Эки ынак дос бир күнү урушуп кетишет. Жакалашып мушташып, тимеле жүз карашкыс болушат, жолукканда саламга да келбеген душмандашууга жетишет. Бир жыл өткөндөн кийин башка достору ортого түшүп жараштырат. Бирок бирөөсү ичине кек сактап калат.
Бир жолу алар токойдон жолугуп калышат. Аңчылыкка чыккан биринчиси отунга барган экинчисин ээрчитип, көпкө чейин кийик уулашат. Чарчаганда көлөкөгө отуруп эс алышат. Ошондо ичине кек сактаган биринчи дос экинчисинин кокосуна бычак такап мындай дейт:
- Акыры кегимди кандырар кез келди! Баягы мени басынтканың үчүн азыр башыңдан айрыласың! Келмеңди келтирип кал!
- Анда өзүңдөн да кетпеди беле. Азыр мени өлтүрсөң Жараткан бул кылмышыңды кандай болбосун султанга билгизет. Ал сенин башыңды алдырат! Андан көрө эсиңе кел, - дейт экинчи ичинен коркуп кетсе да сыртынан кайратын жоготпой.
- Жок! Мындай ыңгай мага экинчи жаралбайт. Азыр сени өлтүрөм да, сөөгүңдү так ушул жерге көөмп кете берем. Мен колдуу болгонуңду эч ким билбейт, анткени мен изимди жашырганды жакшы билем, - деп бычагын шилтеп жиберет.
Канжалаган экинчи ошол жерге бүк түшөт. Кылмышкер сөөктү жерге терең көөмп, үстүн билгизбей чым менен жабат, башка жерден айырмасыз кылат, бирок байкоосуздан унутулган бычагы сөөк менен кошо көмүлүп калат. Муну кеч билген кылмышкер көп маани бербей айылга кайтып келет да, билмексен болуп жашай берет.
Көп өтпөй эл түп көтөрүлө жоголгон кишиге издөө салат, алардын арасында кылмышкер да сыртынан күйүмүш этип, ичинен коркуп кыпылдап жүрөт, табылбаган сайын кымыңдайт. Күндөр өтөт, айлар алмашып, жылдар жылат, кылмыш ачылбайт.
Бир күнү кылмышкер досуна кыянаттык кылган жерге келсе, жүзүм өсүп калган болот. Жөн өспөй көйкөлө көтөрүлүп, байлаган мөмөлөрү тимеле бармактайдан. Бирди үзүп жеп көрсө, укмуштай ширелүү жана шекердей таттуу. Анын үстүнө башка жүзүмдөр жаңы гана жалбырак жазып жатса, бул мөмө байлап алганын карабайсыңбы!
Мындай кереметтүү жүзүмдү өзүнө ыраа көрбөгөн кылмышкер аны султанга тартуулап бармай болот. Үйүнө барып чоң себет алып келип, жүзүмгө толтуруп, ак сарайга жөнөйт. Өзгөчө тартуу менен келген аны дароо ак сарайга киргизишет. Султандын алдына чөк түшкөн ал токойдон өзгөчө жүзүм тапканын, ал султанга гана татыктуу экенин, ошондуктан өзүнө тартуулап келгенин саймедирейт. Султан жүзүмдөн жеп көрүп, чындап эле керемет жемиш экенине ишенет. Ал тургай мындай жүзүм ээн токойдо өсүп туруусу кооптуу экенин, ал султандын багында гана өсүүсү керектигин ойлоп, багбандарына аны көчүрүп келүүнү буюрат.
Ошентип түбү көөлөнгөн жүзүмдүн алдынан мындан бир топ убакыт мурда дайынсыз жоголгон кишинин сөөгү чыгат, анын жанынан кылмышкердин бычагы табылып, кылмышы аныкталат. Маркумдун алдын ала айтканы орундалат.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ