АҢГЕМЕ
Күздүн акыркы айы эле. Шаар четиндеги эски китепкананын чоң залында эки киши маңдай-тескей отурган. Бири – эл арасында кадырлуу молдо Абдусатар ажы. Экинчиси – чет өлкөлөрдө окуп келген тарыхчы жана илим изилдөөчү Самат.
Экөөнүн ортосунда кеп кызыды.
— Самат, — деди молдо, көз айнегин оңдоп. — Сен илим-билим деп жүрөсүң. Айтчы, эмне үчүн бардык жерде жөөттөрдүн кулагы чыгып турат? Банктарда, университеттерде, илимде да. Менимче, дүйнөнү ошолор башкарып калган.
Самат жылмайып гана койду.
— Ажыке, дүйнөнү кимдир бирөө жашыруун башкарат деген ой адамдарга жөнөкөй жооп болуп көрүнөт. Бирок тарых адатта андай жөнөкөй эмес.
— Кантип жөнөкөй эмес? Карасаң эле көрүнүп турат ко булардын кулагы?..
— Көрүнгөн нерсе менен болгон нерсе дайыма эле бирдей эмес. Мисалы, жөөттөрдүн саны дүйнө калкынын өтө аз бөлүгүн түзөт. Бирок Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын арасында алардын үлүшү абдан чоң. Бул факт. Бирок ошол фактыдан эле «алар дүйнөнү башкарат» деген жыйынтык чыкпайт.
— Анда эмнеден чыгат?
— Тарыхтан.
— Кайсы тарыхтан?
— Эки миң жылга созулган тарыхтан… – Самат чөнтөгүнөн карандаш чыгарып, кагазга тегерек чийди. — Караңыз. Көп элдердин тарыхында сабаттуулук байлардын гана артыкчылыгы болгон. Ал эми жөөт диний салтында балага окуу үйрөтүү диний милдет катары каралган. Бала текст окушу керек, суроо бериши керек, талашышы керек деген түшүнүк калыптанган. Натыйжада, сабаттуу адамдардын саны көбөйгөн.
— Болгону ушубу?
— Жок. Дагы кызыгы бар.
— Айт.
— Талмуд деген чоң салт бар. Аларда окуучу мугалим менен, мугалим окуучу менен тынымсыз талашат. Суроо берүү күнөө эмес. Тескерисинче, акылдын иштегени катары кабыл алынат.
— Талаш жакшы нерсе дегениңби ошондо?
— Эгер чындыкты издесе — жакшы.
— Бизде да илим болгон.
— Албетте болгон.
— Анда эмне үчүн мусулмандар артта калдык?
Самат кофесин ууртады.
— «Мусулмандар артта калды» дегендин өзү туура эмес. Бир кезде дүйнөнүн эң күчтүү математикасы, медицинасы, астрономиясы мусулман дүйнөсүндө өнүккөн.
— Ооба, аны билем.
— Ал эми кийин ар түрдүү себептер болду. Саясый бөлүнүүлөр, колониализм, согуштар, экономикалык көйгөйлөр, билим берүү системаларынын алсызданышы. Бир эле себеп жок.
— Демек, дин күнөөлүү эмес дейсиңби?
— Дин өзү эмес. Кандай коом болбосун, суроо берген адамды колдосо – өнүгөт. Корксо — өнүгүү токтойт.
Молдо ойлонуп калды.
— Бирок эмне үчүн жөөттөрдүн арасынан ушунча окумуштуу чыккан?
— Анткени билимге болгон урмат кылымдар бою топтолгон капитал. Бир муун окуйт. Баласын окутат. Небереси андан да көп окуйт. Ошентип маданият пайда болот.
— Демек, акыл канда эмес дейсиңби?
— Канда эмес.
— Анда кайда?
— Китепте.
Молдо күлүп жиберди.
— Китепте дейсиңби?
— Ооба. Үй-бүлөнүн мамилесинде. Баланы туура калыптоодо. Мугалимди урматтоодо. Суроо бергенге уруксат берүүдө.
Терезеден күндүн акыркы нуру түшүп жатты.
— Самат, — деди молдо жай үн менен. — Мен жаш кезде бир жөөттү көргөм… Ташкентте.
— Анан?
— Абдан жөнөкөй киши эле. Мен аны кандайдыр бир жашыруун күчү бар адамдай элестетчүмүн.
— Көпчүлүк адамдар башка элдер жөнүндө ушинтип ойлошот.
— Эмнеге?
— Анткени жакындан тааныбаган эл жөнүндө уламыш жаратуу оңой.
Экөө тең бир азга унчукпай калышты. Китепкананын сааты гана акырын тыкылдай берди.
— Самат.
— Угуп атам.
— Демек, жөөттөрдүн күчү дүйнөнү жашыруун башкарганында эмес дечи?
— Менин түшүнүгүмдө эмес.
— Анда эмнеде?
— Билимди урматтоодо. Китеп окууда. Баласына убакыт бөлүүдө. Пикир талашуудан коркпоодо.
Молдо терең дем алды.
— Кызык экен.
— Эмнеси?
— Мен ушул убакка чейин жөөттөрдүн сырын издеп жүрүптүрмүн.
— Таптыңызбы?
— Ооба.
— Кайдан?
Молдо үстөл үстүндөгү эски китепти акырын сылады.
— Сыры алардын өзүндө эмес экенин...
— Анда кайда экен?
— Окууга болгон мамилесинде дебедиңби.
Самат башын ийкеди.
Кечки караңгылык залды каптады. Экөөнүн сөзү түгөгөнсүдү. Анткени айрым жооптор үн эмес, ой менен улантылгансыды.
Бирок бир саам тынымдан соң молдо олуттуу кайрылды:
— Самат, бир суроом бар...
— Кулак сизде.
— Сен жөөттөрдүн билимге умтулуусун түшүндүрдүң. Бирок эмне үчүн ошол эле билимге башка элдер да умтулганы менен, алар чоң натыйжага жетпейт?
— Ажыке, жоопту өзүңүз издөөгө аракет кылсаңыз кантет?
— Кантип?
— Мен сурайын. Сиз жооп бериңиз.
— Макул.
— Агер бир үйдө жүз жыл бою китеп сакталса, экинчи үйдө жүз жыл бою кылыч сакталса, эки үйдөн кандай адамдар чыгат?
— Биринен аалым чыгышы мүмкүн, экинчисинен жоокер.
— Кокус биринчи үйдө бала чоң кишиге суроо берген сайын мактоо уксачы?
— Анда суроо көбөйөт.
— Экинчи үйдө баласы суроо берген сайын жемеленсечи?
— Анда унчукпас болот.
— Демек айырма кайдан экен?
— Бала кезден.
— Демек, эл тагдыры кайдан башталат?..
— Бешиктен.
Самат баш ийкеди.
— Менин оюм да ошондой.
Молдо бир аз ойлонуп калды.
— Анда дагы бир суроо.
— Угуп атам.
— Эмне үчүн адам баласы бирөөнүн ийгилигин көргөндө анын эмгегин эмес, сырын издей баштайт?
Самат бул жолу дароо жооп берген жок.
— Балким, эмгекти көрүү оор болгондуктан.
— Түшүндүрчү.
— Бир элдин ийгилигин эмгек менен түшүндүрсөк, анда өзүбүз да эмгектенишибиз керек. Ал эми аны жашыруун күч, кутум же керемет менен түшүндүрсөк, өзүбүздөн жоопкерчилик качат.
Молдо көзүн жерге салды.
— Кызык жооп…
— Бирок туура эмес болушу мүмкүн.
— Жок. Балким, эң туура жооп ушулдур.
Саат тогузду какты. Экөө ордуларынан турушту.
Китепканачы кемпир алыстан:
— Жабабыз, жигиттер, — деди.
Экөө сыртка чыгышты. Күзгү шамал жалбырактарды көчө бойлой айдап жүрүптүр.
Молдо кемселин кымтыланды.
— Самат… Бүгүн сенден көп нерсе үйрөндүм окшойт.
— Мен дагы.
— Сен эмнени үйрөндүң?
Самат жооп берейин деди эле, ошол маалда көчөнүн аркы өйүзүндө бир карыя көрүнүп калды.
Колунда эски чемодан. Башында жупуну калпак. Жүзү чарчаңкы. Ал китепкананын эшигине келип токтоду.
— Кечиресиздер, — деди акырын үн менен. — Китепкана жабылып калдыбы?
— Ооба, аксакал, — деди молдо. — Эртерек келсеңиз болмок экен.
Карыянын кабагы бир аз бүркөлө калды.
— Аттиң... Ушул шаарга атайы келсем...
— Эмне китеп издеп жүрөсүз?
— Атамдын китеби.
— Атыңыз ким?
Карыя бир аз жылмайды.
— Лев Абрамович.
Самат менен молдо бири-бирин карап алышты.
— Сиз жөөтсүзбү? — деди молдо түз эле.
— Ооба.
— Кандай китеп эле?
Карыя чемоданын ачып, саргайган сүрөттү алып чыкты. Сүрөттө жаш жигит турду. Аскер кийимчен. Көкүрөгү толо ордендер.
— Бул менин атам.
— Ал эмне жөнүндө китеп жазган?
Карыя сүрөттү аяр сылады.
— Китеп жазган эмес.
— Анда?..
— Ал өмүр бою сабатсыз болуп өткөн.
Экөө тең таңгалды жоопко.
— Сабатсыз?
— Ооба.
— Анда эмне китеп издеп жүрөсүз?
Карыя жылмайды.
— Анткени ал мага окуй албаган нерсени осуят кылып кеткен.
— Эмнени?
— «Уулум, менин колумдан келбеген ишти сен жаса. Китеп менен достош» деген.
Шамал дагы бир жалбыракты учуруп өттү.
Карыя сөзүн улады:
— Мен окумуштуу болдум. Балдарым да окумуштуу болуп чыгышты. Неберелерим да китеп менен чоңоюуда.
Ал чемоданын жапты.
— Эл дайыма биздин сырды сурашат.
— Анан эмне дейсиз? — деди молдо.
— Сыр жок дейм.
— Кантип эле сыр жок болсун? – шектене сурады молдо.
— Эгер бир сыр болсо, ал китеп ачкан биринчи күндөн башталат.
Карыя акырын басып караңгылыкка сиңип кетти. Экөө анын артынан көпкө карап турушту.
Акыры молдо шыбырап сүйлөдү:
— Самат...
— Угуп атам.
— Биз бүгүн кечке жөөттөрдүн феноменин талкуулап отурдук.
— Ооба.
— Бирок азыр түшүндүм.
— Эмнени?
Молдо алыстап бараткан карыяны көрсөттү.
— Феномен жөөттөрдө эмес экен.
— Анда кайда экен?
— Китеп менен адамдын ортосундагы мамиледе тура...
Самат жооп берген жок. Анткени бул жолу суроонун жообу өзү эле табылгансыды. Бирок ошол жооп жаңы суроолордун башталышы болчу.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR