Түлкү азык издеп, жортуп келатканда жайнаган чөөлөргө кезигип калат. Түлкү адегенде чочуп кетти, бирок сыр алдырбай, ызаат кылып:
- Сиздерди көргөнүмө кубанычтамын, достор! Кош келипсиздер. Жол болсун, кайдан келип, кайда баратасыздар? – деди.
Чөөлөрдүн дөбөтү жооп берди:
- Санаалаш түлкү доско туш келгенибиге кубанычтабыз. Тиги өзөндүн аркы бетиндеги бамбук токою – биздин мекенибиз. Бирок жагдайыбыз анча эмес, кийинки үч күндө наар албай, тишке бирдеме илинеби деп өзөндөн өтүп келип турган жайыбыз ушу, - деди.
Түлкү унчукпай калды. Чөөлөр биз үчүн кыжаалаттанып, бирдеме табайын деп ойлонуп жаткан чыгар деген үмүттө болушту. Түлкүнүн чын эле шаштысы кете баштаган. Бул жердеги жан-жаныбар булардан калбайт ко, өзүм ач калам деп бир амал ойлой баштады. Ойлонуп, мындай деди:
- Достор, силер эч ойлонбогула. Ушул жерде менин жүзүмдүгүм бар. Анан багбандарым тоок да багат. Тоок даяр болгончо жүзүм жеп тургула, мени ээрчигиле.
Чөөлөр өздөрүнчө кеӊеше калышты. Дөбөтү күдүктөнүп:
- Жүзүмдү кайдан өстүрүп жүрөсүӊ? Жүзүм өзүӊдүкү экенине кандай далилиӊ бар? Биздин көзүбүз жетсин, болбосо башканын багына туш келип бир балээге учурап каларбыз, – дейт.
Түлкү анткор жылмайып:
- Достор, коркпой эле жүрө бергиле, күбөлүк кагаздарымдын баары дурус. Аны да көрсөтөм. Бирок азыр «Конок келгенче уялат, келген соӊ үй ээси уялат” демекчи, силерге деген сыйымды көргүлө. Жүргүлө, жүзүмдүккө кирели, – деп чакырат.
Жүзүмдүккө жеткен соӊ, чөөлөрдү ичкериге киргизип жиберет да:
- Барып тойгончо жей бергиле… – дейт.
Түлкү өзү кашаага секирип чыгып, тигилердин кызыгына батмакчы болот. Чөөлөр жүзүмгө жетип жей башташты. Жүзүмдүн ээси менен багбандар аларды алыстан байкап, чөөлөр үйүрү менен экенин көрөр замат айылдын элин да көмөккө чакырышат. Таяк, мылтык, союл көтөргөндөр ортодогы чөөлөрдү курчап калгандарын көргөн чөөнүн дөбөтү түлкүгө кыйкырды:
- Мына журт эмне чуу салып жатат, бизге жабылды го? Бизди курутайын деген немелер экен, күбөлүгүӊдү көрсөтүп, бакча ээси экениӊди айтпайсыӊбы!..
– Азыр күбөлүк көрсөтөр убакыт эмес, – деди түлкү тез жооп катып, уга турган түрү да жок мени. Булар акылга токтой койбос…
Ошентти да кашаадан секирип түшүп жок болду.
Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR