Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры Рэй жана Майкл Кунилердин “Том, Дик жана Гарри” пьесасынын негизинде “Плохие парни” спектаклин сахнага алып чыкты.
Режиссёр Александр Панин койгон бул комедия алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөп, окуялардын күтүүсүз өнүгүшү, актёрлордун оюну жана кызыктуу сахналык чечимдери менен айырмаланды.
Том менен Линда бала асырап алууну көздөп, алардын үйүнө социалдык кызматтын өкүлү миссис Поттер келчү күндү күтүп жатышат. Дал ошол жооптуу учурда Томдун бир туугандары Дик менен Гарринин жардамы башталат. Биринин артынан бири пайда болгон мыйзамсыз товарлар, күтүүсүз адамдар, полиция кызматкери жана улам жаңыланган калптар жөнөкөй үйдү бара-бара башкарууга мүмкүн болбой калган мейкиндикке айлантат.
Кунилердин комедиясынын өзгөчөлүгү да ушунда, бир калпты жашыруу үчүн экинчи калп керек, экинчисин жабуу үчүн үчүнчү кырдаал жаралат. Акырында каармандар окуяны башкарбай эле, окуя каармандарды башкарып калат.
Бул спектаклди мага эки жолу көрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Эки көрсөтүүдө тең залда күлкү жаңырып, айрым эпизоддор кол чабуулар менен коштолду. Бирок көрүүчүнүн күлгөнү эле спектаклдин ийгилигин толук аныктай албайт. Анткени комедияда актёрдун чеберчилиги күлкүлүү кыймылдарды жасаганы менен эмес, каармандын башына түшкөн жагдайды канчалык ишенимдүү жеткиргенинде кеп. “Плохие парни” ушул жагынан алганда ийгиликтүү коюлган спектакль. Ошол эле учурда айрым образдардын аткарылышында жана режиссёрдук чечимдерде көңүл бурууга арзый турган жагдайлар бар.
Спектаклдин негизги окуялары Томдун айланасында өнүгөт. Анын образын жараткан Владимир Кисляк каармандын улам татаалдашкан абалын, коркуусун, айласыздыгын жана кырдаалдан чыгууга болгон аракетин жеткиликтүү көрсөтө алган.
Томдун башына түшкөн окуялар көрүүчү үчүн күлкүлүү болгону менен, каармандын өзү үчүн олуттуу. Владимир Кисляк ушул айырмачылыкты сактап, сахнадагы аракеттерине ишендире алат. Анын ар бир жаңы тоскоолдуктан чыгууга умтулушу, бир туугандарынын жоруктарына жасаган мамилеси жана күтүүсүз жагдайдагы абалы образдын мүнөзүн ачып турат.
Бирок айрым эпизоддордо техникалык так эместиктер байкалды. Маселен, эшикти ачканда башына тийген учур же орой сөз айтылганда берилген фонограммадагы үн актёрдун кыймылына толук дал келбеген учурлар болду. Натыйжада, аракет менен үн ортосунда бир аз кечигүү сезилди. Бул олуттуу кемчилик эмес. Ошентсе да комедияда мындай майда жагдайлар маанилүү. Анткени күлкү кээде бир кыймылдын өз убагында жасалышына байланыштуу эмеспи.
Жалпысынан Владимир Кисляк спектаклдин негизги жүгүн көтөрүп, Томдун образын ийгиликтүү аткарган.
Дмитрий Бондаренко аткарган Дик менен Никита Бондаренко жараткан Гарри спектаклдин эң жандуу каармандарынын катарына кирет. Диктин өзүнө ишенген жүрүм-туруму, ар кандай жагдайда жол табууга аракет кылышы жана ошол аракеттеринин тескери натыйжа бериши көрүүчүгө кызыктуу таасир калтырат. Дмитрий Бондаренко каармандын мүнөзүн анын сүйлөгөн сөзү, кыймылы жана башкаларга жасаган мамилеси аркылуу ачат.
Гарринин образы болсо башкача мүнөзгө ээ. Никита Бондаренко каармандын күтүүсүз аракеттерин, жөнөкөйлүгүн, башына түшкөн жагдайларды кабыл алуусун өзгөчө көрсөтө алган. Анын аткаруусунда күлкү көбүнчө каармандын кылык-жоругунан жана кырдаалга жасаган мамилесинен жаралат.
Эки актёрдун артыкчылыгы, өз каармандарын бири-бирине окшоштурбай аткарганында. Дик менен Гарринин мүнөздөрү айырмаланганы менен, сахнада экөө бирин-бири жакшы толуктайт.
Том, Дик жана Гарринин ортосундагы бир туугандык мамиле да ишенимдүү. Алардын талашып-тартышуусу, бири-бирине жардам берүүгө аракет кылып жатып тескерисинче, кыйынчылык жаратышы спектаклдин кызыгын арттырат. Линда конок бөлмөгө кирип келгенде, үчөөнүн диванда отурганы, аларды карап Линда:
– Оо, үч мушкетёр!
– Кичинекей кезибизде апам да ошентип айтчу эле, – деп Диктин жооп бергени бала кезден бири-бирин колдоп, коргоп келгенин билдирет.
Үч актёр да дал ушул жердеги көрүнүшү жашоодогу бир туугандардын отурганын көз алдыбызга салат. Баса белгилей кетчү жагдай; Дмитрий Бондаренко менен Никита Бондаренко жашоодо да бир туугандар. Үч актёрдун биргелешкен оюну негизги ийгиликтеринин бири болду. Алардын башына түшкөн окуяларга көрүүчү күлүп гана тим болбостон, кээде абалдан кантип чыгышарына тынчсызданат.
Линданын образын Нина Чернышёва аткарат. Бул каарман спектаклдеги окуялардан улам тынчсызданып, улам күчөгөн түшүнүксүз жагдайлардын арасында калат. Анын чочулоосу, ачуулануусу жана күйөөсүнө болгон мамилеси түшүнүктүү. Бирок айрым эпизоддордо бул сезимдер ашыкча күчөтүлгөндөй таасир калтырат. Линданын катуу толкундануусу, үнүн көтөрүнкү чыгышы жана айрым кыймылдары каармандын чыныгы абалынан эмес, көрүүчүнү күлдүрүү аракетинен келип чыккандай сезилет.
Албетте, фарска жакын комедияда каармандардын жүрүм-туруму кадимки турмуштагыдан апыртылып көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок ашыкча эмоция образдын ишенимдүүлүгүнө тоскоол болбошу керек. Линдада дал ушул жагдай байкалат. Айрым учурда анын тынчсыздануусуна кошулуп, абалын түшүнүүнүн ордуна, сырткы аракеттерине гана көңүл буруп каласың.
Актрисанын кыймылдарын бир аз азайтып, каармандын ички абалына көбүрөк көңүл буруу образды кыйла таасирдүү кылмак. Себеби адамдын катуу тынчсыздануусун көрсөтүү үчүн сөзсүз кыйкыруу зарыл эмес. Кээде бир караш, бир тыным же үнүнүн өзгөрүшү да жетиштүү. Линданын образы спектаклдин жалпы жүрүшүнө шайкеш келгени менен, анын аткарылышында дагы иштөөгө мүмкүнчүлүк бар.
Александр Альбериев-Степанов аткарган Андраш менен Зарема Акмашаева жараткан Катерина спектаклдин эң кызыктуу каармандарынын бири болду. Алар сахнага чыкканда залдагы маанай дароо өзгөрүп, көрүүчүлөрдүн күлкүсү күчөйт. Айрым эпизоддордо кол чабуулар да жаңырып жатты. Бирок бул эки каармандын ийгилиги алардын күлкүлүү көрүнүшүндө гана эмес. Актёр менен актрисанын сахнадагы мамилеси өтө жеңил, табигый түзүлгөн. Алар бири-биринин аракетин жакшы сезип, сөзүн, кыймылын жана маанайын туура коштойт. Андраш менен Катеринанын чоң ата жана небере экенине ишенүүгө болот. Экөөнүн ортосундагы жакындык жасалма көрүнбөйт. Бул каармандардын дагы бир өзгөчөлүгү, алардын Албаниядан келгени.
Англия менен Албаниянын маданий салттарында айырмачылыктар бар. Англиянын коомдук маданиятында сылыктыкка, жеке мейкиндикке жана өзүн токтоо алып жүрүүгө чоң маани берилет. Ал эми албан элинин салттарында үй-бүлөлүк жакындык, туугандык байланыш, меймандостук маанилүү орун ээлейт. Албетте, бул айырмачылыктарды бардык адамдарга тиешелүү мүнөз катары кабыл алууга болбойт. Бирок сахнада эки башка чөйрөдөн келген каармандардын жүрүм-турумун салыштырып көрсөтүү комедияга кошумча кызык берет.
Андраш менен Катеринанын ачык мамилеси, бири-бирине болгон жакындыгы жана эркин кыймылдары Томдун үйүндөгү башка каармандардын жүрүм-турумунан айырмаланып турат. Мындай айырмачылык спектаклдеги күлкүлүү жагдайларды дагы да күчөтөт.
Александр Альбериев-Степанов өз образын ашыкча аракетсиз, эркин аткарган. Анын өнөктөшү менен болгон байланышы да жакшы түзүлгөн.
Катеринанын образына өзүнчө токтолууга туура келет. Спектаклди биринчи жолу көргөндө бул каармандын аткаруусунда ашыкча эмоция байкалган. Айрым кыймылдары жана реакциялары бир аз күчөтүлгөндөй сезилген. Ал эми экинчи көрүүдө мындай көрүнүш байкалган жок. Катеринанын жүрүм-туруму кыйла табигый, актриса өзүнүн образын жеткиликтүү аткара алды.
Бул экөөнүн ортосундагы айырмачылык театрдын өзгөчөлүгүн да көрсөтөт. Анткени сахнадагы оюн ар бир жолу кайра жаралат. Актёрдун ошол күнкү абалы, өнөктөшү менен болгон байланышы жана көрүүчүлөрдүн кабыл алуусу да аткарууга таасир этет. Андраш менен Катеринанын образдары спектаклдин эң ийгиликтүү бөлүктөрүнүн бири дешке болот.
Миссис Поттердин ролун Вера Степанова аткарат. Бул каарман спектаклдеги эң ишенчек, токтоо жана кандайдыр бир деңгээлде аянычтуу көрүнгөн аялдардын бири. Башка каармандар улам татаалдашкан окуялардын арасында чуркап, бири-бирин алдап, кырдаалдан чыгуунун жолун издесе, Поттер өз милдетин аткаруу менен алек. Ал башкалардын сөзүнө ишенгени, айланасындагы жагдайларды жөнөкөй кабыл алганы көрүүчүлөргө күлкүлүү.
Вера Степанованын аткаруусунда өзгөчө белгилечү жагдай, актриса күлкү жаратууга атайын умтулбайт. Ал каармандын мүнөзүн сактап, окуялардын ичинде өз ордун таба алган. Поттердин сүйлөгөнү, кыймылы жана адамдарга жасаган мамилеси бири-бирине шайкеш. Актриса өз образына ушунчалык жарашып калгандыктан, кээде сахнада роль аткарган адамды эмес, чыныгы Кунилердин Поттерин көрүп жаткандай сезилет.
Бирок ушул каарманга байланыштуу режиссёрдук чечимдердин биринде түшүнүксүз жагдай бар. Спектакль соңунда Поттер үйдөн биринчи болуп чыгып кетет. Бир топ убакыт өткөндөн кийин Линда күйөөсүнүн калптарына ишенип жүргөнүн түшүнгөндөй абалда үйдөн чыгат. Андан кийин экөө кайрадан чогуу кирип келишет. Дал ушул жерде спектаклдин күтүүсүз чечилиши болот.
Том бир туугандарына ачууланып, алардын айынан балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн да, балким, Линдадан да ажыраганын айтат. Ошол учурда миссис Поттер Линданы жетелеп кирип, анын жүрөгү айланып атканын билдирет.
– Эгер бизге бала бербесеңиз, мен өзүм төрөйм! – деп Линда Поттерге кайрылат.
– Ушунчалык эле тезби? – Поттер таң кала Линданы карап калат.
Том Линдадан кечирим сурайт. Бирок Линда өзүн бактысыз эмес, тескерисинче, бактылуу сезип жатканын айтат. Андан соң Линда жаңы эле дарыгерден келгенин, кош бойлуу болгонун билдирет.
Бул жерде Поттер Линда менен кайдан жолугуп калганы белгисиз. Эгер Поттер үйдөн эртерек чыгып кеткен болсо, ал өз жолу менен кетиши керек эле. Жумушуна же үйүнө барууга жетишмек. Жок дегенде анын кайра кайтып келишине кандайдыр бир себеп болушу зарыл болчу.
Режиссёр бул көрүнүштү башкача чечсе, окуя жүрүшү түшүнүктүү болмок. Мисалы, Поттердин сыртта күтүп турганын билдирген бир сөз же чакан аракет жетиштүү эле. Бул майда көрүнгөнү менен, көрүүчүнүн окуяга болгон ишенимине таасир этет.
Констебль Даунздун образын Владислав Семёнов аткарат. Бул каарман сахнага чыккандан тартып өзүнүн ишенчээктиги, жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Ал башкалардын сөзүнө оңой алданып, кээде эң жөнөкөй жагдайды да туура түшүнө албайт. Мындай образ көрүүчүлөргө күлкү тартуулайт. Бирок ошол эле учурда анын укук коргоо кызматкери экенине ишенүү кыйын. Чыныгы турмушта милиция кызматкери адамдардын сөзүн текшерип, кырдаалды баалап, шектүү жагдайларга көңүл бурушу керек. Ал эми Даунздун аракеттеринде мындай сапаттар дээрлик байкалбайт. Албетте, бул каарман чыгарманын өзүндө да ушундай мүнөздө берилген. Демек, анын ишенчээктиги актёрдун кемчилиги эмес, образдын өзгөчөлүгү.
Владислав Семёнов бул мүнөздү сахнада жеткиликтүү көрсөтө алган. Анын башкаларга оңой ишенип калышы жана күтүүсүз реакциялары күлкү жаратат. Ошол эле учурда каарманга бир аз кыраакылык кошулса, анын алданып калган учурлары дагы да кызыктуу болмок. Анткени өзүн акылдуу эсептеген адамдын жаңылышуусу көрүүчү үчүн көбүрөк күтүүсүздүк жаратат.
Жимбонун образын Медербек Дүйшөналиев аткарат. Жимбо спектаклдеги негизги каармандардай көп убакыт сахнада болбосо да, окуялардын өнүгүшүндө өз орду бар. Анын катышуусу менен сахнадагы абал жаңы нукка бурулуп, негизги каармандардын алдында дагы бир жагдай пайда болот. Медербек Дүйшөналиевдин аткаруусу спектаклдин жалпы маанайына шайкеш келет. Ал өз каарманын башкалардан бөлүп көрсөтүүгө ашыкча умтулбастан, окуянын бир бөлүгү катары алып жүрөт.
Мындай ролдордо актёрдун милдети, сахнага чыккан кыска убакыт ичинде каармандын мүнөзүн көрсөтүп, окуяга өз салымын кошуу. Жимбо спектаклдин жалпы жүрүшүн толуктап турган образдардын бири.
Режиссёр Александр Панин спектакль жүрүшүн көрүүчү тажабагандай уюштура алган. Окуялар бири-бирин улап, улам жаңы жагдайлар жаралат. Каармандардын сахнага кирип-чыгышы, күтүүсүз жолугушуулары жана бири-биринен жашырууга аракет кылган сырлары күлкүгө негиз болот.
Спектаклдин дагы бир жакшы жагы: актёрлордун биргелешкен оюну. Ар бир каармандын өзүнө тиешелүү мүнөзү бар. Томдун тынчсыздануусу, Дик менен Гарринин жоруктары, Линданын эмоционалдуулугу, Поттердин ишенчээктиги жана Андраш менен Катеринанын өзгөчө жүрүм-туруму биригип, кызыктуу көрүнүш түзөт.
Бирок режиссёр айрым эпизоддордо актёрлордун ашыкча кыймылдарын жана эмоцияларын бир аз чектесе болмок. Анткени комедиянын күчү дайыма эле катуу сүйлөөдө же көп кыймылдоодо эмес.
Сүрөтчү Ангелина Гайер иштеп чыккан сахна жасалгасы да спектаклдин ийгилигине салым кошкон. Үйдүн ички көрүнүшү, эшиктердин жайгашуусу жана актёрлордун кыймылына түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр окуялардын кызыктуу өтүшүнө жардам берет. Айрыкча эшиктер спектаклде маанилүү орунду ээлейт. Каармандардын бир эшиктен чыгып, экинчисинен кириши, күтүүсүз жолугушуулары жана бири-биринен жашынуусу күлкү жараткан көрүнүштөрдүн негизин түзөт. Декорация сахнаны кооздоп гана турбастан, актёрлордун оюнуна да кызмат кылат.
“Плохие парни” — ийгиликтүү коюлган, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жарата алган спектакль. Александр Панин режиссёр катары чыгарманын күлкүлүү жагдайларын сахнада жандуу көрсөтүүгө жетишкен. “Плохие парни” көрүүчүгө жакшы маанай тартуулап, театрдан күлкү менен чыгууга шарт түзгөн комедия. Жакшы комедия көрүүчүнү күлдүрөт. Ал эми мыкты комедия күлдүрүү менен бирге сахнадагы адамдарга да ишендирет. “Плохие парни” ушул эки сапатты айкалыштырууга жетишкен.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR