О`Шакир: Акүйдүн «оосурак чалдары» дегенимдин бири ким эле?

  • 27.09.2026
  • 444

Башы мында>>>

Биздей өз башы менен ойлонбогон калкка так таамай мүнөздөмө берген ыраматылык Салижан Жигитовдун айтканы бар. Мамындай. Бучкакка чабат. Чычалабайлы. Болгону болгондой: «Кыргыз микроб сыяктуу, – дейт эле кайран көсөм, – кирген жерин чиритет».

Бул сыпаттама непотизм дартынан айыкпай жүргөн айрым кыргыз урпактарына куп жарашкансыйт. Санжыра кеп эмес бул, мынча болду аргумент аралаштыралы кепке.

Сүйүнбек Касмамбетов 20 жылча Жогорку Кеңештин аппарат башчысынын орун басарлык кызматтарында жүрдү. Тили жорго киши той-топурларда тамада боло калчу. Тар чөйрөдө жамакчы, санжырачылыгы менен оозго илинип жүрдү.

Илимдин, чындыктын тили менен сүйлөп үйрөнбөгөн кыргызга санжырадан өтөр эмне бар? Жомок айткан кишиге таңдай шыкылдатып кулак түрөт да.

Китеп бетин ачпаса, оозеки чыгармачылыкка жакын эл:

– Сүкө, кебиңди ула! – деп сүрөп угат да андай кишини.

Анча-мынча фольклордук адабиятты жазданып окуган киши башкаларга билерман көрүнбөй коймокпу анан... Андай кишини башкы идеолог кылып сүрөп чыккандар ошол чөйрөдөгүлөрдөн чыкты да кийин!

Ала кушту атынан атасак, бизде ультра улутчул топтор бар. Издегендери – идеология! Алардын дөдөмөлүндө жер планетасында кыргыздан өткөн нарктуу, кыргыздан ашкан баатыр эл жок. Улуттук өксүк комплекстен кутулбаган элибизге мындан ашкан сыймык болбосо кантели! Аныгында кыргызды деградация жолуна, рухий майыптыкка ошолор сүйрөп баратканын аңдабай келебиз.

Ураандары: “Улутум – кыргыз, урааным – Манас!” шекилиндеги ооз толтурар, өпкөнү өрөпкүтөр жел сөздөр. Көп улуттуу өлкөбүздө мындай ураанды одоно көргөндүн ордуна бала бакча, мектеп балдарына жадыбалдай жаттаткан идеология да жайылып барат улам.

Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрүн көз көрүнөө дискриминациялоочу мындай идеологиянын авторлору ким – так кесе айтуу кыйын, бирок мындай ураандын кесепетин мүмкүн азыр тартпастырбыз. Арийне, азыркы көчөт муун келечекте ашкере улутчул болуп чыга келерине кепилдик барбы?

Бул аксакал рационалдуу улутчул болсо да сөздү мынча ырбатпас элем. Бирок дүйнөдө кыргыздан башка улуттарды көзгө илбеген С.Касмамбетов басса-турса Европа, Батыш элдерин, маданиятын ачык эле дискриминация кылганына жакамды уучтагамын...

Мындан үч жыл мурда Мамлекеттик тарых музейинде ыраматылык Элмирбек Иманалиевди эскерүү жыйыны болду. Зал жык-жыйма. Бут коёр жер жок. Мамкатчы С.Касмамбетов сүйлөп атат. Жарыктык киши маркумга тиешеси жок сөзгө ала качтырып жиберди.

Сөзмө-сөз так болбосо да, маани-мазмуну мамындай: “Европада бир үй-бүлөдөн төрт киши ресторанда тамак жеп отурса, аягында ар кимиси өз тамагынын акчасын өзү төлөйт...” деп атат ошондо жык-жыйма залга.

Алардын чөнтөгү, үй-бүлөлүк бюджети менен биздин кандай ишибиз бар?

Айтор, ушунун өзүнөн ал киши ыймансыздыктын, адепсиздиктин индикаторун көрөт экен европалыктардан. Эми элестетип көрүңүз, бийликтин жогорку эшелонунда отурган Европа же Батыш өлкөлөрүнүн чиновниктеринин оозунан ушул тариздеги кеп чыгышы мүмкүнбү? А провинциалдык аң-сезимден алыстабаган С.Касмамбетов муну балп эттирип салды.

Арийне, ал киши идеалдаштырган кыргыз наркына келсек, устукан аңдып чукчуңдаган аксакалдарыбыз канча? Өзүнө энчилүү устукан колуна тийбей калганы үчүн дасторкондон этегин кагынып туруп кетчү чалдарды көрүп жүрөбүз го...

Эшикте – 21-кылым. Мээбизде – көчмөн турмушту идеалдаштыруу – приоритетпи? Дүйнөлүк интеграция шарданы ылдам жүрүүдө. Учурда өлкөбүзгө болгон дүйнө элдеринин кызыгуусу артып, эл чогулган жерде кыргыздын тилин, дилин, маданиятын өздөштүрүүнү каалаган чет өлкөлүктөр жылдан жылга, күндөн күнгө арбууда.

Алардын алды кыргыздын түшүн жоруй турган деңгээлде эне тилибизди үйрөнүп да алышты кыйла. Айрыкча дипломатия корпусунда иштеген чет өлкөлүк кызматкерлер арасында. Анан тил учуна келгенди сүйлөй берчү заман эместигин мамкатчылык кызматта отурган киши аңдабаганы – бизге аброй алып келеби?!

Биз аларга меймандос, нарктуу эл экенибизди көрсөтө алабызбы – өлкөнүн Мамлекеттик катчылык миссиясын аткарган адамдын оозунан дискриминациялык мүнөздөгү сөздөр бүркүлүп отурса? Көз көрүнөө!

Биз бүгүн Кыргызстанды дүйнө элине жакшы жагынан таанытуунун ордуна, бийликтин жогорку эшелонунда отурган С.Касмамбетовдой идеологдордун акыл чөйчөгүнөн чыккан мындай алешемдиктер дипломатиялык мамилелерибизге пайдабы же доо кетирер антипатиябы?

Мыйзамда улут аралык кастыкты козутар беренелер менен айыпталчулар азырынча бирин-экин гана кезигет экен бизде, а келечекте ашкере улутчулдар топ-тобу менен чыкса канттик?!

Бир саамга артка кылчайсак, Сүйүнбек Касмамбетов 2020-жылы Асылбек Жээнбековдун «Биримдик» партиясынын акыркы тизмеси менен ЖоКеге талапкер эле. Акыры октябрь окуясынын арты менен Садыр Жапаровдун президенттик аппаратынын башчысы болуп чыга келди. Бир жыл иштеди.

Айтор, ал убактагы кадрдык башаламандыкта ким жулкунса эле жылуу орун табарын сезип-туйган С.Касмамбетов тапты да жолду. Тапканда да Салижан акенин накылындагыдай “микроб” сыяктуу; туугандыкты кыйбай, “наркты” кыйбай, “чү” дегенде карачечекей күйөө баласы, Арслан Койчиевди (карындашы В.Касмамбетованын күйөөсү) Президенттин кеңешчиси кыла койгону – мамлекеттик инстутутту бекемдейби же ББСдегидей непотизмди кайрадан күчтөндүрөбү?..

Анан эле Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу кезмети Кыргызстанга келерде Арслан Койчиев аталган уюмдун төрагасынын орун басарлыгына жылат. Бирок ал кызматка ошол кезде Түркияда элчиликте дасыккан дипломат Кубанычбек Өмүралиев дайындалат.

Бул операция ишке ашпаган соң, Арслан Койчиев кайрадан президенттин кеңешчилигине келгенин билебиз...

Ошентип Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик катчы кызматында төрт жылга жакын иштеди. Мамлекеттин идеологиясын жүргүзүүнү колго алды. Теледен болсун, интернет желесинен болсун – түшпөй калды. Оозеки адабияттын санжырачысын китеп бетин ачпаган элибиз эки буттуу энциклопедия сыяктуу кабыл алды. Таңдай шыкылдата.

Оозун ачкан баёо, энөө элибизге мамкатчынын мактаныч кеби арбыды анан: “улуу элбиз, баатырбыз, башкалардан өйдөбүз, тата-пата...”

Темир тор артындамын анда. Каалайсыңбы, жокпу – мамлекеттик каналдарды тиктемей. Абактагы арестанттарга андан башка маалымат булагын көрүү мүмкүн эмес. Тажатат. Күндө. Күндө эле мамкатчы кыргызды асманга учурган мактаныч кептер.

Анан ал жакта да туйлаган жаным жөн жатамбы? Эригесиң. Бир күнү мамкатчыга кат жолдодум. Колуна жеттиби, жетпедиби – жообу келбеди.

Жанымды кашайтканы: анчалык баатыр, укмуш эл болсок, жалпы адамзат үчүн кыргыз элинин колунан келген эмне иш бар? Корабль, самолёт, поюз же телефонду ойлоп тапкан элдер эмнеге дүйнөгө бизчелик мактанбайт да, биз эле муштумдун жарымындай жумуртка тууса да, бүтүндөй бир планетаны туугансып какылыктаган тооктон бетер кулак-мээни жейбиз?!

Жалпы дүйнө элине Европанын басма өндүрүшү аркылуу китептер жайылтылды. Анын шарапаты менен мусулман элдеринде Куран китеби миллиондогон тираждар менен таркап, агартуучулуктагы революция доору келгенин танабызбы? Жок.

Биздей байыркы баалуулуктары менен сыймыктанчу элдер үчүн “Манастын” томдуктары европалыктардын китеп басылмалары аркылуу басылып чыгууда. Болбосо оозеки элдик мурастарыбыз сакталат беле, жокпу? Бирок бул үчүн бүгүн Европа же Батыш элдери колкоо кылып атыппы? Мактанабы – биз жаратманбыз, улуу элбиз деп?

Биз жек көргөн Батыш, Европа элдери жалпы адамзаттын бакубат жашоосу үчүн кандай гана жаратмандыктарды кылышпады? Адамзатты кул ээлөөчүлүк доорунан сууруп чыгып, адам укугун, эркиндигин коргогон күрөш жүргүзгөнү үчүн мактаныштыбы? Жок! Улуулугун, жаратмандыгын унчукпайт экен алар. Даңазалабайт экен. Алардын гуманисттик декларация баалуулуктарынын маңызында биз бүгүн мамлекет куруп отурган жокпузбу?..

Кокту-колот, сай-сайда уруу-урууга бөлүнүп, согушуп келген көчмөн элдер бүгүн Батыштын өрнөгү менен ар кимиси өз мамлекеттерин курду. Түрдүү моделде. Бири – президенттик, бири – парламенттик, бири – монархиялык, ж.б... Президент, Парламент, Мамлекеттик катчы, ж.б... түшүнүктөр жайылды. Болбосо С.Касмамбетовго окшогондордун акыл чөйчөгү менен көчмөн доорун идеалдаштырар болсок, эмнеге анда президентти – хан, Акүйдү – ордо, мамкатчыны вазир атабайбыз?..

Мамкатчы эмнеге Батыштын, Европанын жылтыраган туфлисин эмес, эмнеге чокой кийип албайт? Эмнеге галстук байланат? Качан болсо мойнунан галстугу түшпөгөн С.Касмамбетовдун эмне деген эки жүздүүлүгү бул?

Эмнеге европалыктардын костюм-шымын чечип ыргытып, чапан кийбейт анда? Эмнеге тоо текенин терисинен тигилген кандагай шым кийбейт?

Санжыра айтат десе эле башка улуттарды басынтып, кыргыздын эле өзгөчөлүгүн даңазалаган Сүйүнбек Касмамбетовдун дагы бир оозунан түшкүс кеби – идеология.

А идеология деген эмне? Капас ал бир! Идеология моделин тутунган Түндүк Корея же Түркмөнстандын шорлогон элин көрбөй атабызбы? Изоляциядан чыкпаган бул өлкөлөр бүгүн дүйнөдөн бөлүнүп жашаган караңгылык капасында күн кечиргени – суктанарлык жашообу?!

Ансыз да 70 жылдык коммунисттердин идеологиялык рамкасынан бошонбой келген союздук 15 республика качан жыргап кетти эле? Жалаң дефицит товарлар көздөн учуп, дүйнө эли жеген тропикалык өсүмдүктөрдүн даамын татып көрдү беле?

СССРдин “бактылуу” турмушта жашаган элдери банан эмне экенин мультфильмдерден эле көрбөсө, дүкөндүн текчелеринен эзели көрбөй жашаганын унуттукпу?..

Аныгында, дискриминация мүнөзүндө башка улуттарды басынтып көнгөн Сүйүнбек Касмамбетовдой кадрлар азыркы бийликтин аракетине көлөкө эле түшүрбөсө, кадыр-барк алып келиши күмөн. Ырас, азыркы бийликтин алты жылдан берки кадрлык катачылыктары болуп келди, бирок мындан арыга да мамлекеттик масштабдагы катачылыктарга коомчулук да, расмий бийлик да жол бербөөгө тийиш.

Оболу эгемен өлкө болгонубузга сыймыктанып келебизби – демек, идеология түшүнүгүн биз идеалдаштырбообуз керек. Өнүгүп-өсүп кетүүбүзгө эч кандай идеология сыйкырчынын таягы болуп бербейт. Тескерисинче ал, диктатуранын төбөдөн каңдай турган союлу!

Өнүгүп-өсүүнүн жападан жалгыз жолу – эгемен, эркин коомду калыптоо!

Сөз соңунда белгилей турганым: Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик катчылыктан кеткен соң, ордуна генерал Марат Иманкулов кыска убакыт кызмат аркалады. Көп өтпөй Мамлекеттик катчылык орунга ошол эле С.Касмамбетовдун карачечекей күйөө баласы Арслан Койчиев отурду.

Мындайча айтканда, ал азыр мамлекеттик сыйлык-наам берүүнүн башында турганда, кайнагасы С.Касмамбетов КРнын Эмгек Баатыры сыйлыгынан куру калат беле? Алды. Кусаматым жок андай сыйургалдарга.

Тек, айтайын дегеним: Совет өлкөсү дүйнөдөн эң артта калса да, мамсыйлыктарга кимдерди гана карк кылбаган? Бирок экономикалык да, чарбалык да саясаты оң натыйжа бербегендиктен, дүйнөгө инновациялык жаратмандыктарды көрсөтө албагандан СССР ыдырап кыйрады.

Анын кыйроосуна эч бир мамлекеттик сыйлык-наамдуу орден-медаль тагынган интеллигенциясы тирөөч болуп бере албады. Көрсө, төшүндө темир-тесек шагырап, мамлекеттик сыйлыкка толгондордун өлкөсү эле өнүгүүнүн көрсөткүчү эмес экенин тарых көрсөттү.

Дегеним, биз качан советтик саясый мурастардан кутулуп, эгемен өлкөнүн жаңы баалуулуктарын, маданиятын, салтын калыптайбыз? Кеп ошондо... Мамлекеттик деңгээлде идеология издегендин өзү – өз ыктыярыбыз менен өзүбүздү капаска камоо эмеспи?..

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз