109 жана 104 жыл жашаган эже-сиңдилердин эскерүүсү

  • 20.10.2026
  • 297

УЛАНДЫ: ЭЖЕ-СИҢДИ ДЕЛАНИЛЕРДИН ЭСКЕРҮҮСҮ

Мурунку топтомдору мында>>>

12

Бэсси

Раса маселесине тиешелүү окуялар алиге менин кыжырымды келтирет. Анын кесепетинен өмүрүмдө көп жапа чектим. Эгер «Сен мындай адилетсиздикке кантип чыдадың?» деп сурасаңыз, «Жакшы тарбия алганым үчүн!» деп жооп бермекмин. Ата-энем мени кимдир бирөөлөргө ызаланып, кек сактоого үйрөткөн эмес. Эгер алар менин кек сактоому колдошсо, адамдык насилимди эчак өлтүрүп тындырышмак.

Тырмактай кезимден адилетсиздикке каршы турдум: Жим Кроу дегендин жетекчилиги астында расалык жиктөө же сегрегация башталганда, сенин көзүңө сөөмөйүн кезеп, расаңды айтканда, өз тегимдин ким экенин чучугума чейин сезчүмүн. Кичинекейимде чын тийбес жан ыйлаак эмес эдем. Бирок теримин түсүнө карап, мага осол мамиле жасашканда, мисалы, бизди аптекада тейлебей коюшканда, үйгө келип керебетиме отуруп алып, узакка бышактап ыйлаганымда, көзүмдөн куюлган жаш бетимен ылдый шорголоп акчу.

Апам шашпай келип, керебетимдин аяк жагына отурчу. Бир да сөз айтпайт. Ал, абалымды түшүнчү, бирок кыжырданып, ачууланганымды каалачу эмес. Ошон үчүн апам мени ыйлап, таарынычын чыгарып алсын деп мага карап, жанымда жылбай отурган; мени ушинтип соороткон. Чарчаганча ыйлоо – мен үчүн эң жакшы сооротуучу дары болорун апам түшүнгөнүн билчүмүн.

Балалык чагымда бизди көбүнесе «түстүү» (colored), «негр» (Negro) жана «ниггер» (nigger) дешчү. Мени «жиггербу» (jiggerboo), «пиканинни» (pickaninny), «кун»(coon) деп да аташкан - деги эмне гана дешпеген, чырагым. Бул сөздөрдүн кээси башкаларынан алда канча жаман, алардын канчалык орой же сөөккө жеткен күчү – ким айтканына жана кандай максатта айтылганына багыңкы болот.

Айрым ынды каралар арасында өңү ак болгонун артыкчылык катары көргөн  көзкараш үстөмдүк кылган. Атүгүл берегидей накыл сөз болгон: «Мөмө канчалык кара болсо, ширеси ошончолук ширин; мөмөсү өтө эле кара болсо, анын пайдасы жок». Эгер сенин териң өтө эле кара болсо, башка ынды каралар сени кекирейип карап, теңине алышкан эмес! Биз Африкада жашаган заманда ынды каралар арасында ушундай кекирейгендер болгонуна ишенбеймин; менимче, мындай маданий илдетти – Америкада, ак өңдүү элдерден алсак керек. Биз, өз үй-бүлөбүздө да, ак өңдүү балдарга жакшы мамиле жасалганын байкаганбыз, лекин, бул теманы түк талкуулабадык.

Биз, бир тууган Деланилердин, өңү-түсү, аз да болсо башкалардан өзгөчөлөнүп турчу, бирок мындай айрымачылыкка биз эч маани берген эмеспиз. Бизге сенин ак, кара, боз же күрөң экениңдин айрымасы жок эле; түсүң кандай болбосун, сен ошол эле адамсың.

Өзүмдү же эжемди сыпаттаганда, «ынды кара» сөзүн көп колдонбоймун. Биз үчүн ынды кара – бул өңү кара адам, айталы, ынды кара, өңү-түсү өтүктөй кара демекчимин, кагылайын. Өзүм ынды кара эмесмин, менин өңүм күрөң! Чынын айтканда, мени сыпаттоо үчүн эң туура сөз – «түстүү» деп ойлоймун. Мен түстүү аялмын же ынды кара аялмын – эки сөз тең жарайт. Азыркы адамдар бул сөздөрдү жактырышпайт; азыр «афроамерикалык» деген терминди пайдаланышат. Мен эгерим бул терминди пайдаланбайм, пайдаланам деп ойлобойм да. Өзүмдү жөн гана америкалык дегенди туура көрөм, калас!

Сиз көрүп турбайсызбы, мен ар бир адам сымал өзүмдү жакшынакаймын деп ойлоймун. Мени ушундай тарбиялашкан. Бир сырымды ачайын сизге: өзүмдү башкалардан жакшымын деп санаймын! Ха-ха! Кулагым кишинин өңү-түсүнө байланыштуу ар кандай кеп-сөздөргө бышкан, ошон үчүн өзүмдү кимдир бирөөлөрдөн кеммин деп эсептебейм. Мен акылдуу, кайталангыс инсан, тирүү адам экенимди эчак билгенмин. Адамдар мени көрүп, бирок бермет таштай бажырайган асыл сапаттарымды эмне себептен байкашпаганына эч акылым жетпейт.

Илгери текеберленип, өздөрүн кишиге камкор көрсөткөн ак адамдар көп кездешчү. Андай адамдарды жактырбайт эдем. Алар бизди, ынды каралардын баарын, келесоо санашкан. Ал заманда өңү ак адамдар колдорун кичинекей ынды кара балдардын башына сүртүп, ийгилик каалашканына аргасыздан чыдаганбыз. Ырас, дал ошондой. Эгер кичинекей пиканиннинин башына колдорун сүртүшсө, мунусу коёндун буту сыяктуу эле жакшылык алып келет деп ишенишкен өңү ак адамдар. Ошол себептүү ак адамдар менин башыма тийбөөсү үчүн, өзүмдү алардан обочо кармоого тырышчумун. Ушундай, мырза!

Билесизби, ак өңдүүлөр качан болбосун жакшынакай ынды кара кызматчылар менен нянкаларды издеп жүрүшчү. Кээде актар кампуска келип, Сэдди экөөбүздү көрсөтүп, апамдан: «Экөөнүн бирин алып кетсек каршы эмессизби?» дешчү. Апам ошол замат кирпидей тикчийип: «Бул кыздар – менин кыздарым, алар эч жакка барышпайт!» - деп кесе айтчу.

Бир мертебе, мен секелек кезде, бир ак аял мага жумуш сунуш этти: анын үйүндө жашап, үй чарбасына көмөктөшүүнү. Ал аял кампус жанында, биздин үйгө жуук жашагандыктан: «Ымм, эгер иштесем, бир аз акча таап алам» деп ойлодум. Бирок апам: «Бул жөнүндө эч сөз болбош керек!» деп койду. Ал кезде апам эмне үчүн андай дегенин түшүнгөн эмесмин, лекин азыр апамды түшүнөм: Апам биздин ак адамдарга кызматчы болгонубузду каалаган эмес.

Буга эч ким ишенбейт, бирок бул чындык: мен да, Сэдди да эч качан ак адамдардын жумушун жасабадык, тактап айтканда, аларга кызматчы болгонубуз жок. Ырас, мен стамотолог болуп иштеп жүргөнүмдө бир топ ак өңдүү пациенттим болгон; Сэдди Нью-Йорктогу мектептердин биринде ак өңдүү директордун жетекчилиги астында иштеди, бирок биз эгерим ак өңдүү адамдардын үйүндө алардын кызматын кылбадык. Эч качан, мырза,  эч качан! Бул өз өмүрүмдө баарынан көп сыймыктанган жетишкендиктеримдин бири - айтканым акыйкат, ишениңиз! Лекин, ынды кара адамдар: «Анда кантип жаныңарды бактыңар?» - деп сурашат. Алар чындыгында ушундай болгонуна ишенишпейт.

Апам-атам бизди көздүн агындай аяр сактоону каалашты, лекин босогодон ары жакта чыныгы жашоо өз канону менен жашагандыктан, алар бизди өмүр бою канат астында калкалоосу мүмкүн эмес эде. Атам такай түрдүү гезиттерди окучу, бирок бизге аларды такыр окутчу эмес, бирак биз тегеректе эмне болуп жатканына абдан кызыккан балдардан болчубуз, айрыкча мен. Чоң атам – Уильям мырза, апама айтчу: «Нэнни, балдарыңдын ар биринен мыкты детектив чыгат, өзгөчө, Бэси – эң мыкты детектив!» Мунусу талашкыс чындык.

Биз, көп убакыт өтпөй, ынды кара адамдар өлтүрүлгөнү тууралуу жүрөк титиреткен коркунучтуу кабар уктук. Алар эч кандай сотсуз-тергөөсүз жырткычтык менен линч кылып өлтүрүлүптүр. Жол чети менен – туура эмес жайда, беймаал убакта бараткан байкуш ынды кара линчтеп өлтүрүлгөнү жөнүндө мугалимдер өз ара сүйлөшүп жатканын кулагыбыз да чалып калды. Жергиликтүү расисттер шордууну кармап алып, тамаша кылуу үчүн даракка асып салышкан. Кутурган жигиттер үчүн ынды караны өлтүрүү – кадимки оюн-зоок көргөндөй көңүл ачуу эле.

Негизи, оолуккан эргулдар Касиеттүү Аугустин мектебинде окуган бизге тийишпеди. Сиз береги немелер Касиеттүү Аугистиндин кампусуна кирип, ал жерде билим алып жүргөн тайманбас ынды караларды тезге салып коюшу керек эде деп ойлосоңор керек; бирок алар биздин мектепте диний семинария барын билишкен деп боолгойм. Биз Роли шаарындагы кампуста жашаганыбыз үчүн гана өмүрүбүз коопсуз болгону шексиз.

Ага карабастан, атам инилеримдин үйгө караңгы түшкөнчө келүүсүн талап кылган жана аларды жамандыктан кантип сактанууга үйрөткөн. Түшүнөсүзбү, ынды кара эркектерди, мисалы, актар «тайаке» дешкенине же ушул сыяктуу сөздөрүнө макул болушпай, каршы сүйлөшкөнү үчүн да линч кылып өлтүрүшкөн. Эгер ак аял ынды кара эркек мени «тигинтип» карап койду деп даттанса, ынды кара эркек ошо күнү өмүрүнөн айрылган. Жергиликтүү эргулдар ынды каранын үйүнө түн ортосунда келип, бейбакты жылуу төшөгүнөн тургузуп, жубайы менен балдарынын көз алдында асып салышкан. Бүтүндөй үй-бүлөнү асып өлтүргөн учурлар да болгон. Же эркек үйүнө келип, ал жасады делген «бейчеки иши» үчүн - жубайын асып кетишкенин көргөн. Билесизби, мен боюнда бар ынды кара зайыпты кантип өлтүрүшкөнү тууралуу эшиткем: аны бутунан асып, кардын жарышканда, жатындагы түйүлдүк – төрөлчү наристе жан бериптир.

Теңир, өзүң кечире кой! Мындай мыкаачылыктын жөн-жөнүн эч түшүнбөймүн. Азыр да мунун баары мен үчүн айбанчылыктай көрүнөт, ошо кезде да ушундай ойлочумун. Эгер Касиеттүү Августин мектебиндеги мээрман ак миссионерлер жана апамдын мени аздектеп сүйүшкөн ак өңдүү туугандары болушпаса, мен бардык ак өңдүү адамдарды жинимдей жек көрмөкмүн. Баарын.

Жараткан өзү бүгүнгө чейин мага кезиксин деп ак өңдүү жакшы адамдарды жолума маал-маал жөнөтүп турат. Менимче, жараткан ушинтип менин ачууга алдыруума жол бербейт. Ал ошентип изги адамды мага жибергенде, өз жаңылыштыгымды моюнума алууга туура келет; элде айтылгандай, «карганы жегенге» аргасыз боломун. Чырагым, сага айтып берейин: карга – жегенге эти катуу кары пәрәндә болот.

13

Сэди

Мага кээде ата-энем бизди ашыкча аздектеп, элден обочо кармашкандай көрүнөт. Чынын айтсам, эркектерден коркчумун. Мен бойго жеткенче эле шаардын ортосуна жалгыз барганга уруксат беришпеди мага, баралыма жеткенден кийин да шаарга чыкканда негедир чочуркап турчумун.

Бир күнү жолдо баратсам, ак жүздүү эркек менден жол сурады. Мен атамдын сөзүн эстедим: «Эч качан ынды кара болобу, ак жүздүү болобу, үйлөнгөн болобу, деги эле эркек аттуу менен сүйлөшпөгүн. Алар сага жакшы эч нерсе сунуш кылбайт, түшүндүңбү?» Атамдын бул сөздөрү мээмде улам кайталанып, үндөбөй кете бердим. Ак эркек машинесин артыман айдап, жолду гана билгиси келгенин айтып, кыйкыра берди. Акыры чыдабай: «Дүлөйсүңбү?!» деп күңк этти. Мен токтоп, ал сураган дарекке кантип барууну түшүндүрүп бердим; ага ушул эле керек болчу. Бирок андан өлгүчө корктум!

Сиз өзүңүзчө элестете аласызбы? Мен Касиеттүү Августин мектебин бүткөн убакта, андан башка эч жакка кетким келбеди. Кампус мен үчүн эс тарткандан билген жалгыз үйүм эде. Иним Лемуэль да сыртка кетүүнү каалабады. Ал медициналык коллежди бүтүп, үйлөнүүгө камданып жатканда, болочок келин экөө биздин үйдө чогуу жашоону каалады. «Мени кечирип кой, Лемуэль, сен үйлөнгөн соң, биз менен чогуу жашай албайсың. Бул сенин апаңдын үйү. Бир уяда эки каныша болбойт» - деди атам Лемуэлге.

Атам менин да үйдөн кетүүмдү күтүп жатты. 1910-жылы мен окууну аяктаган учурда, Касиеттүү Августиндин диплому мектепте сабак берүү укугун берген. Көпчүлүк окуучулар Касиеттүү Августинди бүтүп, төрт жылдык коллеждерге барышкан. Мугалимдерди даярдоочу семинариянын студенттери көбүнесе Йель университети сыяктуу окуу жайларда билимин улантышчу, ал эми мугалимдерди даярдоочу мектепти бүтүргөн кээ бирөөлөр кийин гуманитардык коллеждерге киришкен. Мен окууну бүткөн күнү атам мага мындай деди: «Кызым, сен коллежде окууга татыктуусуң. Сен коллежге - өз өлкөң, өз расаң жана өзүң үчүн барып окууң керек. Эгер андай кылбасаң, сен үчүн уят!»

Мага окууну улантуудан башка чарам жоктой туюлду. Бирок атам мага: «Кызым, менин дасмиям жок. Лекин, сага стипендия алууга болбойт. Эгер стипендия алсаң, бул акчаны берген адамдарга милдеткер болосуң. Сен өз жолуңду өзүң чабышың ылазым» - деди.

Мугалимдик кызматты издей баштадым, Түндүк Каролина штатынын Уэйк округундагы мектептер боюнча куратордун орду – супервайзер кызматы бош экенин билдим. 1910-жылы жашым али жыйырма бирге толо элек, мындай кызмат үчүн өтө эле жаш экениме карабастан, мени жумушка алышты. Жумушка кабыл алуу алдындагы маектешүүдөн өтүү үчүн поезд менен Түндүк Каролинанын Метод калаасына барганым дале жадымда; ошондо калаанын мэри, мырза О'Келли мага: «Кудай үчүн, Делани айым, жок дегенде чачыңызды желкеңизге түйүп алыңызчы. Болбосо окуучу кыздай көрүнөсүз» дебеспи. Мен ал кезде чачымды узун кылып, өрүп алып жүрчүмүн.

Түштүктүн көпчүлүк жерлериндеги ынды каралардын мектептеринде үй тирикчилиги сабагын окутуу үчүн атайын кор түзгөн аялдын фамилиясы Жинс болгондуктан, анын урматына береги кызмат "Jeanes Supervisors" аталган. Ынды каралар үчүн мектеп шарты актардын мектептерине салыштырмалуу көп эле начар болгон. Сабак негизинен чиркөөдө өткөн: балдар полго чөкө тизелеп отуруп, чиркөөнүн орундуктарын парта ордуна колдонушкан. Асыресе үй тиричилигин окутуу үчүн атайын бөлмө жогунан, сабак өтүү үчүн кимдир бирөөнүн ашканасын сурачумун. Окуу жараянын жөнгө салып болуп, ордума өзүм жалдаган мугалим - мен баштап койгон ишти улантып кетчү.

Оболу мен үй тиричилиги сабагын окутуу үчүн гана жооптуу элем, бирок мага округдагы мектептердин ишин текшерүүчү инспектордун милдетин да артып салышты. Натыйжада, Түндүк Каролинанын Уэйк округундагы ынды каралар үчүн ачылган бардык мектептерди жетектедим. Ал үчүн сары чака да төлөшпөдү же эмгегимди эч бир жан баалаган да, белгилеген да жок.

Мурдагыдай эле үйдө жашап жүрдүм, себеби береги мектептердин көбүнө бир күндө поездге түшүп же атка чегилген экипаж жалдап барып келчүмүн. Ал арада иним Лемуэль Филадельфиядагы интернатурасын аяктап, өз акчасына алган автокөлүгүн айдап келди. Бул биздин үй-бүлөдөгү биринчи автомобиль эле. Атам менен апам автомобилди жининдей көрүшчү, ошондон улам машине мингенди үйрөнүшпөдү. Балалык чагымда Ролиде автокөлүк аз болгон үчүн анын моторунун күрүлдөгүн укканда, жасап жаткан ишибизди таштап, даңгыр жолдо чайпалып бараткан калдайган немени көргөнү тызылдап чуркачубуз. 

Айтор, Лемуэлдин автокөлүгүн айдаганды үйрөнүп алдым; мен үйрөнгөндөн кийин, асыресе Бэсси да үйрөнүүм керек деп чечти. Жаңылбасам, ал айдоону үйрөнүп жүрүп, Лемиуэлдин автокөлүгүн жол жээгиндеги арыкка түшүрүп ийди окшойт! Арийне, буга Лемуэль кубанган жок.

Мен жакшы айдоочу болдум; Букер Т.Вашингтон[1] мырза Ролиге келгенде, мен аны Лемуэлдин автокөлүгүнүн жүргүнчүлөр отурчу орундугуна отургузуп алып, округдагы өз мектептерими кыдыртып чыктым. Ал, ырасында эле мен жасаган иштерди абдан жогору баалады.

Менин баамымда, бүгүн деле адамдар Букер Т.Вашингтондун эмгегин татыктуу баалашпайт; атүгүл менин заманымда радикалдуу көзкараштагы ынды каралар Вашингтон мырзаны теңине алышкан эмес; себеби, алар келечекте өз расасындагылардын байпагы макмал болот дешип, Вашингтон мырзадай чындыкты түз айтпай, алтын шилекейин чачыратып сүйлөшкөн. Ага карабай, Вашингтон мырза өз элине жардам берүү далалатын уланта берген: ал биринчи кезекте ынды караларга билим берүүгө, алардын бекем ирденүүсүнө жардамдашууга умтулган. Ал толгон токой адамдарга көмөктөштү, ошон үчүн аны сындагандан көрө - урматтоо абзел. Ал улуу америкалык, чыныгы жентельмен – асыл адам болгон! Кең пейил жана кичи пейил жан эле.

Мен супервайзер болуп иштеп атып, өзүмө мурда көрбөгөн жаңы дүйнөнү ачтым. Жыйырма жашыма чейин эки гана жерди көргөм: Варжиния штатындагы Як шаарында жашаган таята-тайенемдерге жана Флорида штатындагы Фернандинеге – атамдын туугандарына баргам. Мен үчүн дүйнө - Касиеттүү Августин кампусу жана Роли шаарынын ортосу менен чектелген. Ошондо алгачкы мертебе менин кандаштарым кандай жашагандарын көрдүм. Жашоодо башкаларга караганда жолдуу экенимди, бар дөөлөтүмдү бөлүшүүм зарурат экенин түшүндүм. Атамдын: «Сенин вазийпаң – башкаларга жардамдашуу, ишиң – адамдарга көмөктөшүү!» - деп утуру кайталаган сөздөрүн эстедим. Атамын бул сөздөрү мага күч-кубат берди.

Конфедерация аскерлери багынгандан кырк беш жылдан кийин көпчүлүк ынды каралар ушундай абалда жашаган, чырагым, алардын жашоосу так ушундай болгон. Кудум бүгүнкү геттолордогу сыяктуу. Алар эң жөнөкөй нерселерге муктаж болчу. Оокат даярдаганды, үйдү иреттүү кармаганды, туура тамактанганды, деле эч нерсени билишчү эмес!

Көбүнесе, балдарга окуганды, жазганды үйрөтүү башкы маселе эмес эле. Адамдарды тамак бышырганга, айталы, азыкты консервалоого үйрөтүү бир кыйла маанилүү эде. Андан тышкары, алар санитария жана гигиена жөнүндө өтө аз билишкен, аялдар жаңы төрөлгөн ымыркайларды кантип ороп-чөргөөнү, туура эмизгенди билишпеген. Аларга киндикти кантип таза карамаганды үйрөттүм, башка ушу өңдүү нерселердин маанисин түшүндүрдүм.

Билем, Жинс долбоорунда супервайзер болуп жүрүп, көптөгөн адамдарга жардамдаштым, ал ишим үчүн аябай сыймыктанам. Көптөгөн адамдарды билим алууга шыктандырдым, окуучуларымдын бир тобу кийин Касиеттүү Августин коллежине киришти. Көп учурда бул адамдарга шыктануу, ошондой эле азырак болсо да колдоо керек болчу. Мунун мааниси абдан зор.

Алар үчүн үлгү болдум; актардын бизге жасаган жосунсуз жоруктарына карабастан, кантип жакшы жашоо мүмкүн экенин аларга көрсөттүм. Мага береги кембагал ынды кара адамдардын абалын билүү оорчулук туудурбады, анткени жумуш сапарым үйгө жетүүгө алыс болгон учурларда, негизинен жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн тамында түнөп калуудан башка чара жок эле. Ой, чырагым, анда заман оор болчу! Эч качан арыз-арманымды айтып даттанбадым, ошентсе да ал сыяктуу түндөрдө апамдын электр кубаты жана суу түтүгү бар үйүнө жетип барууну каалаганымды айтпа! Кээ бир бүлөлөрдүн үйүнүн сыртында ажатканасы да жок эде. Алар бадалдардын арасына барып, чуңкур казып, ошо жерге заңын көөмп коюшкан.

Мен үчүн баарынан да Роли шаарынан үч миль[2] алыстагы бир өңчөй ынды каралар байырлаган Метод кентиндеги[3] О’Келлинин тамында жашоо ыңгайлуу болду. Кенттин калкынан тышкары, аны башкарган мэр да, мисалы, О’Келли мырза ынды кара болчу. Ал мэр кызматын аткарганга катар дүкөн кармап, почтмейстрдин да кызматын аткарчу. О-Келлинин жубайы мыкты кожойке эде. Анын сербаа фарфор идиштери жана конок тосуучу атайын бөлмөсү бар эде. Биздин Касиеттүү Августин кампусундагы үйүбүздө да меймандар үчүн атайын бөлмө бар эде, бирок биз үйдөгү бардык бөлмөлөрдү пайдаланчубуз.

О’Келли айым тууралуу айта кетчү бир жагдай бар: ал кургак учук менен ооручу. Ал колдонгон идиш-аятактарды өзүнчө бөлүп жууп, анан кайнак сууга салып, дезинфекциялоого туура келчү. Бул О’Келли айымга катуу тийчү. «Менин фарфор тарелкаларымды алып эле ыргытып жиберсеңер, эч нерсе болбойт», - деп кыңырылчу. Ырас эле О’Келли айымдын фарфор идиштери оголе көп болгонуктан, ал идиштери менен эмне каалаганын кылса болмок. Эрди-зайып баргер турмушта жашады.

Бирок О’Келли айым менен кызы кургак учук дартынан каза табышты. Ал кезде кургак учук чоң көйгөй болчу, эшиткениме караганда, азыр кайра чоң машакатка айланыптыр. Мен кургак учук дартына чалдыккан адамдар дарыланчу санаторияларга көмөк көрсөтүү үчүн каражат да чогулттум учурунда, ал жайга кеткендердин көбү экинчи кайрылып келишпеди. Ынды каралар жана ак өңдүүлөр үчүн санаторий эки башка жерде болчу. Эмне үчүн дебейсизби? Актар ынды каралар соопчулук үчүн чогулткан акчаны өздөрүнүн санаторияларына берип салышкан. Алар кыпындай да уялышкан эмес. Сенде муну байкагандай акыл жок деп ойлошкон.

Эгер О’Келли айым жана кызы бардык ыңгай-шарты бар тамда жашап туруп, кургак учук менен оорушса, элестетиңизчи, мен эч кандай жагдайы жок үйдөгү адамдар менен чогуу түнөп жүрүп, өмүрүмдү кандай тобокелге салганмын? Бирок мага ар кандай оору-сыркоо түк жолободу.

Мага убактынча жашоого туура келген жерлердин эң осолу деп Найтдейл кентин атайт элем. Ал жерде мени кантала быкылдап толгон бөлмөгө жайгаштырышты. Бир жолу Найтдейлге мага шерик болуп, Бесси да барды. Ал эртең менен жууркандын бетинен алаканын сыдырып, канталаларды эзип киргенде, жуурканда алардын канынын кыпкызыл изи калды. Бесси буркан-шаркан түшүп, экөөбүз катуу уруштук. Ал: «Сэди, мен үйгө кетем! Канталалары жок апамдын үйүнө кетем!» - деди. «Ой, Беси, суранам, кетпечи» - дедим жалбарып. «Канталаларга тирүүлөй канымды сордургандай акылымдан адашкан эмесмин. Кааласаң, кала бергин! Бул сенин проблемаң! Мен үйгө кетем!»

Бесиден жанагы үйдүн эгесине эч нерсе айтпагын деп өтүнгөн эдем, бирок ал «балп» эттирип, айтып койду. Кожойке: «Силерди канталалар өтө көп кыйнабаса керек, ээ» - дебеспи. «Тиги немелер, чынын айтканда, биздин бүтүн жерибизди калтырышпады!» - деп кесе жооп берди Бэси. Кожойке сөздү улантып: «Ал бөлмөдө эчактан бери эч ким түнөгөн эмес. Ошого канталалар аябай ачка болушса керек деп ойлойм» - деди.

Бул сөз, албетте, Бессини жин ургандай ачуулантты. Демек, кожойке бөлмөдө кантала барын билген. Ошентип, Бэсси кетип калды, а мен Роли шаарындагы үйгө келерки күнү кайтып келдим. Мына ушундан кийин мага Найтдейл кентине кайтууга зарыл чакта, дайыма жумушту ал жерде түнөп калбагандай кылып пландоочу болдум.

Кызматтыма байланыштуу милдетимди аткарган бойго жеткен аял катары округдагы элдүү жайларга барып жүргөнүмө карабастан, атам мурдакыдай эле менин жеке жашоомду көзөмөлдөп турду. Ал менин ар кандай бейтааныш же учкаяк жигиттер менен таанышканымды каалабады, ошон үчүн мага жигиттерди өзү тандады. Мага конок жигиттер келгенде, биз мейманканада отуруп сүйлөшөт элек. Бизге андан артык эркиндик берилчү эмес. Ал учурда атам коңшу бөлмөдө отуруп гезит окучу, бирок биздин ар бир сөзүбүздү кулак сыртынан кыя кетирбей, тыңшап отурганына бөркүмдөй ишенем.

Мен үчүн жанды жанга урууга даяр Фрэнк деген жигит бир топ убакка чейин мени айланчыктап жүрдү. Ал менин иним Лемуэль менен чогуу Шоу университетинде дарыгерлик кесипке окучу. Фрэнк көпкө тили оозуна жукпай сүйлөй берчү; атамдын мерчеми боюнча конок кетчү убакыт болсо деле, сөзү бүтпөгөнтүктөн, атам ага көп ачууланчу. Касиеттү Августин мектебинин кампусунда чыракты кечки саат ондо өчүрүшчү. Саат ондон кийин биздин үйдө чырак күйүп турганы атамдын кыжырын келтирчү. Муну ал оңбогон жосун деп саначу.

Бир мертебе Фрэнк экөөбүз сүйлөшүп отурсак, атам мени чакырып калды. Аны мйманканада калтырып, атама чыксам: «Аны кет деп өзүң айтасыңбы же мен айтайынбы?» деди. «Мен ага кет деп айта албаймын. Көңүлүн ооруткум келбейт» - дедим атама. Ошентип, не мен, не атам Фрэнкке эч нерсе айтканыбыз жок. Атам айласын тапты: ал ишараны Фрэнк түшүнөт деген үмүттө, «күрс-күрс» жөтөлгөндөй тамагын кыркыратып, полду тапылдата ары-бери басып жүрдү. Андай күндөрү биз Фрэнкти дээрлик эшикке чейин өзүбүз колтуктап чыгарууга мажбур болчубуз.

Мага Фрэнк абдан жагат эде, бирок бир күнү атам: «Сэди, мындан ары аны менен эч качан көрүшпөйсүң» - деди. Көрсө, Фрэнк бир жаш медайым катышкан чатакка аралашканын Лемуэль атама жеткирген экен. Кандай болгондо да Фрэнк өзүнүн күнөөсүз ак экенин Лемуэль менен атама далилдеп бере албады. Менин болжошумча, анын чатакка аралашканы чындык, бирок чатактын жөн-жайын биле албадым.

Бир билгеним: ошо боюнча Фрэнкти кайра көрбөдүм. Мына, ушинтип карт кара далы да болдум. Оой, «кары кара далы» деп айтпоо керек элем, себеби бул сөз Бэсинин жанын кашайтат. Бэсинин айтымында, биз «күйөөсүз айымбыз». Бизди кантип аташпасын, мен эч нерсеге өкүнбөймүн. Менимче, Фрэнк мээмди чагып, жанымды кылга байламак. Балам, мен жакшы өмүр сүрдүм.

14

Бэси

Менин баамдашымча, Лимуэль менен атам Сэдиге Фрэнк менен көрүшүүгө тыйуу салып,  туура кылдык деп ойлошкон, - мен антип эсептебейм. Сэди эбак эрезеге жеткен куракта болчу, өз сөзүн айтууга укуктуу эле. Кандай кылуу керек экенин алар эмес, Сэди өзү тандоо керек эде!

Ой, ал карт Фрэнктин эмнесин жактырганына акылым жетпейт. Ал өтө эле эзме болгондуктан, тантып көп сүйлөчү; баса, бул сөздү айтпоом керек эле, анткени өзүм деле сүйлөгөндө кимди да болсо, оозуна күл куйгандай кылып, «лам» дедирбейм. Ооба, мырза! Сэди бул карт эрди - эрдине жукпаган шакылдак немеге акыркы жүз жыл бою кантип чыдайт эле, билбеймин.

Сэди экөөбүз тең турмуш курбай, жалгыз бой өтсөк, эмне экен? Бизде ашык болгон жигиттерибиз болгон эмес деп ойлобогула. Биз, таанымал, сымбаттуу жана ай жамалдуу селкилерден болгонбуз, бирок көпчүлүк эркек таналар үчүн өтө эле акылдуу, ашыкча эрктүү болсок керек деп ойлоймун. Муну мен асыресе Түндүк Каролина штатынын Бордман шаарына мугалимдик кылганы барганымда жаңылбай түшүндүм. Чырагым, билесиңби, жашың жүзгө чыкканда, артыңа сереп салсаң, мунун баарын алаканга салгандай көрөсүң. Түшүнөм, эмне үчүн 1911-жылы Бордмандагы жигиттерди көз кумары канганча суктантып каратканымды!

Касиеттүү Августин мектебин бүткөндөн кийин, атамдан мурда Сэдиге айткан насиятын уктум: Төрт жылдык коллежге кирүү жана окуу үчүн өзүм төлөө керектиги жөнүндө ж.б.у.с. Ошентип, мен да мугалим болуп орноштум, Сэди кылганды кылдым: акча чогулттум, өз журтума жардамдаштым.

Биринчи жолу үйдөн сыртка кеткенимде жыйырма жашта элем. Атам мени Роли кентинин темир жол бекетине жеткирди, өзүмдү вагондо тың кармоого тырыштым. Бирок поезд козголуп, узай баштаганда бурулуп бекетте мени узатып турган атамды көргөндө, өзүмдү мүрт кетчүдөй сездим. Шолоктоп ыйладым. Ушунчалык катуу ыйлаган экенмин, ак өңдүүлөр вагонунда отурган адамдар ынды каралардын вагонуна эч кимди этибар албай, өңгүрөгөн кара кызды көрүп, көздөрүнүн кычуусун кандыруу үчүн келишти! Бүгүн айткандан уялам, бирок шондо вагондогу элди жүрөгүн сууруп алчудай кылып, катуу дүрбөттүм. Кондуктор келип: «Эмне балакет болду? Кимдир бирөө өлдүбү?» - деп сурады. Ал эмне, ушинтип сураш керек беле? Бул менин жаштыгым менен кош айтышуум эле, - муну билгем.

Желим чыкканча ыйладым, анан жүзүмдү аарчып алып, жол бою каккан казыктай какайып отурдум. Уильям таятамдын «Кандай гана кыйынчылык болбосун, башты түз кармап отуруу маанилүү» деген сөзүн эстегенге аракет кылдым. «Бесси, эч качан кишилердин көзүнө түз карагандан жалтанба. Башка адамдар сенден эч нерсеси менен артык эмес». Чоң атамдын ушул сөзүн эстөө жеңил болбоду: себеби, биринчи жолу үйдөн бөтөн жакка чыктым, эмчектеги ымыркай сымал эчкирип ыйлап, элге маскара болдум.

Бордманга жеткенимде, этек-жеңимди жыйып, өзүмдү кадимки адам кейпине келтирдим. Бирак чырагым, бул кентти көрүп, үрөйүм учту. Ачык айтайын, мындан бетер кент болбосо керек. Эркек аттуулар тактай тилүүчү ишканада эмгектенишет, ал эми жашоого керектүү заттын баарын ишкананын дүкөнүнөн сатып алышчу. Мен эрди-катын Аткинсондордун үйүндө алар менен чогуу жашадым.

Көрсө, менин келгеним - Бордман (Түндүк Каролина штаты) кентинин жүз жылга жуук жашоосундагы эң көрүнүктүү окуя болуптур. Береги ынды кара адамдар мени көзү ачык олуядай көрүшүптүр – мунусу мен үчүн күтүүсүз чоң жаңылык болду. Окуучулар мени аябай жакшы көрүшкөндүктөн, мешти мектепке келгенге чейин эле жагып коюшчу жана жаш балдар, айрыкча, менин күлазыгым менен китептеримди озунуп көтөрүп алышчу. Мен диктатор болчумун! Ага карбай, мени окуучулар эмнеге жакшы көрүшкөнүн билбеймин. Балдар мени сабактан кийин туура үйгө чейин ээрчип барышкандыктан, Аткинсон айым аларды артка кууганга мажбур болчу. Ал балдарга: «Болду, балдар, мисс[4] Делани силерге күн бою чыдады. Эми ал өз алдынча болуп, эс алуу керек. Үйүңөргө жөнөгүлө» дечү.

О, кудай, өз өмүрүмдө көптөгөн балдарды өстүрүүгө жардамдаштым: адегенде киндиктеш инилерим менен сиңдилеримди өстүрүүгө кол кабыш кылсам, кийин мугалим болуп жүрүп бул ишке түздөн түз катыштым. Апам мага: «Беси, сен балдарды тарбиялоого жөндөмдүүсүң. Сен фермерге турмушка чыгып, он балалуу болуп, элетте жашооң зарурат», - деп көп айтчу. А мен: «Апа, андай болбойт! Балдарыңды өстүрдүм, мен балалуу болгонду каалабайм!» дечүмүн. Өзүмдү бүтүндөй дүйнөнү чоңойткондой сезчүмүн!

Эми кепти кайра Бордманга буралы. Кенттеги эркектер мисс Беси Деланиге аябай суктанышчу. Мен чырайлуу, сымбаттуу селки элем, бирок ал жерлик эркектерге өзүмө болгон кебелбес ишенимим жана өзүмдү кандай алып жүргөнүм катуу таасир эткенин кийин түшүндүм. Атам мени бекеринен Каныша Бэс атабаптыр! Ролидеги католик диниятчынын билимдүү кызы болчумун. Аткинсон айым: «Кызым, алар эч качан сендей селкини көрүшкөн эмес», - дейт эле.

Дале жадымда, мен кент ичинде басып баратканымда ынды кара эркектердин ордунда тып токтошуп, мага тигиле карашканы. Алар мен жандарынан өтүп баратканда бир да сөз айтпай, баш кийимдерин колдоруна алып турушчу. Бир мертебе бир нече эркектин жанынан өткөндөн кийин, артыма бурулуп: «Эмнени жалдырап карап турасыңар?» десем, жооп беришпеди. Акыр аягында бирөөсү: «Билесизби, мисс Делани, биздин акылыбыз айран таң. Сиз жаннаттагы үр кыздардын бириндей көрүнөсүз бизге» - деди. А мен ага: «Сага жаннатагы үр кыз эмесмин. Кылый көзүңөрдү түздөтүп ал» - дедим.  Чырагым, бул айтканым чындык.

Бирак кээде өлө жалгызсырайсың. Бордманда жашаган 1911-1913-жылдары мага болгону жалгыз конок келди. Бир ирет Аткинсон айым мага: «Мисс Делани, бир жаш жигит сизге визит менен келүүнү каалайт» - деп калды. «Мейли, жакшы болот» - дедим. 

Ал да келди. Биз Аткинсондордун кире бериштеги кичинекей бөлмөсүндө жолуктук, а үй ээлери өздөрүнүн уктоочу бөлмөсүндө биздин сүйлөшкөнүбүзгө кулак түрүп отурушту. Мага келген коноктун бою кодогой, бирок эти чымыр, сөөгү бекем экен. Менин боюм 170 см жана мага бою узун эркектер жагат, тилекке каршы. Биз экөөбүз бир аз маектештик. Ага Касиеттүү Августин окуу жайында эң сүйүктүү сабагым тарых болгонун айтканым жадымда. Бул байкуштун билими ашып барса, төртүнчү класстын деңгээлинде болсо керектир, а мен ага Роли шаары жана Касиеттүү Августин кампусу жөнүндө тынбай божурадым. Айтор, тиги экинчи келбеди.

Бордманда мен үчүн жашоо оор болду. Аткинсондордун үйүндөгү мен жашаган кана, эрди-катындын чарчап калган баласыныкы эле. Керебет үстүндө маркумдун чоң сүрөтү илинип турчу. Муну көрүп көңүлүм чөкчү.

Ал жердеги биринчи түнү Аткинсон айымга: «Мен азыр жуунуп алсам жакшы болмок» - дедим. Ашканадагы калай чарада жуунам деп боолгогом. Үйлөрүндө атайын жуунчу жайы жок көпчүлүк адамдар ошондой кылышчу эде. Мен өз канама кийимимди алмаштыруу үчүн кирсем, Аткинсон айым эшикти тыкылдатты. Эшикти ачсам, ал мага кумура жана ичинде суусу бар дагара сунду. Калас! Мен ушинтип жуунушум керек эде! Эмне дейсиң, ушундай жол менен жакшы эле жуунуп алса болорун ошондо билдим. Сопсонун жуунасың, бирок бир канча убактың кетет. Бул лекин Роли шаарында чоңойгон мисс Делани үчүн күтүүсүз окуя болду.

Аткинсон мырза мен өз өмүрүмдө жолуктурган түрү суук адамдардын эң орою бузугу эде; мындан тышкары такыр кат таанучу эмес, бирок чыныгы мырза киши болчу. Ал бир да жолу тынчымды албады. Анын туулганда берилген аты – Спадж жана Спаджен дегенден кыскартылганын мага өзү айткан. Өзүнүн айтымында, аны ушул чөлкөмдө ысымы аңызга айланган баптист динаятчынын урматына ата-энеси Спадж деп аташыптыр.

Тырмактайымдан епископтук чиркөөнүн салтында тарбияланып, бирок Спаджен жөнүндө бейкабар экениме Аткинсон мырза аябай таң калды. Бордман кентинде епископтук чиркөө жок болгонго байланыштуу баптистердин же методисттер өткөргөн таат-ибадатка барчумун. Аталган эки диний агымдын жамааттары жарды болушкан үчүн, аларда ырдалчу гимндердин топтомдору жок эле. Методисттер өз гимндеринин сөздөрүн колуна илинген кагаздардын бетине жазып алышчу, мисалы, Sears каталогунун[5] барактарына.

Биз Бордманда жеген тамак-ашыбыз мен тутунган диетанын эң начары болду. Мен табиятыман арык болчумун, бирок чырагым, ал кентте жашап жүрүп, семирип кеттим! Крисмас[6] майрамына үйгө келгенимде салмагым 69 кг болгондуктан, тегеректеги элдин баары ушу семиз Бэсини көрүп алуу үчүн келишкен. Акыры ал салмакты жоготуп, кайра эт байлабадым. Буга, Сэдинин түшүндүрүшүнчө, Бордманда жашап жүргөндө чочконун сало майын, жалбырактуу кәрәм (капуста) жана таттуу дөшкө (картөшкө) сыяктуу тамактарды көп жегеним түрткү болуптур.

Бул кенттин адамдары витаминдер жана минералдар тууралуу түк эч нерсе билишпейт эде. Алар кембагал, караңгы болушчу. Сэди тиги Уэйк окуругунда Жинс долбоорунун супервайзери болуп иштеп жүргөндө кудум ушундай көйгөйлөрдү баштан кечирген. Апам ден соолугума кам көрүп, почта аркылуу чакан посылка жөнөтүп турчу. Ал Роли кентиндеги «California Fruit Company» аталган дүкөнгө барып, бир аз грейпфрут сатып алып, мага жиберчү.

Асыресе Ападж Аткинсон мырза грейпфрутту такыр көрбөгөн экен. Ал менден: «Мисс Делани, бул түрү суук жемиш эмне?» - деп сурады. Мен ага бир кесим грейпфрут берсем, аны оозуна салып, бети-башын мурчуйтуп, түкүрүп салды да: «Бул мен буга чейин даамын таткан жемиштердин эң жаманы, кычкылы, оозго алгысы экен!» - дебеспи! «Аткинсон мырза, эгерде сиз грейпфрутумду жөн гана ысырап кылмакчы болсоңуз, анда аны ошо бойдон мага кайра бериңиз» - дедим. Көзү төбөсүндөгү Аткинсон мырза колундагы бир тиштелген грейпфрутту сүйүнүп мага сунду. Ал пешайванда отуруп, грейфруттун даамын татып, ырахаттанып жеген мисс Деланини кудай сүйгөн дәрдисәр деп ойлогонунан эч күмөн санабаймын.

Аткинсон мырза табиятынан артист адам болчу. Бир күнү сабак өтүп атсам, класска кирип келип: «О, мисс Делани! Мисс Делани!» - дейт үрөй учуруп. «Эмне болуп кетти, Аткинсон мырза?» - десем, полго чөкө тизелеп отуруп: «Кудай башка салбасын! Апаат иш болду!» - дейт көздөрү жашылданып. «Эмне болду? Айтпайсызбы?» - деп тынчым кетип сурадым. «Тиги кемени, айтышып жатпады беле, чөкпөйт дешип... ошол кеме... акыры... чөгүп кетиптир! Ак байлардын баары - кеме менен кошо муздай муздак суунун түбүнө житиптир!»

Бул кабарды укканда, башыма эмне ой келгени эмгиче эсимде: «Аттиң, «Титаник» түпкүргө бай актарды көбүрөк алса болмок! Айрыкча ушу атыраптагы кээ бир бай актардын көпкөн балдарын ала кеткенде болмок!» Бирок бул оюмду шардана айтпадым. Мунум наадандык болгон го? Бул кусамат эмеспи? Эми бул шордуунун жаннатка кирет бекем деп санааркап жүргөнүн сиз түшүндүңүз да? Кээде менин сөздөрүмдөн Сэди чачтары тик тургандай айран-таң калат. Ал тек гана: «Өзүң жаша, башкага да жашоого мүмкүнчүлүк бер» - деп коёт.

Канткенде да, мен тил алчаак пенде элем. Эсимде, Бордманда биринчи айлык маянамды алып, айлык маянам 40 доллар - ижара акы жана тамак-ашым үчүн 9 доллар төлөдүм да, калган акчаны бир чака коротпой, атама жөнөттүм. Ушундай кылгын деп эч ким айтапаса деле. Ооба, ушундай кылганым туура деп ойлогом.

Анан апамдан кат келди. Апам акча үчүн алкышын айтып, мындан ары акча жөнөтпөгүн деп өтүнүптүр, эгер акчаңды этияттап жыйнабасаң, эч качан коллежге кире албайсың деп жазыптыр.

Акчамдын көбүн коротпой сактадым, бирок жибек юбка үчүн бир топ акча коротконум ырас! Атам мага жибек юбка кийүүгө уруксат берген эмес, себеби, кымбат болсо керек; жибек денени сексуалдуу да кылып көрсөтөт эмеспи. Ошентип, Бордман кентинде жашап жүрүп, бир нече ярд[7] жибек заказ кылдым. Жаңылбасам, өңү көк, ничке ак жолдуу жибек. Андан өзүмө юбка тиктирдим. Ал учурда юбканын этеги мурдакыдан кыска болуп калган. Ошого басып баратканда кызыл ашык көрүнүп калар эде.

Эркектер кыз-келиндердин кызыл ашыгы ачыла түшкөнүн көрүп, ошо замат: «О-о-о-у-у-у!» деп, кыйкырып ийишчү. Мунун баарын атам такыр жактырчу эмес. Сэди экөөбүз жибек юбкабызды кийгенибизде, атам бизди карап, кабагын карыш салып, түнөрүп калчу! А бүгүн аялдар бар дүйнөсүн базарга чыгаргандай ачып коюшат. Алар акылынан адашты. Ишенип коюңуз, ал кезде кызыл ашыкты бир эли ачып коюп, бар балакетти башыңа үймөксүң.

Бордманда эки жыл иштегенимден кийин, тартип боюнча мен башка мектепке которулчу убакыт да келди. Жамаат менин кеткенимди каалабады, бирок жаңы чакырыктарга даяр эдем. 1913-жылы Жоржия штатынын Брунсвик шаарына, Каситтүү Афанасий мектебинде мугалимдик кылууга аттандым. Бул ынды кара балдардын епископтук мектеби болчу. Мен дүйнөнү көрүүнү кааладым.

Брунсвик шаары Бордманга салыштырмалуу алда канча абат шаар экен. Мугалимдер жатаканада чогуу жашайт. Ушу жайда өмүрлүк курбум Элизабет Куч менен тааныштым. Гуч – дайыма аны ушинтип атачумун – баарыбыздан улуу болчу, а мен – баарынан жаш. Ошол себептүү директор экөөбүздү бир бөлмөгө бөлдү. Директордун оюнча, Гуч улуу катары мага оң таасир этүү керек болчу. Бирок тескерисинче, Гучага менин таасирим чоң болгон өңдөнөт!

Алгач Гуч мага көп деле жакпады. Анткени ал мага мен күткөндөй мамиле жасабады. Мисалы, ал керебетимди терезенин жанынан четке жылдырып салды; анын кесепетинен түнкүсүн мени жел уруп турду. Бирок кийинчерек Гуча экөөбүз достошуп кеттик. Кээде жээкке барып, ташбакалар тукум тууш үчүн деңизден кумдуу жээкке кантип чыгышканын көрчүбүз.

Билесизби, илгери Жоржияда жагдай Түндүк Каролинага караганда бир кыйла катаал болчу. Сиз Жоржияга арналган сентименталдуу ырды билесиз да? Башкалар Жоржияга каалашынча суктанышсын. А мен бул штатты бекер беришсе да, алмак эмесмин.

Жоржияда, айта кетүүм абзел, актар ынды караларды кемсинтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан эмес. Эгер ынды кара болсоң жана дүкөндө калпакты же туфлини кийип көрсөң, анда эле бул заттарды сатып алдым, меники деп эсептей бергин, чырагым. Кулчулуктун саркындысы сакталган го! Ырасын айтсам, алардын эмне себептен ынды каралар калпакты ченеп көрбөстөн сатып алганын каалаганын түшүнөм: ал кезде ынды каралар чачтарын майлуу зат менен майлашкан; майланган калпакты дүкөн деги кимге сатат? Адилеттик үчүн айтып коюу керек: алар туура кылышкан.

Мени 1913-жылы дал Брунвикке жумушум боюнча баратканымда, линчтеп өлтүрүп коё жаздашкан. Карабайсызбы, Жоржия штатынын Уэйуросс кентинде поезд которуум керек болчу. Мен темир жол бекетинин ынды караларга бөлүнгөн кичинекей канасында чачымыды жазып алып, тарап отургам. Жаңы жумушка бараткандыктан, өзүмдү жакшы көрсөтөйүн деп жасанып-таранып жатпаймынбы.

Ак эркек ынды каралардын поезди күтүүчү канасынын эшигин ачкан учурда мен узун чачтарымды жазып отургам. Кананын ичинде менин менен бирге Брунсвикке бараткан нью-йорктук ынды кара эки мугалимден башка бир да киши жок болчу. Ак эркек ичкериге башын созуп, мени тешип жиберчүдөй болуп, тикирейип тиктеп жатты. Ал мас экен, сасык жыты тим эле буркурайт. Ак неме булдуруп, бир нерселерди айта баштады. А мен: «Эй, балким оозуңду жабасың дагы өз ордуңа барып күтөсүң. Сенин ордуң актар күтчү бөлмөдө эмеспи?» - дедим.

Андан кийин бомба жарылгандай алаамат болду. Ал эшикти «тарс» эттире жапты, сырттан өпкөсү жарылгандай болуп, өкүргөн үнүн эшиттим анын: «Мына бу ынды кара канчык мени маскаралады! Мына бу ынды кара канчык мени маскаралады!»

Мени менен бараткан эки ынды кара мугалим үн чыгарбай арткы эшиктен жылжып чыгып, түз эле токойду көздөй тызылдашты. Токойго жашынышты! Баса, мен аларды эч күнөөлөбөйм. Ынды кара жүк көтөргүч эмне болгонун билүү үчүн эшиктен башбагып: «Азаматсың!» деп шыбырады мага. Анан ал да мени жалгыз калтырып, дыр койду. Бөлмөдө жалгызмын. Платформада караламан көпчүлүк үйүлө баштаганын терезеден көрүп, кызыл жаянга кабылганымды туйдум. Атам дайыма айтчу: «Эгер топтошкон элди көрсөң, башка жол менен баскын. Эмне болгонун билейин деп, убактыңды коротпогун!» Азыр береги эл мага каршы топтолууда.

Логлогон топтун ичинде ондогон актар жүрөт, ал эми жанагы ак неме: «Мынабу ынды кара канчык мени маскаралады!» - деп баякыдай эле дембе-дем бакырып жатты. А мен кимдир бирөө жип алып келгенин күтүүдөмүн. Бир аз убак мурда мен жасаган жосунсуз ишке салыштырганда жалчыбаган эле нерсени жасагандары үчүн миңдеген ынды каралар линчтелип өлтүрүлгөн. Бирок тиги ак эркек албууттанып кыйкырып жүрсө, мен эч нерсе болбогонсуп, узун орундукта чачымды тарап отура бердим. Мен түшүндүм: баарынан жакшысы – өзүмдү эч нерсе болбогон тейде кармоо! Билесизби, эгер катуу корксоң, кээ учурда аларга дем бересиң.

Эки нерсе мени сактап калды: тиги укмуштуудай, касиеттүү поезд бурчтан күшүлдөп келип, жыйылган элди жиреп салды да, мага канадан чыгып кеткенге жол ачты; жанагы ак кишинин эс учун билбегендей мас экени кээ бир ак адамдардын кол шилтеп басып кетүүсүнө өбөлгө болду.

Бирак өлүмдөн корккон жокмун! Мен билем: киши бир эле жолу өлөт, а береги апаат - башка апаатардан эч нерсеси менен кем эместей көрүндү.

Мен өлүүгө даяр тургам. Теңир, өзүң жардам бергин, мен өлүмгө даяр тургам.

Билесизби, Сэди эмне дейт? Сен тиги ак немени куткулап, келесоолук кылгансың дейт Сэди. Мен аны куткулаган имишмин! Чырагым, ал мени куткулады! Мен ага көңүл да бурмак эмесин дейт Сэди. Мен айтам: сага таштанды сымал мамиле кылган сасыган ак мас немеге кантип көңүл бурбайсың? Каралдым, баарына чыдап, кийин ал жөнүндө айтып берүү үчүн аманчылык артык дейт Сэди. Ошондо мен башка эки мугалим менен токойго качууга тийиш элем, жолдуу экенмин: тирүү калдым дейт ал. А мен чегингенден көрө, өлгөндү артык көрөм, каралдым.

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Букер Т.Вашингтон (1856-1915) – Американын тарыхындагы көрүнүктүү ынды кара лидерлердин бири. Ынды каралардын кесиптик – техникалык билим алуусуна басым жасаган окуу жай – Алабамадагы Таскиги институтун негиздеген. Вашингтонтун өз расасынын кызыкчылыгына саясый ташбыйкаттан (агитация) көрө билим берүү жана алардын экономикалык абалын жакшыртуу алда канча маанилүү деп эсептеген.

[2] 1 миль – 1609 метрге барабар.

[3] кент – тексте, кичинекей шаарча. К.Карасевдин «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүндө» кент сөзүнүн бир мааниси айыл, кыштак деп көрсөтөт. Котормочу кадыресе шаарды кичинекей шаардан же англис тилиндеги town (айыл же кыштактан чоң, шаардан кичине) термининен айырмалоо үчүн көөнө кент сөзүн пайдаланганды оң көрдү.

[4] Мисс – 18 жаштан төмөнкү курактагы селкилерге, о.э. макамы (статусу) белгисиз же күйөөгө чыга элек аялдарга карата колдонулат.

[5] Sears – XIX кылымдын аягында негизделген ири компания. Карадарлар өздөрүнө керектүү товарларды бул компаниядан Sears каталогун пайдаланып, почта аркылуу буйрутма кылышкан.

[6] Крисмас (Рождество) – Иса машаяктын туулган күнүнө байланыштуу майрам.

[7] 1 ярд – 0.91 м же 91 см.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз