О`Шакир: «Жусуп» тасмасынын айланасындагы графомания

  • 29.09.2026
  • 575

Бул ойго кайдан келдим? “Азаттык” үналгысынын белгилүү журналисти Айбек Абдылдаев «Жусуп» тасмасынын тегерегинде талкуу уюштурууга чакыргандан улам, аталган фильмди экинчи жолу кайрадан көрүүгө туура келди.

Ырас, кинонун режиссёру, сценаристи менен бирге бетме-бет талкуулай турган болгондон кийин, жүйөлүү далилдерди так кесе айтуу үчүн тасманы кайра көрүүнү – жоопкерчилик дедим.

Бардым. Көрдүм. Мурдагы биринчи жолу баргандагыда байкалбаган мүчүлүштүктөр биринин артынан бири сороктоп көрүнө баштады. Шашылыш бүткөрүлө салган иштин кемчиликтери кантип көрүнбөйт? Анын үстүнө тасманы мурда көргөн жаным экинчи жолкусунда көркөм туюнтмалардын көлөкө, жарыктарынан өйдө кадалып тиктедим.

Мындайда башкалардын ийгилигине дайыма “ичи тар”, “көрө албастык” кылып көнгөн О`Шакириң өз жемин тапкандагы бугуп жаткан жырткычтай аңдыйт да эй.

Мен щолуч анан калем, кагаз алып, конспектилеп отурдум. Караңгы залда. Бирок кагазга чиймелебесем деле, эсте каларлык элементтер толтура экен. Кеп ирээти менен болсун.

Эртеси тасманын авторлору менен талкуу кылууга чоң даярлык менен бардым. Айбек мырза амандык сурашып, көңүл айткан кишидей эскертти: “Олжоке, капа болбоңуз эми, тигилерден үч киши катышмай болуп калды. Сиз жалгызсыз. Планыбызда режиссёр, сценарист анан сиз эле катышмаксыз. Бирок тасманы тартуудагы негизги кеңешчилеринин бири, тарых илиминин доктору, белгилүү окумуштуу Дөөлөтбек Сапаралиев аксакал да катышмай болуп калды. Талкууга сиз катышарыңызды укканда эле, тигил экөө аксакал тарыхчыны кошо чакыралы дешкенинен...”

Жеңил кишиң курусун: муну укканда ичимден кымыңдадым. Өзүмдү тим эле чөөлөрдүн арасында кармашар арстан сездим. “Жоо чапчудай болуп баары келсе болмок” дедим ичимден. Анткени, мурунку күнү фейсбукта “Жусуп” тасмасын коргогон Чолпонбайлар пайда болуп калган. Төштөрүн тоскон алдыңкы артиллериядагылары: Эмилбек Каптагаев, Дөөлөтбек Сапаралиев, Садык Шер-Нияз. Көрсө, Каптагаев да түзмө-түз кеңешчи экенин тасманын авторлору өздөрү айтты. Би-ир деп туруң...

Эң алды “Азаттык” кеңсесинде бир чөйчөктөн кофе ичмей болдук. Анан мен жаншеригим айтмакчы, “кылтыйып куумун” да (койнумда ушунча жылдан бери бирге жатып, бирге турган жаншеригимдин айтканында 100% чындык бар го дейм кээде). Кылтыйып, кууланып; акыйкаттын чын-бышыгына жетиш үчүн кээде сабырдуулук керектигин эсепке алып, Садык досум Шер-Нияздын постуна дароо пикир жазууга ашыкпадым. Ал азыр элчиликте – Парижде жатса, “Жусуп” тасмасын кайдан көрсүн деген ойду кармандым.

Кинонун режиссёру Т.Кулмендеевге суроо узаттым, өлмөксөн көрүнүп:

– “Жусуп” тасмасын Садык көрдү беле?

– Көргөн.

– Өткөндө отпускага келгендеби?

– Ооба.

“Ии... – дедим ичимден, – бул маалымат да керек...”

Эки-и деп туруңуз, окурман! Садык эми эң жакын досторумдун бири, бирок буга чейин менин айткан-дегенимдин далайын көтөрүп келди. Ыракмат. Бет карашпай калчулардан эмес экен. Сабырдуу, салабаттуулугунан жазбады. Анын мага тултуюп-бултуюп атып, жазылып кетмейи тез эле. Бу жолу деле “түфү, дос эмес экенсиң” дебестир. Анткени “дос күйдүрүп айтат” дегениме эбактан бышы кулак болуп калбадыбы Сакем...

Бул мерте даа териси калыңдык кылып көтөрүп койсун ачуу кебимди. Кеп мамындай. Ал пост жазыптыр: ““Жусуп” тасмасы боюнча ар кыл ойлор айтылууда. Көркөм фильмдин бет ачарында Кыргыз Республикасынын баатыры Медеткан Шеримкуловдун көзүнө жаш алып, ыйлап олтурган сүрөтүн көрдүм” – дейт.

Дегени бирок кино адиси айтчу кеп эмес да. Башкасы мындай дөдөмөлдү бетке карманса да, кино жаатына билек түрө аралашып, “Курманжан” тасмасын жараткан режиссёр, чыгармачыл чөйрөнүн кадырлуу кишиси айтчу кеппи? Анчалык арачы түшүп, “Жусуп” тасмасын жаратуучулардын таламын талашчу жүйө сөз таппадыбы?..

Анан даа “... Тарыхты менден беш эсе көп билген кадырлуу аксакалыбыздын мындай баасынан кийин башка сөздөрдү да угуп жатам. Менимче кино жөнүндө сөз болбой эле “купуя өч алуулар” болуп жаткандай. Анткени ал кишиден башка дагы аттуу баштуулардын жылуу маанайдагы постторун дагы окудум” – дептир.  

Кеп ошо Медеткан Шеримкуловго окшогон аксакалдардын оозун тиктеп келген шоркелдей элибиз өз тарыхына баа бере албай, өз иденттүүлүгүн тааныбай келатканында кеп! Коммунисттик идеологияга чачынан тырмак учуна чейин уугуп келген аксакал муундун өкүлү көзүнө жаш алып отурганы – искусствонун жакшы-жаманын аныктоочу индикаторбу?! Же М.Шеримкулов “Жусуп” тасмасын көрүп отуруп ыйлаганын кино рецензия кылып бетке карманыш эле калдыбы?..

Арийне, Президент Садыр Жапаров Жусуп Абдырахманов жөнүндө көркөм тасма жаратууну өзү демилгелеп, өзү 100 миллион сомдон ашык каражат бөлдүрүп бергени – демек, Кремлге кылчактабаган чечкиндүү саясат деп түшүнөм.

А бирок “Жусуп” тасмасын жараткандар өңчөй Кремлге кылчактаган (!) адамдардын курамынан түзүлгөнүн кеп кылгым бар. Жаш муундун өкүлдөрү идеологиялык мындай цензуралык ишке аралашпаганы кызык. Үч деп туруңуз муну. Тиштенбей.

Дегеним, жетимдин этегине ырыскы салса төгүп алгансып, “Жусуп” тасмасын жаратуучулар мамлекеттик казынага чоң ысырап кылышканына Эмилбек Каптагаев сыяктуу билермандар “браволоп” кубаттап турганы да шек-шоораттуу... Көрсө, ал киши да аталган тасмага түздөн-түз тиешеси бар кеңешчилерден экенин түшүнгөндөн кийин, эмнеге Чолпонбай баатырга айланганы айдан ачык болуп калды.

Ал киши маминтип мээме куйгусу бар: “кеп Сталин жөнүндө эмес да...  Бирок ошол мезгилде Сталин кыргыз элин тикелей колдобосо да бүгүнкү эгемендик болбой калмак, бул чындыкты кайда жиберебиз?” деп чебелектегени; о.э. аталган тасманын сценаристи Каныбек Иманалиев “Жусуп” тасмасында советтик системаны, Сталинди идеалдуу чагылдырганы аз келгенсип, ББС радиосуна курган маегинде Сталинге кымындай чаң жугузбаганы – коомчулукту, айрыкча жаш муундарды ойлонтчу коңгуроо!

Йе, тобо! Кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын көзүн тазалаган сталиндик режимдин, советтик сестемадагы репрессия курмандыктарынын анабашы Жусуп Абдырахмановго арналган кино тасмада Сталиндин көсөм, айкөл образын жаратуу үчүн мамлекетибиз 100 млн... сом каражатты чачышы керек беле – эгемен Кыргызстандын элин кайрадан маңкурт кылып, мээсин чаңдатыш үчүн?!

Булар тарыхый моралдык жоопкерчиликти сезгендин ордуна, кайра “өзүбүздү өзүбүз мактаганыбыз – уят”, “актанганыбыз – уят” дебестен; коргонуу аракетинде да ойлонбостон, шашылыш амал таап чыккандары ушул: тарых илиминин доктору Дөөлөтбек Сапаралиев аксакалы баш болуп «Жусуп» аттуу тасмада Ленин менен Сталин эмнеге көсөм катары көрсөтүлгөн?.. деген талдоомо теригип жатып калышты. Экинчи талдоом мында>>> «Жусуп» тасмасы маңкуртташтыруу идеологиясын улантуубу?..

Анысы ал. “Азаттыктын” студиясына отурарыбыз менен илимдин көрүнүктүү аксакалы деген Дөөлөтбек Сапаралиев мени менен амандашканда эле:

– А гранд жегендердин анабашысы келипсиң да... – деп кол алыштык.

Биз анын илимий эмгектерин талкуулачудан бетер Ж.Абдырахманов жөнүндө китептерди үстөлгө үйүп салды. Шар ооз жаным, аксакал, көксакал, даражалуу илимпоздоруңду уруп ойнобогон О`Шакир үндөбөй калчубу, тили кычышат да.

– Эй, аксакал, – дедим, дагы жакшы тилим жаман сөзгө бурулуп кетпей... – Азыр эфир башталар алдында мага калчылдабай, оюңузду жыйнай бериңиз. Чачырайсыз азыр...

Талкуу башталды. Эң олуттуу маалымат ошондо ачыкталды. Көрсө “Жусуп” тасмасын тартуу долбоору 2020-жылы эле Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталып, сценарийи боюнча конкурс жарыяланыптыр. Акыры колго урунарлык сценарий Каныбек Иманалиевдики болгондуктан, ошого токтолушат.

Эми кызык мында: конкурста тандалып алынган ал сценарийди тартуудан белгилүү кино режиссёрлор Темир Бирназаров менен Руслан Акун дароо баш тартыптыр. Ошону менен Таалайбек Кулмендеев аталган тасманы тартууга мен жарайм десе керек, Чолпонбай баатырдай төшүн тосуптур аталган фильмди тартууга.

Ошентип чыныгы профессионал кино режиссёрлор К.Иманалиевдин сценарийинен баш тартышканынын өзү – “чү” дегенде эле ээрге көчүк туура эмес конгондугун туюнтуп турган жокпу?.. 

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Кептин калганын “Азаттык” уюштурган талкуудан көрүп алыңыздар! Ал эми өзүм баштаган кеп, мамында:

  1. «Жусуп» аттуу тасмада Ленин менен Сталин эмнеге көсөм катары көрсөтүлгөн?..
  2. «Жусуп» тасмасы маңкуртташтыруу идеологиясын улантуубу?..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз