АҢГЕМЕ
Кыз кылыгындай наздуу, кулпурган жайык жайлоо. Жумшак жел. Буралып, шыңкылдай күлгөн эрке булак... Көрүнгөндүн жугундусун ичип жүрүп күлтүйө семирген дөбөттү ала канчык куйругун шыйпаңдатып жыттатып жатып шаң-салтанат менен айылга ээрчите келген. Экөө үйүгүшүп, көлөкөдөн көлөкө издеп жүрүшчү.
Курсагы челкейип, жер чие баштаганда канчык жоголду. Ээси “уурулардан” көрдү. Дөбөт болсо күн бою көлөкөдө жаткандан башканы билбейт. Жаш токол жугундуну бир табак кылып алдына коёт. Ит көздөрүн алайтып, идишти кошкөңүл жалап-жуктап тазартып, кайрадан көлөкөсүнө жатат.
Айыл балдары күнү бою “жайтабардын” сазайын беришет.
- Мунун аты Арыстан,- дейт бири.
- Жок, Жолборс, - деп тапанданат экинчиси.
Тентектер дөбөткө минип да алышат. Дөбөт былк этпейт...
Тек, малчы жигит: “Бынабул тексиз ит көрүнгөндүн жугундусун ичип, жайтабарлык кылгандан башка эчтемеге жарабайт” деген сөзүнө айыл ээси катуу чычалаган.
- Сен эмне деп оттоп турасың? Ала канчыкты уурдаткан сенсиң, балээнин баары сенден. Эми бул дөбөттү сенин сөзүң деп каңгытып жиберейинби?- дегенине малчы жигит бырс күлүп, бурулуп алып, өрүшүн беттей кете берген.
Ошол күнү айылга карышкыр тийди.
Малчы ач айкырык салып айгайлаган.
- Айдак-айдак!
Айбарлуу карышкырдын жытын сезген дөбөт куйругун аласына кыпчып, жаш токолдун үстүнө чыга калып кыңшылаган...
- Айдак, айдак, Арыстан!
- Айдак, айдак, Жолборс!
Кожоюн токолунун үстүндө кыңшылап олтурган дөбөткө карап койбостон, мылтыгын ала сыртка умтулду.
Ал кашарга жакындап калган жырткычты ай жарыгында байкай койду. “Тарс!” этип мылтык атылды.
Карышкыр арманда кетти.
Мүрт өлдү...
Таң ата дөбөт жырткычтын өлүгүнүн быт-чытын чыгара жулмалады. Эртеси дөбөттүн эрдиги айылдан айылга тарады.
Күздүн бир салкын күнүндө бөлтүрүк келип дөбөттүн кардын жарып кетти... Дөбөттүн “эрдиги” али күнгө чейин айыл-айылды аралап жүрөт...
Казакчадан оодарган Айдарбек САРМАНБЕТОВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR