылга жетет. Андан ары көрө жатарбыз. Кокус чыр чыгып калса… Көзгө сөөл болор нерсе… Алгачкы чечим, алгачкы болгондо, акыркы чечим туура. Айылда, үй арасында ойноп жүргөн казактын кара томолок балдарына кайтарып берүү керек. Каражат… каражат табылат. Аброй, канчалаган аброй келмек… Экөө тең туура. Бала-бакча маселеси да, төрт гектар жердин кайра бөлүштүрүлүшү да…
Мындай маанилүү тарыхый чечимге тайманбас кадам таштаган адилеттүү аким ордунан туруп, Мирзону кучактап, аркасынан таптап, мактап-мактап узатып жиберди дейт. Рахман-Ата айылынын байыркы тургундары менен улуттар аралык келишимге жеткен Мирзо мырза да көңүлү жайланып, ыраазы болуп кетти дейт.
Ошол күнү кечинде Эгемен элдин тең укуктуу жараны Марат өзүнүн кудайы кошунасы Канат менен улуттар аралык тынчтыктын кепили тентек Текебайды, тартип сакчысы полис Темирди, аларга кошулуп жүргөн, илгертен дос-жар дагы төрт-беш жигитти конокко чакырыптыр. Ошол күнү түндө көз карандысыздык алгандан берки тогуз жыл бою жаргак кулагы жаздыкка тийбей, улуттар аралык жаңжал коркунучу менен тынымсыз алышып, айылдын берекелүү тынчтыгы үчүн бардык күч-аракетин жумшап, акыры ден-соолугунан айрылууга аз калган кең пейил, адилеттүү аким бардык дартынан айыгып, таттуу уйкуга батты дейт.
Ошол күнү… жок, эртеси, таң атканда бүт Рахман-Ата айылы эркин дем алып, көтөрүлүп калды дейт. Кандай жакшы. Эгемен өлкөдөгү тынч жашоого эмне жетсин. Кудай жаңжалдан сактасын. Жаңжал болгондо, андай-мындай эмес, улуттар аралык жаңжал. Андан көрө, айыл арасында өз ара мушташып алган жакшы. Көп болсо, үч казактын биринин чекеси жарылат. Экөө жарылса да эч нерсе эмес. Ал эми башка улут, бөтөн элдер… Өркүндөтүүгө, өнүктүрүүгө, сактоого, байытууга милдеттүүбүз. Ал эми казак… Көз карандысыздыгыңды алдың, эми атаңдын башы керекпи? Өлкө ээси экениңди качан түшүнөсүң?!
Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев
Материалды көчүрүп бассаңыз https://qazaqtimes.com/article/74776 сайтынын гипершилтемесин сөзсүз коюңуз. Автордук укукту сактаңыз."
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.