«Айтматов» тасмасы кино адистин көзү менен

  • 17.10.2026
  • 443

Учурда коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган «Айтматов» тасмасы боюнча кино режиссёр, Кинематографисттер союзунун мүчөсү, о.э. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино режиссура бөлүмүн бүтүргөн Айдай Чотуеванын талдоосун жарыялоону эп көрдүк.

«АЙТМАТОВ» ТАСМАСЫ… ТАРЫХЫЙ ЧЫНДЫК… ЧЕЧМЕЛӨӨ… МАНКУРТИЗМ ФИЛОСОФИЯСЫ...

Режиссёру: Каныбек Калматов

Айтматовдун ким экендигин ачып берүү канчалык деңгээлде ишке ашты?

Режиссёр Каныбек Калматов тарткан «Айтматов» тасмасын көрүп чыгып, өзүмдүн ой-пикиримди, көрүүчү катары алган таасиримди жана кинематографиялык талдоомду бөлүшкүм келди.

Чыңгыз Айтматов — кыргыз элинин гана эмес, дүйнөлүк адабияттын бийиктигине көтөрүлгөн, улуттук рухту жалпы адамзаттык ой жүгүртүү менен айкалыштыра алган залкар инсан. Анын өмүрү, чыгармачылык жолу, үй-бүлөлүк тагдыры жана коом менен болгон татаал мамилеси өзүнчө бир чоң көркөм изилдөөгө татыктуу. Айтматовдун инсандык калыптанышынын артында бүтүндөй бир доордун трагедиясы, репрессиянын азабы, улуттук аң-сезимдин ойгонушу жана чыгармачыл адамдын ички күрөшү турат.

Демек, мындай инсан тууралуу фильм тартуу — жөн гана анын өмүр баянын экрандаштыруу эмес. Бул — тарыхый жоопкерчиликти, терең изилдөөнү, адабий мурасты түшүнүүнү жана көркөм ой жүгүртүүнү талап кылган татаал чыгармачылык милдет.

Режиссёр Каныбек Калматов тасманын негизги идеясы тууралуу мындай маанидеги ойду билдирет: фильмдин өзөгүн Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы манкуртизм темасы түзөт. Тарыхын, ата-тегин, тилин жана тамырын унуткан адам руханий жактан кулга айланат. Эстутумсуз эркиндик болбойт. Ар бир адам өз улутун, тилин жана тарыхын баалашы керек.

Бул — өтө маанилүү жана бүгүнкү күндө да актуалдуу идея. Бирок бул жерде негизги суроо жаралат: режиссёр өзү алдыга койгон философиялык максатына жете алдыбы? Тасма аркылуу манкуртизмдин маңызын көрүүчүгө жеткире алдыбы? Андан да маанилүүсү – Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылыгынын ортосундагы байланышты экранда ачып бере алдыбы?

Ушул суроолордун айланасында тасмага талдоо жүргүзүп көрөлү.

1. Эки сюжеттик линия: бири-бири менен канчалык байланышат?

Тасмада окуялар эки негизги сюжеттик линия аркылуу өнүгөт.

Биринчи линия Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы «Буранный полустанок» мейкиндиги жана андагы идеялар менен байланышса, экинчи линия жазуучунун балалык чагын, үй-бүлөлүк тагдырын жана чыгармачылык жолун элестетүү аркылуу чагылдырууга аракет кылат.

Мындай композициялык ыкма өзүнчө алганда кызыктуу. Анткени Айтматовдун адабий дүйнөсү менен анын жеке тагдырын катар коюу аркылуу жазуучунун чыгармалары кайсы турмуштук окуялардан, кандай тарыхый шарттардан жана кандай руханий изденүүлөрдөн жаралганын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Бирок эки сюжеттик линиянын болушу эле фильмдин тереңдигин камсыздай албайт. Алардын ортосунда идеялык жана драматургиялык байланыш түзүлүшү зарыл.

Эгерде биринчи линия манкуртизм, тарыхый эстутум жана адамдын руханий эркиндиги жөнүндө болсо, экинчи линия Айтматовдун өзүнүн эстутуму, балалыгы, үй-бүлөсүнүн башынан өткөн трагедиялар жана улуттук тамыр менен байланыштуу өнүгүшү керек эле.

Башкача айтканда, жазуучунун жеке тагдыры анын чыгармаларындагы философиялык ойлорду түшүндүрүп турган көркөм ачкычка айланышы мүмкүн болчу.

Бирок тасманы көрүп отуруп, ушул эки линиянын ортосундагы байланыш жетиштүү деңгээлде тереңдетилбегендей таасир калат. Окуялар катар көрсөтүлгөнү менен, алардын бири экинчисин толуктап, көрүүчүнү белгилүү бир идеялык жыйынтыкка алып келген учурлар жетишсиз.

Натыйжада, фильмдин философиялык өзөгү менен биографиялык баянынын ортосунда ажырым пайда болот.

2. Айтматовдун балалык чагы: тарыхый чындыкка болгон жоопкерчилик.

Алгач тасманын экинчи сюжеттик линиясына токтололу.

Чыңгыз Айтматовдун балалык чагын экранда көрсөтүү — жазуучунун инсандык дүйнөсүн түшүнүүгө жол ачкан маанилүү мүмкүнчүлүк. Анын үй-бүлөсүнүн башынан өткөргөн окуялары, атасынын тагдыры, апасынын кайраты жана балалык кезиндеги кыйынчылыктар кийинчерек чыгармаларында көтөрүлгөн темаларды түшүнүүгө жардам берет.

Бирок бул жерде сценарийдин авторлору тарыхый маалыматтарды канчалык терең изилдешкен деген суроо туулат.

Айрым көрүнүштөрдөн Айтматовдун өмүр баянындагы белгилүү окуялар жетиштүү тактыкта берилбегендей таасир калат. Айрыкча Төрөкул Айтматовдун камалышы, Нагима апанын балдары менен башынан өткөргөн турмушу жана үй-бүлөнүн атасы тууралуу маалымат күтүп жашашы сыяктуу маселелер өзгөчө кылдат мамилени талап кылат.

Төрөкул Айтматовдун камалышы

Тасмада НКВД кызматкерлери Төрөкул Айтматовду аялы менен балдарынын көзүнчө мылтык такап, сабап, сүйрөп кетишет.

Албетте, көркөм кинодо драматизмди күчөтүү үчүн окуяларды белгилүү бир деңгээлде көркөмдөөгө болот. Бирок тарыхый инсандын өмүрү тууралуу фильмде көркөм чечим менен тарыхый чындыктын ортосундагы чек так болушу керек.

Айрыкча репрессия темасы жөн гана каармандын башына түшкөн кайгыны көрсөтүү менен чектелбейт. Ал — бүтүндөй бир коомдун коркуу сезимин, бийликтин зомбулугун, үй-бүлөлөрдүн талкаланган тагдырларын жана адамдардын өмүр бою созулган белгисиздигин ачып бере турган тема.

Ошондуктан Төрөкул Айтматовдун камалышы жөнүндөгү эпизод көрүүчүнүн сезимине таасир этүү үчүн гана эмес, ошол тарыхый мезгилдин маңызын түшүндүрүү үчүн да кызмат кылышы керек эле.

Бул көрүнүштөгү негизги маселе — окуянын канчалык эмоционалдуу берилгенинде эмес, анын тарыхый негизинин канчалык ишенимдүү экендигинде.

Нагима апа күйөөсүн өмүр бою күтүшү

Тасмадагы дагы бир талаштуу эпизод — Нагима Айтматованын почтадан Төрөкулдун каза болгондугу тууралуу кабар алышы.

Кадрда Нагима апа балдары менен айылдагы почтага келет. Почточу ага «Айтматов» деген жазуусу бар катты берет. Каттын ичинде Төрөкулдун каза болгону тууралуу маалымат бар.

Бирок Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнүн тагдырын чагылдырган мындай көрүнүштү тарыхый документтерге жана жазуучунун эскерүүлөрүнө таянып берүү зарыл.

Айтматовдун үй-бүлөсү Төрөкулдун тагдыры тууралуу көп жылдар бою толук маалымат ала албай, белгисиздикте жашаганы белгилүү. Анын репрессия курмандыгы болгону тууралуу чындык кийинчерек ачыкка чыккан.

Демек, Нагима апанын трагедиясы күйөөсүнүн өлүмү тууралуу кабарды угуп, ошол учурда кайгыга батканы менен гана чектелбейт. Анын азабы — жакын адамынын тагдырын билбей, үмүт менен күмөндүн ортосунда жашоосунда.

Кээде адамды өлүм жөнүндөгү кабардан да көбүрөк кыйнаган нерсе — белгисиздик.

Эгер фильм ушул психологиялык абалды терең ачып бере алганда, Нагима апанын образы кыйла таасирдүү чыкмак.

Анын балдарын жалгыз тарбиялашы, үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн күрөшү жана күйөөсүнүн тагдырын өмүр бою күтүшү өзүнчө бир чоң драмалык линияга айланууга татыктуу эле.

Үй-бүлөнүн турмушу жана тарыхый деталдар

Тасмада Нагима апанын моюнундагы Төрөкул белек кылган буюмун сатып, уй алышы көрсөтүлөт.

Ошондой эле үй-бүлөнүн уйуна байланышкан окуя берилет. Кадрлардын биринде уйду кичинекей бала уурдап кетип, Чыңгыз анын апасы экөө эт жеп отурганын көрүп калат.

Бирок жазуучунун өмүр баянына байланыштуу эскерүүлөрдө жана үй-бүлөлүк тарыхта мындай окуяларды чагылдырууда конкреттүү фактыларды салыштыруу зарыл. Менин билген маалыматтарым боюнча, үй-бүлөнүн мал-мүлкүнө байланыштуу окуяда уйду дезертирлер уурдап кеткендиги айтылат.

Эгер тасмадагы окуя чыныгы турмуштук эпизодго негизделсе, анын мааниси менен себептери так көрсөтүлүшү керек. Эгерде бул сценарийдин авторлору тарабынан өзгөртүлгөн көркөм чечим болсо, анда ал каармандардын мүнөзүн ачууга же окуянын драматургиялык өнүгүшүнө кандай кызмат кылып жатканын түшүндүрө алышы зарыл.

Анткени тарыхый инсандын өмүр баянына байланыштуу майда көрүнгөн деталдар да көрүүчүнүн жалпы түшүнүгүнө таасир этет.

Айрыкча Айтматовдун өмүрү тууралуу маалыматты биринчи жолу ушул тасмадан алган көрүүчү экранда көрсөтүлгөн окуяларды тарыхый чындык катары кабыл алышы мүмкүн.

Мына ошондуктан мындай фильмдерде сценарийдин авторлоруна чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Ошондуктан, сценарийди Айтматов ааламынан алыс, Айтматовду тааныбаган, Айтматовдун чыгармаларын окубаган адамдар жазганы даана байкалат.

3. Айтматовдун чыгармачылыгы: жазуучунун калыптанышы экранда ачылдыбы?

Тасмага байланыштуу мен үчүн эң негизги суроолордун бири — Чыңгыз Айтматовдун жазуучу катары калыптанышы канчалык деңгээлде ачылганы.

Айтматовдун өмүрүн көрсөтүү — анын балалык чагындагы кыйынчылыктарды, үй-бүлөсүнүн трагедиясын же чыгармачылыгына тоскоолдук жараткан адамдарды гана көрсөтүү эмес.

Анын дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу болуп калыптанышынын артында өзгөчө ой жүгүртүү, турмушту терең байкоо, адамдын ички дүйнөсүнө үңүлүү, элдин тарыхын жана маданиятын түшүнүү, адабиятка болгон зор жоопкерчилик жатат.

Айтматов эмнеден улам жазуучу болду? Аны чыгарма жаратууга эмне түрткү берди? Кайсы окуялар анын дүйнө таанымына таасир этти? Каармандарынын тагдыры аркылуу ал адамзатка кандай суроолорду койду?

Мына ушул суроолорго жооп табуу фильмдин негизги милдеттеринин бири болушу керек эле. Бирок тасмада Айтматовдун чыгармачылык лабораториясы, анын ой толгоолору, чыгармаларынын жаралуу процесси жана адабий изденүүлөрү жетиштүү ачылбагандай сезилет.

Жазуучу экранда жүрөт, сүйлөйт, адамдар менен мамиле түзөт. Бирок анын ички дүйнөсү, жазуучулук табияты жана чыгармачылыгынын башаты көрүүчүгө канчалык жетет?

Айтматовдун чыгармаларынын жаралышына түрткү болгон турмуштук окуяларды анын жеке тагдыры менен байланыштырып берүү аркылуу бул суроого кыйла терең жооп табууга болмок.

Мисалы, «Жамийла» чыгармасынын жаралышын сөз кылганда, жөн гана анын басылышына байланыштуу пикир келишпестиктерди көрсөтүү жетишсиз. Бул чыгарма эмне үчүн ошол мезгилде жаңычыл болгонун, сүйүү, тандоо, адамдын эркиндиги жана коомдук түшүнүктөр менен кандайча карама-каршылыкка келгенин ачып берүү зарыл.

Айтматовдун чыгармачылыгын түшүнбөй туруп, анын өмүрүндөгү окуяларды толук түшүнүү кыйын. Ошол эле учурда анын өмүрүн билүү чыгармаларынын тереңдигин ачууга жардам берет. Демек, бул эки багыт бири-бирин толуктап турушу керек эле.

Эгер көрүүчү фильмден Айтматовдун балалыгы оор өткөнүн жана анын айрым чыгармаларына тоскоолдуктар болгонун гана түшүнүп чыкса, анда залкар жазуучунун чыныгы масштабын ачуу милдети толук аткарылды деп айтууга болбойт.

4. Бүбүсара Бейшеналиева менен Чыңгыз Айтматовдун мамилеси: сезимдин ички драмасы

Тасмадагы дагы бир маанилүү линия — Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосундагы мамиле. Бул тема өтө назик мамилени талап кылат. Анткени сөз эки белгилүү инсандын жеке жашоосу жөнүндө гана эмес, алардын ички дүйнөсү, чыгармачылыгы жана бири-бирине болгон сезимдери жөнүндө болуп жатат.

Тасмада Айтматовдон Мария менен кантип таанышканы тууралуу суралганда, ал кино үйүнөн таанышканын, аны көп издегенин айтат. Андан кийинки көрүнүштөрдө Бүбүсара Бейшеналиева сахнада бийлеп, Айтматов анын өнөрүнө суктанып отурганы көрсөтүлөт. Бий аяктагандан кийин экөө опера-балет театрынын сахнасында кучакташат.

Бирок ушул көрүнүштөрдүн негизинде алардын ортосундагы сезимдин кандайча жаралганын, мамиленин өнүгүшүнө эмне түрткү болгонун жана алардын ички карама-каршылыктары эмнеде жатканын түшүнүү кыйын.

Сүйүү темасы көркөм кинодо сөзсүз эле узун диалогдор аркылуу ачылбайт. Кээде бир көз караш, айтылбай калган сөз, адамдын үнүндөгү өзгөрүү же каармандардын ортосундагы унчукпаган аралык бүтүндөй бир сезимди ачып бере алат.

Бирок мындай ыкмалар иштеши үчүн актёрдук оюн, кадрдын композициясы, монтаж, музыка жана драматургия бири-бирин толуктап турушу керек.

Бул жерде негизги суроо — режиссёр эки инсандын сезимин көрүүчүгө түшүндүрүп бердиби же алардын мамилесин болгону бир нече эпизод менен чектедиби? Менин оюмча, бул линия тереңирек иштелип чыгууга муктаж.

Айтматов менен Бүбүсаранын мамилеси жөн гана сүйүү баяны эмес, эки чыгармачыл инсандын татаал дүйнөсүнүн кагылышы, ички жалгыздык, жоопкерчилик жана жеке бакыт маселелери аркылуу ачылса, тасманын психологиялык катмары кыйла күчтүү болмок.

Айтматовдун: «Мени эч ким бактылуу кыла алган жок, Керез дагы, Бүбүсара дагы» деген маанидеги сөзү да өзүнчө талдоого татыктуу.

Бул сөз адамдын бактысы тууралуу жалпы философиялык ой катары угулушу мүмкүн. Бирок аны экранда колдонуу үчүн анын контекстин, каармандын ошол учурдагы абалын жана бул сөздүн ички маанисин ачуу зарыл.

Болбосо мындай реплика терең ойду билдирүүнүн ордуна, жөн гана драмалык эффект жаратуу үчүн айтылган сөз катары кабылданышы мүмкүн.

5. Керездин образы: үй-бүлөлүк драманын ачылбай калган тарабы.

Тасмада Керездин образы да жетиштүү деңгээлде тереңдетилбегендей таасир калтырат.

Чыңгыз Айтматовдун өмүрүн экрандаштырганда анын үй-бүлөлүк турмушун көрсөтүү — жөн гана жазуучунун жеке жашоосун баяндоо эмес. Бул анын инсан катары кандай карама-каршылыктарды башынан өткөргөнүн, чыгармачылык менен жеке жоопкерчиликтин ортосунда кандай татаалдык болгонун ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок бул жерде дагы бир маанилүү нерсени эске алуу зарыл: Керездин образын анын күйөөсүнүн жеке жашоосуна байланыштуу окуяларга гана байлап коюу туура эмес.

Ал да өз алдынча инсан, өз дүйнөсү, сезими, көз карашы жана тагдыры бар аял катары көрсөтүлүшү керек.

Эгерде каармандын ички дүйнөсү ачылбай, ал көбүнчө кайгырып же ыйлап отурган абалда гана берилсе, анда көрүүчү анын психологиясын, чечимдерин жана жашоодогу ордун толук түшүнө албайт.

Режиссёр Керездин образын кандай чечмелегиси келген? Анын үй-бүлөдөгү орду эмнеде? Ал кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн? Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсү менен үй-бүлөлүк жашоосунун ортосундагы мамиле анын тагдырына кандай таасир эткен?

Мына ушул суроолор каармандын мүнөзүн терең ачууга жардам бермек.

Тарыхый инсандын жеке жашоосун экранга алып чыгууда бир гана адамдын эмес, ошол окуяларга катышкан бардык адамдардын тагдырына урмат менен мамиле кылуу зарыл.

6. Алмаз Караевдин образы: системанын жүзүбү же шарттуу каарманбы?

Эми тасманын биринчи сюжеттик линиясына кайрылалы. Бул линиянын негизги каармандарынын бири — Алмаз Караев. Тасмада ал Жазуучулар союзунун биринчи катчысы катары көрсөтүлүп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына бут тоскон, анын чыгармаларынын жарык көрүшүнө жана цензурадан өтүшүнө каршылык көрсөткөн адамдын образын чагылдырат.

Тартуу тобу Алмаз Караевдин ойдон чыгарылган каарман экенин белгилейт.

Көркөм чыгармада ойдон чыгарылган каармандарды колдонууга толук укук бар. Тескерисинче, мындай каарман белгилүү бир тарыхый мезгилдин мүнөзүн жалпылап көрсөтүүгө, бийликтин механизмдерин жана коомдогу карама-каршылыктарды ачууга жардам бериши мүмкүн.

Бирок тарыхый инсандын өмүрүнө байланышкан фильмде ойдон чыгарылган каармандын милдети так аныкталышы керек.

Ал конкреттүү бир адамды эмес, бүтүндөй системаны чагылдырып жатабы? Анын аракеттери ошол доордун идеологиялык шарттарын ачып береби? Же ал башкы каарманга тоскоолдук жаратуу үчүн гана киргизилгенби?

Тасманын башында Алмаз Караевдин жубайы Айтматовдун «Жамийла» чыгармасын окуп отурганы көрсөтүлөт. Ушул көрүнүштөн тартып эле чыгармага болгон мамиле, адабиятты кабыл алуу жана идеологиялык көзөмөл маселеси көтөрүлөт. Бирок Алмаз Караевдин образын терең ачуу үчүн анын жөн гана каршылык көрсөткөнүн көрсөтүү жетишсиз.

Анын дүйнө таанымы, бийлик менен болгон мамилеси, адабиятка карата көз карашы жана өз аракеттерин кандай негиздегени ачылышы керек эле.

Көркөм чыгармадагы күчтүү антагонист — башкы каарманга каршы турган адам гана эмес. Ал өз ишенимине ээ, белгилүү бир логика менен аракеттенген жана конфликттин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир берген каарман.

Алмаз Караевдин образы ушундай деңгээлге көтөрүлгөндө, Айтматовдун чыгармачылык эркиндиги үчүн күрөшү да кыйла таасирдүү болмок.

Тасмада Алмаз Караевдин чет өлкөлүк басма үйүнүн жетекчиси Харингтон менен келишимге макул болуп, Айтматовдун чет өлкөдө калышына кызыкдар экени да көрсөтүлөт.

Бул жагдай окуяга кошумча саясый жана психологиялык өңүт берет. Бирок мындай аракеттердин себептери, каармандардын кызыкчылыктары жана алардын ортосундагы мамилелер жетиштүү негизделбесе, окуянын логикасы көрүүчү үчүн бүдөмүк бойдон калышы мүмкүн.

Ошондуктан Алмаз Караевдин образы аркылуу көтөрүлгөн негизги идея — чыгармачылык эркиндик менен идеологиялык көзөмөлдүн кагылышы — драматургиялык жактан дагы терең иштелип чыгууга татыктуу.

7. Манкуртизм темасы: тасманын философиялык өзөгү канчалык ачылды?

Эми режиссёр өзү тасманын негизги идеясы катары белгилеген манкуртизм темасына токтололу.

Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы манкурт — жөн гана өткөнүн унуткан адам эмес. Ал өзүнүн ким экенин, кайсы элдин өкүлү экенин, ата-тегин жана руханий тамырын таануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган адамдын трагедиялуу образын билдирет.

Бул түшүнүк аркылуу жазуучу адамдын эстутумун, тарыхый аң-сезимин жана руханий эркиндигин сактоо маселесин көтөргөн.

Манкуртизм темасынын күчү — анын бир гана жеке адамдын тагдыры менен чектелбегендигинде. Ал бүтүндөй коомго, улуттун тарыхый эстутумуна жана келечек муундардын өз тамырын таануусуна байланыштуу.

Ошондуктан бул теманы экранда чагылдыруу үчүн манкурт жөнүндө түздөн-түз сөз кылуу же айрым тарыхый окуяларды көрсөтүү – жетишсиз.

Көрүүчү тасманын жүрүшүндө адам өз тарыхын унутканда эмне жоготорун, тилден жана маданий тамырдан алыстоо кандай кесепеттерге алып келерин, өткөндү билбөө адамдын эркиндигине кандай коркунуч жаратарын сезиши керек.

Бул жерде Айтматовдун өз өмүр баяны менен манкуртизм темасынын ортосунда күчтүү көркөм байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк бар эле.

Жазуучунун үй-бүлөсүнүн башынан өткөн репрессия, атасынын тагдыры тууралуу узакка созулган белгисиздик, советтик доордогу идеологиялык чектөөлөр жана анын улуттук маданиятты дүйнөгө таанытууга кошкон салымы — тарыхый эстутум темасын тереңдетүүгө жардам бере турган маанилүү материалдар.

Бирок бул окуялардын баары өзүнөн өзү манкуртизм тууралуу көркөм ойго айланып кетпейт. Алардын ортосундагы идеялык байланыш режиссёрдук чечимдер, сценарий, образдар жана монтаж аркылуу түзүлүшү керек.

Эгер тасма ушул байланыштарды ырааттуу ачып берсе, анда көрүүчү Айтматовдун өмүрүн гана эмес, анын чыгармаларында эмне үчүн тарыхый эстутум маселеси өзгөчө орунда турганын да тереңирек түшүнмөк.

Менимче, тасманын эң чоң мүмкүнчүлүгү дал ушул жерде жатат.

Манкуртизм — тарыхты билбегендик гана эмес, адам өзү ким экенин таануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы. Ал эми тарыхый эстутум — өткөндү эстөө менен чектелбестен, бүгүн ким экенибизди жана эртең ким болорубузду түшүнүүнүн негизи.

Ушул ой фильмдин бүтүндөй драматургиясын бириктирип турган өзөккө айланганда, анын философиялык таасири кыйла күчтүү болмок.

8. Актёрдук оюн жана каармандардын психологиясы.

Тарыхый инсандын образын жаратуу актёрдон өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Анткени көрүүчү экрандан каармандын сырткы келбетин гана эмес, анын ички дүйнөсүн, ой жүгүртүүсүн жана адамдык өзгөчөлүктөрүн көргүсү келет.

Чыңгыз Айтматовдун образын жаратууда да анын сырткы окшоштугу менен чектелүү жетишсиз. Жазуучунун үнүнүн ыргагы, сүйлөө маданияты, ойду жеткирүү ыкмасы, адамдар менен болгон мамилеси жана ички тынчсыздануулары образдын ишенимдүүлүгүн аныктайт.

Болот Тентимышов сыяктуу тажрыйбалуу актёрдун катышуусу тасма үчүн маанилүү. Ошол эле учурда башкы каармандын образын толук баалоо үчүн актёрдук оюнду сценарийден жана режиссёрдук чечимдерден бөлүп кароого болбойт.

Актёрдун мүмкүнчүлүгү каармандын драматургиялык жактан канчалык терең жазылганына да байланыштуу. Эгер каарманга ички карама-каршылыктар, маанилүү тандоолор жана психологиялык өзгөрүүлөр жетиштүү берилбесе, актёрдун образды толук ачуу мүмкүнчүлүгү да чектелет.

Ошондуктан фильмдеги актёрдук оюнга баа берүүдө бир гана аткаруучунун чеберчилигин эмес, анын образын ачууга түзүлгөн көркөм шарттарды да эске алуу керек.

Тасмадагы тарыхый инсандардын образдары көрүүчүдө кызыгуу жаратат. Бирок алардын ар биринин мүнөзү, өз ара мамилеси жана окуялардын өнүгүшүнө кошкон таасири дагы тереңдетилсе, фильмдин эмоционалдык күчү артмак.

9. Тасманын ийгиликтүү жактары: визуалдык чечимдер жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр.

Сын-пикир айтып жатып, тасманын жетишкендиктерин да белгилөө зарыл.

Каныбек Калматов оператордук жана режиссёрдук тажрыйбасын айкалыштырып, визуалдык жактан кооз кадрларды жаратууга аракет кылган.

Тарыхый доордун атмосферасын түзүүдө Калининград, Москва жана Кыргызстандын ар кыл локациялары пайдаланылганы, ошондой эле заманбап генеративдик технологиялар менен жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү колдонулганы тасманын техникалык жактан кызыктуу чечимдеринин бири катары көрүнөт.

Тарыхый фильм тартууда көрүүчүнү башка мезгилге алып баруу өзгөчө маанилүү. Мейкиндик, архитектура, костюм, жарык, кадрдын композициясы жана жалпы визуалдык атмосфера каармандар жашаган доорду сезүүгө жардам берет. Мизанценалар, актёрлердун костюмдары, декорациялар ошол коомго, ошол доорго көрүүчүнү алып барат. Режиссёр өзгөчө кичинекей Чыңгызды, Илгизди жакшы ойното алган.

Актёрлордун жакшы ойногону же технологиянын ийгиликтүү колдонулушу көркөм чыгарманын мазмундук тереңдигин өзүнөн өзү камсыздай алган жок.

Жасалма интеллект тарыхый мейкиндикти кайра жаратууга жардам бериши мүмкүн, бирок каармандын ички дүйнөсүн түшүнүү, тарыхый окуянын маанисин ачуу жана көрүүчүгө эмоционалдык таасир берүү сценарийдин, режиссёрдук ойдун жана актёрдук чеберчиликтин милдети бойдон калат.

Демек, визуалдык кооздук менен мазмундук тереңдик бир бүтүндүктү түзгөндө гана фильмдин көркөм күчү толук ачылат. Тасманын техникалык жана визуалдык чечимдерин баалоо менен бирге, анын мазмундук жана драматургиялык жактарына да талап коюу керек.

Анткени көрүүчү тарыхый фильмден кооз кадрларды гана эмес, өзүнө жооп издеткен суроолорду, каармандардын тагдырына байланышкан сезимдерди жана чыгарма аяктагандан кийин да эсинде калар ойлорду күтөт.

10. Сценарий жана драматургия: фактылардан көркөм чыгармага чейинки жол.

Тасма тууралуу сөз кылганда сценарийдин ролуна өзгөчө токтолуу зарыл. Кандай гана күчтүү тема болбосун, ал экранда ишенимдүү жана таасирдүү чыгышы үчүн сценарийдин ички логикасы бекем болушу керек.

Тарыхый фильмде сценарийдин авторлору үч негизги милдетти аткарышат.

Биринчиден, тарыхый маалыматтарды изилдеп, фактыларды мүмкүн болушунча так берүү.

Экинчиден, ошол фактылардын ичинен фильмдин негизги идеясына кызмат кылар окуяларды тандоо.

Үчүнчүдөн, тандалган окуяларды каармандардын мүнөзү, ички карама-каршылыктары жана драмалык өнүгүүсү аркылуу бир бүтүн көркөм чыгармага айландыруу.

Тарыхый чындыкты экранга алып чыгуу архивдик маалыматтарды тизип коюу менен эле бүтпөйт. Ошол эле учурда көркөм чыгарма жаратуу тарыхый фактыларды каалагандай өзгөртүүгө уруксат берет дегенди да билдирбейт.

Көркөмдөөнүн максаты — чындыкты бурмалоо эмес, анын маңызын тереңирек ачуу. Мисалы, Төрөкул Айтматовдун тагдыры аркылуу бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй бир муундун трагедиясын көрсөтүүгө болот. Нагима апанын образы аркылуу репрессиянын үй-бүлөлөргө тийгизген узак мөөнөттүү таасирин ачууга болот. Ал эми жазуучунун чыгармачылык жолун көрсөтүү аркылуу идеологиялык басым менен руханий эркиндиктин ортосундагы карама-каршылыкты чагылдырууга мүмкүнчүлүк бар.

Бул окуялардын баары бири-бири менен байланышканда, тасманын негизги идеясы табигый түрдө ачылат. Эгер окуялар бири-биринен обочолонуп, каармандардын ички дүйнөсү жетиштүү өнүкпөсө, анда фильмдин жалпы таасири да алсырайт.

Ошондуктан «Айтматов» тасмасынын негизги талкууга татыктуу маселелеринин бири — анын сценарийдик түзүлүшү жана тарыхый материалды көркөм чечмелөө ыкмасы.

11. Тарыхый фильм көрүүчүгө кандай жоопкерчилик жүктөйт?

Тарыхый инсан жөнүндө тартылган фильм жөн гана көңүл ачуу каражаты эмес. Ал коомдун тарыхый эстутумуна, жаш муундун дүйнө таанымына жана белгилүү инсандар тууралуу түшүнүгүнө таасир этет.

Айрыкча Чыңгыз Айтматов сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучунун өмүрү экранга чыгарылганда, көрүүчүлөрдүн бир бөлүгү тасмадагы окуяларды анын чыныгы өмүр баяны катары кабыл алышы мүмкүн.

Ошондуктан мындай фильмдерге карата сын-пикир айтуу — авторлордун эмгегин жокко чыгаруу эмес. Тескерисинче, алардын көтөргөн темасынын маанилүүлүгүн эске алуу менен чыгармага жогорку талап коюу.

Айтматовдун өмүрү тууралуу фильмде тарыхый фактылардын тактыгы, каармандардын образдарынын тереңдиги жана адабий мурастын маңызы өзгөчө мааниге ээ.

Эгер сценарийдин авторлору жазуучунун өмүр баянындагы айрым окуяларды өзгөртүүнү туура көрүшсө, анда ал өзгөрүүлөрдүн көркөм зарылдыгы даана сезилиши керек.

Көрүүчү экрандагы окуяга ишенгенде гана каармандын тагдырына ортоктош болуп, анын ички дүйнөсүн түшүнө баштайт. Тарыхый ишенимдүүлүк менен көркөм эркиндиктин ортосундагы тең салмак дал ушул ишенимди жаратат.

12. Эмне жетишпей калды жана фильмди кантип тереңдетүүгө болмок?

Менин оюмча, тасманын негизги кемчиликтеринин бири — Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, анын чыгармачылыгы жана манкуртизм философиясы бирдиктүү көркөм ойго толук бириктирилбей калгандай сезилгендиги.

Эгер фильмдин өзөгү тарыхый эстутум болсо, анда бул тема ар бир сюжеттик линиядан көрүнүп турушу керек эле. Жазуучунун балалык чагы анын үй-бүлөлүк эстутуму менен байланышса, чыгармачылык жолу ошол эстутумду адабият аркылуу сактап калуу аракети катары ачылышы мүмкүн болчу.

Ал эми «Кылым карытар бир күн» романындагы манкуртизм темасы аркылуу жеке адамдын тагдыры менен бүтүндөй улуттун тарыхый эстутумунун ортосундагы байланыш көрсөтүлмөк.

Мындай чечимде тасманын эки сюжеттик линиясы бири-бирин жөн гана толуктап тим болбостон, бир идеяны ар башка деңгээлде ачмак. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын дүйнөлүк маанисин тереңирек көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар эле.

Айтматовдун чыгармалары кыргыз элинин турмушун сүрөттөө менен гана чектелбейт. Анын каармандары аркылуу адамдын абийири, сүйүү, өлүм, жоопкерчилик, тарых, эстутум жана руханий эркиндик сыяктуу жалпы адамзаттык маселелер көтөрүлөт.

Мына ушул масштабды ачуу үчүн фильмде жазуучунун чыгармаларынын жаралуу тарыхына, алардын коомго тийгизген таасирине жана ар башка маданияттагы окурмандардын кабыл алуусуна көбүрөк көңүл бурулса, анын инсандык портрети кыйла толук болмок.

Дагы бир маанилүү жагдай — каармандардын психологиялык өнүгүүсү.

Тарыхый инсандарды экранга алып чыкканда, алардын эмне кылганын гана эмес, эмне үчүн ошондой чечим кабыл алганын да көрсөтүү зарыл. Адамдын ички дүйнөсү ачылганда гана көрүүчү анын тагдырын түшүнүп, окуяларга тереңирек аралаша алат.

Бул жагынан алганда, Төрөкул менен Нагиманын үй-бүлөлүк драмасы, Айтматовдун чыгармачылык изденүүлөрү, Керездин ички дүйнөсү, Бүбүсара менен болгон мамилеси жана Алмаз Караевдин образындагы идеологиялык карама-каршылыктар өз алдынча күчтүү драмалык материал боло алмак.

Бирок алардын баарын бир фильмге киргизүү жетишсиз. Эң башкысы — бул окуялардын ортосундагы байланыш жана жалпы идеянын тактыгы. Көркөм чыгармада окуялардын көптүгү эмес, алардын бири-бирине кандай маанини ачып бергени маанилүү.

Жыйынтык: Айтматовдун атына татыктуу көркөм бийиктик керек

Каныбек Калматовдун «Айтматов» тасмасы — кыргыз адабиятынын залкар өкүлүнүн өмүрүнө жана чыгармачылыгына кайрылган, тарыхый эстутум, улуттук иденттүүлүк жана манкуртизм сыяктуу маанилүү темаларды көтөргөн эмгек.

Тасманын визуалдык чечимдери, тарыхый мейкиндикти экранда кайра жаратууга болгон аракети жана заманбап технологияларды колдонушу анын көңүл бурууга татыктуу жактары болуп саналат.

Ошол эле учурда чыгармада сценарийдин драматургиялык бүтүндүгү, тарыхый фактылардын тактыгы, каармандардын психологиялык тереңдиги жана эки сюжеттик линиянын өз ара байланышы боюнча суроолор жаралат.

Айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсү жетиштүү деңгээлде ачылбай калганы мени ойлондурду. Анткени Айтматовду Айтматов кылган нерсе — анын башынан өткөн оор турмушу гана эмес. Анын ошол турмушту кандай түшүнгөнү, адам тагдырынан кандай философиялык маани тапканы жана жеке тажрыйбасын жалпы адамзаттык ойго кантип айландырганы.

Анын чыгармаларында кыргыз элинин тарыхы менен дүйнөлүк адамзаттын тагдыры айкалышып, улуттук өзгөчөлүк жалпы адамзаттык баалуулуктар менен бир бүтүндүктү түзөт. Айтматовдун улуулугу дал ушунда.

Ошондуктан анын өмүрү тууралуу фильмде жазуучунун башынан өткөн окуяларды көрсөтүү менен чектелбестен, ошол окуялар анын дүйнө таанымын кандайча калыптандырганын ачуу зарыл.

Репрессия — тарыхый трагедия. Бирок Айтматовдун дүйнөсүндө ал адамдын тагдыры, эстутуму, адилеттик жана руханий эркиндик тууралуу терең ой жүгүртүүгө жол ачкан тарыхый тажрыйба катары каралышы мүмкүн.

Балалык — анын өмүр баянындагы бир мезгил гана эмес, адамдык дүйнөсүнүн калыптанышына таасир берген маанилүү баскыч.

Сүйүү — жеке сезим гана эмес, адамдын бактысы, жоопкерчилиги жана ички эркиндиги тууралуу суроолорду жараткан татаал тема. Ал эми манкуртизм — өткөндү унутуунун гана эмес, адам өзүнүн ким экенин таануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашынын трагедиясы.

Эгер ушул үч багыт — тарыхый трагедия, адамдык тагдыр жана руханий эстутум — тасмада бир бүтүндүктү түзсө, анда «Айтматов» көркөмдүк жактан дагы күчтүү, философиялык жактан дагы терең чыгармага айланмак.

Менин оюмча, бул тасманы талкуулоодо эң негизги суроо «Айтматовдун өмүрүн көрсөтө алдыбы?» деген суроо менен эле чектелбеши керек.

Андан да маанилүү суроо бар: «Тасманы көргөн адам Айтматовдун ким экенин, анын чыгармалары эмне үчүн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлгөнүн жана анын мурасы бүгүнкү күндө биз үчүн кандай мааниге ээ экенин түшүнө алдыбы?»

Анткени Айтматовдун өмүр баянын билүү — бир нерсе, ал эми анын ой дүйнөсүн түшүнүү — таптакыр башка нерсе.

Айтматовдун чыгармаларын окубаган адам да бул тасмадан кийин анын адабий дүйнөсүнө кызыгып, китептерин колуна алгысы келсе, фильм маанилүү милдеттердин бирин аткарган болот. Бирок ошол кызыгууну жаратуу үчүн көркөм ишенимдүүлүк, терең драматургия жана каармандардын ички дүйнөсүн ачкан күчтүү режиссёрдук чечимдер зарыл.

Мен бул тасмага сын айтып жатып, анын авторлорунун эмгегин жокко чыгарууну көздөбөйм. Тескерисинче, Айтматов сыяктуу улуу инсандын өмүрүнө кайрылган чыгармага болгон талаптын жогору болушу табигый көрүнүш деп эсептейм.

Анткени Айтматовдун ысымы — чоң жоопкерчилик. Анын өмүрүн экрандаштыруу — тарыхка, адабиятка, улуттук эстутумга жана келечек муундарга болгон жоопкерчилик.

Мындай тасма тарыхый маалыматтарды жеткирүү менен гана чектелбестен, көрүүчүнү ойго салып, аны өзүнүн ким экендиги, кайдан келгени жана кайда баратканы тууралуу суроолор менен жалгыз калтырышы керек.

Режиссёр тасманын негизги идеясы катары манкуртизмди жана тарыхый эстутумду белгилеген экен, анда бул идея каармандардын тагдырында, окуялардын өнүгүшүндө жана фильмдин жалпы көркөм чечиминде толук сезилиши зарыл.

Анткени тарыхый эстутум — өткөндү унутпоо гана эмес. Ал — өткөндүн сабагын түшүнүп, бүгүнкү күндү туура баалап, келечекке жоопкерчилик менен карай билүү.

Айтматов бизге дал ушул жоопкерчиликти эскертип кеткен. Анын чыгармаларынын улуулугу — бизге даяр жоопторду берип койгонунда эмес, адамды өмүр бою ойлондура турган суроолорду калтырганында.

Демек, Айтматов тууралуу тартылган фильм да көрүүчүнүн эсинде суроолорду гана эмес, ошол суроолорго жооп издөөгө болгон каалоону жаратышы керек.

Айтматовдун мурасын экранга алып чыгуу — анын өмүрүн кайра айтып берүү эмес, анын руханий дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кылуу. Ал эми мындай аракет тарыхый чындыкка болгон урматтан, адабиятты терең түшүнүүдөн жана көркөм жоопкерчиликтен башталат.

Айтматовдун атына татыктуу чыгарма жаратуу үчүн дал ушул үч сапат зарыл деп эсептейм. Айтматов» тасмасын көрүп чыгып, өзүмдүн ой-пикиримди, көрүүчү катары алган таасиримди жана кинематографиялык талдоомду бөлүшкүм келет.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз