(Африка элдеринин жомогу)
Америка жазуучусу Эшли Брайандын “Африка жомоктору” китебиндеги бул чыгарманы түпнускадан которгон Амирбек АЗАМ уулу
Эми силерге эки зайыбы бар бака Кумбуто жөнүндө айтып берейин. Ал биринчи аялына “Күнүм” деп, экинчи аялына “Айым” деп ырдап берчү.
Ал “оп” деп абага бийик секирчү. Жана көчүгүнө ыктай отурчу да эки бутун тырбаңдатканды жакшы көрчү. Анан да ордунан өпөңдөп өйдө секирип, кайра “бамп” этип ылдый түшчү. Кайра “оп” деп өйдө секирчү.
Ал эки аялы болгонуна аябай сыймыктанар эле. Бир күнү ал тамарка жеринен үлүш бөлүп, ар бир аялына заңгыратып там салып берүүнү чечти. Биринчи аялы жердин чыгыш четиндеги чынар бакты тандады. Үй ошо чынар бактын ортосуна шапа-шупа курулду.
Экинчи аялы жердин батыш четиндеги пальма бакты тандады. Үй ошо пальма бактын ортосуна шапа-шупа курулду.
Бака өзү жердин ортосун тандады. Себеби ал жерде бүлдүркөн өсөт. Бака болсо нанүштө кылганда бүлдүркөндүн ашын тили менен жалап, анан акырын тиштеп ширесин татып көрүп, ошондон кийин керте тиштеп, ыракаттана жегенди жакшы көрөт. Бешимде Күн төбөгө көтөрүлгөндө бака ортодогу жалгыз түп жаңгак түбүндө жатып эс алат. Кечке жуук чөмүнүп, дене бойду сергитип алганга ортодо саз да бар. Бака береги жагдайларды эске алып, өзүнө деген үйдү жердин ортосуна салды.
Биринчи зайыбы Бакага күнүгө ал сүйгөн бир тамакты бышырат. Экинчи аялы да күнүгө ал сүйгөн башка тамакты бышырат. Чыгыш жактагы үйдө жашаган аялы Бакага тамакты Күн чыгыштан кылтыйып чыкканда даярдайт. Батыш жактагы үйдө жашаган аялы Бакага тамакты батышта Күн отурганда даярдайт. Мындай планды түзүү үчүн кандай акылдуу болуш керек! Бака ойлогон мүдөөсү ишке ашканын көргөндө кубангандан карды дардайып, тим эле топтой тоголок болуп калды.
Күн жаркырап тийип турду. Бака күн сайын эртең мененки тамакты жеринин чыгыш четиндеги аялынын үйүнө барып жеп жүрдү, ал эми кечки тамакты дайыма жеринин чыгыш четиндеги аялынын үйүнөн жеди. Бир күнү жамгырдын мезгили да келди. Бака жамгырды жакшы көрчү. Ошого ал күн сайын жамгырдын астында ырыкаттанып, чалкалап шашпай басып жүрдү. Бирок он үчүнчү күн дегенде Баканын эки аялы Күндүн качан чыгып, качан батканын билбей чакчелекей түшүштү.
Ал күнү айлана бопбоз болуп, Күн түнөрүп тургандыктан Баканын эки зайыбы тамак жасачу маалын биле албай кыйналышты жана алар тамакка бир убакта уруна баштады.
Эки зайып бака отту бир убакта тутандырып, казандарын очокко койду. Эки аялы жарыша тамак бышырып жатканынан бейкабар Бака эч нерсени ойлобой, килемдин үстүндөгү калың салынган төшөктө дардайып жатты. Чыгыш тараптан Баканын таноосун зире салынган палоонун жыты кытыгыласа, батыш тараптан зире салынган палоо жыты таноосун аймалады.
Эки зайып баканын тамагы бир учурда даяр болду жана алар күйөөсүн күтүп, жолду карап жалдырап турушту. Эркек бака болсо эч нерседен бейкапар төшөктө кош жаздыкты жазданып көшүлөт.
Биринчи зайып бака кичинекей уулун чакырып: “Тез секирип барып, атаңды тамакка чакырып кел,”- деп буйруду.
Экинчи зайып бака кичинекей кызын чакырып: “Токтобой жетип, атаңды тамакка чакырып кел”, - деп буйруду.
Эки бала бака Ата Баканын үйүн көздөй секирип жөнөштү. Тынбай секирип отуруп, күйүгүп демиккен эки бала бака бир мезгилде Ата Баканын босогосун аттады. Алар жарыша секирип, Кумбуто Баканын төшөгүнө да бир учурда жетишти. Бала бака атасынын оң колуна жабышты жана кыз бака сол колуна жабышып, экөө бир маалда кыйкыра баштады: “Ата, мени менен жүр! Мени менен жүрчү! Тамак ичүүчү убакыт болду.”
Ата Бака эмне кыларын билбей калды. Аны баласы чыгышты көздөй тартса, кызы батышты көздөй тартат. Ал бир маалда эки колун жулуп алды да, көкүрөгүн муштагылай баштады. Анан ордунда ийиктей чимирилип: “Оой, жок! Жок!” - деп онтоп, эки колу менен жерди кайра-кайра муштайт.
“Эки катын тең: “Кел! Кел! Кел!” - деп чакырып жатат. Алар экөө, мен жалгызмын. Эгер мен тамак жегени чыгыштагы үйгө биринчи барсам, батыштагы катын: "Аа, чыгыштагы эмне байбиче, а мен токол бекенмин?”- деп болбогон сөздү айтып, мазамды алат. Эгер тамакты обол батыштагы үйдөн жесем, чыгыштагы катын: "Эй, Кумбуто! Сен батыштагы катыныңды менден артык сүйгөнүңдү мен мурда эле билгем!”- деп бакырып жаны чыгат”.
Зарлаган Бака өңгүрөп ыйлап кирди, бирдемелерди айтып кыйкыра баштады. Ал шолоктоп ыйлап жаткандыктан эмне сөз айтканын эч ким түшүнбөдү. Бир маалда ыйлаганын токтотту да үнү каргылданып: “Мен курудум!”- деди.
Ырас, достор. Баары ушу мен айткандай болду. Кайран Бака эки аялга үйлөнгөн эле. Күн түнөрүп, айлана бопбоз болуп, саатың өчкүр эки зайып бир учурда палоо басып, аны тамакка жарыша чакырганга чейин, Бака эки аялы менен жыргап эле жашап жаткан. Ал эми бул күнү анын кең дүйнөсү тарып, эмне кыларын билбей, жаны кашайды. Ал жатканда өз төшөгүндө отуруп үнү басылбай кыйкырып жатты...
Мен билем, бул өтө кызык угулат эмеспи! Баканын жаагы басылбай кыйкырганын уккан кээ бир адамдар аны тамашалап: “Эшитпейсиңби? Бака чардап атат!” - дешти. Жок, бака сүйлөп жатты. Ал кайра кайра: “Күнүм! Айым!” - деп жатты. Шордуу бечара Бака-ай.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR