Белорус жазуучусу Алесь Карлюкевичдин балдар үчүн жазган аңгемелери Абибилла Пазыловдун котормосунда.
Тимофей төрт жашта. Тили буудай кууруп, тимеле тынчыбас бала. Кээде айлана-тегеректегилер кичинекей эмени укканын унутпас куйма кулак, ашепке тапан деп эсептешет. Бирок, жакын бир туугандарына, айрыкча, Настя таежесине Тимофейдин бул жоругу жагат. Сүймөнчүк небересинин береги мүнөзү чоң ата, чоң энесинин көңүлүнө да төп.
Бирде ата-энеси уулун эки жумадан ашуун мезгилге чоң ата-чоң энесиникине калтырып кетишти. Батирде чоң атасынын апасы – чоң чоң энеси жашайт эле. Тимофейди таңдан кечке баягы байбиче карай турган. Экөө жүргөндө бала тилалчак, шоктонбой, токтоо. Айтор, ар ким өзүнө өзү бий, бири экинчисин этектебейт.
Баары бир чоң эне, чоң атанын ою он талаа. Жумушту батыраак бүтүрүп, үйгө тез барууга ашыкканы ашыккан. Аларды Тимофей коридордон тосуп чыгат. Ачкычтын кандай буралганынан кимиңердин биринчи жеткениңерди билем дегеничи?!
Жүгүрүүдөн чарчабаган чоң ата-чоң эненин кубанычы да, бактысы да жүзүнөн байкалат. Небересинин маанайы ачык. “Ай” деген ажо жокто айрыкча жыргаптыр. Кийген кийими, кебетеси Тимофейдин маанилүү маселелер менен алектенгенин айгинелейт. Андан азыр эмне ойнойсуң, кайсы бир кас өлкөгө чабуул жасоого белендендиңби же кимдир-бирөөнү коргогонго даярдандыңбы деп сураганга батынбайсың. Чоң атасы элжирегенде чөнтөгүнөн момпосуй, а түгүл шоколад суурубайбы. Чоң энеси көбүнесе жер-жемиш жүктөнүп келмеги бышык. Экөө эки бөлөк учурда босого аттаганда Тимофей минтип божурайт:
- Энем базарлыгын берди. Бадырайган ширин банандар. Үчөө эле, апылдаттым, бирөө калды.
Же:
- Чоң атам мага беш түрдүү момпосуй, анан синикерс апкелди.
Эгерде чоң атасы чоң энесинен кеч кайтса, анда Тимофей деп айтат:
- Чоң ата, сен дайыма кечигесиң. Ошондуктан белегиң чоң энемдин белегиндей таттуу эмес.
- Негизгиси, менин белегимдей пайдалуу да эмес, - небересинин мактоосуна магдырагансыган чоң эне баарлашууга кыпчылат. – Тимка күн сайын момпосуй чайнай берсе, тиши ооруйт эмеспи.
Чоң атасы көзүн ачып-жумуп, троллейбусту көпкө күттүм деп актанат. Түтпөй, маршуруттук таксиге түштүм дейт.
Тимофейдин эркине койсо курсагы жарылгыча шоколад жемек. Ий-е, чоң энесинин жылдызын өчүрбөө үчүн талашпады. Арийне, чоң атасын деле чукул жана ишенимдүү достордун катарынан чийүү жарабайт. Андыктан небере аны соорото сүйлөгөнү:
- Чоң ата, эртең чамда. Ылдамдык боюнча мелдештен утасың. Анан белегиңчи, белегиң, эң сонун белек болот.
Тимофей жана ташбака
Кээде чоңдор Тимофейди такыр түшүнүшпөйт. Эң башкысы, түшүнүүгө аракет да жасашпайт. Бала ошого капа.
Баягыда ал жөпжөнөкөй суроону тактагысы келди: “Кабыксыз ташбака жылаңач ташбакабы же үй-жайсыз ташбакабы?..”
Жооп ордуна Настя таежеси менен чоң энеси кыт-кыт күлөт. Тимофей ызаасына чыдабай телевизор коюлган үстөлчөнүн сыртына жашынды. Ыйламсырап олтуруп, дубал боорундагы чаптама кагаздарды боёп таштасамбы деп кыялданды. Деңиздин толкундарын кызыл түскө, ал эми ташбаканы кара түскө. Эмнеге деңиз кызыл да, ташбака кара деп чоң кишилер чыкый оорутсун. Чынында мунун себеби беш манжадай белгилүү. Деңиз кыжыр кайнагандан кызарат, ташбака таарынычтан карарат. Бир аз аялдаган соң Тимофей бекинген жеринен бери чыкты. Уялды. Чаптама кагазга чачылган боёк жуусаң өчпөсүнө акылы жетет. Анан жаңысын жабыштырышат. Ага акча коройт... Антип эмне азап? Андан көрө энесинин капчыгындагы пул момпосуйга, момпосуй сыяктуу башка шириндиктерге сарпталсын. Жарыктык десе, небересинен түк аянбайт.
Эми Тимофей ташбаканы издеп жөнөдү. Чоң атасынын “ ташбака карыды” деп кобураганын уккан. Настя таежеси Тимофейдин бүгүнкү курагындай кезинде, аныбы, базардан алыптыр. Эче жыл өткөнүн так саноого чамасы чакталуу. Асыресе, Настя таежеси курдуу ташбаканын өзүнөн бир топ улуулугу шек туудурбайт. Ташбака адамга караганда кыйла узак, айталы, жүз же эки жүз жыл өмүр сүрүшүнөн баланын кабары бар...
Тимофей ташбаканы ашманканадан тапты. Муздаткычтын жанынан. Макулук моюнун созуп, бирдеме искегилеп жүрүптүр. Тимофей тизелеп, тигинин жонун сылады. Кийими ушундай катуубу?! Балким, бул ташбакага башпаанек үйдүр. Чоңдор далай нерсени баамдабайт, аңкоорок. Кышында эшик-эликте жылуу, некин, жумшак келте тончон басышканы бир кызык?! Андай тонду, кааласаң, ийне менен көзөп саласың. А Тимофей ташбаканын кабыгына бычак сайып көргөн, тешилмек тургай, кырылбайт.
Бала ташбаканы эрмектеп алаксыган маалда Настя таежеси ашманканага кирди. Ага Тимофейдин жоруктары мурдатан маалым белем, айтор, дароо собол узатпадыбы: -Тимка, ташбаканы эмнеге “ташбака” дешет? “Дешсе дешет да, - деп ойлоду Тимофей, -айрымасы канча? Байкуштун тирдиги оор окшойт, ар качан үйүн көтөрө кыбырайт... Ажырагандан коркот... Ал деле бирдеменин түбүнө корголоого муктаж. Ар ким там-ташка ээлик кылмагы шарт...”
- Тимка, ташбака таш сындуу бака. Бака башын ташка катат, -деди жапакеч таежеси.
Чоң энеси Ирина дагы ашманкананын босогосун аттады: -Тимка, ташбакага татымдуу тамагынан таттырабыз. Чоң атаң кызыл балык апкелген.
Тимофей ташбака көпкө дейре тамчы суу ууртабай жашашын билет. Деген менен, Делдең кулакты, алар ташбаканы ушинтип эркелетишет, миң түркүм татымал сугунтуп эч ким сынаган эмес. Таттуудан гана этиятташат.
Тимофей узагыраак унчукпай калбас. Ташбаканын кечки наары тууралуу кеп козголгондо, сөзгө аралашты: -Мүмкүн токтур. Кечээ кызыл балык жедирбедик белек...
- Анда балыкты ордуна коёлу, -дейт чоң энеси.
- Антпейбиз, - бала кыйылат. - Балыкты Делдең кулактан талашпайлы. Ал менчигин үйүндө кармоого укуктуу.
- Албетте, Тимка, ар бир макулуктун укугу сакталууга тийиш, -Настя таежеси ыркка көндү.
- Мүлккө карата укугу да сакталабы? –Тимофей күтүүсүз кызыккан шекилдүү.
Ошондо энеси менен таежеси дымырай селейип, бири бирин жалт карабадыбы. Настя озуна оозанды: -Сен мүлккө укук жөнүндө кайдан билесиң?
- Өзүң ошентесиң го телефондон... Мүлктүк укуктар деп туура айтсаң.
Эне-эже жылмайды. Настя таеже эсе суроосун улантты: -Ташбаканын кандай мүлктүк укуктары бар?
- Мисалы, ал үйүнө үстөл, отургуч, килем кийирүүгө укуктуу.
- Килем анын үйүнө кантип батмак эле? –Энеси чебелектеп жиберди.
- Ташбака бара-бара чоңоёт. -Тимофей Делдең кулактын турмушуна кайдыгер эмелерге сыр түйүнүн чечмелей баштады.- Бөлмөгө сыйбаган ташбакалар туурасында маалыматыңар жокпу? Ошолордун салмагы бир же эки уйдун салмагына тете.
Чоңдор тил катпады. Анткенинин себеби аныбыз уй жагынан “адис”. Былтыр жайда айылга барышканда Тимофей тамга жанаша курулган уйканадан алгач ирет уй көрөт. Сүт, каймак, быштак, сүзмө маңдайындагы мүйүздүү жаныбардын азыгы экендигин аңдаганда керелден кечке тажабай сонуркады-ов! А түгүл чоң энеси ар убактан бир убак садагалап жалбарып ичирген айран да уйдун желининен саалат турбайбы.
Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR