Ырысбай Абдыраимов: Өтүнүч

  • 28.08.2026
  • 161

АҢГЕМЕ

– Сүйүнчү-ү!.. Мени министрликке... гүбүрнатырлыкка көрсөтүп жатышат...

Эл башчылыкка конуумду өңүндө эмес, түшүндө да тилеп, сүйлөнүп чыкчу Гүкүнүм эшиктен кире-сала оозанган ушундай жаңылыгыма апкаарый түштү. Бүгүндөн тарта жумурай журтту бийлеп калганымдан бетер жадырап, жумуру билектерин кылдай мойнума оролтуп, тикенектей тикчийген муруттуу, карамтыл бетимден чопулдата өпкүлөп жиберди.

– Кудай жалгасын, ий! Кут кылсын! Ушу кайра куруу менен демократиянын келгени ырас болду, сендейлерге бак кондурган, – деп ырымчыл бүбү-бакшыдан бетер башыма суу айлантып, кастүмүмдүн колтугуна көз мончок тагып ийсе болобу? – Башкаларчылап бат эле сыйгаланып кетпей, булдузору менен сүрсө да жылбагыдай болуп, ээриңди бек карма!.. Айтам да, жолго чыксам эле маңдай-тескей учурагандын баары эле эмнеге ийиле саламдашат деп?.. Кайнага, кайын эжелериң менден мурда кайдан угушкан, билбейм? Куттуктап киребиз дешип, алдыртан сөз жылдыртышканынан таң калдым эле, булар эмнеге оолугушат деп... Көрсө, ырас болбодубу, душман көзүнө! Бизди көрө албагандардын, ичин ириң баскандардын демин суутуп, туугандардын келерин күтүп олтурбай... Бол, азыртан кыймылдайлы!

Ушинтип, жубайым экөөбүздүн чечекейибиз чеч болуп, өзүбүздү эң бактылуу санап, бирибизден бирибиз өтүп, толкунданып, кубанып аттык. План түздүк. Менин оюмда көрүнөө да, көмүскө да, кемчилигимди чукуп, ишканада сын таккандарды экинчи тургус кылып, сулата чабуу турду. Оозумдан көбүк чачыратып, элестери көз алдыма тартылган актүптөргө күпүлдөп, муштум түйө буйрук бердим:

– Көрөсүңөр! Силердиби, силерди... Чекеден жаңылаймын. Эскилердин бирин калтырбаймын. Айтып коёюн, мен кызматка өз командам менен келемин. Жаңылануу доорун беш мүнөттө бүтүрөмүн. Кызматка батырак шайланып, министрдин мөөрү менен бечети колума тийсе экен... – дедим, кабагымды чытып.

– Туура, ошенткин! – деди Гүкүнүм да мени кубаттап. – Создуктуруп олтурмак белең!? Ылайыктуу кадр табыш жагын мага кой! Бир эмес, үч-төрт дипломдуу кайындарың иш таппай, чет жакта сайдын ташындай жайнап жүрөт. Андан көрө... Чама-чаркыбызды жыйнап, өз менен өзгөнү айра тааныганыбыз жакшы. Сен жөнөкөй адам эмес, тамыры сууга, төбөсү күнгө жеткен, кыдыр даарып, байтерек түптүү кайындары бар күйөө баласың! Ошон үчүн эртеңден калбай, бизге көзү түз адамдарга дасторкон жаялы. Адегенде кенжелеринен баштаганыбыз абийир! Жаштын тилегин берет деп, аялым туугандарынын аттарын чекеден атап, манжаларын бирден санай баштады. – Кана? Беш кара чечекей сиңдим, Алтайдагысы менен алты... Жети-Суудагысы менен жети, Томски, Омскидегилери менен тогуз. Ошингтондогусу менен токсон тогуз... Андан кийин ага-ини, жеңе-келиндерим, күйөө балдар... баш кычышма бажаларың...

Гүкүн өз туугандарынын ар бир тобун өз-өзүнчө коноктомой болуп, санап атат. Бир жаңылып, кайра эсептеп, айтор, куда-кудагыйларынын да эсебине жетпей калды. 

Ал өз төркүн-төсүн атаган сайын мен да ичимде өнөгүмдү кетирбей, жөн турганым жок: урук-туугандарымдын алдына тартылар уча, чучук, казы-карта, оокат-азык, ичимдик, союлар жандык, далыларына жабылар сарпайы, кийим-кечек... Айтор, келим-кетимдин чыгымын бүт эсептеп отурдум. Болжолумда жылкынын өзүнөн эле атама аш берчүдөн бетер бир үйүр союла турган. “Анча туякты кайдан табам?”– деп эстен танып, жалындап күйгөндөн бетер бакырып иеримде Гүкүнүм алаканы менен оозумду шак жапты:

– Сабырдуу бол! Антпесең, оомат токтобой, тоголонуп кетсе, бат эле оңкоңон сайыласың! – деди да, демимди басып, тизмени андан ары улантты. – Гүбүрнатыр, акимдерге, министрлерге... Кесиптештериме – өзүнчө боз үй, тамыр-тааныштар... коңшу-колоңдор бир бөлөк... Дагы... Ии, куурчак ойноп, чачымды өргөн, бирге өскөн теңтуштарым бар, классташтарым келет. Алыс-жакындагы курсташтарым, тааныштарым...

Сөз ушуга жеткенде райком, обкомдорго окшотуп, үстөлдү карс эттире бир урдум:

– Эй, токтот, өзүңчө ажылдай бербей! Бул жер... Сенин үйүң эмес, мага кезек бербей, сүйлөй бергидей!.. Тууган-урук бир эле сенде болсо да. Экөөбүз баш кошкондо да, мынчалык эл чакырылбай, түтүнмө-түтүн конок багылбады эле! Минтсең, Көкөтайдын ашынан да ашып түшчүдөйбүз. Кийин чатак башталбасын...

– Көкөтөйүң кай заманда өткөн да, биз кайсы доордо жашап атабыз, кокуй?! Кой үстүнө торгой жумурткалаган, агыл-төгүл убак, сен бакыйган гүбүрнатыр болуп атсаң! Айлыгың жарым миллионду чапчып атса, эмне битирейсиң? “Жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска”! Манастан Чубак кем бекен же Көкөтайдан эмнең кем? Өмүрүңдө биринчи ирет чоң болуп атсаң... – деп Гүкүнүм тетири карап, кыйтыя түштү.

– Ой, оболу ошончого жетчү дарамет барбы бизде? Бул жагын ойлосоң...

Аялым “камыраба” дегендей кол шилтеди да:

– Табылат, кадырың жан болсун! Эй... Айыл өкмөт досторуң менен район-шаарлардагы аким, шааркомдоруң, деректир-керектирлериң, эң этекте калган кой перме менен уй пермең, мал доктур, кантор саставың тим тура алышпайт. Эптүүсү атаган жылкысын түндөп жетелеп келет. Таппагандары бирден жетек... Калгандары кошумча акча топтой коюшат да, бүттү.

– А макул. Башка кошумчаң жокпу? Эсиңе келгенин кийин айтаарсың! Анда меникин да ук!

Мен жек-жааттарымды жаңы эле санай баштаганымда Гүкүнүм безге сайгандай ордунан атып турду.

Төшүн ургулап:

– Өмүрүңдө астанаңды бир аттабаган тууган сөрөйлөрүңдү тилге алып, эмне кыласың? Аларга сен гүбүрнатыр болгонуңда керек болуп калдыңбы? Сени бу кызматка жеткирген – мен, ме-ен! Билдиңби?

– Сеники босогомду аттады беле? Чакырам дедимби, чакырам! – деп жээлигип, мен да көктүгүмө таяндым.

– Анда... каржы министрликке кайниңди коёсуң. Уктуңбу?

– Жок, ал жер – агамдыкы... Иниң башкы эканамис болсун! Бул деле министрликтеги чоң кызмат. Ага жеткен да бар, жетпеген да бар. Бекер берип атканымдан кийин боло бербейсиңби!?

– Чоту болгону менен нактай пулу болбогон эканамисиңди башыңа тарт! Андан көрө министрликтеги ыскалат башчы же инжинер, техникти бер! Чекеден темирлердин тетиктерин... Алиги иши жок, бош жаткан машинн, трактир, комбайндарыңдын гайкасын чыгарып сата берсин да, акчасын оф-фшорго ката берсин! СССР таркагандай бороон-чапкын, толкун-сүргүн болсо, дыр-р этип качып кеткенине оңой...

Ушинтип талашып-тартышып жатып, пулдуу, майлуу кызматтарды тууган-туушкандарыбызга бөлүштүрө салдык. Бугалтыры чотту ары уруп, бери уруп, оңду-солду акча таба коёрун билген Гүкүнүм көзүнө жаш алып, кайрале тултуңдай берди.

– Өмүрүндө бир жолу чоң болот да, кайнисине орун басарлыгын ыраа көрбөйт, зыкым...

– Э-эй, тоок мээ!.. Эки жүз миң сом айлыгы бар бөлүм башчылык менен кассирликке мынча кызыктың? Төртүнчү класс билимдүү иниң, кел, управдел же замдеректир... Же бир башкармалыкка төрага болсун! Орун басарлыктан беш эсе көп маяна алат. Техника, үрөн, химзаттарды, бензиндерди бөлүштүрүп атканда оң-солго жымырганы оңой...

Гүкүнүм:

– Жарым жыл иштетсең, анан түшүнөсүң, кассирликтин пайдасын! – дейт көзүн жашылдантып.

“Болуптур” деп ие жаздап, акырын акыл жүгүртүп, аялымдын көгөргөн жөнүн аңдап түшүндүм. Көрсө, союздун алы кетип, рубль тартыш болуп аткан кези. Кассир “накталай акча жок” деп айлыкчылардын айласын кетирет. Пулга зарыккандар мына ошондо “чаевый” таштап, кассирдин колун кур коюшпайт тура. Четтен келген үстөгү жок акчаларды да борбордо калтырып, отуз-кырк пайыздуу насыяларды элетке айдап... Мындай пайданын кайдан түшөрүн билген соң, ал ишти кайниме тарттырып ийип, кур ооз каламбы? Мен да чиренгенден чирендим.

– Көнбөсөң, өлүп кет. Өз убалың өзүңө! – деп Гүкүнүм калем сап менен актай барак таап, шыпылдата бирдемелерди жазып кирди. Жеп-ичкендеримди тизмелеп иеби деп, бир аз чочудум. Анан: “Көп болсо Ак үйгө тоголок кат тоголотор” – деп билмексендикке салып, кебелбей тура бердим. “Бир тармактын чоңу болсом. Анан ушу тепкедей катындын бутуна жыгылып, мал артынан жүргөн мурдагымдай жалынып-жалбарат белем? 

Устун сыңары какайып турганымабы, жубайым жазган барагын майдалап тытты да, көзүн чанагынан чыгара:

– Ошо кызматка койгон туугандарың менен жашай бер, – деп кийинген бойдон, каалганы тарс жаап, үйдөн чыгып кетти... Көрсө, кыялымдагы эңсеген кызматты тамашалап, ачык айтканыма өзүмдөй эле ал да ишенип алыптыр. 

Ө-х жаным!.. Таттуу оюм менен тилимдин азабын тартып, ээн үйдө жарым жыл коколой каларымды билгенимде... Гүкүнүмдүн алдына төрт аяктап, жөрмөлөп барууга даяр болчумун. Кайра куруу доору күчөп, жетекчилер тебетейдей алмашып жатканынан улам министрлик быякта турсун, ошонун  кароолчулугу да тийбей... Өзүм жерде турганым менен оюм көккө учуп, кыялыма келе калган тилегимди айта коём деп, тиричиликке бел кырчоомон батып... Же бала-чакамды эптеп бага албай... Мурдумдун суусу тиземе дейре куюлуп, мешке отун кыркам деп... Керткен отунум чекемди жарып, от жагам деп, чачымды күйгүзүп алаарымды кайдан билдим? Колуктум мени жалгыз колоктотпой, батырак боз үйүмө кайтса боло...

Аялдын азабын аябай тарттым.

Эмки ишенерим силер, туугандар! Араңарда кош өрүм чач, колдуу-буттуу, энесин апа, атасын ата деп, кыргызча сүйлөгөн селкини көргөнүңөр барбы? Кокус, ошондой зайыпка учурап калсаңар: “Күйөөң кызматы менен куруп кетсин! Гүкүнүм үйгө батырак келсин!” – деп зарыгып күтүп олтурат деп, кулак кагып койгулачы, туугандар! Силерден өтүнөрүм ушул!

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз