Артур Конан Дойл: Кайрымдуулук марафону

  • 15.10.2026
  • 61

АВТОПАРОДИЯ

- Сөзсүз макул болуңуз, — деди Шерлок Холмс.

Мен чочуп кеттим, анткени бул убакта эртең мененки тамагын ыракаттанып жеп аткан шериктешимдин назары кофе куйган чайнектин шуулдаган коштоосу менен окуган гезитинде эле. Мен башымды көтөрүп караганымда, ал “мээсин сергиткиси” келген учурларда жүзүндө пайда болчу жарым-жартылай шылдың, жарым-жартылай суроо аралашкан кытмыр көз карашы менен карап турган экен.

- Эмнеге макул боло берейин? — дедим.

Ал жылмайып койду да, күнүгө эртең мененки тамактан кийин жасай жүрчү ишин кыла баштады, шашылбай каминдин үстүндөгү текчеден үйдө кийчү тапичкенин ичинен бир чегим арзан тамекисин алып, чопо мүштөгүнө шыкап кирди.

— Сизге мүнөздүү суроо, Ватсон, — деди ал.— менин кыраакылыгым тууралуу атак алышымдын себеби – сиздин дал ушул меникине карама-каршы улуу сапатыңыз экенин айтсам таарынбайсыз го деген үмүтүм бар.

Мен кээ бир жаш кыздар өздөрүн көрсөтүш үчүн, өздөрүнөн бир топ жупуну курбу күтөрүн көп эле жолу эшиткем. Анын бул айтканынан ошол сыяктуу окшоштукту көрбөй коюуга болбойт эле.

Бейкер-стритте көптөн бери чогуу тургандыктан, ортобузда жылуу мамиле түзүлүп, бири-бирибизди таарынтып алуудан коркпой эле кемчиликтерибизди бетке айта берчүбүз. Ошентсе да анын бул жолку сөзү мага катуурак тийди.

— Балким мен, таптакыр эле макоодурмун, — дедим, — бирок, чынында эле билбей турам, сиз кантип билдиңиз, мен… мени…

—Сизди Эдинбург университети кайрымдуулук марафонун өткөзүүгө жардам кылышыңызды суранышканын айтасызбы.

— Дал ошондой! Бирок алардын катын жаңы эле алдым, сиз менен ал жөнүндө сүйлөшө да элекпиз.

— Ошондо да, — деди олтурган үстөлүнүн кырына чалкалай, манжаларын бириктире кармап, — жаңылбасам болжолумда кайрымдуулук марафонунун максаты — университеттин крикет ойноочу талаасын чоңойтуу болсо керек.

Мен таң калганымдан оозум ачылып калды, ал үнүн чыгарбай бүлкүлдөп күлүп атты. Ооба, менде Шерлок Холмстун Россияда популярлуулугу жөнүндө теория бар экенин билчүмүн, бирок ал жөнүндө айтпай эле коёюн.

— Менин кымбаттуу Ватсонум, сиз, чындыгында эле сейрек адамдын бирисиз: сиздин тажырыйбассыздыгыңыз жылдар өтсө да азайган жок. Сырткы таасирлерге ойлонбой тез жооп бересиз. Балким, ойлонууңуз өтө жай жүрөт, бирок эч кандай сырды ката албайсыз. Тамак ичип олтуруп ойлодум, сиздин оюңузду окуган, мага мына бул гезитти окугандан бир топ оңой.

— Кантип бул жыйынтыкка келгениңизди билсем болобу.

— Болот дечи, бирок бул менин репутацияма зыяны тиеби деп корком, — деди Холмс. — Бирок бул жолу сырды чечиш үчүн, анча деле көп акылдын кереги жок болду, бардыгы алаканга салгандай ачык болуп жатпайбы. Сиз бөлмөгө киргенде бир нерсеге кабатыр болуп турганыңыз жүзүңүздөн көрүнүп турду, ошол учурда колуңузда жалгыз каттан башка эч нерсе жок болчу. Андан аркысын көрөлүк. Кечинде уктаганы кеткенде маанайыңыз аябай жакшы болчу, ошондуктан анын өзгөрүшүнө колуңуздагы кат гана себепчи болмок.

— Бул түшүнүктүү.

— Мен айткандан кийин түшүнүктүү болду да. Мен сизге мынча таасир бергидей бул катта эмне кабар болду экен деп ойлодум. Үстөлгө олтурганы баратканда конверттен калкандын сүрөтү тартылган эмблеманы көрүп калдым — ал сиздин студент кездеги крикет ойногон кепкаңыздагы эмблемага окшош эле. Демек, сиз окуган Эдинбург университетинен же ага байланыштуу бир уюмдан келген кат дедим. Үстөлгө келип олтурарда конвертти тарелканын жанына бетин төмөн каратып таштап, каминдин сол жагындагы текчедеги рамкадагы сүрөттү караганы бардыңыз.

Ал менин кыймылымды ийне-жибине чейин калтырбай так айтып жатканына таң калдым.

—Андан ары? — дедим.

— Адегенде ал кат кайдан келгенин карадым, алты фунт аралыктан болсо да кат расмий эмес экенин аныктадым. Бул жыйынтыкка даректеги “доктор” деген сөздөн улам келдим, анткени медицина баклавры катары сизди минтип атоого мыйзам жол бербейт. Мага университеттеги чиновниктердин берилген наамдарга болгон мамилеси белгилүү эле, ошондуктан каттын официалдуу эместигине көзүм даана жетти. Үстөлгө олтурарда конвертти аңтарып таштадыңыз, ошол кезде анын ичиндеги кат машинка менен жазылганын көрдүм. Менин оюма дароо эле кайрымдуулук марафону келди, анткени азыркы саясий абалды эске алганда саясий кат болуш мүмкүнчүлүгү өтө аз эле, үстөлгө келип олтурганда жүзүңүз өзгөргөн жок — сүрөттү кароо сиздин ой жорууңузга таасир берген жок. Демек, сүрөт сиз чечим кабыл алып жаткан маселеге кандайдыр бир байланышы бар болуш керек эле. Ал сүрөттү карап, крикет талаасынын четинде сиздин Эдинбург университетинин командасынын формасын кийип турганыңызды көзүм чалды. Менин бир аз билимим, Чиркөө менен атчан аскерлерден тышкары ушул сыяктуу университеттер ар дайым карыздан башы арылбай жүрөрүн түшүнүүмө мүмкүндүк берди. Качан сиз карандаш алып, бир нерселерди конверттин бетине чиймелей баштаганда, уюштурулуп жаткан кайрымдуулук марафонунун максаты болгон крикет талаасын жакшыртуу долбоорун кандай жасоо керектигин ойлоно баштаганыңызды байкадым. Жүзүңүздөн олку-солкулукту көрүп, бул жакшы ишти колдооңузду сунуш кылдым.

Мен анын жөнөкөй түшүндүрмөсүнө күлбөй коё албадым.

– Алибетте, — дедим, — бул оңой эле болчу.

Менин каяшам ага жакпай калды.

— Буга дагы кошумчам, — деди ал, — сизден суранышкан өзгөчө өтүнүчтүн мазмуну, сизден клубдун альбомуна бир нерсе жазып беришиңизди суранышкан. Анан сиз ушул эпизодду жазып берүүнү чечтиңиз.

— Кантип билдиңиз… — деп кыйкырып жибердим.

— Бул эми жөнөкөй эле нерсе, — деди Холмс. — Сиздин тапкычтыгыңызга ишенем. Эгерде мени кызыктырган скрипка жасоодо колдонулуп жүргөн Кремондо өскөн дарактар тууралуу макалага кайтып барсам, сиз мени кечирип коёсуз деп ишенем, —деди ал гезитин кайра ачып жатып, – бул мен ойлонуудан баш тарта албаган, практикадан алыс жеке маселелердин бири.

1896

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз