Ырысбай Абдыраимов: Алармандын амалы

  • 06.10.2026
  • 231

АҢГЕМЕ

“Багың ачылып, колуңда кызмат турса, ыргыткан ташың мээлеген кушка тиет. Төбөң асманга жетип, дос-душмандарың да алдыңа чөгөлөйт. Чоң атаңдай адамдар бүгүлүп, сага кантип кызмат кылганын билбей калат” – деген кеп ырас экен.

Көз ачып үйлөнгөн селким мени чанса, кийинки жубайымдан эки балам жолдо, үчүнчүсү колдо, төртүнчүсү боюнда турганына карабай, мен аны чанып, мурунку күйөөсүнөн балдарын ээрчитип келген дагы бир зайыбымдан өзүм качып, топтомолок бойдок жүргөнүмдө дагы бир кымча бел, гөзөл кызга жылдыз санатып койгон экем.

Бөдөнөдөй бытпылдыктап жүргөнүмдө, аным талгак экенин кылтыйтканда... эсим ооп барып, өзүмө араң келдим.

Эки ооз сөздүн башын бириктиримиш этип, комузчу атыккан досума башыма түшкөн түйшүктүн четин чыгара койсом, анын жаны тириле түштү. Шымаланып:

– Сени ушу замат өкүл атама таанытышым керек экен. А кишинин колунан баары, жадесе бу дүйнөнү астын-үстүм кылыш да келет, – дебеспи.

– Аның ким, ай?

– Ал – аким, райондогу биринчи киши...

– О-у, кой... Аның менен таанышар алым жок. Ага атап соёр кой, жаяр тасмал, жандоочу кошоматчылары менен кошо багар үлпөт жайым да жок. Чычкан ийнине кире албай атып, куйругуна калбыр байлайт болбоюн, доске!

– Ал жагынан кам санаба, анын баары асмандан түшөт. Өкүл атамдын бир каш серпиши менен бүткүл көйгөй бүтөт. Сен адегенде мобуну камда, – деп комузчу “акча тап” дегендей, баш бармагы менен сөөмөйүн айкалыштырды. – Калганын өкүл атам өзү жайлайт... – доскенин ишарасынан ал үчүн акча таап, пара сунуу зарыл экенин түшүндүм да:

– Ой, өзүм оокат-ашка жетер жетпес айлык алсам, эмнемди берем? – дедим.

– Иштеп атасың го. Маянаңды чогулт, насыя ал, атаңдан сура...

– Айлык тийгенче кайда баш катам, үйсүз жүрсөм?

Комузчу ойлоно түштү да:

– Жаныңда болгон акчаңды чыгар?

Түштөнүүгө атаган жүз сомдукту ага карматтым.

– Ушу деле жарай берет,– деди ал.

– Уят ко... Акимиңдин күнү ушу майдага түшүп калдыбы? – деп да мыскылдап күлдүм.

– Эй мадыра баш, сен эмнени билесиң? Мен көндүргөн соң, куп деп ээрчий бер. Беш сом деле азыр жолдо жатпайт. Колдогу пулдун куну чоң... Сары чакага жетпей турушат башкалар... Кечээ семичке саткандардан да жаңы чыккан элүү тыйын, бир сомдон орозо битир топтоттуруп алган. Чоңдордун баары ошо айлампага көнүп калды, кезеги жеткени акимге ошентип “салам” айтат... Өкүл атама пул болсо, болду. Бааланбайт. Көргөнүн, өнгөнүн ала берет.

– Нака алгыр куш экен!

Доскем “ооба” дегендей баш ийкеп, шертинде турду. Дароо телефон чалып, өкүл атасы менен макулдашты өңдөнөт. Мени акимдин үчүнчү кабаттагы кеңсесине жетеледи.

Кабылдамада кезек күткөн кишилер менен чатагыбыз жок, жөөлөп-сүрүп, шыр эле кирип бардык. Тууган-урук, тамыр-тааныш, өз адам болсоң, жолуңду эч ким тосо албайт тура! Акимдин бөлмөсүнө киргени башкалардай апталап кезек да күтпөйт экенсиң.

Комузчу доскем үйрөткөндөй саламдашып атып, элүү сомдукту акимдин алаканына кыстардым эле, ой тобо, анысы сыр алдырбай, билмексен болуп, колун чөнтөгүнө сала койду.

“Маскаралап атасыңбы? Мунуң өзүңө кут, мурдуңа жыт болсун! Мынча сомдон бир тыйын кем албаймын!” – ыргытып ийбес бекен деп чочуласам, ой тобо, кабагым-кашым дебеди, ай. Бир менен беш сомдуктар жайнап, он сомдукту чала көргөн, акча таңкыс маал болчу. Доскем үйрөткөндөй мен да эчтемени сезбегенден бетер табактай бети-башымды кызартып-татартпай эле дароо:

– Мага өкүл ата болуңуз, – дей салдым.

Досумдун “биринчи киши” дегени көмүрдөй кара чач, каштуу, бети-башы майланышкан кара тору неме экен. Ал макул тапкансып, баш ийкеди. Колуна тийгенин мойсогонуна караганда мунун алдында алгырлыгы жагынан молдо-имамдар шоона эшчүдөй эмес.

“Өкүл атам” орунтугунан козголбой, менин дарек-дайынымды сүрүштүрүп, маңдайындагы календарына жазып алды да, дароо:

– Тойду качан баштасак, ыя? – деп акылдашымыш болгону менен биздин жоопту күтпөй эле: – Бүрсүгүнү өткөрөлү, ээ? – десе болобу?

Апкаарып: “Бөдөнөдөй бытпылдык айтып... Үстүмдө үйүм, астымда ашым жок жүрсөм... Кантем?”– дегиче болбой, комузчу доскем:

– Ооба ата, ошентебиз! – деп менин атымдан убада берип, бүтүм чыгара койду. Кепти бузарымды байкаган көрүнөт, тиземе бир түрттү да, мага: – Атам базар күнү борборго барат. Дүйшөмбү күнү Ак үйгө кирет. Ал жерге кур алакан баш баккан оңбойт. Тамыр-тааныштарды чогултуп, кошумча топтоп, өкүл атамдын жолдугуна кам көрөлү.

Калдайган кара көз айнек тагынган өкүл атабыз “кудум ошондой” дегенсип, баш ийкеди.

– Камтама болбой... Элди көп чакыргыла. Мен дайындаган адамдар кам-чомуңду камдап беришет, – деп бизди жылуу орунтугунан кабылдамасына дейре узатып койду. Элпектиги жанда жок.

А менин көктүгүм тутуп: “Кетсе, кете берсин! Борборго коштоп бармак белем? Же Ак үйдөгүлөр субай салтаң, кур алакандарды астанасын аттатпайбы?”– деп буулуктум. Бир эсе өзүм жактырбаган, тааныбаган немени мүлтүлдөк досумдун тили менен өкүл ата тутканыма кыжындым.

Комузчу досум экөөбүз тоокканадай өжүрөмдүн босогосун жаңы эле аттаганыбызда, сүттөй аппак “Волга” каалганын тушуна токтоду. Шеригим “жымың” этип, унаадан түшкөн казылуу адамды райондук керек-жарак коомунун төрагасы деп тааныштырды.

Төрага шыпылдай басып келип, алдымды тороду. Ийилип, сылык саламдашып, аты-жөнүмдү эркелете атап, кара күчкө ырсайымыш этти да:

– Мындан ары тамыр-тааныш боло жүрөлү, иним! Көчөлөш жашасак да, бири-бирибизди тааныбаганыбызды кара! Мындан быяк кол үзүшпөйлү! Келгенимдин себеби: сатуучуларга атап тургузган үйдү бүтүрүп атканбыз. Колуңуз бош болсо азыр барып, бир сыйра көздөн өткөрүңүз, жаккан бөлмөлөр сиздики. Жакпаса, каниет кыла турасыз. Бир аптада көөнүңүз каалагандай бөлмөлөрдү бүтүрүп беребиз. Жүрүңүз, бу жер сизге, – деп атам курактуу киши лепилдеп жетип барып, мага “Волгасынын” өзү олтурган орунтугунун каалгасын ачты.

Мен а киши акимдин буйругу менен келгенин боолгодум. Сыр алдырбай, олбурлуу тартып, келинчегим жана комузчу үчөөбүз кош кабаттуу үйдүн бөлмөлөрүн утуру тандап жүрдүк. Кенен-чонон туюлган беш каналуу бөлмөнү өзүбүзгө имердик. Көзүбүздүн агы менен тең айланган төраганын жаны ошондо гана өзүнүкү болдубу, чекесинен чыпылдап аккан терин бетаарчысы менен жайма-жай сүртүп, өңүнө жылмаюу кирди.

Жумушчуларына:

– Кеч киргиче терезе-каалгалары салынып, боёлсун! Дубалдары акталып, сырдалсын! – деп буйрук берди. Мага бурулуп, жылмайды да: – Жаман агаңдын чекилигин кечиресиз. Буларды минтип какыс-кукус кылбасам, былжырап жүрө беришет. Анан сизден сураныч! Өкүл атаңызга мени мактап... Мендей бечара агаңызга көзүңүздүн бир кырын сала жүрүңүз ээ, иним?.. – деп суранса болобу, жаш баладай жалдырап.

Ошентип, чейрек кылым бою үйгө жетмек тургай, бирөөлөргө өз колу менен баш калка курууга төрт чарчы жер тийбей атса, “биринчи” кишинин шарапаты менен даяр үйгө кондум. “Я, кагылайын Кудай! Ушу көрсөткөн сыйыңа жаным курман!” – деп ободогу Теңирге сыйынам. Биресе акчанын күчүнө таң калам.

Колуктум экөөбүздүн кубанычыбыз койнубузга батпай, жаман кепебизге жаңы эле кайтып келсек, эшик алдында тердеп-тепчип, шляпасын желпинип, дагы бир чоң курсак киши турат.

– Кечиресиз, иним. Мен – ресторандын деректирмин. Үйлөнүү үлпөтүңөрдү биздин тойканада өткөрүңүз. Айланайын, ушу таклибимди жерге таштабаңыз. Канча адам кезекте турат... Нөөмөттү аларга тарттырып ийбейин деп, сизге шашып келе калдым. Тоюңарга катышуучулар да күтүнүшүп, саат канчада башталарын сурап, кулагымды коюшпады.

Демек, буга да “өкүл атам” кулак каккан өңдөнөт.

Тойкананы курчай токтогон жеңил унаалардан нукум бош жер калбагандай эле, ресторандагы коноктордон да баш адашат. Көрсө, өкүл атабыз үлпөткө райондогу гана эмес, облустагы чоң аттуулардын эч кимисин калтырбай чакырган экен. Куттуктап сүйлөгөндөр жалаң ошону мактап-жактап, музыканттар ошонун күүсүн ойноп, атаган белек-бечкектерин жалаң ошонун колуна карматып жатышты.

Акимден озунуп, өкүл эне менен туугандары ага аталган белектер менен буюм-тайымдарды алууга ашыгат. Келинчегим экөөбүз сумсайып, бир четте унутта эле калдык. Өкүл атам калың конверттер утуру сунула бергендиктен чөнтөк-баштыктарынан артканын кайда катарын билбей калганда гана, мага кол жаңсады: “Белектерди бир четке жыя бер” дегендей.

Той башталгандан бери келинчегим экөөбүзгө кылчайып койбогон чоңдордун кээси ошондо гана дароо жүгүрүп келишип, мен жакка ыкташты. Сооротуу иретиндеби – куттук айтышып, колумду кур койбой, жасакерлене шарап куюлган чөйчөктөрүн бошотуп жатышты.

Эртеси короз кыйкыра электе каалгам дүңкүлдөдү. Комузчу экен.

– Бол! – деди мени шаштырып. – Өкүл атам жөнөп атат, ашуудан аткарып коёлу.

Ашыгып кийинип, сыртка чыга береримде ал колумду карап, олурая тиктеп:

– Ай, кечээгилер кана, конверттегилер?.. Ал сага эмес, өкүл атама аталгандар... Бол, бирин калтырбай алып чык да, өзүңдүн кошумчаңды да унутпа, – дебеспи.

Ошондо гана “биринчинин” мага эмне үчүн өкүл ата болгонун аңдадым. Чоңдордун өздөрүнө сөз тийгизбеш үчүн мендейлердин шылтоосу менен пара топтоп алаарын болжодум. Төрөлөрдүн айланасындагылар үчүн жашоо май талкан экенин эми түшүндүм.

Сөзү эч жерге өтпөй, колу эчтемеге жетпей, баягы эле карапайымдардын шору тура.

Акимдин көлөкөсү тууган-уругу менен куда-сөөк, тааныш-тунуштарындай эле мага да кыйла тийди. Кезексиз унаалуу болдум. Мектепте араң окуп, жогорку окуу жайын бүтпөсөм да, бир мекемени бийлегенге өттүм.

Жыл сайын элге жолдомосу тийбеген курорттордо, чет өлкөлөрдө сайрандадым. Телефон аркылуу ректорлорго дайындап, окуумду бүтүрттү. Мындай кезде да ал жетекчилерди тизмеден бирден өткөрчү. “Өкүл уулум сапарга аттанат” деп, чоңдорду көгөндөлгөн козулардай катарга тизип койчу.

Начальник сөрөйлөр адегенде барышчу да, ага атаганын карматып, анын сынынан өткөндөрү мага учурап, алаканымды кур коюшчу эмес. Мени кур кол узаткандар өкүл атама шыбыраган бир ооз сөзүм менен кызматтарынан тоңкочук атчу.

Аким: “Иши жакшы” – деп ай сайын мага төө сатып алганга жарачудай сыйлык жазып коёт. Анын бирин өзүм алып, токсон тогузун ага карматам...

Өкүл атам борборго ат тезегин кургатпай, апта сайын каттагандай, өзү менен дос-тамыр, бала-чакаларындай эле аялым экөөбүздүн да туулган күнүбүз, майрамыбыз кошоматчылардын эсинен чыкпай, сыйдан сый көрдүк. Жыл айланбай уулдуу болдук эле, бизде да бешик той, тушоо кесүү... Чоңдоруң шылтоону кайдан табышат билбейм, ай. “Биринчинин өкүл небересин көрөбүз, жууйбуз” – дешип, аягы тыйылбай келе беришти, келе беришти. Деле эшигибиз жабылбады.

Мындай сыйлардын баарын бирден көз алдыман өткөрөм да, өзүмчө ойго батам: “Райондун акимин өкүл ата тутсаң, ушунча ызаат-урмат көрөт экенсиң! Кокус, облустун же борбордогу мекемелердин башчысына тууган-урук, тааныш-туунуш, жакын болсоң... О-у-у, анда апталап той кылып, соога, белек-бечкек багыштагандарга кезек жетпей, алар өз ара нөөбөт талашып, чыр-чатак салабы деп корком.

Эмне эле төрөлөр жата калып, эл башкарганга жулунат десе, кой үстүнө торгой жумурткалаган даяр заман ошолорго туз буйруйт тура... Калың букара муну билгени менен колу агыл-төгүлгө жетмеги кайда? “Бейиштин ашын көрмөк бар да, ичмек жок”– дегендей...

Күтүүсүздөн “биринчинин” кызмат мөөнөтү бүтүп, эми анын ордуна шайлоо өтө турган болду. Ага акимдин өзү менен кошо төрт киши тандалат. Биринчи айлампада баары ит жыгылыш болуп, экинчи нөөмөтүндө ал утулуп калат. Арадан жарым ай өтпөй, акимдин иши текшерилип, ичкен-жегени, алган-койгону чукулат.

Ал байлыгын чет өлкөгө которуп ийип, артынан өзү качканга шашат. Эч кимге, жадесе комузчу досум менен мага да бир ооз айтпай, көрпө төшөгүн, тапкан-туткан эмерек-байлыгын жүктөнүп, түнкүсүн башка өлкөгө кайып кетет. Уурулугу билинерде “биринчисиби-экинчисиби” – депутаты же дагы бир министриби, чычкандай жылт коюп, куйругун карматпай качып кетишет тура! Аларга дароо жол да, чек ара да тосулбай, учак табылып, бардык жерде эшик ачык... Анан дүрбөлөң.

Эртең менен келген бейтааныш аял мага кагаз сунду. Мурдагысындай бөжөңдөмөй, айланып-тегеренип саламдашмайы жок. Текеберлене:

– Бул –  керек-жарак коомунун жаңы төрагасынын буйругу... Ушу сааттан калбай, үйдү бошот. Анан бул батирлерге жумшалган ыгым-чыгымды да төлө. Үй мурда мага бөлүнгөн, – деп атат мисирейип.

Буйрукту окуп, башымды кашып, эмне кыларымды билбей турганымда телефон шыңгырады. Тыңшоочту алсам:

– Эй, тойдун чыгымын качан төлөйсүң? Же өкүл атаңдын алган-жутканын да кошо тартасыңбы? Прокуратурага бере электе, ордун бачым толуктап кой! – деп ресторандын деректири бир жактан күпүлдөп атат.

Иңирге дейре үйүбүздөн киши үзүлбөдү. Тойго кошкон үлүштөрүн доолагандар, кошумчаларын милдет кылгандар... Түстүү сыналгы, гарнитур, муздаткыч, килем-килче, жууркан-төшөнчү, диван, керебет... Жадесе, сыйга тартууланган чыны-кашыктын да ээси табылып, өкүл атамдын көзүнчө бергендерин заматта машиналарына жүктөп, талап, ташып кетишти.

“Кимди ким көрдү? Быржыбайды там басты”– дегендей, колго тийгендерин сууруп ала беришип, акырында жыпжылаңач төрт дубал менен тешик тепшибиз калды. Жайдак үйдө ким жашамак?

Ошентип, доочулардын буйругу алеки саатта орундалып, бала-чакам менен көчөдө калдык. Комузчу доскеден да дарек жок. Ал да казак кайнагаларына кире качыптыр. Анын тилине кирген мени санаа басты: өкүл атам сыртка ташып кеткен белектерди кантип төлөйм?..

Көрсө, ал пара алуудан чочуп, биздин көлөкөдө сый жол менен алармандык кылып жүргөн тура! Же дайын-дарегин мурдатан сурап, билип албаптырмын. Ушинтип кайра дагы бытпылдык айтамбы?

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз