Жумадин Кадыров: “Көк дептер” – Жеӊишбектин жеӊиши

  • 23.09.2024
  • 776

          Бүгүн, 18-август 2024-ж. күнү таӊкы саат 9га чукул «Көк дептерди” окуп бүттүм. 664 беттен (60х901/32 – А5) турган бул китепти  бир жуманын ичинде окудум. Күндөлүк жана эссе жанрына таандык бул мыкты эмгектин автору Жеӊишбек мырзаны негизинен сыртынан таанычумун. Өзү менен бир гана ирет менин кеӊсемде маӊдай-тескей отуруп азыраак эле убакыт баарлашкан жайым бар. Ошол жолугушуу учурунда көбүнесе мен суроо узатып, Жеӊишбек болсо өз үй-бүлөсү менен кантип жана кандай кооптуу шартта Кыргызстанды таштап кетүүгө мажбур болгонун үстүртөн айтып өткөн соӊ, кыргыз-француз тилдеринин сөздүгү (өзү түзгөн) боюнча да маалымат берген эле.

        Ошол кыска маек учурунда Жеӊишбектин жандүйнөсүндө кандай гана зор чыгармачылык дарамет катылып жатканын байкабапмын. Анын үстүнө, тээ 1995-жылдардан бери карай мезгилдүү басма сөз каражаттарына  көӊүл бөлбөй, негизинен китеп окуу менен гана чектелгендигимден улам, анын журналист катары жарыялаган эмгектери менен да түк тааныштыгым жок болчу.

        А бирок ошол өксүк, же болбосо, маалыматтык  жетишпестигим “Көк дептерди” кунт коюп окуган бир жума ичинде жетиштүү деӊгээлде толукталды.

        Китептин алгачкы беттерин окуганымда эле бир нече өзгөчөлүктөр менин көзүмө бадырайып урунду.

       Биринчиден, Жеӊишбек мырза 15 жашынан бери карай күндөлүк жазып жүрүптүр жана ал күндөлүгүндө өз башынан өткөн урунттуу учурларды, кайсы бир күчтүү таасирлерди, жана да, эстен эч убакта кеткис жеке байкоолорун тыпыйтып жазып “өздүк архивине” сактай бериптир. Чындыгында ар бир адам өзүнүн күндөлүгүн жүргүзүп, өмүр жолундагы эӊ кызык, эч кайталангыс көз ирмемдерди кыска, нуска абалда жазып кете берсе кандай жакшы болмок. Тилекке каршы, андай жоопкерчиликтүү ишке өтө эле азчылык, ачык айтканда, айрымдар гана белсенип киришет жана аны күжүрмөндүк менен улантып кете бере алат. Демек, Жеӊишбек мырза так ошондой сейректердин катарында. Бул чындыгында эле мыкты сапат.

        Экинчиден, жазуучулук баамчылдыгы да өзү менен кошо жаралган тубаса жөндөмокшойт, анын эӊ алгачкы кол жазмаларынан эле кыраакылыгы, көркөм  көрө билгендиги байкалат. Көп адамдар аӊдабаган да, байкабаган да жерлерден Жеӊишбек мырза кандайдын бир сулуулуктарды же улуулуктарды баамдайт жана аларды калеминин тузагына тута да билет.

         Үчүнчүдөн, “кыскалык – таланттуулуктун бир тууганы” деп А.П. Чехов жазмакчы, Жеӊишбек мырзанын эмгектеринде окуянын же кандайдыр бир кырдаалдын так өзү сүрөттөлөт да, ойдун ток этер жери гана айтылат. Тыянак чыгаруу болсо окурмандын өзүнө калтырылат.

         Төртүнчүдөн, “ойдун туу чокусу – үшкүрүк” демекчи, окуя да, кырдаал да, ой-толгоо да жетиштүү деӊгээлдеги көркөмдүктүн элементтери аркылуу шөкөттөлүү менен бирге, сүйлөмдөр, канаттуу афоризмдер, кай бир учурларда, Жеӊишбектин гана жандүйнөсүнөн жанар тоодой атылып чыгып, калеминен кагазга түшүшү мүмкүн болгон, бир гана ага таандык ачылыштар (новаторлуктар) да кездеше калат.

          Бешинчиден, кандай кырдаал болбосун, кашкайган чынчылдыктын чегинде гана баяндоого автор ар дайым аракеттенет.

          Негизи “Көк дептерден” менин көзүмө урунган артыкчылыктар жогоруда саналган бешөө эле эмес. Алар арбын. Алардын ар бирин айтып убакытты чоюп отурбай, китеп жөнүндөгү ой-толгоолорумду андан ары улайын.

           Жалпысынан тогуз чоӊ темадагы чакан-чакан шилтемдердин бириктирилишинен жаралган бул эмгектин ар бир сөзүнөн, сүйлөмүнөн, абзацынан, айтор, баардык жагынан азыр биз жашап жаткан доордун, эгемендүүлүк деп аталган жаӊы замандын образы апачык көрүнөт.

          1991-жылы 19-21-август күндөрүндө болуп өткөн ГКЧП деген саясий зор окуядан он күн өтпөй 31-августта өлкөбүз өзүнүн эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин социалисттик түзүлүштөн капиталисттик түзүлүштүн катаал түшүнүктөрүнө жана ташбоор мамилелерине бар болгону бир нече жылдын ичинде “секирип” өткөн учурда, тагыраак айтканда, өткөөл учурда жазгы жамгырдан кийин жайнап өсүп чыккан козукарындардай пайда боло калышкан алдым-жуттумдардын, ачкөздөрдүн, паракорлордун, шылуундардын жана кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн кесепети жана кесири калктын калыӊ катмарына тийип,кароосуз жана камкордуксуз калышканда жан сактап кетиш үчүн челнок бизнеси менен алектенүүгө мажбурлангандардын оор акыбалы, тарткан азап-тозоктору “Кызыл Россия” деген темада (350-461-беттер) абдан эле ынанымдуу берилген. Андагы сүрөттөлгөн кейиштүү учурлардын, кыйчалыш кырдаалдардын бири да ойдон чыгарылган эмес. Автор алардын ар бирине өзү күбө болгон, көргөн же ишенимдүү булактардан уккан. Көрсө, челнок бизнесине аралашкандардын бири да кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылбай калбаган тура. Ал эми “Көк дептердеги” 111бетке Жеӊишбек мырзанын көзүнө чалдыккандары гана катталыптыр.

        Эссе, эскерүү жана күндөлүк китептин ар кайсы бөлүмдөрүнүн айрым бир барактарында андан-мындан жылт этип кездеше калып жүрүп отурган обончу Калмурат Рыскуловдун тагдырындагы оош-кыйыштар жана маанилүү мезгилдер сүрөттөлгөн  шилтемдердин жардамы менен анын (Калмураттын) образы жөнүндөгү менин жандүйнөмдөгү чачкын маалыматтар кыйла иреттеле түштү десем жаӊылышпайм. Биз баарыбыз, Калмураттын жакын тааныштары, анын керемет обондорунан ырахат алуучу угарман замандаштары, анын жеке тагдырына өтө эле кайдыгер мамиле кылганыбыз жандүйнөсү ашкере назик чыгармачыл инсанды жалгыздыктын туӊгуюгуна биротоло камап, жана да,  тумчуктура баштаганда, кайран Какеӊ самурайлардын жанкечтилигине окшошкон чечкиндүү  кадамга баруу аркылуу маселени биротоло чечип тынган сыяктанат. Эмне болгон ченде да Калмураттын кейиштүү тагдыры үчүн мен дале өкүнөм. Күндө болбосо да күн алыс ага каржылык колдоо көрсөтпөгөнүм үчүн, же болбосо, шарттуу түрдө деле иш менен камсыздап, аны алаксытпаганым үчүн, же болбосо, жөн эле бат-бат кездешип, баарлашып көӊүлүн көтөрүүгө жарабагандыгым үчүн өзүмдү күнөөлөйм. Анткени, ал кезде мен жетектеген басмаканада 50дөн аз эмес (кээде 100дөн ашык эмес) кызматкерлер иштечү, демек, дагы бир кишини, болгондо да өтө таланттуу обончуну – кайран Калмуратты кошо камкордукка алып коюуга менде толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Так ушул учурдан пайдаланып дагы бир ымандай сырымды ачык айтып алайын: мен Калмуратка колдоо көрсөтпөгөнүм кайдыгерликтен эмес, кырдаалдын ушунчалык курч чекке жеткенин билбегендигимден, кабарсыздыгымдан, кайрале жолукпай, сырдашпай, анын анык акыбалын билүүгө кызыкпай койгонумдан болду деп ойлойм.

       Эми сөз нугун кайрадан Жеӊишбек мырзанын китебине бурайын.

       568-569-570-беттердеги “Калмурат менен сүйлөшүү” деген чакан эссеси өтө күчтүү, тереӊ маанилүү, анан дагы, абдан сырдуу жазылган. Менимче, Калмурат жөнүндөгү эмгектердин жана эскерүүлөрдүн эӊ мыктысы так ушу Жеӊишбектин элестетүү аркылуу курган кыял-маеги болуп калышы толук мүмкүн. Так ушу чакан чыгармада дээрлик баары камтылыптыр: анын ашкере таланттуулугу, кежирлиги, көкбеттиги, анан, албетте, алсыздыгы дагы, андан сырткары, Кубатбек аке Жусубалиев “Муздак дубалдар” романында жазмакчы, коомдун, чөйрөнүн “муздактыгы”, мерездиги, кайдыгердиги, өтө көп нерселерден, курч бычактын мизиндей жалаӊдаган кырдаалдардан кабарсыздыгы, айтор, дээрлик баары.

        “Көк дептерди” көркүнө чыгарып ажарын ансайын ачып турган дагы бир тема бар. Ал эӊ атактуу жана эӊ түбөлүктүү тема болуп баарыбыз тааныган жана эсептешкен сүйүү темасы.

       302-309-беттердеги жөпжөнөкөй окуя өтө эле жетик, түшүнүктүү, анан калса, абдан кенен-кесири жазылган. Китептин башкаарманы жана баяндоочусу менен Сезим аттуу суйкайган сулуунун ортосундагы аяр, кылдат мамилелер өнүгүп-өөрчүп отуруп алоолонгон махабат отуна айланып кетсе экен деген астейдил аракеттер, тилекке каршы, ал аруу тилектердин аткарылышы менен аяктабай, ар ким өз жолу менен кеткени, негизи окуянын так ошондойчосунан гана аякташы баары үчүн ылайык болгону чоӊ чеберчилик менен баяндалган. Айрыкча эки жаштын “Эдера” деген керемет музыканы эки куланчындын бирденин кулактарына тагып алып чогуу угуп бараткандагы учурда Жеӊишбектин  жандүйнөсүндөгү уйгу-туйгулар, дүрбөлөӊдөр жана эмне кылар айласын табалбагандай абалдардын сүрөттөлүшү “Көк дептердин” эӊ күчтүү кульминациясы го деп ойлойм. Эгер автор ошол маалдагы өзүнүн акыбалын дароо эле үйүнө келер замат жазып таштаган болсо, анын азаматтыгы. Эгер кийин-кийин баарын эстутумунан кайталап карап чыгып анан жазган болсо, анда деле Жеӊишбектин мыктылыгы. Анткени өмүрдө так ошондой өтө курч кырдаалдар, кайталангыс көз ирмемдер болот. Аларды так өзүндөй кылып жазып калтыруунун өзү автор үчүн зор жетишкендик болуп эсептелет.

       “Көк дептер” көлөмдүү китеп (664 б.) болгондуктан, ага тырмактын агындай кыпкыска пикир айтып баа берүүгө дегеле мүмкүн эместигинен улам, чоюлуп эле бараткансыган чакан макаланы жыйынтыктоо үчүн негизги оюмду да ортого койойун.

       “Атына заты жарашып” демекчи, Жеӊишбектин китеби “Көк дептер” деп өтө туура коюлган. Көк деген сөз кадимки көк асманды туюнтат эмеспи. Ал эми көк асманга бары-жоктун баары, тагыраагы, чексиз аалам өзү сыйып турбайбы. Демек, Жеӊишбектин “Көк дептерин” учу-кыйыры жана башталыш-аягы жок көк асмандын бир эле бүртүгү сыяктуу элестетүүгө ой-чабытыбыз жол берсе эле болду, так ошондо гана, бир караганда Жеӊишбектин жеке жашоосуна тийешелүү сыяктанган майда-барат окуялар, күлкүлүү көз ирмемдер, кайгылуу учурлар, жетишкендиктер, же болбосо, кооптуу кырдаалдар, анан дагы, анын ой-кыялында жаралган пикирлер, байкоолор, айтор, баары-баары биригип келип бүт баарыбыздын, жана ошондой эле, башаламан базар экономикасынын өтө катаал шарттарына кабылган жалпы Кыргызстандын азыркы анык образын ачык көрсөтүүгө жасалган эле аракет экенин кошо кабылдайбыз. Кыскасы, “Көк дептерди” кунт коюп окуган кыраакы окурман анын барактарындагы ар кандай темаларды камтыган үзүк-үзүк, кыска-кыска, кээде кайгы-муӊ да жетиштүү түрдө камтылган, кээде шумдуктуудай чеберчиликте сүрөттөлгөн айрым эпизоддор, кээде кандайдыр бир мүчүлүштүктөргө да жол берилген учурлар аркылуу, ал эми кээ бир кездерде таптакыр эле баш-аягы жок, чачкын нерседей жазылган чыгарма сыяктанган бул эмгектен сөзсүз түрдө өзүн кандайдыр бир деӊгээлде көрө алат. Көргөн соӊ, анан, албетте, күзгүгө каранган кишидей болуп оӊдонуп-түздөнүп, иреттенип, балким, жасанып да баштайт. Себеби, “Көк дептерди” мен азыркы учурдун күзгүсү деп атайт элем.

       Эмесе, Жеӊишбек мырзага анын калеми такшалып, турмуштук тажрыйбасы жетиштүү деӊгээлде топтолуп калганын эске алып чыгармачылыкка жигердүүлүк менен жиреп киришин каалайм.

      Кудум, муз жарган кемелер калыӊ муздун катмарын качыратып жирегендей...

                                                                                           Жумадин Кадыров

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз