Африка эл жомогу: Капумбу жана айбандар

  • 12.10.2026
  • 135

Балуба уруусунун жомогу

Бир күнү капумбу бардык айбандардын ортосунда туруп алып:

– Силердин араңарда мендей тамак жей алганыңар барбы? Тамак жегенден мага жеткениңер жок,  – деп мактанды.

Анда арстан тура калды:

– Мени менен мелдешип көрчү!

Экөө жей башташты. Көпкө чейин жешти. Аягында арстан чыдабай четке чыга келди да, жеңилгенин мойнуна алды, а калумбу болсо дагы эле жеп атат. Леопард тура калды:

– Сени мен жеңем!

Бирок леопард да ага теңеле алган жок. Ким калумбудан көп жейм дегендин баарынын жолу болбой, эч ким андан аша албады. Бардык чоң айбандар жеңилип беришти. Капумбу дардайып алдыга чыкканда,  теке да ордунан козголду.

– Капумбу мырза! Мен аракет кылып көрсөм болобу? Балким мен утуп кетермин!

– Мейли, эмнеге болбосун, – деп жооп берди  Капумбу, – сенден чоң айбандар ута албады, сен бул кебетең менен кайда барат экенсиң?!

Эми экөө мелдешти баштады. Түш болду, теке токтобой эле чайнап, кепшеп атат. Кеч кирип баратат, теке дагы эле кепшейт.

Түн да кирди. Үйгө кайтууга убакыт жетти. Айбандар айтышты:

– Талашыңарды эртең уланткыла, укташ керек. Экөөң тиги үңкүргө барып жатып алгыла да, эс алгыла.

Капумбу менен теке уктамак болду. Түн ичинде текенин кытыратып бирдеме чайнаганынан улам капумбу ойгонуп кетти. А үңкүрдө таш, топурактан башка эмне бар? Капумбу чындап коркуп кетти: «Бул жигит ташты чайнап жатат, балким мени да азууларымды кошуп жеп салчу түрү бар го?!»

Үңкүрдөн акырын чыгып, текеден алысырак жатып уктап калды.

Эртең менен айбандар жыйналып келишти. Капумбуну көрүп таң калышты:

– Бул жерде эмне жатасың? Эмне, үңкүрдө сага жакпай калдыбы?

Капумбу жооп берди:

– Түндө ойгонуп кетсем, теке бирдеме чайнап атат. Эмне чайнап атасың десем, ташты дейт. Кой дедим, таш чайнап атса – мени азууларым менен кошо жечү түрү бар. Анан үңкүрдөн чыгып кеттим.

Айбандар каткырып күлүштү.

– Баарыбыздан аштың эле, ушул кенедей текеден жеңилип калдың. Эми сени азуулуу капумбу дебейбиз! Сен эми жөн эле пил болосуң. А сенин ысмыңды текеге ыйгарабыз. Эми ал капумбу-теке аталат.

Мелдеш ушуну менен аяктап, айбандар үй-үйлөрүнө тарап кетишти.

Которгон Бек ЖАЙЧЫБЕКОВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз