Жон Стэйнбек: Кыз олуя Кэти

  • 06.10.2026
  • 305

АҢГЕМЕ

13... жылы (француздар айткандай) Р деген жайда бир кемпай жашайт жана анын жаман чочкосу бар экен. Кемпай болгон себеби: көп күлчү, күлгөндө да эч эбеп-себепсиз беймаал күлчү, күлбөчү адамдардын үстүнөн да күлөр эле. М кечилканасынын жайдары кечил агайиндери андан битир акысына виски же күмүш теңге алганы келишкенде, ошондой эле момундар чиркөөгө кирешесинин ондон бирин битирге төлөп жаткан чакта да тыйылбай күлө берчү.

Кечил агаин Клемент тегирмендин авизине кулап кетип, туз салынган куржунун сууга таштап жибербей, чөгүп кеткенде да кемпай Рурктун сүлкүлдөп күлгөнү басылбай, анын кесепетинен төшөккө жатып калгандан кийин гана арсыз неме күлкүсүн араң токтоткон. Рурк керкирегенде чыгарган жийиркеничтүү үндү эстесеңиз, ал кандай беймаза жан экенин, эмне үчүн битир бербегенин жана аны чиркөөдөн биротоло айдап салуу жөнүндө кеп-сөзгө өзү шыкакчы болгонун түшүнөсүз. Анын ороюн көрсөңүз, бу неме ушу суук кебетеси менен күлөт деп ойломок эмессиз. Күлгөн кезинде, тултуйган орою суук жүзү – ал бутун азыр эле кайрып, сындырып салгандай жана кыйналганына чыдабай өкүрүп жиберчүдөй көрүнчү. Бул аз келгенсип, адамдарга акмак деп кайрылчу, айтканы талашсыз чындык болгондо деле, мунусу айбанчылык жана акылсыздык эмеспи. Эч ким Рурктип кантип кемпай болуп жаралганын билбейт, бирок ал илгери бир заманда дүйнө кезип саякат куруп жүрүп, жалаң жаман нерселерди гана көргөнүнөн көпчүлүк эл кабардар.

Осол чочко Кэти кандай чөйрөдө чоңойгону түшүнүктүү, ага таң калуунун кереги да жок. Кэти өзүнө окшогон жаман чочколордун арасында өскөнү; атасы тоок жалмаганды жанындай көргөнү жана уруксат берилсе, Кэтинин апасы да өз балдарын жалмап саларын жана алар жөнүндө тирүү жандын баары билгени жөнүндө толтура китептер жазылган. Лекин мунун баары жалган. Кэтинин атасы, апасы берешен табият жараткан жөнөкөй, кадимкидей уят-сыйыттуу чочколордон эле, бирок табият аларга уят-сыйытты жарытып бербептир. Ага карабай, түгөйлөр адеп-ахлак жагынан көпчүлүк адамдар сымал жупуну болушкан. Кэтинин апасы кадимки эле кызгылт сары жана эч тамакка тойбогон сүйкүмдүү торопойлорду удама-удаа тууп турчу. Сиз байкасаңыз, Кэти жаман пейилин ата-бабаларынан мурастап алган эмес, демек, анын бетпак мүнөзү Рурканын каны менен өткөнү айкын.

Кэти көздөрүн жүлжүйтүп, кызгылт мурдун тырыштырып, саманда оонап жатты. Бир күнү Рурк торопойлорго ысым бергени чочкоканага келгенге дейре Кэтиден татынакай жана жоош момун торопой бу дубанда жок эде. «Сени атың Брижит болсун, - деди ал. - Сенин атың – Рори, а сен - шайтандын баласы, башка жамбашыңа оодарылчы, сен эми Кэти болосуң.» Ошол мүнөттөн тартып, Кэти жалпы Р дубанындагы жеткен тозоку чочкого айланды.

Ал сүттүн көбүн кымырып койчу болду; өзү соро албаган эмчектерге көчүгүн такап алып, башка торопойлорду жолотчу эмес, анын кесепетинен шордуу Рори менен Брижит жана башка торопойлор ара-бечел болуп калышты. Көп өтпөй Кэти өз агалары менен эжелеринен эки эсе зор жана күчтүү болуп кетти. Эмне деген наамарттык, аны менен ким тайлаша алат? Кэти короого Брижитти, Рорини жана башка торопойлорду бирден алдап киргизип, баарын жалмап тынды. Мындай шойкомдон кийин Кэти жосунда жок ар кандай шумдукту жасары кимге да болсо түшүнүктүү эмеспи; албетте, көп узабай ал тооктор менен каздарды терип жей баштады. Ошондо аны Рурк токтотту. Ал Кэтини чычкан мурду жөргөлөгүс чочкоканага камап салды. Чочкокананын ичкери жагы гана бекем тосулган эде. Мына шондон кийин Кэти коңшулардын тоокторун тегиз мойсоду.

Кэтинин көрксүз бетин көрүүңүз керек. Обол ачуулуудай көрүнөт. Колуңузда Кэтини тумшугуна тарс дедире уруп, ачуусуна тийгенге жарачу таягыңыз болсо деле, анын заарлуу бетиндеги сары көздөрүнөн жүрөгүңүз муздап, депкириңиз качмак. Ал бүтүндөй дубандын элин аял-буялга келтирбеген убайым болду. Түнкүсүн чочкоканадагы өзү камалган кашаанын тешигинен өтүп, тоокканаларга жортуул жасамай адат тапты. Кээде жаш балдар да жоголуп, шол боюнча даректерин эч ким эшитпеди. Рурк уялып өкүнмөк тургай, Кэтиге ого бетер жүрөгү жибип, көзүнүн кареги менен кошо айланып калды. Эзели-кийин мен өстүргөн чочколордун асылы Кэти, деги эле биздин дубанда андай акылдуу чочко жок деп кобурап жүрдү.

Бара-бара эл ичинде түнкүсүн тентиген бир кубулма-чочко кишилерге кол салып, буттан тиштейт, тамарка жерлерди казып, өрдөктөрдү жейт экен деген айың тарады. Атүгүл түнкүсүн Рурк өзү чочкого айланып, бөтөн бирөөлөрдүн тамаракаларын шимшип жүрөт имиш дегендер да болду. Коңшулары арасында Рурктун кадыры ушундай эде.

Кэти анан килейген чочко болду, аны куудурчу убакыт да келди. Ошол кууттан кийин каман тукумдатууга жарабады; ал шүмүрөйүп, эч нерсени түшүнбөй, жок издеген чоочун немедей жүрдү. Кэтинин ичи улам чардайып, бир күнү түндө тууду. Ал кызыл эт торопойлорун жалап, аябай тазалады; муну көргөндөр энелик пес неменин пейилин өзгөрткөн экен деп ойлошмок. Ал балдарын абат кылып алып, бир катарга тизди да бирин калтырбай сугунуп койду. Бул башканы кой, Рурк сыяктуу шүмшүк үчүн да чийинден чыгып кетүү эле: өз тукумун өзү курутуу адамзаттын акылынына сыйбас бузукулук экени ар бир тирүү жан билет.

Рурк шашпастан Кэтини сойгонго камына баштады. Шамшарын эми кынынан чыгарса, жалгыз аяк жолдо чиркөөгө битир чогултуп жүргөн агайиндер Колин менен Павелдин карааны көрүндү. Бул экөөнү М кечилканасы жөнөткөн; чирөө адыйлары Рурктан бир нерсе өндүрө аларына көздөрү жетпесе да, эки агайин эр адамдар эмеспи, эркектигине салып, аракет кылып көрөлү деп чечишкен.

Арык чырай, бирок чымыр дене, кабелтең Павел агайындын ойлуу өткүр көздөрү жана муңайыңкы жүзү - такыба динзарлыгына ишарат кылат; Колин агайын орто бойлуу, болук денелүү, тегерек бет киши болчу. Павел агайын кудайдын жакшылыктарын бейиште көрүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыз күтсө, Колин агайын анын баарын жерде татканды артык көрөр эде. Эл ичинде Колинди - мыкты адам, Павелди – жароокер катары билишчү. Битирди чогултууга такай экөө бирге барышчу: анткени Колин агайын акыл айтып, парзды аткарууга көндүрө албаган адамды - Павел агайын сыйлап жана тозоктун сыноосун сыпаттап берип, эпке келтирчү.  

– Рурк агайин, - деп кайрылды Павел агаин, - биз битир чогултуу үчүн баратабыз. Сен мурдакыдай үйрөнгөн адатыңа салып, калп сүйлөсөң, тозокко түшөрүңдү айтып, жаныңды сабап, карганбайсың да бу жолу?

Рурк шамшарын кайроону токтотту; көздөрү кудум Кэтинин көздөрүндөй ойноктоп турду. Ал каткырып жибергенди каалады, бирок күлкүсү кекиртегинде такалып калды. Анын бети Кэти өзү тууган кызыл эт баласын сугунууга камданган кездегидей бузулду.

– Менде силер үчүн камдаган чочком бар, – деди Рурк жана шамшарын текчеге койду. Агайиндер таң калышты: ушу чакка чейин бул иштин үстүнөн жүрүшүп - аларды көздөй койо берилген ажылдаган иттерден жана экөө жан далбасалап, дарбазага жетүүгө шашып баратып, узун чепкендеринин этегине чалынышканда, шылдыңдан башка эч нерсе көрүшпөгөн эде.

– Кандай чочко? - Колин агайын шектүү сурады.

– Кашаанын ичинде жалгыз турган чочко, - Рурк сүйлөп жатканда көздөрү саргайып кеткен сыяктанды.

Эки агайын чочкоканага барып, чочкону көргөнгө шашты. Кэтинин үйлөгөн чаначтай кебетесине жана семиздигине таңыркай карашып, көргөн көздөрүнө ишенбей турушту. Колиндин ою оноунун олчойгон сан эти менен бүт тулкун каптаган майын айланчыктап туруп алды. «Биз ушу немеден өзүбүзгө колбаса жасатабыз», – деп күбүрөндү ал. Павел агаин Рурктун битирге чочко бергени жөнүндөгү кабарды укканда, Бенедикт ата эмне дээрин ойлоп, текери бурулуп кетти.

– Бул чочкону качан жөнөтөсүз? – деп сурады ал.

– Мен алып барбаймын, – деп айкырды Рурк. – Бул силердин чочкоңор. Өзүңөр алып кеткиле же ал ушуерде калат.

Кечил агайиндер кажылдашпады. Алар эмне өнсө, ошого кайыл эде. Павел агайын Кэтинин мурдунан жип өткөрүп, аны чочкоканадан сыртка жетелеп чыкты; адегенде Кэти алардын артынан ээрчип, өзүн адептүү чочкодой кармады. Ээрчишкен үчөө дарбазадан чыгып баратканда, Рурктун аларга кыйкырган доошу угулду: «Анын аты – Кэти». Ошо тапта Рурктын тамагында анча убактан бери камалып турган күлкү зоңкулдап, абага атылды.

– Жакшына чоң чочко, – деди Павел агаин тынчсыздана. Колин агайин жооп кайтарарында балтырына карышкыр капкандын серпөөрүндөй кубаттуу тиштер бата түштү. Колин кыйкырып, шарт артка бурулду. Артында Кэти анын жарым балтырынын муштай бөлүгүн ырахаттана чайнап туруптур; тейи бузуктун тумшугу кадим шайтандын ороюна окшойт. Кэти оозундагы этти шашпай чайнап болуп, жутуп ийди да Колин агайындын бәдәнине кайра тиш салмак болуп, алга жүткүнгөндө, муну байкаган Павел агайин андан озуп, так кызыл тумшукка күч менен тээп калды. Мурда Кэтинин көздөрүндө анча-мынча мээрмандык болсо, эми анын көздөрү шайтандын көздөрүндөй кызарып, заарлуу чакырайат.

Рурк эки кечил кандай кеткенин көрүү үчүн дарбазасына барды; ал көмөк берет деп үмүт кылуу пайдасыз экенин түшүндүргөнсүп, турган ордунан козголбостон карсылдап күлүп жатты. Кэти дарактын астында ары-бери басып жүрдү. Ал күчүн көрсөтүү үчүн учтуу туяктарын жерге урганда, казандай-казандай чымдар омкорулду. Павел агайын бутак сындырып, Кэтиге ыргытты эле, чалыр көздөрүн өзүнө ыраазы болгондой жылмыңдаткан калыбында бутакты сындырып майдалап, жерди учтуу туяктары менен челип, көөмп салды.

Эки агайин баштарын ийиндерине шылкыйтып, узун чепкендеринин этегин жыйып, дарактын ачасына эптеп жайгашты.

– Сен анын тумшугун эстен чыкпагандай кылып тептиңби? – деп сурады Колин агайин үмүттөнүп. Павел агайын өз бутуна тиктеди, андан соң калың дордогой тери кейиптенген Кэтинин тумшугуна көз чаптырды.

– Андай тепкиден пил гана былк этпесе, ар кандай чочко тоңкосунан кетмек, - деди Павел.

– Чочко менен талашып тартыша албайсың, – деп тыянактады Колин.

Кэти дарактын астында каарланып, жин куугандай аркы-терки лакылдап жүрдү. Кечил агайындар көпкө чейин оозуна кум куюлгандай унчугушпады, утуру чепкендеринин этеги менен кызыл ашыктарын көңүлсүз кымтылап коюшат. Павел агайын маселени өчөшкөндөй кунт коюп изилдеди. Акыр аягында өз бүтүмүн угузду:

– Чочколордо арстандын табияты бар деп айтуу мүмкүн эмес, ушундай эмеспи?

– Шайтандын табияты бар дегениң оң, – деп күңкүлдөдү Колин.

Павел какая калып, Кэтини жаңы көргөн немедей кызыга карады; анан бет алдына крести койду да, ачуу айкырды: «APAGE SATANAS!»  

Кети шамалдын катуу толкуну белге ургандай бир солк этип алды, бирок көздөгөн багытынан жазбады. «APAGE SATANAS!» - Павел кайра кыйкырды; Кэти көзгө көрүнбөгөн соккудан кайра теңселе түштү, лекин жыгылбады. Павел агайын үчүнчү мертебе жин-шайтандарды кууган келмени айтты, бирок Кэти биринчи капылет соккудан кийин акылын пештеп алган эде. Чымын чаккандай да болбоду – келме жерде жаткан беш-алты кургак барикти күйгүзгөндөн башка эч нерсеге таасир этпеди. Ындыны өчкөн Павел агайын шо абалында Колинге тиктеди.

– Шайтандын перзенти, – капалуу сүйлөдү Павел. – бирок шайтандын өзү эмес; андай болсо, бул чочко жарылып кетмек.

Денеси балкып жыргаган Кети жаактарын карыштыра кычырата тиштенди.

– Шайтанды кубалоо жөнүндөгү ой башыма келгенден мурда, – ойлуу сүйлөдү Павел, - арстандар аңгегинде отурган Даниил тууралуу ой калчадым: ошол эле  аңгекке чочко түшсө, арстандар чочкого тийбейт беле?           

– Арстандын табиятында айрым мүчүлүштөр болушу ыктымал, – деп сөздү бөлдү Колин агайын. – Лекин арстандар чочколор сымал еретик болушпаса керек. Ар дайым такыба кишиге катаал кырдаалдан кутулуусу зарурат маалда, сөзсүз арстан пайда болот ошоерде. Даниилди эстечи, Самсонду эстечи, пайгамбарлар менен олуялар тууралуу уламалардагы шейит өлгөн азапкөйлөрдү эстечи; мен динге эч жакындыгы жок Андроколдун баянына үндөш санаксыз окуяларды да атамакмын. Жок, агайын, арстан – олуялар жана кудай жолундагы ортодокстор пайдалануусу үчүн атайылап жаратылган жырткыч. Эгерде арстан бул окуялардын баарына аралашкан болсо, демек, айбанаттардын арасынан диндин кудеретине баарынан жеңил баш иет ал. Менин оюмча, арстан башкаларга өрнөк болуу үчүн жаратылган; бул жырткычтын ийбарат үчүн атайылап жаратылганы анык чындык. Бирок чочко тумшугуна урулган сокку же кулкунуна такалган шамшардан башка кандайдыр бир касиеттүү күчтү тааныган учур жок жадымда. Чочко аттуунун баары, өзгөчө, бул чочко – жеткен кежир жана эреске жаны жуук макулук.

Канткенде да, – Павел агайын айтылган санаатка көңүл бөлбөй. – чиркөөдөй кубаттуу курал колуңда барда, аны же арстанга каршы, же чочкого каршы пайдаланбай койгонуң кечиримсиз жаңылыштык. Жин-шайтанды кууган дуба иштебеди, бирок бул эчтекени билгизбейт.

Ал кур ордуна белине байланган чылбырын чече баштады. Колин агайын Павелди санаасы санга бөлүнүп, тиктеп турду.

– Павел, ээй, оён? – деп кыйкырды ал. – Павел агайын, кудай үчүн, тиги чочкого жолобо!  

Бирок Павел анын сөзүн пәрвәйигә албады. Белиндеги чылбырды чечип болуп, ага крестин чынжыр боосун улап байлады. Андан соң эки бутун бутакка илип, чалкалап ийгенде чепкенинин этеги башын жаап калды. Павел чылбырды кайырмактын кылындай салаңдатып, темир крести Кэтинин тумшунун алдында нары-бери термелтип кирди.

Кэти жер тепкилеп, тиштерин шакылдатып, крести кармамак болду, быт-чыт кылып, талкаламак болуп, дампаңдап келатты. Анын бети арстандын ороюна окшошуп кетти. Ал жете бергенде бетине крестин көлөкөсү түшүп, крест анын саргылт көздөрүндө чагылышып турду. Кэти шал болгондой селейип катты. Жакшылык менен жамандык күрөшүп жаткан учурда: аба, дарактар жана жер күтүүсүз тунжураган тынчтыкта дирилдеп жатышты.

Ушундан кийин Кэтинин көзүндө чоң эки тамчы жаш пайда болду да, сиз аңдап түшүнгөнчө, ал жерге чалкасынан сулап, жасаган кылмыштары үчүн катуу кейип, оң туягы менен чокунуп да алды.

Павел агайин дарактын башына чыгып кеткенден мурда, крести бир мүнөт бою термелтип турду.

Мунун баарына Рурк өз дарчасынан байкоо салып жатты эринбей.

Ошо күндөн тартып Рурк жаман киши болбой калды: ошо тапта анын бүт өмүрү кескин өзгөрдү. Чындыгында эле ал бул окуяны каалагандарга кайра-кайра айтып жүрдү. Өмүрүндө мындай теңдешсиз жана шыктандыруучу башка окуя көрбөдүм деп карганып да жүрдү.

Павел агайын бутактагы ордунан тике турду. Боюн түзөдү. Анан бош колун жаңсап, «Иса машаяктын тоодогу ибаратын» латын тилинде кыраатын келтирип окуп кирди, а дарак түбүндө Кэти ары-бери оодарылып, онтоп жатты. Павел окуп бүткөндө, Кэтинин бышактап ыйлаганын жана мурдун шуулдатып тартканынан айтпаганда, мемиреген тынчтык өкүм сүрүп турду.

Колин агайындын мүнөзүндө чыныгы диниятчы – согушчанга таандык чыдамкайлык бар экени күмөндүү.

– Сен... сенин оюңча, азыр паска түшкөн коопсузбу? – деп кобурады ал.

Павел жооп бергендин ордуна алчанын бутагын сындырып, жерде жаткан чочкого ыргытты. Кэти катуу бышактап, дарак башындагы агаиндерге жаш жууган ороюн бурду, өңү-башында шайтандын ороюнан кыпын белги калбаптыр; саргылт көздөрү өкүнүп кыйналгандан кийинки жан көшүлткөн магдыроодон алтындай нурланат. Агайындар дарактан шашып-бушуп түшүп, чылбырды кайра Кэтинин таноосундагы шакектен өткөрүштү да, буттарын сүйрөй басып, жолго чыгышты. Куткарылган чочко экөөнүн артында дикилдеп баратты.

Агайындардын Рурктан чочко алып келатканы тууралуу кабар чоң кызыгуу жараткандыктан, Павел жана Колин М аббаттыгынын дарбазасынан киргенде, аларды жоон топ кечилдер утурлап алды.

Кечилдер Кэтинин бүлкүлдөгөн семиз денесин сыйпалашып жана эттүү жаактарын утуру укалашып, карбаластап калышты. Күтүүсүздөн тегеректеп турган кечилдер эки бөлүнүп, ортодо пайда болгон жолдо аббат Бенедиктин көрүндү. Анын көздөрү күлмүңдөп, маңдайы жарылат. Муну көргөн Колин чочконун этинен колбаса жейт экенмин деп, ууртунан аккан шилекейин жутту, а Павел – сыйлыкты элестетти. А-бу дегиче, көпчүлүктүн көкөйүн кескен таң каларлык иш болуп кетти; Кэти чайпала басып, ибадаткананын алдындагы чоңдугу чарадай авизге барып, оң туягын ыйык сууга малып, чокунуп ийди... Бир саамга чымын учса угулчудай жымжырттык каптады. Анан аббат Бенедикттин заардуу үнү угулду.

– Бул чочкону ким чокундурган?

Павел агаин алдыга чыкты:

– Мен, ата.

– Сен макоо экенсиң, – деди аббат Бенедикт.

– Макоо?

– Сиз ыраазы болосуз деп ойлогом, ата.

– Сен макоо экенсиң, – дагы кайталады аббат Бенедикт. – Бул чочкону сойо албайбыз. Бул чочко – тарса.

– «Асманда кубаныч көп болот...» – Павел агайын Евангелиеден цитатаны окуй баштады.

– Тынч! – деди аббат. - Тарсалар ашып-ташып жатат бизде, лекин бу жылы чочколор – катуу тартыш.

Эгерде Кэти ал-ахывалдарын билүү үчүн кабар алган көп сандаган кеселдер жана ал көңүлүн жубаткан алачыктар менен заңгыраган там-сарайлардын жашоочулары жөнүндө аңгеме курса, бир китепке сыйбайт. Анын алтын нурлуу көздөрү керебетте жаткан кеселдердин азабын жеңилдетти. Бир маалда жынысын эске алганда, ал кечилкананы калтырып, кечил аялдар үчүн ылайыкталган таат-ибайдатканага кетүүсү зарурат деген пикирлер да күчөдү; себеби, ар кыл күбүр-шыбырлардын кесепетинен эчен мертебе чыр-чатактар чыккан аймакта.

Бирок аббат айткандай, Кэтини бир көргөн адам анын пәкизәлыгына күмөнсүнбөй ишенет. Кэтинин кийинки жашоосу жалаң сооптуу иштер менен коштолду. Бир күнү майрам эле, таң эртең менен кечил агайындарда өздөрүнүн коомунда касиеттүү олуя жашоодо деген шектенүү жаралды. Ал күнү таң эртелеп, жүздөгөн такыба момундар кубанычтын жана жаратканды алкоонун дубасын жаңыртып ырдап жатканда, Кэти отурган ордунан туруп, алтарга барды; анын орою периште жүзүндөй нурланып, куйругунун учуна турду да, эч токтобой бир саат кырк беш мүнөт ийиктей чимирилди. Чогулган кечил агайындар бул кереметке таң калып да, суктанып да карап; бул такыба жашоо кандай бийиктикке жеткирерин шарданалаган сонун ибарат эде.

Ошол мүнөттөн баштап М аббаттыгы эл сыйынган жайга айланды: аягы көрүнбөй чубалган зиратчылар топ-тобу менен өрөөнгө келишип, момун кечил агайындар кармаган конок үйлөрүнө токтошот. Ар күнү бешимден кийин саат төрттү какканда, Кэти дарбазага чыгып, зияратчыларды алкайт. Кэтинин колу тиер замат скрофулёз же трихипеллёз илдети бар эчендеген адамдар куландай соо болуп кетишти.

Каза болгонуна туура элүү жыл толгон күнү Кэти көзү ачык деп таанылып, аты-жөнү олуялардын календарына киргизилди.

Аны «Олуя кыз Кэти» атайлы деген сунуш жасалды. Бирок бир ууч азчылык ал кыз эмес болчу, анткени ак-караны ажырта элек секелек курагында төрөгөн деп каршы чыгышты. Каршы тарап бул сөзүңөр сары чакага турбайт деп, моюн сунушпады. Алар кадыресе кыз дегендердин арасынан иш жүзүндө кыздыгын саналуу бирөөлөр гана сакташат деген жүйөнү бетке тутушту.

Атайын түзүлгөн комитет – кечилканадагы жаатташууга жол бербөө максатында, алдын ала анын чечимин колдонмо кылып алып, даанышмандыгы жана аалымдыгы менен белгилүү чачтарачка кайрылышты.

– Бул өтө кылдаттык менен чечилер кычыктуу маселе, – деп баштады чачтарач. – Эсиңерде болсун, кыздыктын эки түрү болот. Кээ бирөөлөр кыздык же кол тийбегендик организмдин кандайдыр бир табигый өзгөчөлүгү деп санашат. Эгер андай өзгөчөлүгүң болсо, сен кыз болосуң, эгер жок болсо, анда эч нерсе кыла албайсың. Мундай аныктама биздин динибиздин негизи үчүн аябай коркунучтуу, анткени, жогоруда айтылгандай аныктама кудайдын ырайымдуулугу менен киши насилиндеги арам ойлуулукту айрымалоого мүмкүнчүлүк бербейт. Экинчи жактан, - деп улантты ал. - «тилегинде кыз» деген түшүнүк бар; бул аныктама боюнча, биринчилерге карганда «кыздыгы барлар» алда канча көп. Бирок бу жерде да кыйынчылыкка бет келебиз. Мен жигит кезимде кээ күндөрү кечинде кыздар менен көңүл ачып сейилдечү эдем. Ошондо мен жүргөн кыздардын баарынын ниетинде кыздыгы бар болчу; эгер экинчи аныктаманы алсаңыздар, бүгүн да кыздар ошондой экенин көрөсүздөр.

Комитет мүчөлөрү чачтарачтын сөзүнө канааттанышып, жыйын тарады.

М аббатыгынын чиркөөсүндө сербаа асыл таштар менен кооздолгон жана алтын алкактуу реликварийдин ичиндеги кыпкызыл атилестин бетиндеги алакандай үкөкчөдө касиеттүү кыздын сөөгүнүн күлү сакталууда.

Адамдар бу кичинекей үкөкчөгө чечкесин тийгизип, таат кылуу үчүн алыс жактардан келишет. Бул ырымды жасагандар өз дартынан сакайат. Береги ыйык зат аялдардын оорууларын жана сары котур менен темиреткиден айыктырганы маалым. Аталган эки илдеттен сакаюу үчүн зиярат кылганы келген зайыптын сөзү жазылган чиркөө китебинде: ал үкөкчөнү бетине тийгизер менен төрөлгөндөн бери бетиндеги чачтары өскөн меңи жоголуп, кайра пайда болбоптур.

Котормочунун түшүндүрмөсү:

Аббат (лат. Abbas / аба – ата) – католиктерде кечилкананын башчычы. Кечилдер ага аббат же ата деп кайрылышат.

Аббатчылык – католик кечилканасы, абат тарабынан башкарылат.

Андрокол (Androcles) – байыркы легендадагы Рим консулунун Африкадагы кулу. Б.з.ч. I к. императорлор Тибериус жана Калигула заманында жашаган. А. өз өкүмдарынан качып, чөлдө ысыкка чыдабай, баш калкалаганы үңкүргө кирет. Таманына чөңөр кирген арстанды жолуктуруп, корксо да аны чыгарып берет. Ыраазы болгон арстан А-го үч жыл кызмат кылат. А. туткунга түшүп, туз буйруп Римге келет. Циркте арстан менен беттешке чыгат. Арстан А...ны таанып, ага эркелеп, кол салбайт. Рим императору окуяга таң калып, Андроколду жана арстанды коё берет.

Даниил – «Көөнө ибараттагы» (Ветхий Завет) каарман.

Тарса – христиан дини жана аны тутунган динзар.

Трихинпеллёз – трихина курту6 мите курт.

Самсон – «Көөнө ибараттагы» (Ветхий Завет) каарман.

Скруфулёз – моюн бездеринин кургак учугу.

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз