Жумадин Кадыров: Кырсыктын ветераны

  • 07.10.2026
  • 225

АҢГЕМЕ

Адегенде "ка-арс" эткен кагылышуунун добушу таӊкы тынчтыкты бузду. Бул эки темир буюмдун бири-бирине күтүүсүз урунуусунан улам жаралган үрөй учурарлыктай каардуу үн эле.

Айдоочунун оӊ тарабында үргүлөп келаткан биринчи жүргүнчү "ка-арс" эткен добушка удаа денесинин көкүрөгү менен киндик тушуна чейинки бөлүгүнө өлчөөсүз катуу сокку урулганын түшүнүп, (жок, жок, бир нерсени түшүнүш үчүн да убакыт керек эмеспи; ал эми анын дал азыр ныпым убактысы жок эле да), көкүрөгү менен киндик тушу шумдуктуудай, болуп көрбөгөндөй, сөз менен сүрөттөп бералгыстай, тимелечи, тирукмуштай ооруксунуп, анан дагы, ысып-күйүп чыккандай абалга чагылгандай тездик менен кабылгандыктан, чыдай албай: "А-а-а-а!!!" – деп бүт күчүнүн жетишинче кыйкырды. Бул анын айласы куруп, амалы түгөнгөн кезде жандалбастаган жапайы кыйкырыгы эле.

Айлана-чөйрөнү аӊтар-теӊтер кылып жиберчүдөй, же болбосо, автоунаанын алдына бөгөт болуп тура калган белгисиз нерсенин таш-талканын чыгарып салчудай күч-кубатка эгедер сыяктанып өтө каардуу жаӊырган өз үнүнөн кайра өзү чочуган биринчи жүргүнчү көзүн умачтай ачып, маӊдайкы айнектен сырт тарапты шашылыш карап, а бирок ал жактан эч нерсе көрө албады.

"Жол ээн эмес беле! Кайчылаш өтүп кетиш үчүн бизди көздөй келаткан машина деле жок эле го! Анан биз эмнеге урундук?" - деп бир нече суроону өзүнө өзү бергени менен алардын бирине да жооп таппай, ушул укмуштуудай курч суроолордун үстүнөн ой чаргыткан учурда эки бутунун сөөктөрү тизесинен таманына чейин өтө катуу ооруп баштаганын да сезип, эми кабинадан тезинен чыгышы керектигин аныктады да, оӊ каалганы ич тарабынан ачып сыртка умтулду. Салыштырмалуу айтканда, абдан жеӊил чыкты: тизе, шыйрак жана таман сөөктөрүнүн үстүнкү тарабы сыздап-сыздап ооруп баштаган эки буту эч нерсеге басырылып же кыпчылып калбаган экен; өлчөөсүз чоӊ күч менен урулган соккудан улам көкүрөгүнөн киндигине чейинки бөлүгү жанчылып кеткенсип салмактанган тулку бою да анын эркине элпек көндү.

Эки колу жана бети-башы жабыркабай аман калган биринчи жүргүнчү кыйналып-кысталып атып ары-бери чайпалган бойдон алты-жети кадам араӊ баскан соӊ топурак аралаш таштак жолго чалкасынан жата калсам оӊбогондой оор акыбалым жеӊилдейт беле деди. Деди да жердин муздактыгын эстей калып ал оюнан кайтты. Кокус узакка дейре жатып калар болсо жонуна сыз өтүп кетерин эске алып, эки бутундагы кирзи өтүгүн чече калып, ал экөөнүн узун кончун биринин үстүнө бирин таштаган соӊ анын үстүнө отурду. Ошол замат бирде көкүрөгүн киндигине чейин, бирде эки бутун тизесинен томугуна чейин алсыз колдору менен сылагылаганга өттү – өзүнө өзү эӊ алгачкы жардамын бере баштады.

"Бир заматта эле кандай гана балакетке кабылып, эмне деген кырсыкка кириптер болуп кеттик, ия? Менин аман калганым түшүнүктүү, бирок дене боюм канчалык бүтүн экендиги али түшүнүксүз. Сыздап да, какшап да ооруган эки бутумдун сөөктөрү сынбаганы белгилүү, бирок жанчылып кеткенсип салмактанып жана ачышып турган боорум менен ашказанымдын анык абалы азырынча белгисиз. Тирүү калганым эӊ жакшы, бирок чала жан же майып болуп калышым мүмкүн экендиги эӊ жаман. Каран күн ай! Арман күн ай! Кантем, кантем ай! Эми эмне кылам ай!" - деп оюнда ар түркүн ойлор менен өтө тез алпурушкан бойдон эки бутун тизесинен таманына чейин, кайра эле көкүрөгүн киндигине чейин сылагылоого жана укалоого аракеттенген биринчи жүргүнчү эми көзүн кырсыкка кабылган автоунаа тарапка жүгүртүп, анын оӊбой калганын, жолдун оӊ тарабындагы тосмонун чулу темирден жасалган бөлүгүнө сайылган тумшугу маӊдайкы айнекке бир карыш калганга чейин талкаланган соӊ гана токтогонун көрдү.

Болжолдуу түрдө саатына 50-60 км ылдамдыкта келаткан бойдон урунган жолтандабас машинанын бампери, андан кийинки темир бөлүкчөлөрдүн баары жана капоту кошо пресс менен басырылгандай капшырылып калыптыр. Эгер машина дагы катуурак, мисалы, 80, 90, 100 км ылдамдыкта урунган болсо, жолдун тосмосу катары узунунан ширетилип коюлган чулу темир аны жепжеӊил эле жиреп өтүп, кабинадагы үч адам аман калмак тургай, денелери барча-барча бөлүнүп кетмек окшойт. Чулу темир балким айдоочуга тийбей анын жанынан сойлоп өткөн учурда да, өзүн жана арткы орундукта узунунан жаткан бойдон уктап келаткан экинчи жүргүнчүнү шашлык бышырчу шампурга сайгандай тешип өтмөк экен. Ушуну түшүнгөн биринчи жүргүнчү Кудайдын кудуреттүүлүгүнүн шарапаты менен гана аман калышканын анык түшүнүп: "Наалыбайынчы! Кейибейинчи! Ушунчасына шүгүр кылайынчы!" - деп өзүн өзү сабырдуулукка чакырды.

- Сен кандайсыӊ? Амансыӊбы? - деген үн чыккан жакка башын буруп, айдоочу жанына келгенин жана ал эки колу менен көкүрөк тушун мыкчып турганын көрдү.

- Мен тирүүмүн. А өзүӊүзчү?

- Мен дагы тирүүмүн. Кудай экөөбүздү анык ажалдан аман сактап калды. Кашайып, көзүм илинип кеткен тура. Сен курду тагынган белеӊ?

- Жок.

- А мен тагынган болчумун.

- Жапжакшынакай эле айдап келаткандай түр көргөзгөнүӊүздөн, мен сизге ишенип, жаӊы эле үргүлөп баштаган болчумун. Анан "ка-арс" этип кагылышуу болду. Ага удаа: "А-а-а-а!" - деп бүт күчүм менен бакырдым.

- Ооба, үнүӊ шумдук катуу чыкты. Андай бакырыкты өмүрү угуп көргөн эмесмин. Сенден кол жууп калдык окшойт деп жүрөгүм түштү. Кудайга шүгүр, тирүү калдык. Коопсуздук баштыкчасы иштеп кетип сени сактап калды окшойт, - деп айдоочу жолтандабастын жанына басып барып кайра кайтты да сөзүн улады. - Ооба, коопсуздук баштыкчасы ишке жараптыр. Ал атылып чыгып сени көкүрөк тушка урганда бакырып жибердиӊ окшойт. Негизи коопсуздук баштыкчасынын соккусу катуу тийгени менен өзү жумшак болгондуктан, денеге зыянсыз. Рулдун ортосунда жайгашкан коопсуздук баштыкчасы эмнегедир иштебептир. Бузулуп калса керек. Бирок мени кур сактады. Сени баштыкча сактады. Болбосо экөөбүз теӊ катуу соккудан улам бүт тулкубуз менен маӊдайкы айнекке чабылган бойдон жалпайып жатып калмакпыз.

- Мындан он мүнөтчө мурдаракта: "Токтотпойсузбу. Дагы бир аз уктап алалы. Боомдон чыккандан кийин саат төрттөн бешке чейин уктаганыбыз мага да, сизге да жетиштүү болбоптур. Экөөбүз теӊ шылкылдап келатабыз" - десем: "Жок, беймарал уктай бер. Мен сергип калдым" - деп мени ишендирбедиӊиз беле. Эмне үчүн ошондо тил албай кежирленип койдуӊуз.

- "Алдырарда - жаздырар" деген ушул да.

- Жолдун жарымына келген кезде рулду Кукеге беришиӊиз керек эле. Аны да кылбай, өзүӊүз айдап келе бердиӊиз. Рулду берүүдөн, эмне, кызгандыӊызбы? Оюнчугун бөлүшүп ойногусу келбеген жаш баладан да ашып кеттиӊиз го!

- Кызганыч-мызганыч менде дегеле болбоду. Куке өтө катуу уктап келатканын көрүп, анын таттуу уйкусун бузбай эле коёюнчу деп гана ойлободумбу, куруган жаным!

- Ушунчалык жоопкерсиздик кылдыӊыз. Сиздин кызганчаактык жана кежирлик сапаттарыӊыздын кесепетинен үчөөбүз тырайып өлүп жатып калсак, элге-журтка шерменде гана болот элек да. Айрыкча, биз жүргүзгөн илимий иштерге жаңы ийгиликтерге ичтардык жана көралбастык кылып жүргөн илимпоздордун чырагына май таммак, - деп биринчи жүргүнчү көкүрөк тушун, эки тизесин алмак-салмак сылагылаган жана укалаган бойдон сүйлөнгөнүн улантты. Анын ачуу чындыкты айтканы үчүн айдоочу теригип турса да кайым айтышууну ылайык көрбөдү. Кабинада дале уктап жаткан экинчи жүргүнчүдөн кабар алуу үчүн арткы каалганы ачып, аны жулкулдатты. Бир-эки мүнөттө тиги ойгонду. Тагыраагы – эсине келди. Көрсө, уктап келаткан неме сокку болгон учурда эс-учун жоготуп койгон экен.

- Куке! Куке! Тур! - деп айдоочу аны орундукка жөлөп отургузду.

- Биз каердебиз? - деп ал араӊ үн катты.

- Токмоктун тушундабыз.

- Эмнеге токтоп турабыз?

- Авария болуп кеттик.

- Ким авария кылды?

- Мен уктап кетип, жолдун четиндеги темир тосмону сүзүп алдым.

- А сиз кимсиз?

Анын бул суроосу айдоочуну чындап тынчсыздандырды. Адегенде тигинисинин ачуу кыйкырыгынан улам ал өлүп кетти окшойт деп жүрөгү түшсө, эми мунусу эстутумунан чала-була ажырап калган сыяктанганы үчүн кайрадан кооптоно баштаса да, балким өзүнө бат эле келер деп үмүттөнүп, анын суроолоруна чыдамкайлык менен жооп узата берүүнү чечти.

- Мен Аллаберди эмесминби. Биз үчөөбүз бир машинада келатпадык беле.

- Каяктан келаттык эле?

- Ат-Башынын тоолорунда үч күндөн бери жүрүп, белгиленген иштерибиз бүткөн соӊ кайра кайтканбыз.

- Кайда бараттык эле!

- Бишкекке.

- Эмнеге?

- Баарыбыздын үйүбүз борбор калаада эмеспи. Анан үйүбүзгө барышыбыз керек да акыры.

- А, ошондойбу?

- Куке, сенин мурдуӊ канаптыр. Маӊдайыӊдын оӊ тарабы да кичине жарылыптыр. Жүрчү, сыртка чыгалычы! - деп айдоочу аны эшикке жетеледи.

- Таӊ атып калган тура. Эгер авария болбосок, үйгө жакын арада жетип бармак экенбиз да. "Кырсык – каш менен кабактын ортосунда" деген ушул да, - деп экинчи жүргүнчү нары-бери басканча кол жоолугу менен мурдунан агып чыгып токтоп калган канды аарчыды.

Айдоочу анын эстутуму кадимкидей калыбына келгенин байкады.

Аӊгыча үч-төрт киши тапырап жүгүрүп келип:

- Ай туугандар, амансыӊарбы? Эмне жардам керек? - деп ал-акыбалды сурап баштады.

Андан кийин дагы бир нече жеӊил машина кырсык болгон жердин тушундагы жолдун обочосуна токтоп, алардан түшкөндөр да келишип, тумшук тарабы дээрлик талкаланган жолтандабасты, өзүнө өзү жардам берүү үчүн жандалбастап эки буту  менен көкүрөгүн алмак-салмак сылагылап отурган биринчи жүргүнчүнү, болуп өткөн кырсык үчүн өзүн толук күнөөлүү сезип, катуу ооруксунган көкүрөк түшүн мычкый кармаган бойдон ары-бери басуу менен алек болгон айдоочуну жана уйкусунан толук ойгоно элек сыяктанып үрпөйгөн түрдөгү, мурдунда жана маӊдайынын оӊ тарабында кандын аарчылгандан калган тагы бар экинчи жүргүнчүнү алмак-салмак карашып, үчөө теӊ жеӊил-желпи жаракат алганы менен аман калышканы үчүн шүгүрчүлүк келтиришип, ар кимиси ар кандай жубатуучу сөздөрдү айтышып, жабыркагандардын көӊүлүн алууга аракеттеништи. Эч ким үчөөнүн  аты-жөнүн, жашын, каерлик экенин сурабады. Анын ордуна дал ушул учур үчүн эӊ маанилүү сөздөрдү айтышты. Эӊ керектүү аракеттерди аткарышып, кимдир-бирөө ГАИге телефон чалды. Дагы башкасы тез жардам чакырды.

"Оорунун абалын сураган-айыкканга тете" деген акылман макал бар эмеспи. Аны көчмөн ата-бабалар жүздөгөн жылдар илгери эсепсиз көп тажрыйбаларга жана байкоолорго таянып туруп, анан дагы, "жети өлчөп – бир кес" деген дагы бир улуу осуятты эске алуу менен, жети жолу эле эмес, балким жетимиш жолу ойлонуп-толгонгон соӊ гана айтып, мураска калтырышса керек (албетте, башкача болушу дегеле мүмкүн эмес). Так ошо "Оорунун абалын сураган – айыкканга тете" деген макалдын тулкусуна чөгөрүлгөн улуу түшүнүктөр ушул азыр да кынтыксыз иштеп, мусапырдын кейпиндеги үчөөнүн акыбалы кырсыктаганга чейинки деӊгээлине дароо жете калбаса да, чүнчүп турган көӊүлү жибип, демденип, кайсы бир өлчөмдө шерденип да, кайраттанып да калды.

Көӊүл жубатуучу сөздөрдү айтып, тилектештигин билдирген соӊ  шашкандар сапарын улантышты. Анчалык шашпагандар дагы кыйлага кармалышты.

Кырсык болгондон кийин болжолдуу түрдө он беш мүнөттүн ичинде ГАИ кызматкеринин машинасы жетип келди. Ага удаа эле тез жардам да пайда болду. Унаа инспектору үчөөнүн ар бири менен кол алышып учурашып, ал-жайын сурап, аман калышканы үчүн шүгүрчүлүк келтирди. Тез жардамдын кызматкерлери биринчи жана экинчи жүргүнчүнү өздөрүнүн машинасына киргизишип, кан басымын тезинен текшеришти. Экөөнүкү теӊ кооптуу эмес чекте экенин прибор көрсөткөн соӊ медициналык баракчага ар биринин аты-жөнүн жазууга өтүштү.

- Аты-жөнүӊүз кандай?

- Теӊирберди Тентиев, - деди биринчи жүргүнчү.

- Сиздикичи?

- Кудайберди Кутуев.

- Айдоочунукучу?

- Аллаберди Айтиев.

- Фамилияларга эч нерсе дей албайм, бирок үчөөӊөздүн теӊ ысымыӊар укмуш экен, - деп таӊкалган медайым бырс этип күлдү.

Эки жабырлануучу кошо күлдү. Кырсык болгондон бери бул экөөнүн биринчи жолу күлүшү ушул эле.

- Ден соолук боюнча эмнеге даттанасыздар? - деп медайым олуттуу боло калып жаӊы суроо узатты.

- Жаӊы эле кырсык болгон учурда көкүрөгүмдөн киндик тушуна чейин чыдатпай мени кыйнаган оору акырындык менен басаӊдай берди да, эми болсо дээрлик билинбей эле калды. Кийимге жабышкан ылай кургаган соӊ өзү эле күбүлүп түшүп калат го. Кудум ошондой болуп, адегенде ичимдин белгилүү бир бөлүгү шумдуктуудай ооругандыктан, боорум менен ашказаным оӊбой калды окшойт деп коркуп аттым эле, убакыттын өтүшү менен ал оору мени таштап кайдадыр житип жок болду. Эки тиземден таманыма чейинки сөөктөр какшап да, сыздап да чыдатпай атты эле, азыр кыйла эле басаӊдады, - деди Теӊирберди.

- Менин мурдумдан бир аз эле кан чыгып кайра токтогон. Маӊдайымдын оӊ тарабы кыйла катуу урунган окшойт, дале кан жылжып агып турат. Ага йод коюп таӊып бергиле, - деди Кудайберди.

- Айдоочунун акыбалы жакшы эле өӊдөнөт. Экөөӊдү ооруканага алып жөнөйлүбү? - деп тактап сурады медайым.

- Жок. Мен баш тартам, - деди Теӊирберди. - Тезирээк Бишкектеги үйгө жетсем, жуунуп-таранып, которунуп кийинген соӊ УЗИге түшүп ден соолугумдун акыбалын так аныктагандан кийин дарылануудан өтөм.

- Мен да баш тартам, - деп өз пикирин айтты Кудайберди.

- Анда бул баракчага кол коюп бергиле.

Теӊирберди менен Кудайберди медайым сунган баракчанын эӊ ылдыйкы бөлүгүнө кол коюшту да тез жардамдын машинасынан чыгышты.

- Менде бир идея пайда болду, - деди Теӊирберди Кудайбердиге кайрылып. - Жүр Аллаберди акеге баралы да чогуу талкуулайлы.

Экөө айдоочунун жанына келишти.

- Алаке - деп Теӊирберди ага кырсык болгонго чейинкидей адатына салып кайрылды. - Бир тонна алтындан да баалуу болгон менин мынабу томолок башымда так ушул учурда өтө кызыктуу бир идея пайда болду. Жана дагы сизге бир өтүнүчүм да бар. Ал экөөнү айтайынбы же жөн эле коёюнбу?

- Ушунча сөз баштаган соӊ, эми айтасыӊ да, - деп кызыгуусу артып жооп кайырды Аллаберди.

- Сөзсүз түрдө аткарабыз десеӊер гана айтам. Болбосо - айтпайм.

- Албетте, аткарабыз да.

- Эмесе мындай. Ушул жолу биз менен илимий  экспедицияга чыккан отуздан ашуун илимпоз кесиптештерибиз да үйлөрүнө жетти болуш керек. Алар деле чарчап-чаалыгышты деп ойлойм. Эми: "Биз автокырсыкка кабылдык" деп эч кимдин тынчын албай эле коёлу. Уктагандары - уктасын. Жумушуна барчулары - кеӊсесин көздөй жөнөсүн. Анын үстүнө, үчөөбүз аварияга учурагандыгыбыз үчүн алардын эч кимисинин тийешеси жок. Биз өзүбүз гана күнөөлүбүз. Машинаны айдап келаткан бойдон үргүлөп кеткен айдоочу күнөөлүү. Анын жанында отуруп алып, тынымсыз сүйлөп, ар нерсени айтып алаксытуунун ордуна көшүлүп уктап кеткен мен күнөөлүү. Тээ Ат-Башыдан бери эле беш саат бою чээнге кирген аюудай болуп беймарал уктап жатып алган сен да күнөөлүү. Жүрүп бараткан машинанын ичинде үчөөбүз теӊ уктап калган соӊ биз кырсыкка кабылбай анан ким кабылмак эле. Дагы жакшы, алдыда көрөр күнүбүз, ичээр суубуз, аткарар ишибиз жана азырынча түгөнө элек ырыс-кешигибиз бар экен, анык өлүмдөн аман калдык. Бул кырсыктан тапкан ушул олжобуз өзүбүзгө кут болсун. Тиги автоинспектор мырза чакырган эвакуатор келээри менен ага жолтандабасты жүктөп милийсаканага баралы да, талап кылынган процедуралар бүтөөр замат үйгө тарайлы. Авария жөнүндө эч кимге эч кимибиз эч качан айтпай эле коёлу.

- Идеяӊ мыкты экен. Мен колдойм, - деди Аллаберди.

- Мен дагы, - деп Кудайберди кошулду.

- Менин аман калышыма түздөн түз себепчи болгон коопсуздук баштыкчасы жарылган шардай болуп бардачоктун үстүндө жатат. Ошону таберик кылып сактап жүрөйүн. Аны мага кесип бере аласызбы? - деп сөзүн улады Теӊирберди. - Дегеле коопсуздук баштыкчасын ойлоп тапкан кишинин жети атасына чейин жана жети урпагына чейин да ыраазычылыктарымды айтып, алкыштарымды дайыма жаадырып жүрө берейин деп чечтим.

- Башканы сурасаӊ - сура, бирок мен аны сага бербейм, - деп кесе жооп кайырды Аллаберди.

- Эмеле убада кылбадыӊыз беле. Эмесе түшүндүрүӊүзчү, эмне үчүн бербей тургандыгыӊызды, - деп өтө кызыгуу менен сурады Теӊирберди.

- Мен аны адегенде кесип алам да, андан кийин гана сага эӊ баалуу белек катары тартуу кылам. Жөн бербейм, - деп өз оюн айткан соӊ Аллаберди каткырып күлүп жиберди.

Орундуу айтылган тамашага Теӊирберди менен Кудайберди да кошулуп күлдү. Ушуну менен алар кырсыктагандан берки бир сааттын ичинде экинчи ирет күлүштү. Демек, жашоо кадимки калыбына келе баштаганы ушул эмеспи.

- Биз эми согуштун ветераны болбосок да, - жексур согуштун бетин нары кылсын, - кырсыктын ветераны болуп калдык, кудай буюрса. Мен өз өмүрүмдү кырсыкка кириптер кылууга кымындайчалык дагы акым да, укугум да жок экенине карабай, атүгүл, силердин өмүрүӊөрдү дагы эӊ коркунучтуу чекке чейин жеткирген жоопкерсиздигим үчүн кечирим сурайм, - деп Аллаберди илимпоз эки ортогуна кайрылды.

- Кырсыктын ветераны деген кызыктуу сөздү айттыӊыз, - деп Теӊирберди анын оюн улантты. - Эми мынчалык аман калганыбызга караганда, ушундай сый-урматка кайсы бир аракеттерибиз, пейилдерибиз жана ой-пикирлерибиз үчүн татыктуу болуп калсак керек. Эми мындан аркы жашообуз буга чейинкисине караганда көп эсе кызыктуу жана пайдалуу өтсүн. Бизден кийин эч ким кырсыкка кабылбасын. Кабылса, аман калсын.

- Экөөӊдүн мынчалык сөз тапкыч жана акылман болуп чыга калганыӊарга бу кырсык түздөн түз таасир эткен окшойт. Болбосо, буга чейин мындай өзгөчөлүктөрүӊөрдү эмнегедир байкабаган элем, - деп сөзгө аралашты Кудайберди. - Анык өлүмдөн аман калгыныбыз үчүн, жана ошондой эле, кырсыктын ветеранына бир заматта айланып кеткендигибиз үчүн Кудайга, Аллага жана Теӊирге, жалпылап айтканда, Жараткан Улуу Күчкө алкыш, алкыш жана алкыш...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз