Бардыгынан эртеңки күндү ойлоп сарсанаага батпаган адам бактылуу, анткени ал өзүнө ишенген адам.
* * *
Көпчүлүк адамдар болбогон нерселерге терең маани берип, өздөрү таап алган жок нерселерге таарына беришет.
* * *
Өзүн башкара билген адам, эң күчтүү адам.
* * *
Көп тыңшап, аз сүйлө.
* * *
Тамсил сыяктуу эле, жашоо да узактыгына эмес, мазмунуна жараша бааланат.
* * *
Өзгөртө албаган нерселерди, чыдамдуулук менен көтөрө бил.
* * *
Түнгө чейин иштебе, акыл менен иште!
* * *
Алтын менен кооздолгон жүгөн таксаң да, кашаң аттан жорго чыкпайт.
* * *
Каалоосу бар адамды тагдыры алдыга жетелейт, каалоосу жокту – сүйрөп алат...
* * *
Бирөөгө жакшылык кылганың, өзүңө кылган жакшылыгың...
* * *
Жашоо театрдагы пьесадай: анын узактыгы эмес, кандай ойнолгону маанилүү.
* * *
Түшүмсүз жылдан кийин да себүү керек.
* * *
Биз кийинкиге деп жылдыргыча, жашоо өтүп жатат.
* * *
Ак чач болуп, бети-башын бырыш баскандын баары эле көп жашаган эмес. Көпчүлүгү жөн эле көпкө жүрүшкөн.
* * *
Эгерде колуңда турган нерседен да көптү кааласаң, билип кой, ошол болгон нерсеге да татыксызсың...
* * *
Достук ишенбөөчүлүк башталган жерден бүтөт.
* * *
Ата-Мекенди улуулугуна карап сүйбөйт, ал өзүнүкү экени үчүн сүйөт.
* * *
Алтынды – от менен, аялды – алтын менен, эркекти – аял менен сынайт.
* * *
Өлүм бардыгына бирдей: ал жаза эмес, мыйзам.
* * *
Канча жашасаң, ошончо оку.
* * *
Адам кайсы жээкке сүзүп барарын билбесе, ага шамалдын баары эле бирдей.
Которгон Абйирбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR